«МЕЙКИН АЗИЯ» ФЕСТИВАЛЫ ЭЛ АРАЛЫК ДЕҢГЭЭЛГЕ ЖЕТТИБИ?

№560 26-июль-1-август, 2013-ж

Өлкөдө эл аралык «Мейкин Азия» фестивалы 18-19-20-июль күндөрү кереметтүү Ысык-Көлдүн жээгинде болуп өттү. Жалпысынан 17 мамлекеттен 25 катышуучу келип, баш байге үчүн ат салышты. Кайсы улуттун өнөр ээси жеңишке жетип, кимдер өтпөй калды, аны фотобаяндан көрүңүз.

ЖЕҢҮҮЧҮЛӨР:
Баш байге ээси – Казакстандык ДИМАШ КУДАЙБЕРГЕНОВ (7000 доллар)
1-орун – Украиналык ырчы ВЛАДИСЛАВ ЛЕВИЦКИЙ (4000 доллар)
2-орун – Кыргыз ырчылары ИСЛАМ АКМАТОВ, КУРАЛ ЧОКОЕВ жана тажикстандык САБИНА ШАМСЭД (2000 доллардан)
3-орун – Орусиялык ХРИСТИНА ДОРОШЕНКО, кыргызстандык АДИЛЕТ АЗИМ УУЛУ, кытай ырчысы ЛИ ЧЖЕНТАО, армениялык АНИ ОГАНЕСЯН (1000 доллардан)

АЧЫЛЫШ АЗЕМИ
Фестиваль 18-июль күнү Чолпон-Ата шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы «Рух Ордо» маданий борборунда расмий түрдө ачылды. Демейде концертке келген элдин саны жык-жыйма болчу эле. Бул ирет эл аралык сынак болгону менен, көрүүчүлөр көп болгон жок. Мындай чоң маданий иш-чара биринчи жолу өткөрүлүп жаткандыктан, өйдө-төмөн кемчиликтер катталганын кыстара кетели. Айрымдар көрүүчүлөргө шарт түзүлбөгөнүн айтып, «концертине ыраазымын» деген өңүттө басып кетишкенине күбө болдук. «Көч бара-бара түзөлөт» дегенди эске алышыбыз керек. Кечени Эркин Рыскулбеков, Чолпонай, Эрмек Нурбаев кыргыз тилинде алып барса, Ассоль Молдокматова орус тилинде, Нурзат Токтосунова түрк тилинде, Кубат Кубанычбеков англис тилинде алып барышты.

ГАЛА КОНЦЕРТТИН ЖҮРҮШҮ
Фестивалга Кыргызстан, Казакстан, Азербайжан, Тажикстан, Филиппин, Кытай, Татарстан, Саха-Якутия, Куба, Түркия, Өзбекстан, Индонезия, Армения, Украина, Кореядан жана Орусиядан ырчылар келишти. Жобо боюнча катышуучулар 1-күнү эне тилинде, 2-күнү дүйнөлүк хит ырларды аткарышты. Өлкөбүздүн атынан ырчылар Курал Чокоев, Нэна, Ислам Акматов, Элзат Түлегенова, Нуржигит Субанкулов, Рустам Исмаилов, Нурбакыт Раззаков жана Адилет Азим уулу катышышты. Калыстарды КРнын Эл артисти, профессор Муратбек Бегалиев жетектеп, катарында КРнын Эл артисти Керим Турапов, Эмгек сиңирген артист Ырыскелди Осмонкулов, Армения Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Гаяне Оганесян, Тажик Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Бактияр Ибрагимов, «Азия даусы» эл аралык фестивалынын негиздөөчүсү Мурат Ергалиев жана башка аттуу-баштуу инсандар болушту.
Концертке конок катары Гүлзинат Суранчиева, Гүлжигит Калыков, Гүлнур Сатылганова, «Кыз-Бурак» тобу, Гүлнара Тойгонбаева, Жамиля Муратова, Мирбек Атабеков, Аида Кулуева, Омар, Ома жана башка ырчылар келип, элге жагымдуу маанай тартуулашты. Ал эми алдын ала жарыя салгандай, түрк ырчысы Мустафа Сандал менен казакстандык ырчы Кайрат Нуртас келишкен жок.

ЖЕҢИШКЕ ЖЕТИШПЕЙ КАЛГАНДАР ЭМНЕ ДЕШЕТ?


Элзат Түлегенова:
– Калыстар тобунун чечимине нааразымын. Мен укмуш ырдадым дебейм, бирок жаман ырдаган жокмун. Ар бир ырчы сахнада ырдап жатканда көрүүчүлөр колдоо көрсөтсө, демек, элге жакканың деп түшүнсө болот. Мени да эл жакшы колдогон. Калыстар саясий көз караш менен эле байгелерди бөлүштүрүп койду.

 


Нэна:
– Менин оюмча, калыстар тобу бир аз туура эмес жыйынтык чыгарып коюшту. Кандай сынак болбосун, калыстар тобунда өзүңдүн бир кишиң болбосо, эч качан эч нерсеге жетише албайт экенсиң.

Айзат Анарбекова
star@super.kg

 

«Мейкин Азия» фестивалын уюштурууда жүздөгөн адамдардын мээнети, алтындай убактысы, энергиясы сарпталды. Бирок айрым көзгө көрүнгөн жупуну көрүнүштөр ошол эмгектин беделин түшүрүп койду» деген көрөрмандардын ою социалдык тармактарды каптап кетти.

РЫСКУЛ БОРОНБАЕВ, «Мейкин Азия» эл аралык фестивалын өткөрүү боюнча башкы координатор:

– «Мейкин Азия» фестивалында кемчиликтер болуп калды. Ырчылардын эмес, алпаруучулардын парады болду» деген пикирлерге эмне айта аласыз?
– Эл аралык деңгээлдеги фестиваль болуп жаткандыктан, атайын сынактык негизде Эрмек Нурбаев, Эркин Рыскулбеков, Нурсултан Майназаров, Нурзат Токтосунова, Чолпонай тандалып алынган. Ал эми Ассоль Молдокматованы профессионал алпаруучу катары сынаксыз эле кошконбуз. Калгандарына биздин министрликтин тиешеси жок. Алпаруучулардын айрымдарынан өйдө-төмөн сөздөр айтылып, ашыкча кетип жаткандарын мага телефон аркылуу айтышты. Мен колдон келген аракетимди көрдүм.

– Алдын ала жарнама кылып жаткан чет өлкөлүк айрым коноктордун келбей калышына эмне себеп болду?
– Мисалы, Мустафа Сандалды түркиялык жеке ишкерлер сүйлөшүп беришмек. Чыгымын да өздөрү төлөмөй болушкан. Жыйынтыгында алар сүйлөшө алышкан жок. Фестивалга аз калганда «50 000 АКШ долларын төлөгүлө, анан барат» деген жооп алдык. «Бул биз үчүн чоң акча, андай акча бере албайбыз» деп ырчыдан баш тарттык.

– Фестивалды өткөрүүдө канча акча кетти?
– 5 000 000 сом жумшалды. Чынында, мындай чоң фестиваль үчүн күлкү келтирерлик акча. Ар бир нерсени алып келүүдө, мисалы, жарык коюуда «арзандаткыла, койгула эми» деп башынан аягына чейин өзүбүз жүрдүк.

– «Филиппинден келишти деген үч ырчы кыз Бишкектеги ресторандардын биринде иштеген студенттер экен. Индонезиялык ырчы кыз Бишкектеги Эл аралык университеттин студенти болуп чыкты. Өзбекстандын атынан чыккан ырчы өзүбүздүн эле Оштон келген өзбек жигит» деген маалыматтар тарады. Ушундай болушу мүмкүнбү?
– Биз бул жердеги элчиликтер менен түз сүйлөшкөн жокпуз. Алар менен ТИМдин кызматкерлери байланышты. Ошентип, катышуучулар элчиликтер аркылуу чечилген. Эгер паспортунда Индонезиянын же Өзбекстандын жараны деп турса, «ырдайм» десе биз каршы болмок белек? Андай болушу мүмкүн эмес. Анткени элчиликтин кызматкерлери келген ырчыларды өздөрү коштоп жүрүштү.

«Мейкин Азия» эл аралык сынагындагы калыстар тобунун төрагасы, белгилүү композитор МУРАТБЕК БЕГАЛИЕВ:

– Сиздин оюңузча, сынак кандай өттү?
– Чынында, бул фестиваль-сынак 80-жылдардан бери келатат. Буга чейин фестивалды «Ысык-Көл» деп атадык, анан «кадыр түн» кошулду, кийин Ошто, Нарында да өткөрүп жүрдүк. «Мейкин Азия» деп аталып, жыйырмага чукул өлкөнүн катышуусунда биринчи жолу чоң форматта өткөрүлүп жатат. Мындай фестивалдар өзүн кыйын сезип, чала-була ырчылык кылган жапайы ырчыларга бөгөт коёт.

– Кантип бөгөт коёт?
– Мисалы, биздин мамлекеттин атынан катышкан 8 ырчы жүздөгөн адамдын ичинен тандалды. Ал эми өзүн жылдыз сезип койкоңдогондор качып-качып жок болушуптур. Кийин гана конок катары келип ырдайм деп фонограммасын көтөрүп келишкен. Анткени алар чоң стадиондо жандуу үн менен жаңыртып ырдай алышпайт. Катышуучулар болсо өзүнө ишенгендер. Алардын үчөө эч кандай орунга илинбей калды. Ошого ичим ачышты.

– Башка катышуучуларга кандай баа бересиз?
– 4 мамлекеттин ырчылары абдан капа кылышты. Филиппинден келген 3 кыз бул жерде ресторанда ырдайт экен. Өзбекстандыкы да начар болду. Индонезия менен Кореядан келген катышуучулардын ырын укканда уялып отурдук. Баш байгени алган жигит Димаш Кудайбергенов бийик үнү менен, жаңы жүзү менен башкалардан айырмаланды. Биринчини алган украиналык жигит абдан тажрыйбалуу экен. 2-орунду алган Ислам менен Куралдын мурда баш байгени алып жүргөндөрүн эске алдык. Алар, чындыгында, таланттуу жигиттер. Ал эми Нуржигит Субанкуловго Алёна Высоцкая менен кыргыз, орус, англис тилдеринде Америкадан дуэт жаздыруу (5000 долларга) үчүн жолдомо берилди. Биздин ырчыны Высоцкая өзү жана Орусиядан келген өкүлдөр тандап алышты.

КЫЯЛБЕК ТОЙЧИЕВ, журналист:

– Фестиваль эл аралык деген атын актады деп ойлойсузбу?
– Фестивалды Кыргызстандын деңгээлинде өттү десек туура болмок, себеби уюштуруу иштери мыкты аткарылган жок. Алпаруучулардын деңгээли өтө начар болду, келген катышуучуларды чакырууда да катачылыктар көп кетти. Теледен түз көрсөтүүдө чоң фестивалдарды алып барып көрө элек, жаш, тажрыйбасы жок кишилер иштеп жатышты. Жергиликтүү ырчыларга, конокторго, кыскасы, артисттердин баарына кийинип-чечингенге бир эле боз үй бөлүшүптүр. Артисттер батпай, кээ бирлери эшикте эле чечинип-кийинип жатышты.
Ассоль Молдокматова болсо эл аралык чоң фестивалды алып барып жатып сахнадан Алмаз Раимкулов экөө туурасында айтылган кептерге жоопторду да ыргытты. Өздөрү айткандай, 36 мамлекет көрүп жатышса, Ассоль менен күйөөсүнүн тагдыры башкаларга кызыкпы?
Бул жерде Султан Раев менен Чолпон-Ата шаарынын мэри Болот Бакиров чоң кызмат кылышты. Сырттан келген катышуучуларга жатакана, тамак-аш маселесин жакшы карашыптыр.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(24)
29.07.2013. 10:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ме сага былыктарын бут ачып салышты го азаматсынар, Нена эже сиз мыкты ырчысыз аны кыргыз эле билет, Ислам акматов деген негизи кафеде ырдачу эле анын байгеси сиздики болмок, кайгырбаныз кандай болсо да биз сизди колдойбуз
29.07.2013. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Журналист мырзанын айтканы чындык. Мен да фестивалды эл аралык деңгээлде өттү деп айтмак эмесмин.
29.07.2013. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Омардын фонограмма ырдагын кордум анан Кыз Бурак. Атабеков жана Нурайым Азыкбаева жандуу ырдады.
29.07.2013. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
уят болбодукпу десенер
29.07.2013. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмнеси болсо да.откоруп алыптырбыз кудайга шугур.
29.07.2013. 17:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чынында эле журналисттердин алып барганы жаккан жок, себеби, жакшы тилди билишпесе да тантырагандары болду, андан коро обу жоктонбой эле кыргызча орусча анан туркчо алып барса болмок, ал эми англисче вообще эле болду да(((
29.07.2013. 17:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
эл аралык денгээлге жетиш учун дагы бир нече жыл,миллиондогон каражат жана ошого татыктуу болгон алып баруучулар керек..ал эми Ненанын айткан созу озунун ырчылык кесибине доо келтирет, себеби калыстар тобунда кишин болсо утасын болбосо утпайсын дегени,озунун мурунку конкурстарда кишиси болуп утуп жургондой болуптур,демек,исходя из ее слов,оз кучу менен утпай эле бироолордун жардамы менен утуп журуптур
29.07.2013. 18:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ассольдун формасы кантет аай Петрушка
03.08.2013. 00:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
altinim, hahaha komentiner jakty aiabai
30.07.2013. 03:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
assool taza laja boluptur da))))) okup kulkum keldi kaiagi el aralik festival?
30.07.2013. 08:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
assoldun jawoosu kimge kyzygy bar. owol jerde da ozun piar kylyptyr.
30.07.2013. 08:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
begaliev baike tuura aityptyr. yrchylardyn sany bar sapaty jook. azyr jarymynan kobu fonagramma m.n.yrdawat. anan ele ozdorun elita seziwet
30.07.2013. 09:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
омар фонограмма ырдаганын мен да кордум...
30.07.2013. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен экинчи куну КТРден коруп,3чу куну фестивальга бардым. Айрымасы асман менен жердей!!!КТр озунун алыпбаруучуларын коебуз деп скандал кылышып, чыныгы алыпбаруучуларды твдан кесип салышыптыр,жалжандаган Назираны эле корсотуп жатышыты.
31.07.2013. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне дейбиз эми? Эмне десек да баары бутту. Эми ушундан чон сабак алалы, эмдиги фестивалдарды дурусураак откоро турган болуп.
31.07.2013. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кийинип чечинуу жай жалгыз бир боз уй болуптур дегенине ичим куйду. Чет элден келгендер ушу жерге экинчи бутум баспасын десе керек. Бул фестиваль го отту эми "Евразия жылдызы" жакшы отсо экен Гулжигитти уят кылбай.
31.07.2013. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
алып баруучун коптугу да,баягы эле тааныш билиш тууганчылыкты тушундурот да.
31.07.2013. 22:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
fanatka19, тандап алынган алып баруучулар сынактан отушту деп жазылып турбайбы, аларга соз жок. А башка алыпбаруучулар эмне келип алышты деген суроо пайда болот.Ктр эфиррден уят эле болушуту,Назирасы жалажандайт, жиндидей суроолорду улуу адамдарга берип, башкалары туура эмес суйлоп алышат.баарын бузган ошолор
01.08.2013. 20:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
altin-balik, ошо Назираы жоготуш керек да.Мелис эшимканов болгондо Назира ктр дин караанын корбойт эле.
01.08.2013. 02:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
видеосун жуктоп койосунарбы коптон коп сураныч биз да кем калышпай коруп калайлык !!!Алдын ала ырахмат!!!
02.08.2013. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Фестиваль эл араллык денгээлде откон жок, Нена англис тилинде ырдаганда уну да жеткен жок. Женуучулорго бир букет гул кошуп койсо болмок, 5 000 000 сомунун ичине 1000 сом кетсе керек эле. 3 орунга аз эле акча кетмек, себеби диплом тапшырган учурда аябай жаман корунот экен суз болуп.
02.08.2013. 23:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
шерменде,уялып кеттиииим.
Бирок чындыгында уюштуруу топко кыйын,а бизге отуруп алып сындаганга оной.
Жанагы флипиндик,озбекстандык кыздарга жиним келди Кыргыздарды тоготпогондой кылып ресторандан эле ырдап чыгып
03.08.2013. 19:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
but mamleketterde otkon el aralyk festivalda oz tilinde ele, 2 adam ele alyp barat. ozgocholonboi ele kyrgyzcha alyp baryspaiby. emi aziya jyldyzyn kancha tilde alyp barat boldu eken?
bizdikiler chala dayardanyp ele otkoro berishet da...
04.08.2013. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kop suur iin kaspait kasywsada teren kaspait degen bar alyp baru4ulardy aitam
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо