Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ТАЛАСТА АНАКОНДА ПАЙДА БОЛДУ

№561 2-август-8-август, 2013-ж

Талас районундагы Ак-Жар айылынын тургуну Мирзат Байдалиев кадимки кара жыгачтан 10 метр узундуктагы жылан жасаган. Жыгачтан жасалганы эле болбосо, кадимки тирүү жыланды элестетет.

– Мирзат, сөздү Талас элин таңдандырып жаткан сиз жасаган жыландан баштасак.
– Жыланды көргөндөр кызыгып да, таңданып да жатышат. Бул кара жыгач коңшу айылдагы байкенин чарбагында өскөн дарак болчу. Аны кесип, үйүндө жатканына 2 жылдай болуп калыптыр. Көргөндөрдүн бири ага «бул жыгач жыланга окшош экен» деп коёт. Аны мен угуп, байкеге барып «мага бериңиз, жылан жасап берейин» дедим. Ал макул болуп, үйгө алып келдим. 3 күндүн ичинде жасап бүтүрөм деген элем. Бирок 2 жума дегенде толук аягына чыкты. Анткени кара жыгач абдан катуу болот экен. Жыландын денесине окшоштуруп оюп чыккыча дагы бир топ убакыт өтүп кетти. Майда жумуш эмеспи. Кыскасы, көп эле эмгекти талап кылды. Баарынан кызыгы, бүтүрүп тиги байкени чакырсак, ал анын жанынан чыкпай, сылап-сыйпап, алып кетүүгө шашылат десеңиз (күлүп). Эми аны сатса, менин кол акымдын акчасын чыгарып берет.

– Канча болушу мүмкүн?
– Эгер жылан 100 миң сомго сатылса, анда дарактын ээси мага 30 миң сом берет. Бул жыланды алгач 100 миң деп баалап жатышкан, бирок азыр 200 миң сом дешүүдө. Эгер андай болсо менин эмгек акым дагы көбөйөт.
«Колдо бар алтындын баркы жок» демекчи, өкүнүчтүүсү, Кыргызстанда мындай кол эмгектер көп бааланбайт. Тескерисинче, чет жерден келгендер баалап, кызыгып жатышат.

– Жыгач жыландын узундугу 10 метр экен, салмагычы?
– Салмагы 150 килограммдан ашык. Буга биз «кыргыз анакондасы» деп ат коюп алдык. Эгер кыргыздын өзүнүн «Гиннестин рекорддор китеби» болсо, ошого кирет элек.

– Жыгачты жыланга айлантууда канча түстөгү боёк сарпталды?
– 10 түстөгү боёк кетти. Ушул процесс көп убакытты алды. Чегинен чыгарбай, тыкан боёдум.

– Дагы эмнелерди жасайсыз?
– Өзүбүз жашап турган Ак-Жар айылындагы орто мектепте сүрөт сабагынан мугалиммин. Мектепте макетчилер ийрими да бар. Ага катышкан Сават Абдылдабеков деген 9-класстагы окуучумдун жасаган макетин көрсөтөйүн. Бул макет менен «21-кылымдын интеллектуалдары» деп аталган сынакта райондон 1-орунду, облустан 1-орунду, ал эми республикадан 4-орунду алып келди. Бул белгилүү Кең-Колдогу шаркыратма. Биз ошол жерди туристтик жайга айлантуу максатында макетин даярдаганбыз. Мындан тышкары кыргыздын оюм-чийимдери түшүрүлгөн ат жабдыктары, 12 өрүм жүгөн, түзүлүшү бөлөкчө камчы жана башкалар даярдалат.

– Кызыгуу, ышкы кайдан пайда болгон же ата-бабаңыздан калган өнөрбү?
– Кол өнөрчүлүккө кичинемден кызыгуум бар. Окуучулук күндөрдө сүрөт тартып, ар түрдүү сынактарга катышып, алдыңкы орундарга жетишип жүрдүм. Мектепти аяктагандан кийин Сүймөнкул Чокморов атындагы Көркөм сүрөт окуу жайынын керамика жана сүрөт бөлүмүнө тапшырдым. Ошол жерде окуп жүргөндө бир сынакка катыштым. Андагы талап – Чокморовдун өмүр баянынан бир үзүндү тартуу эле. Бир сүрөт тарттым. Чокморов көп кырдуу талант эмес беле, сүрөтчү, актёр, спортчу. Мына ушундай жактарын мен бир полотного түшүрүп, ал сынакта 150 катышуучунун ичинен 1-орунду алып, аябай кубангам. Кийин да башка сынактарга катышып жүрдүм. Акырындап сүрөт тартуу менен гана чектелбестен, окуу жайдан үйрөнгөн керамика, булгаары, зергерчилик, жыгач менен иштей баштадым.

– Келечекте Талас элин дагы кандай кызык кол эмгектериңиз менен таңдандырайын деп жатасыз?
– Кудай буюрса, ажыдаар жасайм деген максат менен тал-теректердин ылайыктуу тамырын издеп жатам. Жасап калсам, аны «Манас ордодогу» музейге тапшырам. Анткени ажыдаар «Манас» эпосунда Манас атабыздын колдоочусу катары көрсөтүлөт.

Гүлназ Атантаева
talas@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  16 
Комментарийлер(17)
05.08.2013. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Талантынызга таазим! Сизден дагы коооп кызыктуу макеттерди кутобуз.
05.08.2013. 19:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Анаконда пайда болду десе коркуп кеттим кайдагы анаконда экен деп. корсо жасалма экен да.
05.08.2013. 20:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
molodes! manastyn muzeyine tapwirsa en sonu bolot ele1
06.08.2013. 12:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азамат брат онорун оркундой берсин
06.08.2013. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
онорунуз оркундой берсин ишинизге ийгилик каалайм
06.08.2013. 23:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кыргыз эли аябай талантту, коп кырдуу эл, мамлекетибиздин булун бурчун жакшылап кыдырсак, ой да соонундарды корсо болот. Анан "Жогору" жактагылар баалабаса да, Супер Инфо гезити аркылуу элибиз жок дегенде "баллиии" деп турушмак.
07.08.2013. 03:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кээде сиздердин тамашаныздар жагып кетет а кээде ушундай нерсени укканда коркуп кетем Ошол учун супперсиздерда ))) а Мирзатка ийгилик молодец )) эми анаконданы кутобуз ...
07.08.2013. 17:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Gul.08, ажыдаарды кутобуз дегеним
07.08.2013. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анаконда пайда болду десе коркуп кеттим
07.08.2013. 21:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тигил кошунасына кулкум келди.))Пендечилик да.Болбосо,"Тапкандыкы эмес,баккандыкы"дегендей эле да.Жыгачын алып кеткенге шашканын..))
10.08.2013. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Россияда, куруулуш компонялар ушундай профессаналдуу жасалган макеттер учун милиондогон рубилдерди толойт..,
22.10.2013. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сатпастан башка нерсе ойлонсо жакшы болот эле. эгер чет жака сатылса... иии бизде да турса не болот ошондой нерселер
03.11.2013. 23:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азамат ушундай онорун оркундой берсин.
10.11.2013. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kolunuzga bereke. birok syrtynan okup alyp jurogum chykchudai ele boldu
12.11.2013. 21:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
emnege 30min ele berish kerek,emgegin baalash kerek da...
13.12.2013. 20:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кошунасы кызык экен,эмгегине 30мин берип калганын кантип уялбай алат!Адамдын онорун оркундотуш учун, анын эмгегин баалаш керек!!!
23.08.2014. 19:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чыныгы талант деп ушуну айтса болот!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо