Эркин Рыскулбеков:«ТАЯК ЖЕП ЖҮРҮП ЧОҢОЙДУМ»

№561 2-август-8-август, 2013-ж

Бүгүнкү каарман эфирге алып чыккан телеберүүлөр дайыма талаш-тартыш, талкууну жаратат. Учурдун жаш, дайыма жаңы идеялардын үстүндө жүргөн телеалпаруучуларынын бири Эркин Рыскулбеков биздин маектешибиз.

Толук аты-жөнү – Рыскулбеков Эркин, достору Кеша дешет
Туулган жери – Нарын облусу, Миң-Куш шаарчасы
Туулган жылы, күнү – 1988-жыл, 4-февраль
Бою – 185 см
Салмагы – 80 кг
Хоббиси – Магнит чогултат
Көп кайталаган сөзү – «Кудай буюрса»
Кайсы адаттан арыла албай жүрөт? – Акчаны жөнү жок коротуудан

– Эркин, жакында өткөн «Мейкин Азия» Эл аралык фестивалында алып баруучу болдуң. Фестивалдын жүрүшү айрымдарга көп жага бербей, катуу сынга алынды. Алып баруучу катары буга кандай баа бердиң?
– Аталган иш-чаранын жалпы жүрүшүнө карата менде эч кандай нааразычылык жок. Бирок айрым адамдардын жалпы коомчулуктун кызыкчылыгынан да өз кызыкчылыгын жогору койгону, чектен ашкан амбицияга ээ экендиги мени абдан таң калтырды. Ушундай адилетсиздиктен нервим чыңалып, алпаруучулук тарыхымда биринчи жолу калтырап, бир күн төшөктө жатып калдым.

– Адамды ооруп калууга жеткирсе, анда кырдаал абдан эле курч болгон окшойт?
– Жок, курч деп деле айтууга болбойт. Бирок ич ара келишпестиктер, түшүнбөстүктөрдү байкаган чет жактан келген катышуучулар кандай пикирде калышты деген ой мени азыркыга чейин түйшөлтүп жатат.
«Мен «Мейкин Азияга» алып баруучу болот элем» деп деле жетекчиликке өзүмдү сунуштаган жокмун. Министрликтен «Түркчө билесиңби, ушундай масштабдуу иш-чаранын тизгинин тартууга кудуретиң жетеби?» деп сурашканда өзүмө ишенгенимден макул болдум. Мени тандабай коюшса деле капа болмок эмесмин. Башка алып баруучулардын кандай жол менен келгени тууралуу маалыматым жок.

– Жеке жашоодо эмне кеп? Ушул кезге чейин канча кыздын жүрөгүн жаралап, канчасы сеникин жаралады?
– Билбейм, азырынча бир дагы кыз «кардиологго кеткен акчаны төлө» деп келе элек (күлүп). Мен деле жүрөгүм ооруганчалык деңгээлге жетип ашык болбогом. Жактыруу сезимине туш болуп, жылуу сөздөрдү айтып, ыр арнап жүргөн учурлар болгон, албетте.

– Сага бир кыз жагып калды дейли, ал эми апаң, эжеңдер жактырбай койсо, сүйүүңдөн баш тартат белең?
– Жакын адамдарым мага жамандык каалашпайт да. Андыктан алар мен тандаган кызды жактырбай, «сага татыктуу жар, балдарыңа эне болчу кыз эмес» деген сыяктуу аргументтүү мисалдарды келтиришсе, албетте, ал кызга үйлөнмөк эмесмин.

– Абдан назик жигит көрүнөсүң. Мунун айынан балдардан көп токмок жесең керек?
– Ооба, Воронцовкада жатак-мектепте окуп жүргөндө балдар менен көп мушташтым. Мен деле аларды уруп койгон күндөр болгон. Бирок көбүнчө таяк жечүмүн. Ошентип токмок жеп жүрүп чоңойдум го. Азыр болсо чыр-чатактан алыс жүргөнгө аракет кылам.

– Ачууңду кантип басасың? Бир нерсени ургулап, ыйлап, бийлеп жибермейиң барбы?
– Абдан эмоционалдуумун. Ачууланганда бирөөгө катуу айтып алып, бирок кайра боорум ооруп кечирим сурайм. Андай учурларда бук болуп отура бербей, көбүнчө досторума чалып арызданып, анан жеңилдей түшөм.

– Сенин дарегиңе көбүнчө кандай сындар айтылат?
– Алып баруучулук ишке жаңыдан киришип, телеберүүлөрдү даярдап жүргөн убак. Журналистикада көп жылдык стажы бар аналитик эже «Эркин, сен алып чыккан темалар үстүртөн эле иликтенип калып жатат, маалыматты ийне-жибине чейин анализдөө керек» деген сын айткан. Ошондо абдан уялып, кемчиликти жойгонго аракет кыла баштагам. Мына ушундай сындарга олуттуу мамиле жасайм. Анан кээде интернеттеги баракчаларыма орусча билдирүү жазып койсом, «сен патриот эмессиң» дегендерге түшүнбөйм. Мектепте орусча билим алган үчүнбү, чынын айтсам, орусча ойлоном.

– Журналистикада канча убакыт кармалам деп ойлойсуң. Кесип алмаштыруу тууралуу ойлор жокпу?
– Оюм бар. Бирок жакынкы беш жылда эмес. Ким билет, балким, бизнес чөйрөсүнө аралашамбы, жеке брендимди жаратып, жарнама адиси болуп кетемби, аны убакыт көрсөтөт. Менин жылдыз белгим – Суу куяр. Суу куярлар бир орунда отура албаган адамдар болот эмеспи. Ар дайым жаңы багытты көздөп, жашоосун кызыктуу кылып турушу керек. Мисалы, мен саясий-социалдык темалардан тарта көңүл ачуучу берүүлөргө чейин алып барып жатпаймынбы.

– «Гу Чжун Пёдой кийинген кыргыз балдарын көрсөм, жиним келе берет» деген элең. Өзүң кандай стилде кийинүүнү жактырасың?
– Менин конкреттүү бир стилим жок. Кийимдин ыңгайлуулугуна карайм. Мода куубайм. Ал эми «Гу Чжун Пёлор» тууралуу айткан оюмдан кайтам, сөзүмдү артка алам. Анткени алар өзүнүн жеке оюн сыйлап, принципке таянып, көпчүлүктүн пикирине каршы туруп жатышат. Эч ким сөз айта албайт. Себеби өздөрү жактырышат да.

– Кичинекей Эркиндин жоруктарынан эске салсаң...
– Бала чакта тентек кылып, шоктончу деле эмесмин. Биздин үйдүн короосунда малина аябай көп болчу. Апам жыл сайын андан кыям эле кайната бергенинен «мынчанын баарын эмне кыласыз, келиңиз, сиз терип бериңиз, мен барып сатайын» дедим. Ошол жылы малина менен бизнес кылып, бир топ акча чогултуп, үйдү оңдоп-түзөгөм. Ушул жоругумду абдан сыймыктануу менен эскерем.

КЫСКАЧА СУРОО-ЖООП:

– Таарынчааксыңбы?
– Абдан.

– Үйүңө күтүүсүздөн конок келсе, эң биринчи эмне кыласың?
– Эмне кыларымды билбей, ары-бери чуркап, анан өзүмө келгенде ашканага киргизип чай берем.

– Чечимди тез чыгарасыңбы?
– Ооба, олуттуу учурларда. Эгерде дубал кагаз тандаш керек болсо, бир чечимге келе албай карап жүрө берем.

– Жакын адамың сени сатып кетсе...
– Демек, ал жакыным эмес.

– Анжелина Жоли жигити болууну сунуштаса, макул болот белең?
– Жок, ай. Биринчиден, ал картаң, экинчиден, толтура бакма балдары бар, ээрчитип келген балдарын кантип багам (күлүп)? Үчүнчүдөн, апама келин болуп бере албайт. Мындай айымдын мага эмне кереги бар?

Асел Асанова
(Айрым сүрөттөр Эркин Рыскулбековдун өздүк архивинен алынды)
star@super.kg


"Апамды сыйлабаган кыз мени деле жыргатпайт"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(19)
SUPER.KG видео
03.08.2013. 03:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Саламатсызбы!Апаныз келген келинди кызындай коруп мээримин берсе сый корот анан сиз жыргайсыз бактылуу болосуздар себеби кыргызда соз бар келиндин келгендегиси эсинен кетпейт эч качан жана келин жаман болбойт келген жери жаман болот. Апаныз жана Сиз жакшы эле адамдардай коруносуздор соз байлыгыныз жакшы экен. маегиниз жакшы болуптур озунуз дагы жактыныз жакшы кызга жолугунуз бактылуу болунуз.
SUPER.KG видео
03.08.2013. 06:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы маек болуптур.Анжелина Жоли боюнча суроого эркекче жооп бериптир
SUPER.KG видео
03.08.2013. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
иштеринизге ийгилик абдан сонун маек болуптур оорубай айыгып кетин
SUPER.KG видео
03.08.2013. 19:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ушундай соз байлыгы,кругозору кен адам менен маанилуу жакшы маек курупсунар
SUPER.KG видео
04.08.2013. 03:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага аявай кызык эмнеге камераны жакын алып тартасынар бетиндеги начар нерселерди катпай тескери элге корсотосунор ???
SUPER.KG видео
04.08.2013. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Инфо такыр бышпаган суроолорду бересинерда.
Кичинекей бала м.н суйлошуп аткансып.
Журналистер бир аз татаал, абалдан чыга албагандай суроолурду иштеп чыгып анан маекке чакыргылачы
SUPER.KG видео
05.08.2013. 00:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Erkin maga jakty, ukmush tapan bala eken. Jon ele jey ata) emi jakshz maanide aitzlgan soz...
SUPER.KG видео
05.08.2013. 01:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
abdan soooonun mayek boluptur! ijigilik kaalaim, chyn jurokton!
SUPER.KG видео
05.08.2013. 01:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Janar Akaev menen dagy mayek kylgylachy?! Balaluu boluptur!
SUPER.KG видео
05.08.2013. 09:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
basmer_9193,
Саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө кабарлап коебуз.
SUPER.KG видео
05.08.2013. 12:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыз Эркин, токтоо, аябай түшүнүктүү ой жүгүртүү менен маек куруп бериптирсиз. Ашыкча сүйлөбөй алып барганыңыз жагат мага
SUPER.KG видео
05.08.2013. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакты, дагы бир мыкты азаматтарыбыздын бири экен. Шар, так... жакшы сүйлөп бериптир, мурда анча жакшы сүйлөй албайт деген пикирде элем, оюмду өзгөрттүм...
05.08.2013. 19:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эркин байке аябай жакшы адам экен чынчыл мага жакты!
05.08.2013. 20:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жоллинин келбесин билип туруп айтты да.. Келсе картан мартан дебей, сенсация учун да алмаксын.. Токмок жегенинди айтпай эле койбой.. Сени кучтуу мырза деп эсептебей калышаары анык. Озун да улбурогон жигит экенсин :)
07.08.2013. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эркин,сага ийгилик.көз тийбесин. таланты, кишилиги төп келишкен адамсың
09.08.2013. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Maga abdan jakty, soonun maek boluptur, Erkin baikege iigilik, ozun maktap piar kylbagan jakwy Insan ekeni bilinip turat))
11.08.2013. 19:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жигит айта берет кайра кайта берет дегенден экенсиз да
11.08.2013. 19:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
теледен коруп азамат жигит деп койчу элем.бирок суйлогондору туруштары негедир когушторго окшош экен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо