Президенттердин эл көңүлүн имерген спорттогу иш-аракеттерин сөз кылалы дедик. Чынында, президент спорт боюнча тапшырмаларды тиешелүү мекемелерге тапшырып отуруп калбай, өзүнүн тиешелүү салымын кошо калган учурлар болот...
АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВ, КЫРГЫЗСТАНДЫН ПРЕЗИДЕНТИ
-
Шахмат.
-
Кыргызстан эркиндик алгандан бери Олимпиаданын алтынына жетпей келгени өкүнүчтүү. Бирок бизде да массалык спорт түрү катары кичи футбол, күрөш, бильярд, улуттук оюндардын айрым түрлөрү акырындык менен өнүгүп барат. Спорт тармагында көптөгөн көйгөйлүү маселелер бар. Саясаттан убакыт ашырып, бул маселени да чечсе болот.
-
2012-жыл. Кыргызстанда бильярд боюнча Дүйнө чемпиондугун өткөрүү маселесин уюштуруучу топ түздөн-түз Алмазбек Атамбаев аркылуу чечкени маалым.
Өткөн жылы Атамбаев бир катар спорт ишмерлери менен жолукту. Алардын арасында УЕФАнын президенти Мишель Платини, Эл аралык шахмат федерациясынын президенти Кирсан Илюмжинов да бар.
Атамбаевдин «дооруна» «Лондон-2012» Олимпиадасы туура келди. Спортчуларды Лондонго узатар алдында Данияр Көбөновду капитан шайлап, өлкө байрагын тапшырган.
2013-жылдын эсебинен орусиялык мушкерлер Александр Поветкин жана Денис Лебедев менен жолукту. Атамбаевдин кабылдоосунда болгон мушкерлер президентке деп сувенир ала келбегендерине өкүнүштү.
Анан да ажо Азия чемпиондугунда, жабык имараттарда өтүүчү Азия оюндарында жана Бүткүл Дүйнөлүк Универсиадада ийгилик жараткан спортчуларды чакырып сыйлады.
БАРАК ОБАМА, АКШнын ПРЕЗИДЕНТИ
-
Баскетбол, гольф.
-
Бул өлкөдө америкалык футбол, бейсбол, баскетбол, бокс жана хоккей өтө көп кишинин сүйүктүү спорту. Эл көп каттаган ири мелдештер Улуттук футбол Лигасы (УФЛ), бейсболдун негизги Лигасы (MLB), Улуттук баскетбол ассоциациясы (УБА) жана Улуттук хоккей Лигасы (УХЛ). Дүйнөлүк спортту таразага салган Олимпиада оюндарында эң негизги күч бойдон калууда.
-
2011-жыл. Февраль. Акыркы 10 жылдын мыкты мушкери болуп табылган филиппиндик Мэнни Пакьяону кабыл алган.
УФЛ, MLB, УХЛ жана УБА Лигаларында чемпион болгон командалар алгач Обаманын куттуктоосуна ээ болушкан. Президент твиттердеги баракчасы аркылуу алгачкылардан болуп куттуктаган.
Баскетбол боюнча ири мелдештерде аны дайыма залда жолуктуруу мүмкүн.
Спортчунун алдына да басып барган мисалдар бар. 2009-жылы Мухаммед Алинин атын алган кезектеги залдын ачылышында атактуу мушкерге атайын барып жолуккан.
2013-жылы жердеши Флойд Мейвезерге пуэрториколук Мигель Котто менен болчу беттеш алдында кийим которуучу жайда ийгилик каалаган.
Атактуу америкалык гольфчу Тайгер Вудс менен гольф ойноо үчүн тез-тезден жолугары айтылат.
Ак үйдүн короосундагы эски спорттук имараттарды жаңылоо аракетин көрүп жүрөт.
НУРСУЛТАН НАЗАРБАЕВ, КАЗАКСТАНДЫН ПРЕЗИДЕНТИ
-
Теннис, гольф.
-
Казакстан спорттук держава эмес, өсүп келаткан мамлекеттердин катарында. Учурда мамлекеттин колдоосу менен жаңы спорт-комплекстери, бассейндер, гольф аянттары, теннис корттору курулууда. Казакстан 2011-жылы 7-Азия оюндарын кабыл алса, 2013-жылы бокс боюнча Дүйнө чемпиондугун өз үйүндө өткөрөт. Олимпиададагы ийгиликтерине токтолсок, жыйырмага чукул Олимпиада чемпиону бар.
-
«Лондон-2012де» оор атлетика боюнча алтын тагынган Зульфия Чиншанло менен Майя Манезаны Кытайда машыгып жүргөндө алдырып, 2007-жылы улуттук курамга киргиздирген.
СССРдин мектебинен чыккан машыктыруучуларды түгөлү менен тиешелүү каражат бөлүп кармап келет.
2011-жылы небереси Айсултанды лондондук футболдук клуб «Челсинин» катарына кошууга аракеттенген. Бирок буга клубдун президенти Роман Абрамович каршы болгон.
Спортчуларга мыкты шарт түзүп бере алат. Маалыматтарга караганда, улуттук курама командалардын өкүлдөрү кем дегенде 2000 доллардан стипендия алат.
ВЛАДИМИР ПУТИН, ОРУСИЯНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
-
Дзюдо.
-
СССР тараган соң Орусия Союз кезиндегидей эле ири спорттук держава бойдон калууда. Өлкөдө футбол, хоккей, баскетбол, волейбол, бокс жана башка спорт түрлөрү тамырын кенен жайган. 2008-жылкы көрсөткүч боюнча, Орусияда трибунасы менен 2687 стадион, 3762 бассейн бар. Ушул эле жылкы көрсөткүч боюнча спорттук секцияларга баргандардын саны
22 миллион кишиден ашкан.
-
2011-жылы эрежесиз эр урушчу Фёдор Емельяненко биринчи ирет Антонио Силвага утулду. 2013-жылы мушкер Денис Лебедевдин биринчи жеңилүүсү катталды. Бул эки спортчуга тең Путин колдоо көрсөтүп келген.
«Лондон-2012» Олимпиадасында Тагир Хайбулаев дзюдо боюнча чемпион аталган. Анын чечүүчү беттешинен кийин Владимир Путин трибунадан түшүп келип куттуктаган.
Орусия быйыл Универсиада оюндарын кабыл алды. 2014-жылы Сочиде кышкы Олимпиада оюндары, 2018-жылы футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу өтөрү күтүлүүдө. Мунун баары Путиндин кийлигишүүсү менен ишке ашкан.
Максат Кудайбердиев
sport@super.kg