Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Фарида Карбосова:«КӨЗ КАРАНДЫ БОЛУУДАН КОРКУП ТУРМУШКА ЧЫКПАЙ ЖҮРӨМ»

№561 2-август-8-август, 2013-ж

Бүгүнкү маектешим эркектин да, аялзатынын да жумуштарын бирдей жасап, ал гана эмес, чыгармачылыгын да жолго салып келе жатат. Фарида Карбосова айылда короо-короо мал багып, гектарлап картошка, төө буурчак айдап, үзүрүн дурус эле көрөт.

– Фарида, адатта, оорубуз оркоюп чыгып калганда гана «ден соолук чыңдайбыз» деп чамынабыз. «Жайлоодо саамал ичип, ден соолугума кам көрүп жатам» деп жакага түшпөй жаттың, эмне болду?
– Кыргыздар, чынында, ошондойбуз. Бирок мен 10 жылдан бери июлдун аягын, августтун башын атайын өзүм үчүн арнап, Суусамырга барып саамал ичип келем. Мен конгон үйдүн кичинекей балдары бар, эртеден кечке алар менен футбол ойнойм. Ал жерде телефон да тартпайт. Үйдөн 2 чакырым алыстыкта жайгашкан тоого чыгып сүйлөшөбүз. Ошондо барган-келген жолумду кошкондо күнүгө 4 чакырым басып жатам. Таза абада жөө басуу ден соолукка да пайдалуу. Азыр кайра эле жайлоого кетем. Бир жерим ооруп жатат, ошон үчүн саамал ичип жүрөм дебейм.
Чынында, жаш кыз эмесмин, көп нерсени түшүнүп калдым. Акча-акча деп тытынып иштейт экенбиз, бирок байлыктын түбүнө жеткен адамды көргөн жокмун. Ошондон улам өзүмө көңүл бөлүп, өзүмдү сыйлап жүрөйүн деп саамал ичүүнү адатка айланткам.

– Май айында концертиңди бергенден кийин эле жөнөп калдың, мен стресске кабылдыбы деп да ойлоп жибердим...
– Жок, андай болгон жок. «Таластыктар жердешчил келет» деп коюшат го. Чынында эле ошондойбуз. Концертиме келгендердин жарымынан көбү жердештерим болду. Монтаждан карасам, мени окуткан эже-агайларым, айылдаштарым да келишиптир. Аларга чакыруу билетин деле берген эмесмин. Гримдөөчү бөлмөдө отурсам, жардамчым «сыртта адамдар билет таппай кыйкырышып жатышат» деди. Ошондо «өх» дедим, ага чейин «эми кандай болот?» деп катуу ойлонуп жаткам.

– Бир кезде клиптерди удаа-удаа тарттың эле, азыр басаңдап калды окшойт...
– Ошол кезде катуу иштеп, акчам көп болчу. Мындайча айтканда, биз клип, ыр менен жаныбызды багып жатпайбызбы. Анан мени багып жаткан нерсеге көп акча жумшап коёюн деп бир нече клип тарттыргам. Бул жылдын эсебинен деле куру эмесмин, азырынча 2 клибим бар. Жыл жаңыргыча дагы экини тартсам деген пландар бар. Бир иштесем катуу иштейм, жалкоом кармаса жата берем.

– «Алина» тобунун ырчысы белең?
– Ооба, «Алина» тобунун курамындамын. Бирок ар кимибиз ар кайсы жакта эле өз алдыбызча иштей беребиз.

– Топ деген эле аты болбосо, чогулуп бир иш алып барбайсыңар го...
– Ооба, топ чогулуп концерт коё элегибизге көп болду. 2003-жылы беле же 2004пү, так эсимде жок, ошол жылдары концерт бергенден кийин эле тынчып калдык. Уюштурган адам жок болуп жатат. Кимдир бирөө «концерт берели» деп чуркаса, ар кимибиз ар жактан жардамдашмакпыз да.

– Сени Алина Жетигенова айылдан борборго ырчы кылам деп алып келген болсо керек эле...
– Мектепти аяктап мамлекеттик экзамендерге даярданып жүргөм. Бир күнү апам «конфет алып кел» деп дүкөнгө жумшап калды. Ошондо жолдон Алина эженин концертинин афишасын окуп калдым. Концерт болор күнү «Алина эжеге жолугам» деп оолугуп чыктым. Апам «кызым, алар чоң адамдар. Сенин шагыңды сындырып койбойбу...» деп бир топко кыйылды. Акыры апам экөөбүз клубга бардык. Барсак, Алина эже, топтогу жигиттер баары бууга бышкан картошка жеп отурушуптур. Апам келген максатыбызды айтса, эже бетимден өөп койду. Ал окуя мен үчүн жомок сымал сезилди. Анан ырдатып көрүп эле «топко кошуп алабыз» деп өздөрү менен 3 күнгө алып кетишти.
Топтун курамында 11 жигит, анан Алина эже экен. Ошондо мени 3 күнгө ырдатканы эмес, «жигиттерге жагынайын деп кыйшактабайт бекен, кылык-жоругун байкайын» деп алып кетиптир. Азыркыга чейин эле жигиттерге жагынайын дебейм. Мүнөзүм эркектердикиндей, назданганды көп жактырбайм. Алина эже менин эч нерсеге көңүл бурбай, дүңкүлдөп иштегенимди жактырды окшойт, Бишкекке алып келип Опера жана балет театрынын алдындагы студияга тапшыртты. Ошентип Алина эженикинде жашап жүрдүм. Студияны аяктап, консерваторияга тапшырдым. Өзүмдүн каалоом менен эстрада бөлүмүнө которулуп кеттим.

– Окууңду аяктагыча Алина Жетигенова менен жашадыңбы?
– Бир жолу 1-курстан жатаканага туулган күнгө барып, ал жактын жашоосун жактырып калдым. Алина эжеге «күнүгө машыгышым керек экен, жатаканага көчүп кетейин» десем, «үйдө эле жашай берсең болмок» деди. Чыгарбай коёбу деп жан талашып «күнүгө келип турам» деп чыйпылыктаган элем. Роза Шакирова менен таанышып, чогуу бир бөлмөдө жашап калдык.

– Студенттик күндөрдөн кеп салбайсыңбы. Жигиттер менен таанышканда кимиңерди көбүрөөк карашчу эле?
– Баарынан да ачка калган күндөр көбүрөөк эсте калыптыр. Даамдуу тамак тапкан күндөрү Роза экөөбүз «үйдө эч ким жок» деп кагазга жазып эшиктин сыртына илип койчубуз. Анан жарыкты өчүрүп алып акырын тамактанчубуз. Даамдуу тамагыбыз – кукси. Эстеп көрсөм, экөөбүз тең жигит жандап баспаптырбыз. Жигиттер келчү деле эмес бизге. Комуз чертем, ырдайм деп жүрүп эле окууну бүттүк.

– «Фариданы чоңдор аябай колдошот» дешет. Алар менен мамиле түзүү кыйынбы?
– Болгону чоңдордон мага Зарылбек Рысалиев гана жардам берген. Акчалай жардам эмес. «Концертимде тартип жагын карап бериңизчи» деп барганымда, жакшы кабыл алып, өзүнүн инилеринен «жардам берип койгула» деп суранды. Башка эч бирине жардам сурап кайрылган эмесмин.

– «Алтымыш жаштагы демөөрчүсү бар» дегендин канча пайыз чындыгы бар?
– Мага таластык көп эле жердеш агаларым демөөрчү болот. Бирок алардын бирөөсүнөн да «жашың канчада?» деп сурабаптырмын. Демөөрчү дегенде 80-100 билетимди сатып алып кетишет. Мен үчүн бул чоң колдоо.

– «Колуктум бол» деп колуңду сурагандар барбы?
– Жылда эле «быйыл турмушка чыгам» дейм. Бирок окшошпой калат. Сыртка чыгып эркектин, үйгө кирип аялдын жумушун жасап, өзүмдү-өзүм материалдык жактан камсыз кылганды үйрөнүп алдым. Ошондуктан бирөөгө көз каранды болгондон коркот окшойм. Учурда жигитим бар. Ал тургай колумду да сураган. Бирок мен чечкиндүү болуп, «макулмун, тойго камына бер» деген жоопту бергенден чочулап жүрөм.

– Төө буурчак, картошка эгип дыйканчылык кылуу, мал багуу экинчи кесибиң экен. Биз билгенден, борбордо эле жүрөсүң, аларга ким көз салып жатат?
– Таласта бир жарым гектар жерим бар. Мен Бишкектен акча салып турам, инилерим киши жалдап иштетишет. Төө буурчак, картошкадан жыл сайын жакшы эле киреше түшөт. Ал эми малым курбу кызым менен аяшымда. Саны ырас эле, өзүң карабагандан кийин малды көбөйтүш кыйын экен. Ошондон улам ушул күздө малдарымдын баарын сатып, кышында жаңы бизнес ачканы жатам.

– Жакшы, ишиңе ийгилик!

Сүйүн Кулматова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(33)
05.08.2013. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эжеке ошондойбу же эр чыкпай атабы?
05.08.2013. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул ырчы жакпайт мага! Озун акылдуу болсон любой эркектин алдында коз каранды болбойсун!
05.08.2013. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aiiiiiiiiiii jany 4ykkan kezi kantet batyldap
05.08.2013. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Фаре-Фаре....
05.08.2013. 12:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
магада жага бербейт,ырларыда жакпайт
05.08.2013. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Ар бир адамга бирден ырчы.Биринчи корушум.
05.08.2013. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
adi9595,
Аймактык бөлүү же бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат!
10 күн банга!
05.08.2013. 14:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Фарида акылдуу айым...Ийгилик каалайм!
05.08.2013. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшынакай эле ырчы.
05.08.2013. 20:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мм чынында эркек сымал экен
05.08.2013. 20:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коз каранды болбойм деп кемпир болуп калбаныз.. Кеч турмушка чыккандар бала ширин болоорун билгенде.. Деп эле айтып келе жатышат.. Байлыкты билишимче адамдар балдары учун топтойт.. Клип чогултпай тезирээк наристе чогултунуз..
06.08.2013. 09:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Бир жылдары сени тубболницада жатканынды кордум эле, ошон учун саамал ичип жургон жоксунбу?
06.08.2013. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Фарида айымдын эмгеги күч! Кыргыздар эмне учун ушундай адамдарга коро албастыктык кыла беребиз. Жеке концертине барып,Фарида айымды сыйлаган көп куйормандар бар экенине ынангам. Урматтуу Фарида айым, ит уро берет кербен журо берет. Андыктан, ишинизге ийгилик! Бар болунуз!
06.08.2013. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Куйоого тийеби, саамал ичеби, кайда журот, азыркы заманда кимдин ким менен иши бар. Негизгиси чыгармачылыгынызда ийгиликтер болсун!
06.08.2013. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ак шумкарымды ырдаганы жакты.
06.08.2013. 21:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыгармачылыгыңа ийгилик!Ак шумкарың тезиреек жолуксун эми.Көз каранды болбойм деп кара далы болуп калба!
07.08.2013. 01:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жаш откон сайын тандап калат озу. А так ырдаганы жагат анча мынча ырчыларды артта калтырат уну менен азаматсын ишине ийгилик!!!
07.08.2013. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мен тааныбайм
09.08.2013. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
alhamdulillah, урматтуу форумчу! капа этпениз эгер катуу кетсем! кимдир бироону таанып ал жонундо билуу бул сиздин жеке ишиниз!
07.08.2013. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул ырчыны жактыра бербейм, кечиресинер бирок оозу баканыкындай чон.
07.08.2013. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
sgk_85, Кудай тобоо!!Ушинтип дагы жазат бекен?Озунорду кузгудон бир карап алып анан жазсанар жакшы болот эле.
10.08.2013. 12:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
allan, туура айтасыз,озунун башындагы тоону корбой,бироонун башындагы чопту корот дейт беле...
07.08.2013. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Турмушка чыгуу-коз каранды болуп калуу эмес.Турмушка чыгуу бул жаны жашоо куруу,жалгыз аткара албаган тилектеринди,ой максаттарынды жолдошун менен аткаруу деп ойлойм.Келинчеги жолдошун пикирин угуп ,жолдошу келинчегинин пикирин угуп,ынтымактуу эле жашаса болот да.Бул ырчынын маегин окуган жокмун,темасын окуп эле жиним келди.Турмушка чыккан кыздардын барын коз карандылар деп ойлойт окшойт да.
07.08.2013. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Турмушка чыгуу менен аял заты оз ордун табуусу!
07.08.2013. 19:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жеке турмушун дагы ойлосо болмок
08.08.2013. 00:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
уну жагат жакшы а жеке турмушуну озу билет
08.08.2013. 07:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азыр кобунчо кыздар озу жалгыз жашагысы келип калганбы, айтор коз каранды болгун келбесе хотя бы бала тороп ал демекмин.
08.08.2013. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азыр чыкпасан кийин кеч болот
09.08.2013. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kanchanchyy jylky boldu eken
10.08.2013. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бироосу жактырбаган соз менен баштаса баары аны эрчишет.неге бироону жаман дей бересинер? ал да бироонун алпештеген кызы,суйуктуу эжеси синдиси...отурган кыз орун табат дейт..эки дуйно бакыт берсин Аллах сизге!!! ар бирибизди барктап сыйлай билели момун бир туугандар....
10.08.2013. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коздуу мончок жерде калбайт дейт го, бактылуу бол, турмушка чыгып тороп алсан анан тушуносун чыныгы бакытты,эркиндикти,коз карандысыздыкты. Себеби турмушка чыкпай журсон ушат тешектен башын чыкпайт...
10.08.2013. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Отурган кыз ордун табат, ордун тапса да зорун табат деген соз бар эжеке. Сизге да Кудайым бир жакшы тугойду жолуктурат.
22.08.2013. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
молодец мен да ушу эжедей кыйын кыз блгум келет материалдык маролдыкта бай болгум келет
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо