№559 19-июль-25-июль, 2013-ж

16-июль күнү Кызыл-Кыя шаарында «Апшыр-Ата» лагеринин ачылыш аземи болуп өттү.Бул иш-чарага ата-энелер жана жергиликтүү тургундар катышты.
Лагерь быйыл оңдоп-түзөөдөн өтүп, окуучуларды кабыл алууга даяр. Аталган лагердин оңдоп-түзөөсүнө Кызыл-Кыя мэриясы тарабынан 360 миң сом каражат бөлүнүп берилген. Эс алуу борбору 100 орундуу. Ага социалдык коргоо бөлүмүндө каттоодо турган аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жана мамлекеттик кызматкерлердин балдары эс алышмакчы.
Балдарды лагерге коопсуз жеткирүү жагын ШИИБдин милиция кызматкерлери өз жоопкерчиликтерине алышкан. Балдардын бул борбордо эс алуусу 2 бөлүктөн турат.
Бегимай Тажибай кызы
batken@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
2
1 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2026 © SUPER.KG |