№561 2-август-8-август, 2013-ж
Кара-Буура районунда жакыр үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн эс алуучу жай ачылды. Бул тууралуу аталган райондун акиминин орун басары Салкын Карбозова билдирди. Учурда Кара-Буура районунун администрациясынын балансында турган мейманкана эс алуу жайга айлантылган. Учурда социалдык жактан муктаж үй-бүлөнүн балдарына эс алуучу лагерь катары кызмат көрсөтүүдө. «Быйылкы жылы 60 бала эс алууга багытталган иш жүргүзүлдү. Районубуздун жалпы мекеме-уюм жетекчилери колдоо көрсөтүшүп, керектүү эмеректер алынып, зарыл муктаждыктар чечилди. Чолпонбай айылынын башчысы демилге көтөрүп, шахмат ойноочу жана эс алуучу чоң чатыр тигип берди»,- дейт ал.
Гүлназ Атантаева
talas@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |