Алмазбек Раимкулов:«ЖАШ КЕЗДЕ ЭЛЕ АССОЛГО ЖЕТЕМ ДЕП МАКСАТ КОЙГОМ»

№561 2-август-8-август, 2013-ж

«Алмазбек Раимкулов менен Ассоль Молдокматова ажырашты» деген кеп желдей тарап, элге дүң болду. Бирок көп өтпөй түгөйлөр мурункудай эле кол кармашып бактылуу өмүр сүрүп жатканына күбө болдук. Кид Даймонд деген ат менен бокс аренасында белгилүү спортчу 13 жылдан соң мекенине кайтып келди.

– Алмаз мырза, 13 жылдан соң мекениңизге келишиңизге эмне себеп болду?
– Америкадан керектүү илим-билимди алдым. Кайда жүрсөм да өз элиме кызмат көрсөтөм, ошол пландарды ишке ашырам деп келдим. Кудай буюрса, келечекте баарын ишке ашырып, Кыргызстанда эле калайын деген ойдомун.

– Сиздерди «ажырашып кетиптир» деген кеп эмнеден улам чыкты деп ойлойсуз?
Алмаз Раимкулов: – Өзүңүздөр көрүп турасыздар, биз бассак-турсак эгиздер сыяктуу дайым биргебиз. Эч жакка жалгыз чыкпайбыз. Бул кепти угуп өзүм таң калдым. Кыргызстанга жаңы келип досторума жолуксам эле «жакшы элесиңби, баары тынчпы?» деп мага боор оорушат. «Эмне болду?» десем, «сени камакка отургузуп, ажыраштырып салышты» дешет. Мен кызуу кандуумун, «андай болгон эмес» деп дароо туталанып кеттим. Чынында, биз жубайым экөөбүз мындай нерселерге көнүп калдык. Болгону туугандар, ата-энелерибиз жаман болушту. Азыр эле апам «тынччылыкпы, тополоң чечилдиби?» деп Америкадан чалды.
Ассоль Молдокматова: – Биз мунун артында ким турганын, эмне максатта жасап жатканын жакшы билебиз. Бизди ажыраштыргысы келгендер айта беришсин, ага көңүл бөлбөйбүз. Эки эл алдындагы адамдар болгон соң сөзсүз түрдө миллиондогон адамдардын көңүлүн бурат. Көпчүлүк Алмазды «миллионер» деп ойлошот. Чынында, андай эмес. Экөөбүз анын жумушунда, жашоосунда кризис болуп турган чакта жолуктук. Бир учурда 5 жумушта иштеп жатып, жолдошумду кыйынчылыкта колдоюн деп, үй-бүлөм үчүн эки жыл бою эки айда бир жолу өзүмдүн эсебимден Лос-Анжелеске барып турдум. Андан сырткары мага жөн салды асылгандарды жеңип, буюрса, үй-бүлөмдү сактап, бекемдей алдым.

– Үйлөнүп жатканда «Голливуд жылдыздарын чакырып күзүндө элге той беребиз» деп жаттыңыздар эле, эмне болду?
Алмаз: – Алгач атактуу Голливуд актёр, актриса, спортчуларын алып келип Кыргызстан менен тааныштырайын. Анан андай пландар, буюрса, болот.

– Экөөңүздөр кандайча таанышып калдыңыздар эле?
Алмаз: – Мен жалгыз жашоону баштагандан кийин интернет аркылуу сүйлөшүп баштадык. «Долбоорлор кандай жүрүп жатат, биз жакка качан келесиз?» деп Ассолго жазып турдум. Аны көптөн бери билчүмүн, ал мен сыяктуу патриот адам. Ошол тема бириктирди окшойт бизди.
Ассоль: – Патриоттук эле эмес, башка нерселер да бизди жакындатты. Экөөбүздүн мүнөзүбүз аябай окшош. Өжөрбүз, аракетчил, тез туталанып кетмейибиз бар. Эсимде, 18 саат бою скайп аркылуу сүйлөшкөн күндөр болгон. Уйкум келип баштаганда, «Алмаз, уктагым келип жатат» десем «макул уктай бер, мен сени карап отура берем» дечү. Эгер адамдар бири-бирине кызыктуу болбосо мынча сүйлөшмөк эмес (күлүп).

– Бири-бириңиздерди кайсы сапатым менен багынттым деп ойлойсуздар?
Алмаз: – Биринчи жолу телефондо сүйлөшкөндө эле Ассолдун ички дүйнөсү, ачык-айрымдыгы мени арбап алды. Атактуулугуна караган эмесмин.
Ассоль: – Мага болсо Алмаздын чечкиндүүлүгү жаккан. Эгер бир нече секунд арасында ал чечкинсиздик кылып койсо, азыр башкача болмок беле, биз бирге болбойт элек, балким. Алмаз, «болду, мага турмушка чыгасың, эч жакка кете албайсың» деди. Ошону менен тагдырыбыз чечилип калды (күлүп).

– Алмаз мырза, Ассоль айымдын колун кантип сурадыңыз эле?
– Мындан эки жыл мурун Ассоль Нью-Йоркко сынакка барып калды. Сынактан утуп, Майамиден кетип жатканда «Лос-Анжелеске келип кет» десем, аял киши да, өзүнчө назданат. «Бара албайм, кетишим керек» дегенинен «макул, анда 10 жылдан кийин Кыргызстанда көрүшүп каларбыз, буюрбаса айла жок» десем, «макул» деп жооп жазып жиберди. «Кой, болбойт» деп учакка киргенге чейин телефондон сүйлөштүк го (күлүп). Келгенде телефондон сүйлөгөн Алмаз жок, толкунданып бир башкача болом. Кийинчерээк, мариачи деп коёт, мексикалык ырчыларды чакырып, таң атпай саат 6ларда Ассоль жайгашкан мейманканага алып келип серенада ырдатып, «менин жубайым бол» деп сунуштагам.

– Серенада ырдатканыңызга караганда романтик окшойсуз?
Алмаз: – Билбейм, мен өзүмдү романтикмин деп эсептебейм. Бирок сүйгөндөн кийин катылган таланттар да ачылып кетет окшойт (күлүп).
Ассоль:« Алмаз романтик эмес, баарын ичине каткан, түнт жигит болчу. Сен жашообузга кирдиң, балам романтик болуп калды» деп апам көп айтат. Анткени качан Америкага учуп барбайын, аэропорттон бир кучак гүл менен тосуп алат. Кыргызстанга келсем достору гүл менен күтүп турган болот. Анан да Лас-Вегаста үйлөнгөнүбүздө жолдошум бүт жакты роза менен кооздогонун көрүп аябай кубангам.

– «Ассоль айымды 19 жашымдан бери тымызын жактырчумун» деп айткан экенсиз. Ошол бойдок кезде эмнеге сөз айтып аракет кылган эмессиз?
Алмаз: – Кантип сүйлөшөсүң, ал кезде эми чыгып келаткан спортчу, араң эле мастер болсом? Бирок Ассоль радиодо иштеп жүргөндө чалып үнүн угуп унчукпай трубканы коюп койгон күндөр болгон. Ошондо эле «эч нерсе эмес, баары бир сага жетем» дечүмүн.
Ассоль: – Ал кезде мен радиолордун биринде иштечүмүн. Дайым эле «Алмаз деген жигит чалып жатат» деп айтышат, алсам унчукпай коюп салат. Кийин сүйлөшө келгенде ал жолдошум экенин билбедимби (күлүп).

– Алмаз мырза, өзүңүздүн балдарыңыздан кабар алып турасызбы?
Алмаз: – Келгениме бир жумадай болуп калды. Эгер апасы балдарымды бекитип алып качпаса эле жолугам. Кандай болгон күндө да атасымын. Динара менен тагдырыбыз эки башка болуп калды. Ага балдар күнөөлүү эмес. Азыр балдарыма эсеп ачып койгом. Ай сайын акча салып турам. Кудай буюрса, бой жетип калганда, «мен жаман болсом да алып койгула» деп берем.
Ассоль: – Балдар эч качан ажырашуунун себепкери болбошу керек. Алар менен мамиле түзүш шарт. Мага чейин булар эмне себептен ажырашканын билбейм, аралашкым келбейт. Алмаздын балдары деле менин балдарым.

– Өзүңүздөр качан бала жытын искейин деп жатасыздар?
Алмаз: – Кудай буюрса, футболдук команда кылабыз дебейинби (күлүп). Жок дегенде эки-үч балалуу болсок деп жатабыз.

– «Сүйүү болсо кызганыч болот» дешет, ким көбүрөөк кызганчаак?
Алмаз: – Мен кызганчаакмын. Бирөө менин алдымда жубайыма көз салып тийишсе, чыдабай дароо ачууланып кетем. «Бул менин жубайым» десем, көпчүлүк мени таанышат да, «жубайыңыз сулуу экен» деп комплимент айтып коюшат.
Ассоль: – Негизи, мен деле «повод» бербейм да, туурабы, жаным? Чынында, мен ачык түстөгү кыргыз колорити бастырылган кийимдерди көп кийгендиктен, америкалыктардын көңүлү бурулса керек. Бирок жолдошумсуз эфирден башка эч жакка чыкпайм. Андыктан ашыкча кызганычтан азырынча маселе жарала элек. Спортчу да, дароо эле эмоциясын чыгарып алат. Бирок мага ишенбей, майдалана бербейт.

– Таарынычтар деле болуп турса керек?
Ассоль: – Экөөбүз тең өз чөйрөбүздө лидербиз, башкарып көнгөнбүз. Андыктан башында баш ийүү оңойго турган жок, ошондон көп кыйынчылык жаралчу. Азыр болсо таарынышып, түшүнбөстүктөр пайда болсо, бирөөбүз унчукпай калабыз. Көбүнчө аял катары мен акылдуулук кылып коём. Негизи, биз бири-бирибизди дайым атыбыздан чакырбай, «жаным, сүйгөнүм» деп чакырабыз да, эгер маанай жакшы болбой калса, «Ассоль, Алмаз» деп калабыз (күлүп).

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg


"Жаш кезде эле Ассолго жетем деп максат койгом"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  12 
Комментарийлер(140)
07.08.2013. 08:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Балдарына мееримди акчасы менен чачабы ошондо.
SUPER.KG видео
07.08.2013. 10:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azamatsinar, ya ochen rada za vas, budte schastlivy, ne nado obrawat vnimanie v spletni, eta vawa jizn, jivite tak kak hotite, glavnoe chtob vy bili schastlyvy, dumayte Tolko o sebe, Assol molodes, vidno chto lyubyat drug druga :) Almaz molodes pomogaet svoim detyam, oni tebe budut blogodarni v buduwem, eeeh vy umnichki, kelayu vam ogromnogo schastye, chtob vy vsegda ulibalis, projili etu jizn vmeste I schastlyva, very cute couple!!!
07.08.2013. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ову жоктордун интервьюсу болуптур хехе кирпиги жасалма экен анан чачы хотябы жасалма эмеспи деген ой келди.
07.08.2013. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Marjan.Murok,
Жалаң баш тамгалар менен жазууга тыюу салынат!
SUPER.KG видео
07.08.2013. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эмнеси болсо да бактылуу болушсун! А дейбиз, Б дейбиз бирок алардын азыркы "саясатчы-маясатчыларга" караганда Кыргызстанга анча мынча пайда алып келип жатышканын тана албайбыз. Ар ким оз жашоосун озу каалагандай жашаганга укуктуу! Бирооно картан аял менен жашаган, экинчисине оруганына чыдап кукла болгон кызык болсо, ал алардын чечими жана биз аны сыйлашыбыз керек. Жакпаса жон гана андай кылбай койгула "и все"!
07.08.2013. 18:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Элге тынчтык, жер жузундогу бардык тугойлорго бакыт каалайм, ушул экоонон сырткарыы. Ажырашкандар толтура, бирок булар бир жакшы эле жашап атышып, Динара Кыргызстанга келери менен эле Алмаз уйлоно койду го. Ага чейин алар жашабай калса, анда Динара АКШда кезинде эле уйлонушпойт беле. Ассоль бир уй булоо очогун бузду.
07.08.2013. 20:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
emi,Assol aiym bilet da...jurnalist da suilogondu bilet,jashoodo da opytnaya....degi koichu,bar ele bolunuz da Assol aiym...Almaz myrza dagy *ty tut ne prichem* dep alat he he,Allah vam sudya!!!
08.08.2013. 02:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
тобо корунуктуу адамдар ушинтип жатса
SUPER.KG видео
08.08.2013. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ооба ар ким оз эрки менен озу каалагандай жашаганга укугу бар,ассолдун жетим балдарга балдар уйуно жардам берээрин билем ошондуктан мен ассолду сыйлайм,бирок бул жерден жакшы эле мактанып жатышты эле атыбыздан да айтпайбыз деп алмаз байкебиз балп этте фамилиясын айтып салды го молдакматова деп.
08.08.2013. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
алмаз байкенин мага биринчи аялы жакты
08.08.2013. 19:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
думаю бул жерде любовь по расчету болгонбу дейм да;) А Алмаз мушкер канчалаган кубоктордун ээси, ото кучтуу КРдин спортсмени анан кантип Ассоль айымды суйуп калды деген ой келбей койбойт. Ассоль озу айткандай он лидер и я тоже дегени чын ага кошулам,кучтуу айым!!! Мен Ассоль айымга завидую, что у нее прекрасный муж, анан калса знаменитый спортсмен!!!Мен да Алмаздай жолдошум болушун кааламакмын!!!
09.08.2013. 02:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ой ассоль кыргызстандын белгилуу кадрларынын бири болгондон киин серьезное интервью беришпептир да!киингени болсо буратино болуп калыптыр гоо!!!а мен ассольду кастюм юбкачан причесонная аял болуп келсе керек деп ойлогом ,куйоосу аябай жонокой бала экен ,молодец!!!
09.08.2013. 08:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызык, Ассоль айымдын боексуз ону кандай болду экен?
10.08.2013. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nadiko_93, коркунучтуу болсо керек ха
SUPER.KG видео
09.08.2013. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул маектен соң байкаганым: Алмазбек Раимкулов ичинде эч бир кири жок адам экен. Ал бир карасаң ала көөдөн, бир карасаң жоош, жөнөкөй. Оюна келгенди да сүйлөп кое берет, ал эркектик күчүнө көп таянып көнүп калган, ошон үчүн мушкер, күчтүү!
Ассоль болсо амалдуу аялзаты экен. Алмазбек Раимкуловду сыйлап, "сен күчтүүсүң" деп үй
SUPER.KG видео
09.08.2013. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
деп үй-бүлөсүнө баш кылып коюп, ошол эле учурда эки лидердин башы бир казанда кайнап жатат!
Ассольго сөз жок, акылдуу айым экен! Бактылуу болушсун.
10.08.2013. 02:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыскасы корунуп эле турат Алмаздын акылы жок суйлогон созуну билбеген бир мактанчак экени,болбосо кантип эки баласын кочодо калтырып бактылуу болмок.
10.08.2013. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
пФфФфФ жийиркенем!
10.08.2013. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мынча страшная
12.08.2013. 17:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Какие байки))) Алмаздын мактанганы шумдук го, англисче сүйлөбүз го)))) Ассолду түшүнгөн жокмун, кандай критерий менен Алмазды тандаганын... Хотя деньги могут всё! Балдарын акча менен *подкуп* кылат окшойт да кийин... Жалко короче всех..
SUPER.KG видео
13.08.2013. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Bul eki jaw, men uchun ulguluu ui bulolordun kataryna kirdi! ekoo biri birine top keliwken,birinin kemchiligin ekinchisi japkan jawtardan eken! ichinerdi kuiguzup podkabluchnik debei ele koigula! aitkylachy jigitter, kiminer ayalynardy aeroportton gul kotorup tosup alasynar je bolboso chogu oturup kitep okuisunar? kolunardan kelbegen son,bawkalarga syntakpagyla!
SUPER.KG видео
15.08.2013. 02:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мдааа ассольдун куйосу олгондон кийин жаш кезиндеги максатын ишке ашырыптырда. бирок кандай баа менен.уйбулоосун таштап.на чужом горе счастье не построишь дегендей бактылуу экендери корунбойт.актаны жазалма баары
SUPER.KG видео
20.08.2013. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
assoldun kebetesi kantet.
SUPER.KG видео
21.08.2013. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Улгулуу уй-булоолордун катарын толукташыптыр.Эки-дуйно бактылуулукту каалайм!, ар дайым бактылуу болушсун...
SUPER.KG видео
26.08.2013. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
boris8907,
Аймактык бөлүү же бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат! 10 күн банга!
SUPER.KG видео
28.08.2013. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
суроттон коруп Ассолду жасалма деп ойлочумун. Жакшынакай эле экен. слишком боенуп алганы эле болбосо.Будь счатлива. Ты имеешь на это право, но будь естественнее,анча боенбой эле койчу,ты и сама красивая без краски
SUPER.KG видео
08.09.2013. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ассольдун бетинин баары пластическая операция окшойт
03.10.2013. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ассоль мага жакан жок озу жакчу деле эмес болчу Алмаз байкеге владык эмес ко кемпирго окшоп калыптыр Ассоль
SUPER.KG видео
24.10.2013. 09:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Достаточно одно слово "амбреро"...
SUPER.KG видео
28.10.2013. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ассоль женщина умная, мудрая. любой мужчина вместе с ней будет счастлив!
SUPER.KG видео
15.12.2013. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эгерде жаш кезинде эле ассольду алам деп ниет кылган болсон биринчи аялынды эмнеге алып анан анын тагдырын балдарындын тагдырына балта чаап эмне кылдын эркек болсон чечкиндуу болсон динарага уйлонуп жатканда чечкиндуу болбойт белен
1
2
3
4
5
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо