«АЯЛЫМ НИКЕСИ БАР ТУРУП БАШКАГА ТИЙДИ»

№560 26-июль-1-август, 2013-ж

«Атымды чыгарайын деген деле оюм жок. Эл катары тынч өмүр сүрүп келатканымда мурунку жубайым менин үстүмдөн арыз жазып, алимент өндүрө албай жүрөт. Башымдан өткөнүн айтып берейин, тагдырым кимгедир сабак болор» деп сөзүн баштады каарманыбыз Максатбек Асанбаев.

«АЯЛЫМ МЕНЕН БАКТЫЛУУ ЖАШАЧУБУЗ»
– Жубайым менен сүйлөшүп жүрүп баш кошконбуз. Ортобузда үч балабыз бар. Турмуш деген ушундай экен, жакшы күндөр болду, казан-аяк кагышып, таарынышып да жүрдүк. Кээде ачуум менен аны жаакка чаап жиберчүмүн. Бир жолкусунда катуу таарынган көрүнөт, төркүнүнө барган бойдон Бишкекке кетип калыптыр. Көп өтпөй өзү келип, кайра «жумушумду биротоло бүтүрүп келейин» деп кетип калды. Көпкө келбегенинен артынан барып «үйгө кетели» десем, «жигитим бар» дейт... Мындай жоопту күтпөгөн элем, аябай ыңгайсыз абалда калдым. Ошону менен ал ажырашууга арыз берди. Сотто «мен башка адамга турмушка чыгам, сүйлөшкөнүм бар» деп түшүнүк кат жазып берди. Ошентип ажырашып, ортончу кызым кайын энемдин колунда, улуу балам менен кичүү кызым менде калышты.
Арадан 4 жылга жакын убакыт өттү. Ал Москва шаарына иштегени кетиптир. Бир күнү ортончу кызым үйгө келип, сиңдиси менен кетерде коштошо албай «ата, биз бөлүнбөй эле коёлучу, чогуу жүрөлүчү» деп ыйлаганын көрүп жүрөгүм ооруду, балдарыма боорум ачыды. Ата-энелер ажырашканда ортодо балдар катуу жабыркайт экен. Аялым Москвадан келгенде чыккынчылыгына көз жумуп, балдарым үчүн жарашууга аракет кылдым. Экөөбүз макулдашып, көптөн кийин никебизди жаңырттык. Тынч эле жашап жүргөнбүз, анан эле бир күнү «мен өргүү алып келген элем, кетишим керек» деп кайра Москвага жөнөбөспү. Анын артынан мен да барып, ширетүүчү болуп иштеп, тез-тез аялым менен көрүшүп турчумун. Иштегениме 1 ай болгондо ал Кыргызстанга келе берди.

«ТУРМУШКА ЧЫГЫП ЖАТАМ, МАГА ЧАЛБА»
– Ошентип балдарыма кийим-кече кылып, аны узатайын деп бекетте турсам телефонуна улам бирөө чалат. Алсам орусчаны акцент менен сүйлөгөн бир эркектин үнү. Тажикпи же өзбекпи, айтор, сүйлөгөнүнөн баамдай албадым. Ачуум келип «кимсиң сен?» десем «өзүң кимсиң?» дейт. Аялыма ачуумду билдирбей узатып жибердим. Үйгө келип ушунчалык жаман болуп, кечке ойлондум. Бир күнү жеңем чалып, «аялың бир бала менен ээрчишип келиптир. Апасы айылдагыларга «кызымды күйөөгө берип жатам» деп айтып жүрөт» деп калды. Биздин ал кезде никебиз бар болчу, мен аялымдын жообун да бербесем, ал кантип башкага турмушка чыгат? Жүрөгүм эзилип ошондо катуу ыйладым. Окуянын чоо-жайын билейин деп ага чалсам албай жатып араң жооп берди. «Мен турмушка чыгып жатам, болду мага чалба» деп ар кандай сөздөрдү айтып коюп салды.
Арадан 1 ай өткөн соң «мен Москвага кетип жатам, тосуп ал мени» деп кайра тынчымды ала баштады. Жолукканда турмушка чыкканы чын экенин моюнуна алган. Көп өтпөй кайра «мага кайдагы күйөө, кел экөөбүз кайра жашайлы» деп жатпайбы. Балдар үчүн бул ирет да көз жумдум, аялымды кабыл алдым. Орто жолдо анын дагы деле бир киши менен сүйлөшүп, ыйлап жүргөндөрүн көрүп-билип турсам да унчуга албадым.

«МЕНИ МЕНЕН ЖАШАП, КӨҢҮЛҮ БАШКАДА ЭЛЕ»
– Кийин «айылга кетели» дей бергенинен Таш-Көмүргө, үйүбүзгө келип алдык. Анда да тынч жүрбөдү. Мени коркутканыбы, бир күнү документтеримди алып төркүнүнө кетип калыптыр. Кайра-кайра чалып отуруп араң алып келди. Ошонун артынан эле үйгө укук коргоо кызматкерлери келип, мени убактылуу кармоочу жайга кармап кетишти. Же бир кылмыш кылсамчы? Көрсө, аялым «мени коркутуп жатат» деп үстүмдөн арыз жазыптыр.
Мен камакта жатсам, ал башка менен ойноп жүрүптүр, аны кийин уктум. Эртеси жетекчи келип «уят эмеспи, балдарыңар үчүн болсо да жашагыла» деп чыгарып жиберди. Аракет кылып жашап жүрдүк, бирок жубайым аябай кыйналды окшойт. Мени менен балдары үчүн жашайын десе, жигитинде көңүлү бар.
Бир күнү бирөө чалып «аялыңды бошотуп койбойсуңбу? Ал менин да аялым» дейт. Ошондо ачуум аябай келди. Аялыма «мени менен жарашкандан кийин ойношторуңду жыйыштырбайт белең» десем унчукпай кутулду. Андан кийинки күнү аны таппай калдым. Ал ойношу менен дагы табышып алыптыр. Ушундай чаташкан окуялардан соң экөөбүз эки ажырым жолго түштүк.

«АЛИМЕНТ ТАЛАП КЫЛУУДА»
Учурда ал өзүнүн сүйгөн жигитине турмушка чыккан. Мен дагы классташыма үйлөндүм, бир балалуу болдум. Бирок дагы эле мурунку турмушумдун чыры түгөнө элек. Балдарым менен жашабасам да, аларга кайдигер боло албайм. Азыр мурунку аялым менден алимент талап кылууда. Минтип мага алимент таңуулаганы туура эмес. Ал иштер да оң жагына чечилер, мен балдарым үчүн баарына даяр болуп келгенмин жана дайыма даярмын. Азыр да телефонума «көрдүңбү, мен турмушка чыктым» деп SMS-кат жазып турат. Бирок алардын бирин да көңүлүмө албайм. Адамдарга ынсап берсин. Өзгөчө аялдар аруу, таза болсо экен. Канчалык турмуш сыноосу болсо да, баарына туруштук берем. Чоң энем каза болгондо ортончу кызым чалып буркурап ыйлайт, мен бул жакта ыйлап жатам. Ар бир ата-эне чогуу жашап, балдардын келечегин куруш керек. Айтарым, аялдарыбызга ыйман берсин. Бир сабырдууга бир сабырсызды кошот деген чын беле, айтор, үй-бүлө деген очокту сактаганга аракет кылгыла дээр элем.

P.S. Ошентип Максатбек мырза тагдырын баяндап берди. Биз бул окуя боюнча экинчи тараптын да ою болсо, жообун укканга даярбыз.

Гүлжан Эшбаева
jalalabad@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(158)
02.08.2013. 10:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Сабырынызга бали!!!
Аялынызга конул да болбон дооруй берет ар нерсени балдарынызды алып алын бироого кор кылып болок адамды ата деп айтпасын
02.08.2013. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
кудай сактасын ушундай эркектерден да, аялдарданда. максат мырза сизде намыс деген барбы? кыз башым менен айтайын. сизди ордунузда болсом ошо аялды мууздап эле салмакмын. эми газетага чыгарып байкуш болгонунуз окшошпой калды.колунуздан эч нерсе келбеген учун катыныныз башка эркектер мн ойноп жыргап журот да.
15.06.2015. 09:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Aijan06,туура айтасыз! Кудай сактасын, менин келинчегим кичине эле повод берсинчи. Келинчегим экөөбүздүн ортобузда 2 уулубуз бар экенине карабай жазасын өтө катуу бермекмин!!! Аялдын ойнош күтүп кеткени 100% эринен! Ал эми эркектин себеби көп болот.
02.08.2013. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
и еще аялыныздын (Айти эженин) да суротун коюп койсонуз сураныч королу.
02.08.2013. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
стопудово аялы бешенная матка экен. Болгон семьяндын суротун чыгарып мынча болду.
02.08.2013. 17:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
намыс дегенден эч нерсе жок экен бул жигитте, кайраты да корунбойт.
02.08.2013. 20:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
катыныныз да озунуз да эсен болгула, балдарынар бар экен.
03.08.2013. 07:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аялынызды азыраак чаппайт белениз анан кетпейт болчу. Аял бир жолу кеткенден кийин келбейт.
03.08.2013. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аялыңыздын апасы кандай болчу? билип туруп үйлөнгөн белеңиз?
03.08.2013. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудай сактасын!! Мен болгондо атып таштамакмын.
03.08.2013. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
эркек эмес экенсин, экоон тен адам деген атка татыктуу эмессинер, дагы арызданып алыпсын да кыйраткансып, окуп буткучо нервим ойноп кетти.
03.08.2013. 20:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
жинди эркек экенсин аялын ар ким жатып журсо эки жолу жарашып андан коро олтуруп салбайсынбы мурдунда жытын барбы озу дагы жакшы иш кылгансып мактанып газетага чыкканын кара суроту менен к.т
03.08.2013. 20:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушул кантип болсун аял кишинин шайтаны коп болот деген туура окшойт
03.08.2013. 21:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Андай катындын барынан жогу. Кудай балдарына ынсап, ыйман берсин. Атандын горуу......
04.08.2013. 00:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргызымда айтылып жургон жакшы макал бар,аял жакшы,эр жакшы,вазир жакшы хан жакшы дейтко.анын сынарындай аллахым баарыбызга кыз берседагы,уул берседагы акыл эси менен берсин.
04.08.2013. 03:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
калпакты чечип топу кийип алсан болмок
04.08.2013. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
myndai Kylgan ayalynarga Jasasyn alat Dagy bir kyioosunon A baike silerge Tolka Sabyrduuluk m,n baldarynardy Jana Klasstashynar m,n Baktyluu bolgula demekmin,
04.08.2013. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Toobo kyldym kudai berbesin, mynchalyk bow Bolton bolboit. Erkeksizbi? Uwuncha korduka chydadyzby? Olturup salbaisynby? Ayal kiwige ubal jok. Kichine bow bolson bawyna chygat. Brat kyskasy soz jok. Bul jaka jazbai ele koibopsun uwuncha Bolgon eken.
04.08.2013. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Gazetaga balee barby? Toobo kyldym kudai berbesin?! Erkeksizbi? Aial bolso aryzdansa bolot ele. Kantip jawap juros brat, aialdyn akyrkysy bolsoda, olturup salbaispy? Soz jok. Aialynyz okup alyp kulup atsa kerek. Erkek degen atka tatyktuu bolunda.!?
04.08.2013. 18:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудайым сизге сабырдуулукту ото коп берген экен азаматсыз . сизден башка адам болгондо отуруп салмак.
04.08.2013. 19:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Озу аялды баашынан деп бекер айтпай экен да... Тим койсон булар оо чокуна чыгып алышат. Ошон учун катынга камчын даяр болуш керек, создон да алдырбаш керек.
28.09.2013. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
abem92, беш кол тен эмес ар ким озун билсин бироолорго сын такпастан
05.08.2013. 09:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллах ыйман берсин баарыбызга, аялбы, эркекпи.
18.08.2013. 21:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ордунузда мен болгондо олтуруп еле салмакмын камашса да
26.08.2013. 23:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аялынды олтуруп салбай,-деп эмне эле кылмышка туртуп жатасынар?Кыргызстанда кылмышкерлер кобойсунбу?
30.08.2013. 03:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ээ, брат лох эркек экенсин да ушунча кордукка чыдаган. Андай аялды кордоп олтуруш керек эле. Азыр да кеч эмес, если до сих пор сенин жашооно аралашып аткан болсо.
06.09.2013. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
байкенин чыдамы куч экен!аялын айтсам,акылдан адашкан,бактысын которо албаган неме экен...!бети жок канда неме?!айымдар биз ушитип калдык беле?!АЛЛАХ корккон журок,ыйман,ынсап берсин!амиинь!
28.09.2013. 00:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудай сактасын. мен болглндо асып салмакмын.
07.09.2014. 23:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым ээй эркектер эле десен аялдарына эмне жок
16.03.2015. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эээ десе ошон учун аялга ынсап берсин. азыр аял , келин, катын айырмасы жок болуп калды го.
16.12.2021. 00:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аялын кызганбаган эркек бейишке кирбейт.
20.12.2021. 07:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чеч башындагы калпакты
1
2
3
4
5
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо