БЕЛ ТЕБЕЛӨӨ КЫРСЫК МЕНЕН АЯКТАДЫ

№560 26-июль-1-август, 2013-ж

«Балам, белимди тебелеп койчу» деп ата-эне баласына же небересине көп эле жолу кайрылат. Чынында, уюган жер бир кыйла жеңилдеп, ооруксунуу жоголот. А бирок кээ бирде бул иштин аягы кырсык менен аяктайт экен.

БИР ҮЙДӨГҮ ЖАЛГЫЗ АПА
Зейнеп апанын балдары мектепти аяктап, борборду көздөй сызышкан. Эки уул, бир кызы бар апа балдарынын шаарга барып бутуна туруп, өз арабаларын өзү тартышына такыр каршы болгон эмес. Анткени 40 жылдык өмүрүн жаңыдан турмуш агымына аралашып, мектеп босогосун аттаган жеткинчектерге арнаган эле. Ар бир баланын эңсеген жагына учуп, көксөгөн турмуш пайдубалын курушун чын ниетинен тилечү. Ата-энелердин «сен бул кесиптин ээси болбойсуң, баланча окууга тапшыр» деп балдарынын каалоолоруна бут тоскондорун да жактырчу эмес. Ошол себептен үч баласына тең жогорку билим берип, өз туурларына кондуруп, борборго жайгаштырып койгон. Өзү болсо балдарынын «көчүрүп кетели, үч баласы туруп каралбай калды деп эл сөз кылат» дегендерине болбой айылдагы төрт бөлмөлүү үйүндө жалгыз калган.

ЧОҢ ЭНЕ БЕРЕРГЕ АШЫН ТАППАЙ...
Балдары тез-тезден келип жатабыз деп бир айда бир келишчү. Бирок үчөө тең каникул болгон сайын «айылга барып чоң энеңерге жардам бергиле» деп балдарын жеткирип турушчу. Эки уулу экиден балалуу болуп калса, кызы турмуш босогосун жаңы гана аттаган болчу. Неберелер келгенде үй бака-шака болуп, чоң эне сүйүнгөнүнөн чекесинен тер чыккыча кыймылдап, берерге ашын таппай калдастайт. Алар кайра кетишкенде эки-үч күнгө чейин өзүнө келе албай жүрөт. Бир заматта үй тыптынч болуп калса, ким гана болбосун маанайы чөгөт да.

КАРГАШАЛУУ КАНИКУЛ
Адаттагыдай жайкы каникулда биринен-бири жарышып төрт небере тең чоң эненин жанында. Божурашып энеге жарыша суроо берүүдөн эч тажашпайт. Зейнеп апа мугалим эмеспи, аларга жөнөкөйлөтүп, жеткире түшүндүрүүдөн ырахат алат. Ошондой күндөрдүн биринде огородго суу келип, Зейнеп апа алма бактардын баарын сугарып чыкты. Неберелер жардамдашымыш болуп жүрүшкөнү менен, мындай иштерге жарашпайт эле. Улуусу болгону ондо болчу. Кечинде бели уюй калганынан чоң эне улуу небересинен белин тебелеп берүүсүн суранып калат. Жаш өткөн сайын сөөк морт болот деген чын белем, арадан бир мүнөт өтүп-өтпөй бели кырс эле дей түштү.

ЧАҢЫРГАН АЯЛ ОРДУНАН ТУРБАЙ КАЛДЫ
«Кокуй» деп чаңырган аял көмкөрөсүнөн жаткан боюнча турбай калды. Чуру-чуу түшкөн балдар энекелеп ыйлап жиберишти. «Кой, ыйлабагыла азыр, азыр» деген менен, оодарыла албай койду. Ыйлаган балдар чуркаган боюнча коңшуларды чакырып келишти. Маңдайы жарыла сүйүнүп жүргөн коңшусун көргөн кошуналары да эмне болуп кеткенин билбей эс-мас болуп калышты. Аңгыча Зейнеп апа теңдүү аял «апей, эмне турабыз, тезинен «Тез жардам» чакыралы» деп тургандарды эсине келтирди. Ошентип, ооруканага алып жөнөштү.

«НЕБЕРЕЛЕРИМДИ УРУШПАГЫЛА» ДЕП ЖАТТЫ
Бул арада өздөрүн күнөөлүү сезген балдары шаардан келишип, апасынын жанынан чыкпай, тамагын жасап ооруканага тынбай каттап жатышты.
Канчалык бели оорубасын, чоң эне кайратынан жазган жок. Кабагын чытып бир да жолу «ий» деп үнүн да чыгарбады. «Кагылайындарымдын курсактары ачып калган жокпу?» деп неберелерине сарсанаа болуп жатканда дарыгерлер «андан башка эмне кылсын, курган кемпир...» деп шыпшынып калышат. «Мен кара жерге кирейин, силер аман болгула» деген сөздөрүн кайра-кайра балдарына айта берди. Эки баласын «неберелеримди урушпагыла, бул жерде өзүм күнөөлүүмүн, картайганда ушундай болот да» деп маңдайынан сылап жатты.

Сүйүн Кулматова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(47)
29.07.2013. 18:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
сен ооруба мен ооруюн апаке
29.07.2013. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллахым бааардык Апаларга узуун омур берген болсун.
29.07.2013. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эртерек аягып кетин энеке ден соолук берсин кудайым
29.07.2013. 19:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эмне болгон кундо дагы этият бололуда.
29.07.2013. 20:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
danilka, ооба бири бирнерди тебелешип жатканда этият болгула,женилиреегинер устуно чыгып


29.07.2013. 19:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эх менин апамда белин салдырам деп,баспай калды.Эңкейип басчу.Тагам кайра-кайра белиңизди салдырсаңыз,түз басып каласыз деп урушуп жүрүп салдырды эле.Эми баспай калды.Баспай калсаңыз да аман болуңуз Апа!Кудай күч-кубат берсин!
29.07.2013. 20:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менин чон энем дагы да кучтуу,тоодо кымыз кылат,жаш бала эмес 28 ги мен деле тебелей берем,даже мени которуп кетет,
29.07.2013. 20:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
talas-1985,
Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
29.07.2013. 23:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мээримдуулордун мээримдуусу Алладан кийин эле эне болсо керек, эне бул Кудайдын жердеги окулу десек болот. Энелерибиздин конулун эч качан оорутпасак, энелер, эжелер, карындаш, кыздарыбыз бар дуйно сулуу...
30.07.2013. 02:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Apa, siz jadhoomdun kutusuz, ylaim chyn densoolukta, omurunuzdun uzun bolushun kudaydan tilenem, buyursa meni menen syimyktanar kun da kelet!
30.07.2013. 02:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Апакебайым менин эхх апаларыбызды сыйлайлычы ...
30.07.2013. 03:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Апа аман эсен айыгып ошол неберениздин чайын ичиниз!!!!! Энекем асылым, ардагым аман бол ооруба:-) :-) :-)
30.07.2013. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Апа келчи келчи тосчу көөдөнүң.
Жыттайынчы моокум канбай бөксөөмүн.
Жолукканча кыла албаймын каниет.
Кумары бар жыты сонун өргөөңдүн.
30.07.2013. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Апамдын ичине кайра эле кирип алгым келет)Апаке оорубанызчы суранам...
30.07.2013. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ene degen kandai meerimduu zat e?!
30.07.2013. 21:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
энелерден айланалы...
30.07.2013. 23:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Энекем сизди сагынып кеттим, мени багып чонойтуп эрежеге жеткирген бул ааламдагы бакытымсыз! Сиз оорусаныз менин да бут денем ооругансыйт. Жараткан Алла энелерибизге ден-соолук, балдарына ыйман бере кор! Бироолор эненин мээримине суусап зар болуп журсо, бироолор тируу энесин таштап салган каарылар уйлоруно. Оз энесин таштап салган акмактар жер бетинде кантип баш которуп журушот!
31.07.2013. 02:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Өзү ичпей, ичирип
кийбей, кийдирип өстүргөн энелерге миң таазим!
энелерди сыйлайлы!
31.07.2013. 10:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Апаларды кадырлайлы, сыйлайлы. Бейиш энелердин таман астында дейт эмеспи.
31.07.2013. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
негедир козумо жаш тегеренип кетти.ата-энелерибиз бактыбызга бар болушсун!
31.07.2013. 18:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да апамды аябай сагындым бирок апам келин десек да ынабай жатат.ал ошто биз россияда. Мен келгениме 1ай болот. Кетейин десем бироонун булосумун. Кыздарга кыйын экен.
31.07.2013. 18:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
энелер Аман болсун бир эне уч торт баланы багып чонойтот бирок торт бала бир энени бага алышпайт чогу эле жашаса болмок
31.07.2013. 23:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ата-энелерди ардактайлы, сыйлайлы!
01.08.2013. 20:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
baarybyzdyn bewenebizge ata eneleribiz aman bolsun
01.08.2013. 21:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
enenin tamanynda beish demekchi.eneni kozu barda syilai jur.
02.08.2013. 01:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Энелерибизди сыйлайлычы,
Сени да, мени да ЭНЕ тапкан!
02.08.2013. 05:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ардактуу алтындан кымбат АПАКЕЛЕР бар болгула!
02.08.2013. 10:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"وَقُل رَّبِّ ارْحَمْهُمَا كَمَا رَبَّيَانِي صَغِيرًا‎" "ва кул роббир хамхума камаа роббайаний согийро" Оо Аллахым ата-энем мага кандай мээрим канатын жайган болсо сен да аларды оз ырайымына ал!
02.08.2013. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх, мен жумушта отурам, апам болсо уч небересин карап кечке уйдо. Апама рахмат, кундо тажабай танкы саат беште уй саайт, сутун тартат,балдарын курсагын тойгозуп жумушка кетирет. Неберелерин багып тойгузат, мезгили менен уктатат. Чыдамкайлыгынызга рахмат Апа! Мен да сиздей чыдамкай апа жана чон эне боло алар бекем?
03.08.2013. 01:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Энелердей болуш кыйын мин мертебе ыраазычылыгым билдирем ай ай жаны ооруп турсада баласынын балдарын ойлоп турат аман болунуздар
12.10.2013. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эне журогу баарынан мээримдуу,боорукер. Бирок АЛЛАХ ТАЛЛАМ энеден 70эсе мээримдуу,боорукер экен.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо