№561 2-август-8-август, 2013-ж
«Миң кыял» радиосунун ди-джейи Акыл Жеңишбек уулу 27-июль күнү 27 жашын белгилеп, жайдын аптаптуу күнүндө достору, жакын санаалаштары, кесиптештери менен чогулуп өздүк майрамын тосту. Туулган күнгө ырчылар Азиза, Роза Шакирова, Айнура Салахидинова, Нурлан Насип, Малика Дина, телеалпаруучулар Нурзат Токтосунова, Эркин Рыскулбеков келип, кеченин жүрүшүнө шаң кошушту. Күндүн күнөөкөрү бирде коноктор менен алышса, бирде казан башында болуп, эки жакка тең жетишип жатты.
Оюн учурунда бир кызык окуя болуп кетти. Тойду алпарып жаткан тамада бала Роза Шакирова оюнга чыкса «сиз отуруңуз, бизге жаш, сулуу кыздар керек» деп жиберди. Роза айым шоу-бизнестин эң эле таланттуу, ажарлуу айымы экенин эч ким төгүнгө чыгарбаса керек. 50дөй адамдын алдында мындай сөздү уккан Роза айым ыңгайсыз абалда калып, бир аз ачууланып, көз жашын көрсөтпөй ыйлап да алды. Бирок тойду алпарган жигит сөздөн чалынганын моюнуна алып, кечирим сурап ырчы айымды жубатканга аракет кылды. Ошентип таарыныч, ыр-күлкү менен коштолгон туулган күн таңга жуук аяктады.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |