Талант Анарбаев:«МИНИСТР БОЛСОМ, МАДАНИЯТТЫ 90 ГРАДУСКА ӨЗГӨРТМӨКМҮН»

№560 26-июль-1-август, 2013-ж

Бирде Роза Отунбаевага, бирде корей ырчысы PSY`га айлана калган куудул Талант Анарбаев бүгүн кайда? Куудул менен байланышып чыгармачылык, турмуш тууралуу кеп курдук.

– Талант, акыркы убакта дымың чыкпай кетти. Эмне менен алек болуп жүрөсүң?
– Бир ай Орусияга, андан келип Чоң-Алайга 3-4 күнгө гастролго чыгып келдим. Негизи, менчелик гастролдогон адам жок болсо керек. Убагында үй бетин көрбөй «круглый год» гастролдогон учурларым болгон. Азыр болсо орозо кармап, үйдөмүн. Буюрса, ушул жумада «Талант-шоунун» жигиттерин Баткенге гастролго жөнөтүп жатам.

– Акыркы убакта ырчыларга да атаандаш болуп жүрөсүң. Мындан улам Талант куудулбу же ырчыбы?
– Азырынча 5-6 өнөрүмдү эле элге алып чыктым, дагы 65и сандыкта жатат, ха-ха... Чынында, куудул деген бардык жагынан таланттуу болушу керек. Элди күлдүрө алган куудул кантип ырдай албасын? Ал эми ырчылар куудул боло алышпайт. Бек Борбиев менен Сыймык Бейшекеевди сахнага чыгарып «элди күлдүр» дегилечи, күлдүрө алышпайт (күлүп). Мен ырдап, бийлеп, ал тургай Добрга атаандаш болуп рэп да айтып жүрөм.

– Ырчы болуш оңой бекен же куудулбу?
– Ырчы болуш оңой турбайбы. Студияга барып акча таштап, аранжировка жасатып ырдап чыга берет экенсиң.
Куудул 10 мүнөттүк номер үчүн сатира таппай канча кыйналат? Ырчылар баары биригип мага бир сатира жазып беришсин, мен аларга бирден ыр жазып берейин. Учурда «Үйлөнүү той» деген ырыма клип тарттырайын деп жатам. Удаа-удаа клиптерди тартып, ырчыларды бир эс алдырып койбосомбу...

– Ашкана ачып, ашпозчу болуп кеткен жайыңды да угуп калдык эле...
– Ооба, сахнадан кетем деп бир жылдай колума микрофон кармабай, ашкана, дүкөн сыяктуу нерселерди ачканмын. Орозодо эч ким деле кирбесе керек деп азырынча ашкананы жаап койгонбуз.

– Бир учурда бир нече жумуштун тизгинин алып жүрөсүң. Элде «Талант мунун баарына кантип жетишет? Же төрт колу, төрт буту барбы?» деген суроо жаралышы мүмкүн...
– Албетте, үй-бүлөм жардам берет. Эми булар, мындайча айтканда, «по пути» эле жасай турган иштер да. Негизи, биздин өлкөдө чыгармачылыктын өзү менен жан бага албайсың. Биз Казакстандын, Өзбекстандын артисттерине теңелбей эле коёлу. Ай сайын концертибизди көрүүгө элибиздин чамасы да жок. Анан артисттер эмне кылмак элек, бирибиз тойго барып ырдайбыз, бирибиз дыйканчылык кылабыз, дагы бирибиз Бактияр Токторовго окшоп тоок багабыз да.
Бул жагын галстук тагынып келип-кеткен министр агаларыбыз колго алышса жакшы болмок. Биринин да көзгө көрүнөрлүк иш жасаганын көргөн жокмун. Алардын эч нерсе жасабаганы борбордо эмес, сыртта жашаган адамга даана байкалат. Мисалга театрды эле алалы. Аты таанылбаган адамдар айлык, Эл артисти наамдарын алып иштеп жатышат. Рахман, Абдылда, Жамбыл ала элек наамдар тууралуу биз ойлоно да элекпиз. Кээде туруп сахнадан бизнеске кетсемби деген ойго жетеленем.

– Акыркы учурларда саясатчыларды, президенттерди туурап келесиң. Бурчка такагандары боло элекпи?
– 150 миллионго жакын калкы бар Орусияда деле Путин, Медведевди туурап жатышпайбы. Чындыгында, таанымал, эл көзүндөгү адамды туурайсың да. Кошунам Шайдылда абамды туурасам, аны ким таанымак эле? Мисалы, Акаевди 2005-жылга чейин туурадым. Качып кеткенден кийин кызыгы кетип калып, туурабай койдум. Негизи, саясатчылардын сүйлөгөнүн туураганым эле болбосо, азырынча эч кимисинин кемчиликтерин баса белгилеп сатирага сала элекмин. Айрым депутаттардын бетине эле айтып келем, «баарыңарды бириктирип бомба менен жардырып жибергенде гана Кыргызстан оңолот» деп. Күлүп эле кутулушат. Учурда Жогорку Кеңештин жыйындарына 83 депутат барбайт экен. Мыйзам чыгармак түгүл, сүйлөй да электери бар. Чын-чынына келгенде мен депутаттардын, чоңдордун көпчүлүгүн теңиме да албайм, 10 чактысын сыйлаганым гана болбосо.

– Берилип кетип саясатка аралашайын деген оюң жокпу?
– Кээде ушул жагын да ойлоп коём. Насип кылса, балким, маданият министри болуп калармын. Министр болуп калсам маданият жагын 90 градуска өзгөртмөкмүн. Менде даяр долбоор, жоболор бар. Окуумду аяктай берейинчи, калганын көрө жатарбыз. Борбордон алыс болуп, көп нерсеге жетише албай жүрөм. Буюрса, күзүндө борборго көчүп барсамбы деген жакшы ниеттемин.

– Кайсы окуу жайда окуп жатасың?
– ОшМУда кибернетика жана маалымат технологиясы бөлүмүндө. 3-курстан башкага которулсамбы деп жатам.

– Куудулдардын кимисинин өнөрүн мыкты деп баалайсың?
– Бардыгын өз-өзүнчө таланттуу деп эсептейм. Сатирик катары устатым Рахман Разыковду баалайм. Мени чоң сахнага жетелегендердин бири. «Бешилик» тобу тарап жатканда ал кишинин тамаша-чынга салып «ушул бешөөңдү алганча беш бука баксам жакшы болмок. Семиртип, союп сатмак экенмин» деп айтканы дагы да эсимде.

– «Акыркы учурларда куудулдардын деңгээли түшүп кетти» дегенге эмне айтасың?
– Кошулам. Азыр ар ким оюндагысын жасап жатат. Айрымдар элди күлдүрө албай калганда аргасыз көпчүлүктө айтылбай турган сөздөрдү айтышат. Куудулдар ушундай нерселерден качканыбыз туура. Ойноп жаткан сатира менен элге тарбия беришибиз керек. Мен элге сабак болчудай сатираларды алып чыксамбы деп турам.

– Сага кайсы учурда эргүү келет?
– Элге окшоп түнкү 3тө, тоонун башына чыкканда дебейм. Мезгилсиз эле келе берет. Дароо телефонумдун диктофонуна жаздырып коём. Кийин четинен иштеп алып чыга берем.

– Үй-бүлөлүк абал сахна турмушуна тоскоолдук жаратпай элеби?
– Аял кишинин түшүнүктүү болгону жакшы экен. Кудайга шүгүр, жубайым жакшы сөзүн, сынын айтып колдоп турат. Сахнага кие турган кийимдеримден өйдө көз салып, жардамын аябайт. Уулдарым Байтилек менен Элтурандын күнүгө бир өнөрү чыгып, биринин артынан бири өсүп келе жатканы да мага дем-күч берип келет.

– Маегиңе чоң рахмат! Сенден жаңы сатираларды күтөбүз.

Р.S. Куудулдун сүйүүсү, үйдө кандай адам, кандай жолдош, кандай ата экендиги тууралуу жубайы Миргүлдүн маегин кийинки сандарыбыздан окуй аласыздар.

Дамира Арстанова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(29)
29.07.2013. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдылда байкебиз кычырайтко 5+
29.07.2013. 11:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
бул киши такыр жакпайт. куудул болсон куудул эле болчу, сен эле калдын министр боло элек...
30.07.2013. 02:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Doritos, омееееей проблема кылдынызго (((((((((((((((((((((((((((((((((((((((((( сиз бироого жагып кордунуз беле (((((((((((((((
30.07.2013. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
roy,

Doritos ту аябай туураган окшойт жини келгенине караганда )))))))
30.07.2013. 03:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Doritos, tuura aitasyn;)
29.07.2013. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
абдылданын турушу эле кулкулу да бар болгула биздин кудулдар манас байкенин жайы жаннатта болсун
29.07.2013. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Алга Талант
29.07.2013. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Уйдо Таланттын дискиги бар,тамашалары жакса олойун. Талант шоу дагы балдарын кайдан тапкан? Кулдуро алышпайт...
31.07.2013. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ZANIA-92, туура айтасын мен деле омуру кулуп коргон эмесимим,таланттын тамашасына.
29.07.2013. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Бакылдаган текени суу кечкенде коробуз..." дечу беел Талант ака. Андан коро эт менен челдин ортосунда куудул-ырчы болуп эле журо бербейсизби а
29.07.2013. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Онорунуз оркундоп элибизге кызмат кылып журо бериниз.Биздикилерди жамандатып эле койсо,
29.07.2013. 18:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алга Талант елге жакшы кулкулоруну тартуулай бер
29.07.2013. 18:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мира эже жубайы экен да,магазинде иштейт,жакшы эже заказ алганы келем,баласын да аябай ширин,3 жашта,кадимкидей окуйт экен аябай гангам стайлга бийлеген эле.Таланттын баласы да таланттуу турбайбы.Ийгилик!
29.07.2013. 20:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эки тоонун чобун энсеген кийик ачкадан олот дейт беле кыргызда,бир тармакта журсон жакшы го
29.07.2013. 20:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Admin menin kommentim jokko
29.07.2013. 20:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kg_07,
Саламатсызбы! Кайсы билдирүүңүздү сурап жатасыз?
29.07.2013. 22:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Колундан келсе ошонун менен айран чал дейт таке. Максат акча табыш .
29.07.2013. 22:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Талант байке талантынызга таазим ийгилик
30.07.2013. 01:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bolbogon ele kuudul,yrdasa unu dele jok..tantyp ele jomok aytkanday maanisi jok yrlardy yrday beret...
30.07.2013. 02:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Билдируулорду окуп кордум Бут эле кыйын ээ Кыргызстанда кыйындар коптугунон онукпой туруп калыкко Озунор бир тост айтканды билесинерби ((((((
30.07.2013. 03:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
dortes sizge degi kiwi jakpait eken go, )))))
30.07.2013. 03:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ibragim junusov dele jurot go sani bar sapaty joktorgo kowulup , al dele ir4i bol4u owol dele onukturom kyiratam degen. kana?
30.07.2013. 03:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ырчы болуш оңой эле деп айтыптыр бир ырынын мааниси болсочу,же окшошсочу
30.07.2013. 06:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
а бали жарайсын талантын сыйлайм талантын.
01.08.2013. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алга
03.08.2013. 00:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baary butup emi kuuduldar kaldy ministir bolom dep.
03.08.2013. 23:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул адамга куудулдук эле жарашат . Ал эми ырчы болбой эле коюнузчу сураныч . Ырларыныздын мааниси такыр жок.
05.08.2013. 00:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jaman ele maktanyp koiupturgo
20.01.2014. 19:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ош алга алга алга алга!!!!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо