Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ӨЗ МЕКЕНДЕШТЕРИ САБАП, МАЙЫП КЫЛЫШКАН

№561 2-август-8-август, 2013-ж

Кырчындай жаш куракта төшөктө жатып калгандан өткөн азап барбы? Каарманыбыз Уланбек 2011-жылы өз мекендештеринин колунан токмоктолуп, ошондон бери көзүн ирмегенден башка эч нерсе кыла албай төшөктө жатат.

«АЖАТКАНАДА, КАФЕНИН ИЧИНДЕ, КИЙИН КӨЧӨГӨ АЛЫП ЧЫГЫП САБАШКАН»
Уланбектин агасы УЛАРБЕК ТУРДУБАЕВдин кайгысы жүзүнөн кетпей турганы билинип турат. Айтымында, инисин сабаган балдардын дайыны билинип турса да, алар жазаларын албай жүрүшөт.
– Биз Кара-Кулжа районунун Чалма айылынанбыз. Бир тууган иним Уланбек 2009-жылдын ноябрь айында Орусиянын Москва шаарына иштегени кеткен. 7 бир тууганбыз, Уланбек эң кенжебиз, учурда 27 жашта. Иним чоң дүкөндөрдө жүк ташып, ресторандарда иштеп жүргөн. Ошол жакта жүрүп да спорт менен машыкчу. Тамеки тартуу, ичимдик ичүү дегенден алыс болчу. Бир жылдай иштегенден кийин келип бизден кабар алып, кайра кеткен.
2011-жылдын 8-май күнү спорт залдан машыгып чыккан соң досу Алмаз экөө «Мельница 312» деген кафеге барып тамактанышат. Иним ажатканага баратса уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү аталган Эрнис Казаков (каймана аты Казак) аттуу жигит акча талап кылуу максатында атайын тийишип, артынан ажатканага кирип экөө мушташа кетишет. Эрнис Казаков жан-жөкөрлөрүн чакырып, алар биргелешип инимди токмоктоп салышат. Пол жууп жаткан аялды түртүп жиберип, анын колундагы пол жуучу таяк менен башына чапкылашат. Алгач ажатканада, кийин кафенин ичинде, анан көчөгө алып чыгып ары-бери сүйрөп сабашат. Кафенин администратору Акжол, Улук деген жигиттер жана ошол күнү кафеде күзөт кызматында нөөмөттө турган өзүбүздүн айылдык балдар Азат Адашбек уулу, Азамат Абиласановдун ажыратканынан эч кандай майнап чыкпаган. Көп балдар окуянын күбөсү болсо да, «кой-ай» дегенге жарашкан эмес.

«РЕЗИНА ТҮТҮК МЕНЕН ДЕМ АЛДЫРЫП, ШПРИЦ МЕНЕН ТАМАКТАНДЫРАБЫЗ»
– Уланбек качан гана эс-учун жоготуп койгондо жанындагы балдар «Тез жардам» чакырып, аны жалгыз салып жиберишиптир. Эртеси, 9-Май күнү дарыгерлер иштебегендиктен, иним ал жактан чыгып кыргыздар көрүнчү башка ооруканага барган. Ал жерден ооруну басаңдатуучу укол гана берип турушкан. Уланбек күчкө салып чыдап жүрө берип, 20-майда комага түшүп калат. Ошондо аны Боткин атындагы клиникалык ооруканага алып барышып башына операция жасалып, баш сөөгүнүн төрттөн бир бөлүгүн алып салышкан. Мурду сынып кеткен. Жандандыруу бөлүмүндө бир ай жатты. Палатага чыгарарда «Кыргызстандын жараны болгондуктан күнүнө 9000 рублдан төлөйсүңөр» дешкенинен чамабыз келбей, бир компанияга 4000 доллар төлөп, Москванын дарыгерлери Ош облустук ооруканасына тапшырып кетишкен. Ал жакта үч ай жатты, жакшы жыйынтык болбогонунан үйгө чыгарып алдык.
2011-жылдын сентябрь айынан бери үйдө карап жатабыз. Жылыш жок, инимдин абалы барган сайын начарлап баратат. Кызыл өңгөчүн тешип коюшкан, ошол жерден резина түтүк менен дем алып, шприц менен тамактанат. Колу-буту иштебейт. Тургузуп, жаткырып, жуунтуп, кийинтип-тамактандырам. Заара кылдырып турганга сөзсүз бирөө керек.

«НЕГИЗГИ АЙЫПТАЛУУЧУ ОШТО ЭЛЕ ЖҮРӨТ»
– Апамдын азап тартканын айтпай эле коёюн. Укук коргоо кызматкерлеринен кылмышкерлерди таап, өз жазасын беришин гана суранат элек. Кылмыштын негизги күнөөкөрү Эрнис Казаков учурда Ошто эле жүрөт. Ал менин инимди сабаган кылмышы эле эмес, башка да бир канча беренелер менен айыпталып изделип жаткан экен. Жакында «кармалды» деп уктум эле, бирок кайра бошотуп жиберишиптир. Ош облустук соту 2012-жылы 5 жылдык мөөнөт менен соттогон, кайра кандай жол менен чыгып кеткенин билбейбиз.
ИИМге, Башкы прокуратурага, ИИМдин Түштүк аймактык уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгына арыз жаздык. Баары эле «Орусия чечет» деп кутулушат. Ал жакка «кылмыш ишин Кыргызстанга которуп бергиле» деп да сурандык, бирок «кылмыш Орусияда болгон» деп коюшту. «Урган балдар бешөө экен. Алмаз Эрмекбаев, Медербек Эрматов, Кумарбек Жусупов дегендер Москвада башка кылмыштары үчүн камакка алынды» деп Тышкы иштер министрлигинен бизге кат келген. Ал эми Медер Исаков (Хажы) дегени Хабаровск крайында из жашырып жүрөт. Бул балдар башка кылмыштары үчүн камалышкан. Алар инимди майып кылган кылмыштары үчүн да жазасын алышы керек.

Уланбекти карап жаткан эжеси МЕДИНА ТУРДУБАЕВА:
«БАНДИТТЕРГЕ ЖАШООДОН ОРУН БЕРИП, МЕНИН ИНИМДИН ТАГДЫРЫН БУУП КОЙГОНУНА ӨКҮНӨМ»
– Чындык издейсиң, таппайсың. Мыйзам чегинде иш кылайын дейсиң, бирок мыйзамдын аты эле бар, өзү жок. Инимдин тагдыры талкаланып турса да, мыйзам чегинде иш алып барбай жатышат. Уланбек жаткан бөлмөгө кирип абалын көргөн сайын жүрөгүбүз ооруйт. Иним ошол кылмышкерлерге караганда жашоодон ордун таап, туура жүргөн бала болчу. Канчалаган адамдарды сыздатып жүргөн бандиттерге жашоодон орун берип, бирок менин инимдин тагдырын бууп койгон жарыктыкка өкүнүп кетем. «Бул иштин аягына чыгып бергиле» деп күч органдарынан чарчабай суранып келебиз, талап кылабыз...


Уланбектин апасы САЛИЯ ИСАЕВА:
– Мурда «баласы орустун такырбаштарынан токмок жеп өлүп келиптир» деп угуп калчубуз. Эми кыргыздын «такырбаштары» куурата турган болду. Карапайым адамбыз да, мыйзамды сыйлап, жыйынтык күтүп келебиз. Укук коргоо органдарынан суранат элек, баламды жарым жан кылып койгон кылмышкерлердин ишин аягына чыгарып беришсин.

Уланбектин абалын сөз менен айтып бергенде анчалык деле орчундуудай кабыл албаптырбыз. Үйүнө барып өз көзүбүз менен көргөндө гана бир туугандарынын сыздаганын түшүндүк. Бул окуя боюнча ИИМдин Түштүк аймак боюнча уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгына кайрылсак, атын атагысы келбеген бир кызматкер «бул ишти биз карабайбыз, кылмыш Орусияда болгондуктан, ал жактагы кесиптештерибиз иштеп жатышат» деп билдирди.

Уулбү Каныбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -2 
Комментарийлер(66)
05.08.2013. 21:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эх жашоо жашоо,кандай гана тагдырга туш кылбайт!
05.08.2013. 22:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аллахым шыпаа берип, аман эсен айыгып кет.ал эми тиги мыкачылар омур бою жакшылык корбой отушсун.кудайым озу жазалайт аларды.
05.08.2013. 22:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бизде оч алуу деген болуш керек. Мыйзамга, сотторго, жана менттерге ишенуу болбойт, анткени аларды оной эле
сатып алып, турмодон чыгып кете беришет.
Эгерде оч алуу деген болсо кыргыздарда, анда биринчиден кыргыздар арасында криминал токтойт.
Анткени алар билет, что сен озундун куноон учун озун эле олосун же жакын тууганын.
Экинчиден башка улуттагылар да кыргыздарга унчуга албайт, анткени билип калат да оч алаарын.
Бул жапайчылык эмес- бул чыныгы акыйкатчылык.
07.08.2013. 00:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
jizbiz, негизи туура жазыпсын, кавказ элдеринде ушундай салт бар го,ошону учун баары коркуп турушат
06.08.2013. 00:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Kudai wpaasyn bersin...
06.08.2013. 06:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Э АстагфируЛлаах ...мен болгондо кылмышкерлерди бирден таап олтрмокмун Аллах сиердин жазанарды берсин айбандар!!!!((
06.08.2013. 09:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушул жерде гана жашып тим болбостон муну бир нерсе кылып жазалаш керек.Россиядагылар ошол тууган достору чогуулуп жалгыз кетип баратканда баш тубинка мн чаап чаап озун индивалид кылып салышса.Айбан ат да буга татыттуу эмес. Алла озун жазасын беришинди суранам.
06.08.2013. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
diana.12,
Жалаң баш тамгалар менен жазууга тыюу салынат!
Сизге эскертүү!
06.08.2013. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адамды тороп чонойтуу эмне деген азап. чоноюп алган баланы беш мунотто майып кылып салган айбандардын озуно ошондо
06.08.2013. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Адамды тороп чонойтуу эмне деген азап. Чоноюп алган баланы беш мунотто майып кылган айбандардын озуно ошондой жаза колдонуу керек.
06.08.2013. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ак караны сот айырмалап таразалай албаса. Кудайым озу таразалайт. Ак менен кара аралашса карага отуп кетери шексиз. А биз чындык издеп чыркырап кала беребиз да.
06.08.2013. 13:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Gamze90, Кептин баары ошондо болуп жатпайбы.Уланбектин жакындары куйуп атышат да.Минтип,баласы майып болуп калганы бир куйгузсо тигинтип Казактын жер устундо чардап жургону..Соз жок!Кыргыздар бири бирин акыры жеп жоготушпаса болду.
06.08.2013. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
атыш керек и все!
06.08.2013. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
айыгып кетсин Улан.Казак канчасынын убалында калды бир кун озуда кор болотго.
06.08.2013. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бир туугандын очун созсуз алыш керек бирден табып
06.08.2013. 21:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Айыгып кетсин!Жаш жигиттин кырчындай мезгилинде ушундай кырсыкка кабылганы эки буттуу айбандардын айынан ото окунучтуу!!!...Энесине, жакындарына сабырдуулук...Ал эми мыкаачыларга аесуз жаза...
06.08.2013. 21:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ар бир адам оз жазасын алат улан жакшы жигит эле коптогон мелдештерде кыргыздын желегин которгон жакшы болуп кет улан
07.08.2013. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Уларбек байкеге кудайым куч кубат берип,Казакты кармап,буту колун кесип салаарына терен ишенем!
07.08.2013. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
урматтуу super жыйынтыгы тууралууда кабарлап турсаныздар
07.08.2013. 17:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллах шыпаа берип жакшы болуп кетсин.
07.08.2013. 22:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
келгиле ушул черныйларга каршы курошобуз бир уйушум ачабыз(анти черный деп) ушулардыкы отту бебечараларды тоноп уруп булар камака кирседа жыргап олтурат буларды олтуруш керек аллахым озу жазалайт казак бугун куштусун эртен жоооок
07.08.2013. 22:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
patriottkg1, Колдойм!!!
08.08.2013. 00:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ээ черный да белый да экоонун тили бир казакта акча коп крыша да кучтуу канчасын машинасын алып безилдетти ал бир алла жаза сын берет анын акка да карага да бир гор баары олот башкасы чыгат шаалакы чондор акчага конгон ментин да черный да тили бир
08.08.2013. 01:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
kg.Islam, Казактын дагы акыры бараар жери 2метр гор!Бул дуйнодон жооп бербесе дагы тигил дуйнодон,Кудай алдында жооп берээр.Ошондо крышасы,акчасы,менттери жардамга келээр бекен?
08.08.2013. 01:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
аллаа таала шпасын берсин
08.08.2013. 07:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Илгери мушташтан адам коркпойт.Адамдан адам коркпойт дечү элек.Азыр адамдар адам эмес эле айбанга айланып бара жатат.
08.08.2013. 09:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
эх чиркин кандай мыкаачылар бар бул дуйнодо...тиги досу эмне кылып туруптур тамашалаап турганго...кудайым озу жазасын берсин бул айбандарга тиги дуйнодонда жай жок...эне байкуш гулдой кылып чонойтуп койсо каяктагы иттер майып кылып тапшырды...аллах шыпаасын берсин сакайып кетсин энесине,бир туугандарына сабырдуулук
09.08.2013. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ех чиркин омур адамдын затын атын атабай иттин баласы десе жарашпайт бул зокур айбан жандарга емне куууш кылат екен бул жан емес таш боордун гана айбандары жашабай еле келбей еле койсо буга окшогон жиндилерге ех атандын гана кору еми карагылачы кыргыз калкым жана бур туугандарым сопсо баланы емне гана кылышкан емес омуруно окуноор болуп жатам ех аттин ех аттин куудайым озубузго ыйман берсин жана ынтымак буларды кудайым озу жаза берсин

09.08.2013. 20:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Уланбекке кудайым озу шыпаасын,жакындарына сабыр берсин.
Жазасын албай жургондордун,жазасын кудайым озу берсин. Оомиин
10.08.2013. 02:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эч бир куноо жоопсуз калбайт,бул дуйнодо болбосо акыретте жооп берчу кун келет.УЛАН байкеге Аллах шыпаа берсин, апасына бир туугандарына сабыр каанат.
11.08.2013. 01:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ас-салоому Алейкум жалпы туугандарга! Мынакей орус такыр баштары эмес кыргыздын бекерчи наадан жана Кудайдан коркпогон пенделери ушундай жолго барган акмактар дени соо адамды майып кылып кантип журушот уяты жок наадандар десе,бизде закон деген создун озу эле бар анын талабын аткарган адам жок эх......эмне дешинди билбейсин адам. Сизге Жараткандан ден соолугунузду сурайм Жараткан сизге шыпаа сабыр берсин ылайым! Акмактарга Жараткан жазасын берсин кимдир качандыр кылган нерсесине жооп берет!
01.09.2013. 01:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ассаламу ъалейкум Аллахым сиздерге сабыр берсин! Кунолулорго ыйман,хидаят берсин!
18.12.2013. 22:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошолорго окшогон эшектерге жана патриот деген топко кудайым жазасын берсин!
26.07.2014. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оооба туура бизде мыйзамд дегендин аты эле бар. Карапайым элге иштейт закон аа чондор менен крим дуйносундогулорду корбойт биздин закон а балким закон деген ошолор болуп журбосун деп ойлоп кетесин
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо