№561 2-август-8-август, 2013-ж

28-июлда Токмок шаарынын 53 жаштагы Б.А. аттуу тургуну милиция кызматкерлерине арыз менен кайрылган. Анда ошол күнү саат 12:45 чамасында 40-45 жаштардагы азиат улутундагы киши 5 жашар кызын күч колдонуп зордуктоого аракет кылганын билдирген.
Арыздын негизинде ШИИБдин кызматкерлери ыкчам иликтөө чараларын көрүшкөн. Натыйжада кылмышка шектелип Ысык-Көл облусунун 47 жаштагы Б.Б. аттуу тургуну кармалды. Учурда ал убактылуу кармоочу жайда. Бул факт боюнча 28-129-беренелер (зордуктоого аракет кылуу) боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүүдө.
Айбала Эргешов
koom@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
1 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |