Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Дастан Шаршеев, спортчу:«МУШ ЖЕСЕМ ЖАШЫРУУН ДАРЫЛАНАМ»

№559 19-июль-25-июль, 2013-ж

Жаш спортчу Дастан Шаршеев менен маектешип отуруп, жеңиш кубанычынан да өз мекенине ыза сактап жүргөндөй сезилди. Эмнеден көңүлү кирдеп калганын мындайча баяндап берди.

– Дастан, маекти спортко кандайча келип калганыңдан баштасак?
– Мен 1990-жылы Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Бөкөнбаев айылында туулгам. Кичине кезимден эле спортко жакын болуп, мушташ камтылган тасмаларды көрүп, мен дагы спортчулардай чымыр денелүү болсом деп тилек кылчумун. «Кел, мушташабыз» деп бир тууган, досторумдун жанын койчу эмесмин. Алар мени оюнга да кошпой коюшчу, анткени урушуп ойнойлучу деп тажатар элем.

– Уруш учурунда ден соолугуңа залалы көп тийбейби?
– Көп эле болот. Бирок аларды эч кимге айтпай дарыланууга туура келет. Себеби ата-эне өзгөчө боорукер жан эмеспи. Апамдын жүрөгүн ооруткум келбейт. Бокс чөйрөсүндө ден соолук коопсуздугуна эч ким жооп бербейт.

– Эң алгачкы ийгиликке качан жетиштиң?
– Спорттун жан досу болуп жүр­гөнүмдө бир күнү «Каракол шаарында эрежесиз эр уруш боюнча мелдеш болот» деп угуп калдым. Эмнеси болсо дагы катышып көрөйүн деп, 2008-жылы эрежесиз эр уруш боюнча Каракол чемпиону болдум. Ошондогу кубанычымды сөз менен жеткире албайм. Өзүмө болгон ишеничим артып, менин деле колумдан бир нерсе келет турбайбы деп ого бетер кубат алгам. Эрежесиз эр уруш менен эки жыл машыгып, 2010-жылдан баштап спорттун кикбокс түрүнө өттүм.

– Кикбокс түрүнө өтүп кетишиңе эмне себеп болду?
– Негизи, спортчу бир гана спорттун түрү менен чектелип калбашы керек. Кичинемден эңсеген спорттун эрежесиз эр уруш түрүн жетиштүү өздөштүрүп алган соң башка нерсени дагы үйрөнүп, билгим келди. 2011-жылы Бишкек шаарында өткөн беттешүүдө спорттун кикбокс түрү менен катышып, же­ңишке жетиштим.

– Чет өлкөлөрдө да жеңиш даамын таткан чыгарсың?
– 2011-жылы машыктыруучум Андрей Игошкиндин демилгеси менен Украина шаарындагы күрөшкө катыштым, бирок анда утулуп калдым. Жеңишке жетише албасам да, анча-мынча эл оозуна алынып баштадым. Андан көп өтпөй Кореянын белгилүү бир машыктыруучусу «келишим түзүп, бирге иштейли» деп сунуш кылды. Ага макулдугумду берип, Москва шаарында машыга баштадым. 2012-жылы эки ирет Москва шаарында КМШ өлкөлөрүнүн чемпиону деген наамга ээ болуп, алтын медаль алдым. Ошол эле 2012-жылы Орусиянын Кубогун алып, үчүнчү алтын медаль тагындым. Жеңиш баасы аябай толкундантат, кээде көздөн да жаш агызат. Жакында корей машыктыруучум менен келишимибиздин мөөнөтү бүтүп, Кыргызстанга келдим.

– Башка өлкөнүн атынан мелдешке катышууга кандай карайсың?
– Жакында эле Армения Республикасы «беш жылдык келишим түзөлү, биздин атыбыздан чык» деп сунуш кылышты. Мен ага макул болгон жокмун. Себеби канча акча төлөбөсүн өз мекениңе башкалар тең келе албаса керек. Бирок, мени өкүндүргөнү, ар бир жеңиште Кыргызстандын желегин жамынып, «жерим үчүн» деп жүрсөм, бул жактагылар көңүл дагы буруп коюшпайт. Мелдеш болот дегенде каражаттан кыйналып, ар бир жетекчинин эшигин кагып чыгам. Бирок биздин өлкөдө жаш спортчуларга эч кандай көңүл буруу жок. Ушуга чейин ар бир мелдешке үй-бүлөм, досторумдун жардамы менен катышып келдим.

– Алдыдагы пландарың менен бөлүшө кетсең.
– Келечекте Каракол шаарына спорттук зал ачып, жаш өспү­рүмдөрдү ичимдик ичип, чылым чегүүдөн алыс кармап, спортко үн­дөсөм деген ойдомун. 2014-жылы Италияда Дүйнө чемпиондугу өткөнү жатат, документ маселелери чечилсе, буюрса, ал мелдешке сөзсүз катышам. Эгерде Дүйнө чемпиону болуп калсам, максатыма жеттим деп айта алат элем.

Айзат Анарбекова
karakol@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(26)
22.07.2013. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азамат!!!мекеним учун деп отура бербей! Башка олко болсо деле келигим тузуп, акчасын алып анан кана спорт зал кура аласын! антпесе тилек бойдон калаберет биздин чондорго ишенсен!
22.07.2013. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
future_kg, tuura aitasyn. Iwenip bolboit bizdikilerge.
22.07.2013. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Рахмат! Кыргызстандын желегин желбиретип журуу ! Бул чон сыймык!
22.07.2013. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматсыз! Мындан кийин да жеништерге жете бериниз! Максатынызга жетиниз!
22.07.2013. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
кана мага ошндой сунуш тушсо ойлонбойстон макул болмокмун даа :)
22.07.2013. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ооба Кыргызстанда осуш кыйын, себеби мамлекет тарабынан колдоо жок, анда коро онуккон мамлекеттерден жакшы сунуш тушсо кете беруун керек, акчалуу болуп алгандан кийин максаттарына жетесин да акчан болбосо кайдан. Максат бул бийик мунара ага чыгуу учун акчадан тепкич керек
22.07.2013. 18:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргызстандын желегин желбиреткен сендей жигиттер менен сыймыктанабыз!Ийгилик!!!
22.07.2013. 19:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсың ийгилик.
22.07.2013. 20:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат жигит экен! Бизде осо албайсын башка олко менен келишим тузуп анан келсен деле туура болот.
22.07.2013. 22:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
келишим тузо бер келип оз тилегинди ишке ашыр биздин чондордон кессе кан чыкпайт
23.07.2013. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай сыймыктанчу спортчуларыбыз, таланттарыбыз көп бирок колдоо жок канчасы башка мам менен иштешип жүрөт
23.07.2013. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0

Кудай буюруса, бай болуп калсам, мен Кыргызстандагы айыл, шаарларга жаштарга учун бекер спортзалдарды, секцияларды ачайын деген тилегим, максатым бар. Жаштар криминал, наркотик, арактан алыс болуп, спортсмендерди кобойтоюн деген кыялым бар буюруса.
23.07.2013. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын Дастан! Мен бул жигиттин машыгып жатканында коргом! Канибек Бикбоев деген байке машыктырчуу! Менда ушул боксерлор машыккан жерге барып машыксам деп барсам алыс екен! Булар менен кошо коптогон кыргыз балдар бар УНИВЕРСАЛ деген зал болчу! Азыр кетиптирда! Оноруно онор кучуно куч кошулсун!
23.07.2013. 22:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сен эч кыжалат болбой эле макул боло берсен болот .себеби сага да тиричилик керек дегендей .кыргызстандын желегин омур бою олор олгонго чейин желбиретсен да билишпейт .андан кор макул болуп озун учун уй булон учун шарт тузулот патриот намыс мен элимди жеримди сатпай деп баарыбыз куйобуз жогорудагылар уяалбай эле сатып жатпайбы баарын.
23.07.2013. 22:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо гезитине бир суранычым бар эле кийинки сандарында гезит бетине чыгарсанызда .жакында кыргызстанга баргамын тааныштарыбыз чек араларды корсотушуп жан кейитип отурушат жакында кыргызстанда бишкек эле калат бир жагынан кытай ,бир жагынан казакстан ,озбекистан чек араны ар жылы эле жылдырып жатышат дешти буга кандай карайт экен жогорудагы чондорубуз бейкапарсыз отурган .оз козум менен коруп келдим казакстандын чек арасы асфальт жолго чейин чыгып кеткен озбекстандыкы да ушул абал .
24.07.2013. 10:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
madambekova,
Саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат!
24.07.2013. 10:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
madambekova, жакшы маселе. Бирок Казакстан жана Кытай менен чек аралар такталып эбак ратификацияланган. бакиев казактарга Токмоктогу 1 чакырым жолду кошуп, Каркыраны пулдап жатканда кайда элеңиз. Ал эми Тажик жана Өзбек тарап менен бүгүнкү күндө чечилбей келатат. Кыргыз тарапта далилдүү документтер бар.Ал эми аталган эки тарап документтери жок болгондуктан чек араны тактоодон качып ушул күнгө чейин сүйрөп келү
24.07.2013. 22:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Жаштарда спортко тартсам деген каалоосу жакшы го, мактоого арзыйт. бирок ушу кикбокс, эрежесиз уруш деген эле жаман экен, бир жерин мертинтип алышса эмне болот, кереги эмне ошондой спорттун? Күрөш менен эле машыгышпайбы, же тебишсе да башка теппей, бутка эле тебишишпейби
27.07.2013. 09:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Debi, сен москвага келсен анан билесин спортун кандай туру менен машыгышын керек екенин
25.07.2013. 07:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азамааат иним!!!! алгаааа!!!!!!!
25.07.2013. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин Биринчи Машыктыручумго метро Беляева машыгат элек Жакшы бала жана агайда коптон бери корбой калдым эле Азаматсын Дастан
25.07.2013. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бирок Кыргыздарга жантарткан бала Сага ийгилик
26.07.2013. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бир нерсе айтса еле бакиев шылтай бергиле бальким э.н.д. да бакиев с.к пегенби
27.07.2013. 08:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эээххээй менин досум да красавчик Али мы с тобой!!!
28.07.2013. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын ийгилик
17.02.2014. 20:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик сага братишка.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо