Нияз Абдыразаков:«АПАМ ИЛЬЯЗДЫ ТҮНДӨ ТОЙДОН ТААП КЕЛЧҮ»

№561 2-август-8-август, 2013-ж

Бир туугандар Ильяз менен Нияз Абдыразаковдор бири-бирине аябай окшош. Кесиптери да бир багытта. Агасынын ырдаганына кызыгып жүрүп эле ырчы болуп алган Нияз Ильяз туурасында кызыктуу маек куруп берди.

– Нияз, Ильяз экөөңөрдүн айырмаңар эки жаш экен. Достордой болуп эле чоңойдуңарбы же Ильяз улуулук кылып койчу беле?
– Ага-инидей эмес, теңтуштардай эле өстүк. Кайда барбайлы, чогуу жүрчүбүз, чогуу ойночубуз. Таң калганым, оюнчук талашып, «ары тур, бери тур» деп такыр урушкан жокпуз. Тил уксак ата-энебизден экөөбүз тең укчубуз, анткени «кылмышты» чогуу кылчубуз. Эсимде, жыгачтан окшоштуруп аспап жасап алып ырчыларды туурап ойноор элек. Атам ыр жазып, обон чыгарып, гитарада, пианинодо ойночу. Жаныбек Алыкулов, Жолдошбек Мамажанов менен дайыма гастролго чыгат эле. Бир жолу атам Ильяз экөөбүздү өзү менен чогуу ала барган. Концерт башталгыча Ильяз «Ямахада» ойноп, мен ырдагам.

– Ильяз кичинесинде эле «Ямахада» ойногонду үйрөнүп алыптыр да?
– Апам Ош шаарындагы мектептердин биринде музыка мугалими болуп иштечү. Мектептин «Ямахасын» үйгө алып келип, бизди тийбесин деп шифоньердин үстүнө чыгарып салар эле. Апам жумуштан келгенче Ильяз экөөбүз столго чыгып аны алып, ойноп, кайра ордуна койчубуз. Ильяз үч-төрт жолу черткенден кийин эле үйрөнүп кеткен. Анда болгону 1-класста окучу. Ошентип жүрүп апама бир жолу кармалып калганбыз. Апам Ильяздын ойногонун көрүп аябай сүйүндү. Тааныштардын тойлоруна алып барып ойнотуп да жүрдү.
Ошол кезде «Ананайын» деген ыр хит болуп жаткан. Кайсы тойго барба, ушул ырды коюп бийлешчү эле. Ильяз ойноп жатып музыканын үнүн угуп калса, «тиги жакта той болуп жатат окшойт, мен кеттим» деп чуркап кетет. Аны апам түн ортосунда тойдон таап алып келчү.

– Мектептен да коомдук иштерге активдүү катышчу беле?
– 1-класста окуп жүргөнүндө мектептин директору Ильязга ишенип мектептин музыкалык аспаптарын өткөрүп берип, «музыкант албайбыз, аспаптарда сен ойнойсуң» деген. Кароо-сынактарга такай катышчу. Мага бир жолу ичи толтура шоколады бар чоң оюнчук КамАЗ жана жемпир утуп келип берген.

– Тентек беле?
– Кичинесинен эле азыркыдай токтоо, жоош. Апам бизди базарга алып барса, мен «тигини, муну алып бер» деп апамды беймаза кылып жөн басчу эмесмин. Алып бербей койсо колунан жулунуп качып кетчүмүн. Ильяз болсо апама мени кармап келип берчү. Анан эле 4-классында ырчы болом деп Абдумалик Шерматовду ээрчип кеткен. Ал киши да «мага аранжировкачы керек эле, өзүм үйрөтүп алам» деген. Үйгө келгенде мен баягыдай көрүп эле тигини-муну сурасам, ал чоң кишидей жооп берип калыптыр.

– Байкеңдин мектептеги сүйүүсүнө кат ташып калдыңбы?
– Атамдын карындашынын Чыңгыз деген баласы биз менен жашачу. Ильяз менен Чыңгыз классташ. Экөө эле бир кыздын атын айтып, «Сүйөрүңдү айтып коёюнбу, ыя?» деп бири-бирин чычалата беришчү. Ал кызды экөө эмес, бүт классташтары жакшы көрүшчү экен. Жакын барып калсам, «бар, бар, чоңдордун сөзүн тыңшаба» деп кубалашчу. Анткени мен эрке талтаң болчумун. Ата-энеме көргөнүмдү, билгенимди төкпөй-чачпай жеткирип барчумун. Уялчаактыгынан экөө тең кызга сүйүүсүн билгизишкен эмес.

– Ильяз Абдумалик Шерматов менен кеткенде үйдүн жалгыз эркеси болуп жыргапсың да?
– Жаңы кийим, даамдуу тамак-аштын баары жалгыз мага болуп, жакшысы жакшы эле болду. Бирок кээде жалгызсырап калар элем.

– Ильяздын биринчи ырын укканда кандай кабыл алдың?
– Бир күнү радиолордун биринен «Арманым» деген ырды угуп, жактырып калдым. Темир Назаров ырдады го деп ойлогом. Аңгыча ди-джей «Ильяз Абдыразаков ырдайт» деп калды. А мен «Качан ырдайт?» деп бир сааттан ашык күттүм окшойт. Көрсө, ди-джей «Ильяз Абдыразаков ырдады» дептир. Көп өтпөй Ильяз үйгө бир ырынын клибин салып жибериптир. Көрсөм, баягы мен радиодон уккан ыр. Клипте Ильяздын муруту өсүп, башкача болуп чоңоё түшүптүр.

– Ильяз алгачкы жеке концертин Ош шаарында берди окшойт...
– Ооба, мен 9-классты бүтүп жатканда Ошко жеке концертин коюп келди. «Мен да сени менен барам» деп кошулуп, оператор, жарык берүүчү болуп иштеп алдым. Ошондо көрдүм, Ильяздын күйөрман кыздарын. Жазган каттары укмуш. «Сен кимиси болосуң?» дешсе, «инисимин» деп сыймыктануу менен айтчумун.

– Экөөң тең ырдайбыз деп үйдөн кетип калсаңар, ата-энеңер кантишти?
– Алар убагында музыкант болушканы менен, кийин соодага өтүп алышкан. Мен кеткенден кийин эле бизге карап борборго көчүп келип, соодасын улантышты.

– Сен байкеңдин колдоосу менен ырчы болуп жүрөсүңбү?
– Ырдайын деген оюм бар экенин Ильязга айтсам, ал колдобой койгон. Себебин сураган да жокмун. Бирок «Эмнеге антип айтты?» деп өзүмө суроо бергем. Жеңил ойлуулукка алдырат дедиби, өзүнүн же менин атыма жаман сөздөр айтылат дедиби билбейм. Жанымдагы балдар «ырдай бер» дешти. Ошентип, «Издеп барам» деген ырымды жаздырып, бирок агама угузгандан уялдым. Ырды досум угузуптур. Досумдун айтуусуна караганда, ыр Ильязга жагып, «мындан ары да талыкпай эмгектенгиле, мен жардам берем» деп айткан экен.

– Үйлөнөрдө жеңең менен тааныштырды беле?
– Досум үйлөнүп, 15 күн Ошто жүрүп калдым. Келсем эле Ильяз өз бөлмөсүн сонун кылып жасап коюптур. Жаңы килем, керебет, шифоньер алыптыр. «О, шумдук кылып коюптурсуң го» десем, «жакында сага жеңе алып келип берем» деди. Жеңемди үйүнөн алып кеткени барганда биринчи жолу көрдүм.

– Байкеңдин мүнөзүн сенден артык билген киши жок болсо керек...
– Жоош. Бирөө ажылдап жатса деле «Ии, ушул элеби?» деп токтоо жооп берип коёт. Чечимди да көпкө ойлонуп, анан кабыл алат. Мен болсо эзилип отурбай, дароо кабыл алам. Анан туура эмес болуп калса, «шашпасаң болмок, менден деле сурап койбойт белең» деп калат. Акчага катуу, зыкым, үнөмдөп пайдаланат. «Буюмду жакшы колдонгонду бил, акчаңды үнөмдө» деп эле турат. Мен болсо бир нерсе сатып аларда эч качан баасына көңүл бурбайм.

– Ильяздын биз билбеген кандай өнөрлөрү бар?
– Бала кезинен эле радио, магнитофон бузулуп калса оңдоп коёт. Азыр компьютер да оңдойт. Мурун жыгачтан балта, комуз да жасап калчу.

– Эмнеге телефон номерин бат-баттан алмаштыра берет?
– Көп жоготот. Жумушу көп болгондуктан, ар кайсы жерге таштап кете берет телефонун.

– Өзүң «N&N» деген топ ачып жүрдүң эле. Аның эмне болду?
– Ооба, алгач «N&N», андан кийин «ACCORD» деген топ ачкам. Эки топтун тең өмүрү кыска болду. Азыр жеке ырчымын.

– Рахмат маегиңе.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg


“Ильязга ырларымды угузгандан уялам”

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(65)
05.08.2013. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Talant degen ushundai olot ilyazdikindai. Talantin ushunchalik baalaim da. Bashkalari kichine akcha bolso ele irchi bolo kalishat. Unu jok bolso da.kinkildap chigip,kaira jogolushat jinge tiyip.
05.08.2013. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bolot
05.08.2013. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
озу жакшынакай бала экен. бирок созго анча жок экен
05.08.2013. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соонун болуптур маегинер, Ильяздын чыгармачылыгын ушунчалык баалайм. А инисин жакшы билбейт экенмин.
05.08.2013. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ильяз аябай таланттуу жигит ,ырларын жактырып угам. Инисине болсо ийгилик.
SUPER.KG видео
05.08.2013. 18:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ийгилик каалайм экооно тен
05.08.2013. 19:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ильяздын ырларын жакшы кором ар дайым угуп журом. ийгилик каалайм
05.08.2013. 20:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ильяз атасына нияз апасына окшош экен!бактылуу ынтымактуу болгула!
SUPER.KG видео
06.08.2013. 02:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ильяз семирип алыптырго, азаматсынар ийгилик!
06.08.2013. 08:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тартынчагыракпы же сурдогонбу айтор кыйналгандай суйлоу бирок красавчик экен. Иляздын арык ырлаы жагат. Ниязга босо ийгилик.
06.08.2013. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
иляздай популярдуу боло албаса керек иниси элдер нияз деп эмес иляздын иниси деп таанышат да бардыгы
SUPER.KG видео
06.08.2013. 19:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Нияз бир аз тартуураак, токтоо, ото эле жонокой жигит экен. Эч качан жонокойлугундон жазба, бирок сага тажрыйба жетишпей турат, б.а. маегиндин кичине тузу кемдей болуп калыптыр. Капа болбо!
06.08.2013. 23:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ильяска караганда шустрый бала экен!азамат!!!!ийгилик!
SUPER.KG видео
07.08.2013. 04:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
экообу тен токтоо экен ийгилик
07.08.2013. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nurzada88,
Саламатсызбы! Билдирүүңүз сакталбай калса керек, эрежеге ылайык жазылган билдирүүлөр өчүрүлбөйт.
Модератор admin_media түзөттү 07.08.2013 09:56
SUPER.KG видео
07.08.2013. 10:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
daa jonokoy bala eken Niyaz, azamatsin, Iygilik ekoonoergo ten Ilyaz Niyaz
SUPER.KG видео
07.08.2013. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
onorunor orkundoi bersin.bir tuugan uwundai boluw kerek molodcy
08.08.2013. 05:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ilaz apasinin Niaz atasinin balasi okshoit go fotogo karaganda.chygarmashyl yigylyk sizderge.Men mektepte okugan kezde Ilazdin surotu interviusu bar gezit betterin ukmush toptop Bishkekke jetsem ele Iliazdin konsertine baram dechuu elem.:-)
SUPER.KG видео
08.08.2013. 07:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Онорунор оркундой берсин азаматсыздар бир туугандар.
08.08.2013. 22:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ммм иниси шустирий и забавный экен маш жактыыыыыыыыыыы, силерге уй-булолук чышармачылык каалайм
08.08.2013. 22:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ой чыгармачылык
08.08.2013. 22:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мм иниси аябай шустирий анан да забавный жигит экен, молодцы силерге уй-булолук чыгармачылык каалайм
09.08.2013. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Molodsy rebyata vy super!!!
SUPER.KG видео
10.08.2013. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чыгармачылык ийгилик силерге, ар ким ар кан дай суйлой берет. Оздорунун башындагы тоону корбой бироонун башындагы чопту корушот. Нияз сен эн мыктысын. А суйлогондор сендей боло алышпайт барибир.Нияздын ырларын угуп корсонор башта... Ийгилик Нияз сен биз учун(досторун учун)дайым мыктысын.
SUPER.KG видео
10.08.2013. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызык жакпаса корбой койгула,ар нерсени айта бербей.
10.08.2013. 23:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Хорошо
12.08.2013. 00:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
иниси жакшынакай гооо мага жакты)))))))
SUPER.KG видео
14.08.2013. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Беш кол тен эмес эл ичинде аркандай адамдар бар коро албаган ырчылар деле башка ат менен катталып алып жаман создорду жаза бергендер деле барда ошондуктан ниети жаман адамдарга конул бурбай белди бекем байлап башты которуп элибизге биз кызмат кылбасак ким кылат деп аракетинерден тайбагыла инилерим силердин ырларынарды дуйнонун жарымы которуп ырдап журот КЫРГЫЗ элинин сымыгысынар деп ишенем а биролордун ырларын которуп ырдагандар ар нерсени суйлой беришсин конул бурбагыла алар убактылуу ырчылар
14.08.2013. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшылап суротко тартпаптырда
19.08.2013. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Экоо такыр окшошпойт экен. Бул апасына окшош экен
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо