«УКТАП КАЛГАН» ЫРЧЫЛАР

№561 2-август-8-август, 2013-ж

Учурунда хит ырларды жаратып, атагы чыгып калган көпчүлүк ырчылар азыр көрүнбөйт. Чыгармачылык убактылуу кызыгуу беле? Же турмуш-тиричилик деп ырчылыктан алыстап кетиштиби? Айтор, суроолор көп...

АКШга КЕТКЕН ЭРЛАН АНДАШЕВ
Адегенде эле «Сүйүп калдым кантейин?..» деп боздогон боз уландан баштайлы. Эрлан Андашев үйлөнгүчө кызуу иштеп жаткан эле. Ак никенин кереметиби же кандай билбедик, ырчынын дайыны чыкпай кетти. Азыркы тапта ырчы жигит үй-бүлөсү менен АКШда экенин жубайы Перизат маалымдады. Ал жакта ырчылык менен алекпи же башка нерсе мененби келин бала сыр тутуп койду. Түшүнүшүбүзчө, Эрландан жакынкы аралыкта мукамдуу ырларды үмүт этпей эле коёт окшойбуз. Анткени «качан кайтарыбыз белгисиз» дешет.

 

 

 

 


ТОЙДОН КОЛУ БОШОБОГОН АКБАР СҮЙҮНБАЕВ
Үйлөнгөн соң ырчылыктан алыстагандардын дагы бири Акбар Сүйүнбаев. Коңур үндүү бул мырза кезинде сахнанын көркүн аччу. Акыркы кезде Акбарды сахнадан эмес, сахналаштарынын шерине, тоюнан гана көрөбүз. Акбар бул боюнча гастроль, той-топур деп жүрүп, болгону жаңы ырларды жаздырбай калганын, жаңы клипти көптөн бери тарта электигин айтты. «Буюрса, күйөрмандарымды көп жаңылыктарым менен кубандырам»,- дейт ырчы мырза. Бирок качан?

 

 

 

 

 

ФАРХАТ КАЙРАДАН ОЙГОНОТ
Мындан 2-3 жыл мурун Фархат Кеңешбек уулунун «Кайдагы сүйүү?» деген ырын жүрөгү жараланган жаштардын бардыгы ырдап жүргөн. Андан кийин 1-2 ыр жараткандай болду. Бирок элге көп сиңе бербеди. Ошону менен уктады да калды. Эргүү келбей ырчылыкты таштаганбы десек, жок, башка себеп болуптур. «Өткөн жылы атамдан айрылдым. Мындай абалда эргүү келмек турсун, эч нерсе жасагың келбей калат экен. Жараатым жайына келип, кайра чыгармачылыкка кайтарда өзүм ооруп калдым. Ошентип сахнадан бир топ алыстап кеттим. Эми, буюрса, жаңы ырларды жаздырып жатам»,- дейт.

 





ЧЫГАРМАЧЫЛЫК КРИЗИСТЕН УЛАМ ТАРАГАН «ДЕЛЬМАР» ТОБУ
«Бишкекская ночь, все сомнения прочь...» деген кайрыктар, албетте, баарыбызга тааныш. Бул ырды аткарган «Дельмар» тобу убагында бир топ жакшы ырларды аткарып жүрүшкөн. Жаштарга жаккан жигиттер азыр кайда десек, ар кимиси өз алдынча калагын кармап, ар кайсы кайыкты тандап кетишиптир. «Топтун тарашынын себеби чыгармачылыктагы кризис. Бирок биз эч нерсеге өкүнбөйбүз. Азыр «Дельмар» тобунда ырдап жүргөн Ролан, Сардар деген жигиттер жеке иштери менен алек. Ар тарапта болгонубуз менен, убагында баарыбызды популярдуу кылган чыгармачылык бизди бириктирип турат. Мисалы, мен ошол эле музыка менен алектенип жүрөм, азыр Амстердамда музыка жаатында билим алып жатам. Буюрса, элиме ырчы катары кайра таанылам, бирок такыр башка стиль жана башка жанр менен»,- дейт топтун бир убактагы солисти Азат Раимбердиев.

 


Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(9)
05.08.2013. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дельмар "принцесса моя" деген ырды ырдайт беле. Мага жагат ошол ыр. Жаштыктагы коп нерселерди эске салат.
05.08.2013. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
ойгонбой эле койгулачы,силерден башкалары деле жетет,таш ыргытсан ырчыга тиет,дальше уктай бергиле,озубуз айтабыз керек болсонор
05.08.2013. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Андашев келбейт! Болду ырчы болбойт!
05.08.2013. 17:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mdaa
05.08.2013. 20:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Дельмардан башканардын керегинер жок!
07.08.2013. 00:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
"Ал менин махабатыымм"- деп, Акбар да жакшы ырдайт эле.
07.08.2013. 11:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
кайрат примбердиевди деле жазып койбопсунарда
10.08.2013. 08:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Daa kaida kairat primberdiev apam uchun degen yry en ukmush yr.Erlan Andashev Kaisi shtatta
08.09.2013. 07:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Erlan chicagodo taxi aidap iwtevatkan bolbosun.....
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо