Гүлзинат Суранчиева:«ЖАШООМДОГУ МЫРЗАЛАР...»

№560 26-июль-1-август, 2013-ж

Гүлзинат Суранчиеванын жашоосунда саналуу гана мырзалар бар. Алардын ар биринин ырчы айымдын жашоосунда орду чоң жана алмашкыс.

«АТАМ КӨЗ АЛДЫМДА ФОРМАСЫ МЕНЕН КАЛДЫ»
– Жашоомдогу эң алгачкы мырза катары атамды айтам. Ал мен үчүн эң мыкты, татыктуу, келишимдүү инсан. Менин сырткы келбетимди да атама куюп койгондой окшош дешет. Ыраматылык атам 6 жашымда дүйнө менен кош айтышты. Ошентсе да көз алдымда образы сакталып калган. Эсимде, атам жумуштан келгенде чуркап чыксам, мени көкөлөтө көтөрүп алар эле. Кошуналар карап турганда мен да мактангым келип, ого бетер формачан атам менен сыймыктанып кетчүмүн.
Апамдын айтышынча, көп жыл чогуу жашап, үч балалуу болгуча бир да жолу топчусун кадап бербептир. Атам баарын өзү үтүктөп, өзү кылчу экен. «Мүнөзү шайыр, шыпылдаган, кичи пейил, ким менен кандай мамиле кылганды билген киши эле» деп көп эскерет. Аялзатынын баары эле атасына окшош мырзаны түгөйүм болсо экен деп тилейт эмеспи. Мен атайын издебесем да, тагдырбы, айтор, органда иштеген, мүнөзү жагынан атама окшогон адамга турмушка чыктым.

«ЖОЛДОШУМ МЕНЕН ТААРЫНЫШСАМ, АГАМА АРЫЗДАНЧУМУН»
– Биз үч кыз, бир эркекпиз. Агам Нурбек менен шашки, чүкө ойноп, берилип кетип мушташып да кетчүбүз. Байкем менин коргоочум, тирегим болду. Мага бирөө тийишти дегиче сөзсүз барып сабап салчу. Кошунамдын балдары көп эле таяк жешти го андан (күлүп).
Агам менен азыр да тыгыз байланыштабыз. Жаңы турмуш курганда жолдошум менен таарынышып калган учурларда дароо байкеме чалып «минтип жатат, тигинтип жатат» деп арыздана берчүмүн. Ошол учурда мени угуп, моралдык жактан жардам берип, бирок бир да жолу үйгө келип, күйөөм менен «сен, менге» барган эмес. «Болуп турат турмушта, табышасыңар кайра» деп эле жоошутуп койчу. Азыр ойлоп калам, «Жиндимин, неге арыздандым экен агама?» деп. Агамдын ар бир сөзүн укканга аракет кылам, анткени атам эрте каза тапканына байланыштуу ал үйдө жалгыз эркек, атамдын ордун ээлеп турат.

«МАМИЛЕГЕ ТУРУКТУУ ЭМЕС ЭЛЕМ»
– Кат жазып, артымдан чуркагандар көп болду. Жигиттер менен мамиле курдум, бирок туруктуу эмес элем. Жигиттер менен жылдап сүйлөшкөн курбуларымды такыр түшүнчү эмесмин. Мага сөз айткан жигиттерден эсте калганы Казакстандын музыкалык оркестринде ырдаган казак жигити болду. Ал эки жыл үзбөй жумасына бир жолу куюлуштурган сөздөр менен кат жазып турчу. Ал кезде жаш болгон окшойм, көңүл деле бөлгөн эмесмин. Көп болсо эки жолу жооп жаздым окшойт. Ошентип, шамалдай алып-учуп турган мага чыдап, мени жалгыз гана жолдошум токтотту көрүнөт (күлүп).
Аны менен деле 3-4 ай жөн гана тааныш катары сүйлөшүп жүргөм. Ал учурда кыздар менен жатаканада жашайбыз. Жигиттерди түшкү тамак же дагы башкага «сындырмай» мода эле. Ралис жолугушууга чакырганда сөзсүз 4-5 кызды ээрчитип алчумун. Жалгыз чыга албайм да, кыздар деле тамактанышы керек, ачка отурушмак беле (каткырып). Ал болсо тажабай бизди көпкө чейин багып жүрдү. Адатта, көпчүлүк мындай «наглыйлыкка» чыдабайт эмеспи. Ралис болсо багып эле жатат, багып эле жатат. Байкасам, кыздар деле «жакшы бала экен» деп калышыптыр. Ошондой өжөрлүгү менен мени багындырып алды.

«ТАЯКЕМЕ БОЛУШУП БАЛДАРДЫ КӨП САБАДЫМ»
– Мени 1-класска Саламат деген таякем менен чогуу беришкен. Экөөбүз чогуу дос болуп, көп кызыктарды бирге өткөрдүк. Таякем жоош, уялчаак болгондуктан, анын таламын талашып эркек балдарды далай сабадым (күлүп). Анын калем сабын же бир нерсесин алса да унчукпай эле кала берчү. Мен дароо артынан барып, ким алса колунан жулуп келчүмүн.
Жаш кезде жакын болгон кишиге чоңойгондо деле жан тарта берет экенсиң. Саламат менен азыр деле үй-бүлөлүк катыштабыз. Туугандар чогулсак да, «Гулзи, Гулзи деп эле артымдан ээрчип жүрчү элең» деп күлүп калабыз. Бирок бир кездердеги уялчаак таякем азыр зыңкыйган, токтоо жигит болгон.

«БИЗДИ УРУШТУРГАНГА АРАКЕТ КЫЛГАНДАР КӨП»
– Биздин айланабызда бузукулар то-олтура. Калп эле сени карап күлүп, артымдан уруштуруш үчүн күйөөмө жамандап койгондор чыгат. Турмуш көп нерсеге үйрөтөт экен. Кээде мага «сенин күйөөңдөн балам бар» деген сыяктуу жагымсыз СМСтерди жазышат. Эгер ошондой көрүнүштөр мурун жаңы турмуш курганда келсе, анда инфаркт болуп калмакмын :) Азыр акылдуу болуп, мындай нерселерге көңүл бурбай калдым.
Күйөөмө да кээде «Гүлзинат бир айга гастролго кеттиби, ким билет, ал жакта эмне болорун?» деп айтышат экен. Бирок ал менин калп айта албашымды, чыккынчылыкка барбашымды билет. Өзгөчө жаңы үйлөнгөндө «сен мени минтип карадың» деп деле таарыныша берчүбүз. «Мен сени менен жашабайм, ажырашам» деген күндөр болгон. Бирок канча таарынышсак деле ашып кетсе бир саат чыдайм. Анан өкүнүп баштайм, «неге антип айтып койдум, аша чаап жибердим» деп өзүмдү жей берем. Чыдабай ага кайра чалам, кечирим сурайм. Негизи, куру намысчыл боло бербейм. Өзүм катачылык кетирсем кечирим сураганды билем. Учурда кызыбыз Рузана 9 жашка чыгып калды. «Мага качан төрөп бересиң?» дей берет. Мен да «Ой, мен дапдаярмын. Кудай берсе эле дароо болот» деп калам.

Гүлжамал Бөрүкулова
Адилет Бектуров
(Айрым сүрөттөр ырчынын өздүк архивинен алынды)
star@super.kg


Гүлзинат Суранчиева: "Күйгөн тамактарымды катып..."

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(73)
29.07.2013. 17:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай жакшы эже, иштеринизге ийгилик.
29.07.2013. 20:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен эн жаман коргон адам ушул!
29.07.2013. 20:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
куйоосу кыргызстандык азербайджан го кебетесине караганда,
29.07.2013. 20:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула!
SUPER.KG видео
29.07.2013. 20:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
мага тескерисинче каткырганы жакты))) сулуу айым экен
29.07.2013. 21:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
AYABI VYSOMERNAYA, maktaanchaak go... kuioosu ekoonun mamilesi joinundo ele aityp butpoit. anyn kuioosuno kim ashyk eken? ozuno bolso meili ele.
29.07.2013. 23:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргыздын сулуу кыздарынын катарындагы сулуулардын бири
29.07.2013. 23:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага жакты мурун кийин такыр укпаган экем сулууго ачык айрым,шайыр мүнөздүү экен кимге тийсе жеке өзүнүн жашоосу бирөөнүн личностуна мурун тыккандан жаман нерсе жок
SUPER.KG видео
29.07.2013. 23:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jakshy eje eken, maga jakty baktylyy bolunuz,
30.07.2013. 01:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызыныз сулууго,мага кызыныз аябай жакты.
30.07.2013. 08:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ozu suilop kaira ozu kulo beret eken.
30.07.2013. 09:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
lazy_boy.kg, nazira1989, ха-ха, хи-хи деген орунсуз комментарийлерди калтырып, темадан алыстабагыла! Бул жерде Гүлзинат айымдын интервьюсу жөнүндө пикир жазсаңар болот. Маданиятсыз сындарга жол берилбейт. Силерге эскертүү!!!
30.07.2013. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага "Кош жылдыз"деген ыры аябай жагат.Шантелдеги.Бактылуу болсун!
30.07.2013. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Койоосу азер кордайдан болот, бирок Бишкекте иштейт органда, кыргызчаны так суйлойт
SUPER.KG видео
30.07.2013. 18:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
От души, ачык суйлоп бериптир. Маек мага абдан жакты, кызыгып кордум. Жумурткадан кыр издеп айрымдар сындап жиберип жатасынар чиркин. Ар ким оз жашоосун билиш керек да. Озунор эле абдан идеалдуусунарбы, ойлонуп коргулочу кана???
30.07.2013. 18:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
күйөөсүнүн улуту кытай болсо да кыргызчаны жакшы билсе болду деп ойлоймун. Гүлзинат эжеке сулуу! бир аз кемчиликтери бар экен бирок
30.07.2013. 18:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргызча сүйлөшкө аракет жасаңызчы сураныч! Супер инфодон да суранат элем маектешкен адамыңарды кыргызча сүйлөтүүгө аракет кылгылачыыыы!
30.07.2013. 20:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулзинат,билем орусча жакшы суйлойсун, Кыргыздар учун ыйык болгон АТА - АПА деген соз бар экенин унутпа..,
30.07.2013. 20:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
4-5 кыз ээрчитип свиданиеге чыканы сонун го, багып эле журду...:)
31.07.2013. 10:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ademi-gulperi,
Жалаң баш тамгалар менен жазууга тыюу салынат! Сизге эскертүү!
31.07.2013. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бетин аябай жакын тартыпсынар бетине жапкан упасы аябай билинип калыптыр
01.08.2013. 01:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Gulzinat chynynda jakshy adam jonokoi aiym, baktyluu bolunuz.
02.08.2013. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага жакпайт,ото эле мактанчаак,анан ырлары деле андай эле журокко жете бербейт
02.08.2013. 23:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kuigon tamagyn paketke salyp sumkasyna katkany jakty
SUPER.KG видео
04.08.2013. 20:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Сайынып алгандай эле озу суйлоп озу эле жыртандай бериптирго тобоо!?
05.08.2013. 00:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
taksistti kuioom debe,artistti ayalym debe degen soz bekerinen chykkan emes.
SUPER.KG видео
12.08.2013. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бардык жагынан келишкен сулуу айымсыз,сизге чет олколуктор да суктанышат.
SUPER.KG видео
13.08.2013. 20:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Суйлогону ону Айпери Калыковага окшоп калыптыр
08.09.2013. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мынча сулуу бийкеч, канча жашта болду экен,жапжаш корунот го 9 жашар кызы болсо да
SUPER.KG видео
21.10.2013. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Очень позитивная и открытая женщина .Видно что нет лишней хитрости и коварствы.
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо