«ОН ЖАШ КИЧҮҮ ЖИГИТ 2 БАЛАЛУУ МЕНИ СҮЙҮП, АЛАМ ДЕП ЖАТАТ»

№561 2-август-8-август, 2013-ж

– Көптөн бери жүрөгүмдү өйүгөн маселе бар. Ошону жазып, адистен жооп алгым келет.
Мен медайым болуп иштейм, удаа төрөлгөн 2 балам бар. Күйөөм менен тил табыша албай, экинчи балам боюмда бар кезде кетип калгам. Ата катары келип, балдарга жардам бербейт. Учурда балдарым менен өзүмчө жашайм.Ажырашканыма быйыл 4 жыл болот. Бул убакыт аралыгында «мага турмушка чык» дегендер болду. Бирок аларга көңүлүм чаппады. Ойдогудай адам жолукпай жүргөн кезде бир бала мени жактырып, сүйүүсүн билдире баштады. Ал менден 10 жаш кичүү. Мен ага «кой, мунуң уят» деп жаныма жолотпой, сунуштарын кабыл албай жүрдүм. Бирок анын чындап жакшы көрүп калганын билем. Канчалык өзүмдөн ары түрткөнүмө карабай «мага турмушка чыгыңыз» дей баштады. «Сен жаңылышып жатасың, турмуштан ордуңду тапканга шашпа. Сен сүйүп калчу кыз кездешпей жаткандыр» десем да артымдан ээрчип жүрдү. Бир күнү «Сизсиз жашай албайм, эмнеге сүйүүмдү тебелейсиз?» деген СМС келди. «Жаш кыздар калбай калыптырбы, эрмектегениңди токтот» деп жооп жазып жиберсем, ызаланып барып асылып калыптыр. Дагы жакшы, ата-энеси көрүп, аман калды. Ошондон кийин коркуп, ага жылуу сөз менен түшүндүрүп, катуу айта албай калдым. Кечке чалат, телефонду албай койсом СМС жазат. Ошондой күндөрдүн биринде кечки убак дагы телефон чалды эле, алып, аны урушуп койдум. Ачуусу менен көчөгө чыгып, машинанын алдына өзүн таштаптыр. Бактыга жараша, аман калды. Кутулбайт экем деп ошондон кийин аны менен мамиле түзүүгө аргасыз болдум...
Азыр жолугуп турабыз, мен да ансыз жашай албачудай болуп баратам. Ата-энесине мага үйлөнөрүн айтса, катуу урушуп коюшкан. Алар макул болбой тургандыгы деле анык дечи. «Эч кимге айтпай никеге туруп жашай берели, анан башка жакка көчүп кетебиз» деп жатат. Эмне кылсам?

Элеанора, 29 жашта
Талас

«ТИЙБЕЙ АРМАНДА КАЛГЫЧА, МҮМКҮН, ЖАШАП КӨРӨСҮЗ...»
– Элеанора, эмне кылса болорун талдап көрөлү.

1-вариантта сиз ага турмушка чыктыңыз дейли. Эмнелер күтүлүшү мүмкүн?
1) Ал сизди сүйүп калган үчүн ага жашоо жомоктогудай сезилүүдө. Бирок сиздерде жаш курак айырмачылыгы 10 жыл. Ушундан улам анын жана сиздин кызыкчылыктар төп келбеши мүмкүн. Анткени ал өз баласы жок болгондуктан, ойноп-күлүүнү, сизден толук көңүл бурууну талап кылат. А сиздин 2 балаңыз бар. Көңүлүңүз менен убактыңыздын көбү аларга арналат. Ушундан да чатактар чыгышы мүмкүн.
Башында балдарга жакшы мамиле жасаганы менен, 5, 10 жылдан кийин аларга кандай мамиле жасайт деп ойлойсуз? Ата болуп бере аларына көзүңүз жетеби? Ойлонуп көрүңүз.
2) Ал сиз менен турмуш куруп, 3-4 жыл жашагандан кийин башканы сүйүп, сизден баш тартышы да мүмкүн. Баамыбызча, ал сыртка чыгып, жашоону көрө элек. Элге көп аралашса, башканы таап кетип калышы ыктымал.
3) Өзүнө өзү кол салган адам менен жашоо өтө оор. Анткени ал ушундай жол менен өзүнүн каалаганына жеткенге көнө түшкөн. «Айтканын кылбай койсом өлүп калат» деп өмүр бою коркуп жүрөсүзбү? Өз жашоосунун жоопкерчилигин башкаларга артып, аларды күнөөлүү сездиртип, кандай болсо да максатына жеткенге далалат жасайт. Бир нерсе болсо, сизди күнөөлүү боло тургандай абалга калтырат. Анын жашоосуна болгон жоопкерчиликти өзүнө тапшырыңыз. Сүйгөн адам эч качан сүйгөнүнө тоскоолдуктарды жасабайт. Сыягы, ал адамдын сезимдери чыныгы сүйүүдөн эмес, өзүмчүлдүктөн келип чыккан.

2-вариантта сиз ага турмушка чыкпай калдыңыз дейли. Эмне болушу мүмкүн?
Өкүнүч. «Аны менен турмуш курсам, мүмкүн, бактылуу болор белем...» деген арман өмүр бою калышы мүмкүн.
Эмне кылыш керек?
Айтылгандарды талдап көрүңүз. Мүмкүн, тийбей коюп кийин арманда калгыча, ага турмушка чыгып жашап көрөсүз... Бирок жолдошуңузга куулук менен мамиле жасап, анча-мынчаны сыр билдирбей балдарга көңүл бурдуртууга жетишүүңүз зарыл. Бул оңой эмес. Бирде ары карап ыйлап, бери карап күлүүгө туура келет. Көп энергияны, нервди талап кылат.
Эмнеси болсо да акыркы чечим сизде.

Каарманыбызга психолог АЙЗАДА КАБЫЛБЕКОВА жооп берди.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(48)
05.08.2013. 23:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаман эркек олом деп коркутат.
06.08.2013. 00:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
гармондору кайнап жаткандырда,чын эле сурай берсем берет деп
06.08.2013. 06:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ахааа хахха суйуу суйуу дебей о Ата эненди да ойлоо биринчи кезекте Ата эне турсун кыз табылат Ата энен табылбайт ((
06.08.2013. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ал бала уй-булоолук жашоо деген эмне экенин тушунбой эле азыркыдай эле кучакташып, жыргап кулуп журо беребиз деп ойлоп журот болуш керек. Уйлонгондон кийин жашоо башкача болот, ушуну эске алып кой.
06.08.2013. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
не стоит андан коро балдарынызга жакшы тарбия бериниз озунуздун тениниз чыгып калаар сабыр кылынз!
06.08.2013. 20:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Неге сени коркутат олот элем деп, ата- энесин коркутсун, алып бергиле деп. Ал бала сенден коро ата- энесине кобуроок керек го. Эки жолу олумдон калса да кайдыгер караган кандай ата- эне экен. Ал бала женилирээк экен.
07.08.2013. 03:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эжекеси бала жаштык кылып жатат акылы толо элек да уйлонуп уй булоо кутуп жашаганга да даяр болуш керек озунуздун балдарынызга тарбия берип жаш балано бар да мен да конуп баратам дегенге карагандага жакшы мамиле кылып журо бериниз сизде да ку
07.08.2013. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх негизи экоонорго тен кыйын болуптур, истихара деген намаз бар, кечинде 2рекет окуп жатсан, тушуно тий же тийбе деп аян берет Кудай.
07.08.2013. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул бирөөлөрдүн жомогу. Элестетсеңер, эки жолу өлөм деп аракет кылып аман калыптыр. Буга кантип ишенсе болот? Менимче бул сайттын, гезиттин авторитетин көтөрүү үчүн ойлонулуп табылган жомок. Башкача мүнөздөмө берүү мүмкүн эмес
07.08.2013. 19:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
озунуз чечесиз
07.08.2013. 22:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
3су кылып баагып ал,
07.08.2013. 23:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Козун ачып кой да
08.08.2013. 01:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаш бала экен сизди балдарыныз менен багабы же сиз балдарынызга кошуп багаспы ойлонунуз. Туура жаш экенси сизге да жашоо керек бирок озунузго тен адамды танданыз демекмин. Жигитча болсо козун ачсын тагдырына балта чаппай.
09.08.2013. 01:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ойлон жакшырак дагы адашып атин кылба
09.08.2013. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кой каражан токтот андайынды.Ал бала эчнерсени коро элек кызыгы тараганда басып кетет ошондо даагы бир сынып каласын!
09.08.2013. 18:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула!
09.08.2013. 22:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сиз ошол жигиттин мүнөзүн жакшылап сынап үйрөнүңүз.Турмуш курганга шашпай сүйлөшө туруңуз.Анан ата-эненин ыраазычылыгысыз жашоо туура эмес.
10.08.2013. 02:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озунделе жаш экенсин тенин табылып калаар барибир жаш балада анын, кыялы жаш да сени алгандан кийин сенден да жаш кыздарды энсейт да,ото кызыл бат онот дешетко.
10.08.2013. 17:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суйуу жашка карабайт деп коюшат эмеспи... Бирок Ата эне ыраазы Кудай ыраазы деген соз бар.
10.08.2013. 23:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бирок суйуу кары жашка карабайт да этияттык менен мамиле кылыш керек Айзада эже туура талдаптыр
11.08.2013. 20:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кунаажын козун сузбосо, Бука жибин узбойт.
Жаш баланын башын айлантпай Элеанора, жаман жагын корсотсо, бала озу эле алыстайт. Элеанора, жаш баланын тагдырын бузба!!!
12.08.2013. 01:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ата эне каршы болсо анда эч качан бактылуу боло алышпайт биринчиден ата эне ыраазы болуш керек деп ойлойм))))
12.08.2013. 08:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
siz 29 jawta bolsonoz, al 19 jawtagy balaby? toobo 19 jawta suyuunu emes adam ozunu taba albait go
15.08.2013. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ал балжарына каращабы же дагы биржи торогондо таштап кнтсечи?
09.09.2013. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
суйуу келе берент кете берет, жашоо улана берет.
20.09.2013. 21:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы ойлонбосонуз,Ал жигитти учунчу бала кылып тарбиялап каласыз деп ойлойм
04.10.2013. 17:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен журогунузго кулак салын дейт элем,журогунуз эменени кааласа ошону аткарганыныз туура!
30.10.2013. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ал бала азыр копту коро элек анан ошого бул эжесин коруп жакын болупда коргон да ошого жашоо кызыктуу экен ушул эжем менен деп ойлоп ататго менимче,ойу кыскада
08.12.2013. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
болбойт лучше исчез болуп кетиш керек унутат анан кийин
08.12.2013. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мисалы мен өзүмдөн 9 жаш улуу аял менен жашап көрдүм.Ал мени ысытма-суутма кылып алган экен.1,5 жыл жашадык,анан мен аны таштап кетип калгамын.Азыр аялым менден 14 жаш кичүү,кудайга шүгүр бир ширин кызыбыз бар.Менин кеңешим ал баланы тынч кой,баары айып сенде Элеонора.Сен бир деме дебесең ал бала сага жакын жолобойт эле мага окшоп!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо