№559 19-июль-25-июль, 2013-ж
Казань шаарында өткөн Дүйнөлүк Универсиададан алтын медаль утуп келген күрөшчү Нурбек Акановду Жалал-Абад шаардык мэриясы сыйлады. Шаар мэри Муктар Арапбаев спортчуга
40 миң сом берсе, шаардык кеңештин төрагасы Мураталы Тагаев депутаттардын атынан 10 миң сом тапшырып, ак калпак кийгизип, чепкен жаап сыйлашты. Ал эми спортчу Универсиадага жөнөп жатканда шаар башчысы кабыл алып, анын жол киресине деп
60 миң сом берген. «Алыш күрөшү буга чейин олимпиада оюндарынын катарында жок болчу. Мындан кийин олимпиада оюндарына кошулат. Азыркы менин жеңишим – жалпы кыргыз элинин жеңиши, ийгилиги деп билем»,- дейт Нурбек Аканов.
Гүлжан Эшбаева
jalalabad@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |