Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

КОКТЕЙЛЬ - МЫКТЫ СУУСУНДУК

№560 26-июль-1-август, 2013-ж

Коктейль – бир нече суюктуктун аралашмасынан жасалган суусундук. Алкоголдук жана алкоголсуз деп эки түргө бөлүнөт. Анда алкоголсуз коктейлдердин айрымдары менен таанышып, табитиңиз тартканын жасап ичиңиз.

Коктейль жасоодо блендер (аралаштыргыч) колдонулат. Бирок колуңузда андай аппарат жок болсо капаланбаңыз. Жанчыгыч, чалгыч, вилка, кашык сыяктуу жөнөкөй аспаптарды колдонуу менен деле жасоого болот. Бирок жакшылап, бөлтөк калтырбай чалууга туура келет.

«Мен кат жаздым...» деп ырдаган Минюра Рахимжановадан коктейль: «МИНЮРА КОКТЕЙЛИ СИЗДЕР ҮЧҮН!»

Курамы:
Кара карагат –1 стакан
Кулпунай – 1 стакан
Айран – 1 стакан
Суу (муздак) – 1 стакан
Кумшекер – 2-3 аш кашык

Даярдоо ыкмасы:
1. Кулпунай менен карагатты блендерге салып аралаштырабыз.
2. Ага айранды жана сууну кошуп дагы бир ирет аралаштырыңыз.
3. Коктейль ичүүгө даяр болду.
Кааласаңыз, газдалган суу кошсоңуз болот. Мүмкүнчүлүк болсо муз салып алыңыз.

«АК ДЕҢИЗ ДЕЛЬФИНИ»

Курамы:
Сүт – 150 миллиграмм
Лимон ширеси – 1 чай кашык
Банан – 1 даана

Даярдоо ыкмасы:
1. Бананды жарымынан кесип алып, уч жак бөлүгүн кабыгынан аарчып алыңыз.
2. Аны майда бөлүктөргө бөлүп аралаштыргычка салып эзип алуу керек.
3. Үстүнө лимон ширесин жана сүттү куюп кайра бир жолу аралаштыруу зарыл.
4. Банандын сабагы бар бөлүгүнөн дельфин жасалат. Ал үчүн сабагын экиге ажыратып кесиңиз. Ага мөмө кыпчып койсоңуз, дельфиндин оозун элестетип калат.
5. Коктейлди кооз стаканга куюп, четине дельфинди салып коюңуз.
Дельфиндин көзүн да жасайм десеңиз, банандын кабыгын тегерек кылып оюп коюңуз.

БАДЫРАҢ МЕНЕН КУЛПУНАЙ

Курамы:
Бадыраң – 1 даана
Райкан – 4-5 жалбырак
Кулпунай – 1 стакан
Газдалган суу – 400 миллиграмм
Лимондун ширеси

Даярдоо ыкмасы:
1. Блендерге бадыраң, кулпунай жана райканды салып аралаштыруу керек.
2. Ага лимондун ширесин сыгып, газдалган сууну кошуңуз да, кашык менен аралаштырыңыз.
3. Даяр болгон аралашма муз кубиктери салынган стаканга куюлуп, үстү кулпунай, райкан менен кооздолот.
Блендер жок болсо алдын ала бадыраңдын ширесин сыгып алып, анан пайдаланууга туура келет.

«ШОКОЛАД ШАПКЕЧЕН КУЛПУНАЙ»

Курамы:
Кулпунай – 500 грамм
Сүт – 100 грамм
Кумшекер – 1-2 чай кашык
Балмуздак (ванилин менен) – 200 грамм
Шоколад – 100 грамм

Даярдоо ыкмасы:
1. Блендерге таза жуулган кулпунай менен балмуздакты салып аралаштырабыз.
2. Ага кумшекерди жана сүттү куюп кайра аралаштыруу керек.
3. Эми шоколадды идишке салып жай отто эритип алабыз.
4. Даяр болгон коктейлди стакандын оозуна чейин толтуруп, үстүнө шоколадды жаба куюп коюңуз.
Кооздук үчүн кулпунайды колдонууга болот.

ДАРБЫЗ КОКТЕЙЛИ

Курамы:
Дарбыз – 1 даана
Кайнатылып муздаган суу – 1 литр
Лайм же лимон – 2 даана
Бал – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:
1. Дарбыздын ичин кашык менен оюп идишке чыгарып, данектеринен тазалап алыңыз.
3. Аны шире сыккычтан өткөрүү керек. Лаймды (же лимонду) сыгып ширесин аралаштырыңыз.
4. Эми суу менен балды кошуп иче берсеңиз болот.
Эгер шире сыккыч аппарат жок болсо, жанчыгычты пайдаланып эзиңиз да, даки аркылуу сүзүп алыңыз.

Салтанат Мукасова
kenesh@super.kg


”Минюра”коктейли сиздер үчүн!

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(10)
SUPER.KG видео
26.07.2013. 21:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Fruktovyi uogurt ele turbaiby myndaicha aitkanda. Jakshy den soolukka paidalyy sahardan tyshkary, sahardyn orduna bal dy koshso paidalyy bolush kerek. Osobenno kichine baldarga vitamin eken.rahmat Minura
SUPER.KG видео
26.07.2013. 21:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ваау, кандай сулуу жана табитти ойготкон коктейл! Мен кара карагтты абдан жакшы кором. Кычкылды негизи эле жактырам. Минюрага рахмат! Созсуз жасап кором. Уну да абдан жагат. "Мен кат жаздым..." деп ырдаган кыз турбайбы. Ийгилик!
SUPER.KG видео
26.07.2013. 23:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сууну кошбогондо йогурт болмок экен
SUPER.KG видео
29.07.2013. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эмне учун аты Минура эмес, Минюра? Билсе болбу? Коктейли жакты жасап ичип кором.
SUPER.KG видео
30.07.2013. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Нурзат Токтосуновага окшоп кетет экен, Баарысынан да кулгондору окшош экен
30.07.2013. 20:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sonungo sonun
31.07.2013. 22:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мм шилекейлер агат го
03.08.2013. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кундун ыссыгында эн соонун кенеш
экен,рахмат!
03.08.2013. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Минюра сага айтаар кенешим катуу тийсе кечирим сурайм!Сенин бетин тогорок же жайык болгон учун чачынды башындын ортосунан болбо жарашпайт,андай болгон бети овал кыздарга жарашат.Сен чачынды он же сол жактан болушун керек!
03.08.2013. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
А так коктейлин абдан жакты!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо