Нурсултан Майназаров, телеалпаруучу:«МИЛЛИОНЕР БОЛГУМ КЕЛЕТ»

№561 2-август-8-август, 2013-ж

Жаш, жумушуна так «тамашоучу», алпаруучу Нурсултан Майназаров бүгүн өзү жөнүндө кеп салмакчы.

КААРМАН ТУУРАЛУУ
Туулган жылы, күнү – 1991-жыл, 29-октябрь
Туулган жери – Бишкек шаары
Билими – Ататүрк Ала-Тоо университетинин инженер-менеджер адистигин аяктаган
Бою – 170 сантиметр
Салмагы – 65 килограмм
Хоббиси – сууда сүзүү
Учурда – радио-телеалпаруучу, «Тамашоудогу» «Тамадалар» командасынын оюнчусу

«ҮЙ-БҮЛӨМ...»
– Атам Ажыбек Майназаров грек-рим күрөшү боюнча СССРдин чемпиону. Апам Бактыгүл үй кожойкеси. Экөө тең менин тандоомду сыйлаган адамдар. Спорт менен машыккангабы, балалыгымда бир аз тентегирээк, кээде мушташып коймой жайым бар эле. Үй-бүлөдө 5 баланын улуусумун. Менден кийин Сабыр, Кенжетай, Иса, Муса деген инилерим бар. Ата-энемдин акылдашкан адамы, инилеримдин насаатчысымын. Кандай маселе болбосун мага келип айтышат, менин ой жүгүртүүмдү, адамга адеп-ахлак жөнүндө терең түшүндүрүүмдү үйдөгүлөр аябай баалашат. Ошондуктан жакындарымдын арасында сыйлуу адаммын десем болот.

«ДОСТУККА БЕКЕМ ЭРКЕКМИН»
– Досторум көп. Алардын арасында аябай шайырмын. Кадамжайдагы кыргыз-түрк лицейин аяктагам. Бирге окуган классташтарым мен үчүн эң жакын адамдар. Биз бир бүтүндөйбүз, андан сырткары «Тамашоудогу» жигиттер менен мыкты достордонбуз. Адамдын жакшы мамилесин сыйлаган, достукка бекем эркекмин.

«МЕНИН СҮЙҮҮМ...»
– Көп убакыттан бери сүйлөшүп жүргөн кызым бар. Ал менин биринчи жана акыркы тандоом. Акылдуу, ыймандуу, тил десе тилди билген, үй жумушун мыкты аткарган кыз. Буюрса, 2 жылдан кийин жакындарыбыздын уруксатын алып баш кошобуз. Кыз баланын адептүү болгону мен үчүн чоң мааниге ээ. Менде бардык сапаттар бар, кызуу кандуулук да, иш билгилик да, кыялкечтик да. Бирок ачылып-чачылып эле жүрө бербей, керектүү жерде бул сапаттарымды аз-маз колдонуп коём.

«МАГА ЖАККАН КЫЗДАР...»
– Жүрүш-турушу талапка ылайык, аң-сезими бийик, алдыга койгон максаты меники менен дал келген кыздар жагат. Аялзатына ашыкча сулуулуктун кереги жок. Себеби аялзатынын турган турпатынын өзү сулуу. Мен кыздар менен сүйлөшүп, бат-баттан аларды алмаштырган балдардан эмесмин. Татыктуу, ыймандуусун таптымбы, болду.

«ЖУМУШТА...»
– Убакытка так, дайыма жаңы нерсени үйрөнүүгө даяр турган кызматкермин. Мага аткарып жаткан жумушум укмуштуудай рахат алып келет деп айта албайм. Бирок алпаруучулуктан инсан катары калыптанам деген ойдомун. Бул жумушту аркалап калышыма көп адамдар жардам берген. Алардын алгачкысы Нурзат Токтосунова. Ал менин алгачкы устатым. 3-курста окуп жүргөндө Нурзат эжеге жолугуп, теле тармагында иштегим келерин айтсам, ал мени «Достук көпүрөсү» телеберүүсүнө чакырган. Ошентип көгүлтүр экрандан чыга баштагам. Ушуга чейин жалаң түз эфирде иштедим. Бул менин жетишкендигим десем болот. Мындан сырткары шербет чыгарган ишканада сатуу тармагынын жетекчиси болуп эмгектенем. Бул алган билимиме тиешелүү тармак. Ал жерде адамдар менен тил табыша билген, токтоо, жоопкерчиликтүү жигитмин.

«КЕЛЕЧЕКТЕ...»
– Келечекке койгон максаттарым аябай көп. Алардын бири – миллионер болуу. Заңгыраган үй салып, элде жок машина айдаш үчүн эмес. Менин акчага умтулганымдын бир гана себеби бар. Ал студенттердин ой жүгүртүүсүн, билимин өстүрүү. Буюрса, тапкан акчамдын дээрлик бардыгын ошого жумшайм. «Мамлекеттин келечегин көргүң келсе, анын жаш муунуна көз чаптыр» дейт эмеспи. Биздин азыркы муун анчейин чоң үмүттөрдү жаратчудай эмес. Албетте, арасында билим менен адепти тең алып жүргөн мыкты жаштар да бар. Кыскасы, Кыргызстанды өнүктүрүү үчүн болгон күчүмдү жумшоого даярмын. Мекенимден эч жакка кетпейм. Алган билимимдин, тажрыйбамдын пайдасы ата журтума гана тийсе дейм.

Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg


Нурсултан Майназаров: "2 жылдан кийин үйлөнөм"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(35)
SUPER.KG видео
03.08.2013. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ayabay sonun maek boluptur.
SUPER.KG видео
03.08.2013. 17:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эми ар бир адам ар кандай ойдо болот,ар кандай коз карашта болот. Бирок мен учун жакшына эле жигит ар дайым шайыр,алпаруучулукту да мыкты алып барат экен. Мен аны Мейкин Азияда коргом
SUPER.KG видео
03.08.2013. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
молодец эн сонун дагы эле коро албайбызда Нурсултан аалга.ушундай умный жигиттерибиз коопырак болуш керек
SUPER.KG видео
03.08.2013. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
салам достор чындыгында эле билимдуу таланттуу келечектен коптуу умуторндургон жигит экени корунуп турат, а бирок неге эле биз дей бергеен мен десем мактанга жатып калат деп ойлоду окшойт а чынында мен дегенге татыктуу жигит
SUPER.KG видео
03.08.2013. 19:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
мен бул баланы биринчи коруп жатам,коруп,маегин суйлогонун угуп ушунчалык ичим жылыды.ушундай акылдуу,ыймандуу,патриот балдардын кобойуп баратканы мени аябай суйундурот.ал эми жогоруда тушунбой эле короалбастык менен жазылган комментарийлердин ээлери аман эле болгула.
SUPER.KG видео
04.08.2013. 02:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматсын, тилеген тилегине жет!
SUPER.KG видео
04.08.2013. 09:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
maga nursultan ayabai jagat.tamawoudada oz ordu bar.maktanbai ele jakwyna ele suiloptur. suilogon sozdorunon ele baikasak bolot bilimduu yimanduu patriot jigit. oilogon maksatyna jet iwine iygilik.
SUPER.KG видео
04.08.2013. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Токтоо ар бир созду орду менен суйлогон маданияттуу, жашоого, жумушка жана суйууго дагы туруктуу олуттуу мамиле кылган жигит экен, бир гана ийгилик!!!
SUPER.KG видео
05.08.2013. 09:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
azigrun - эскертүү!
Аймактык бөлүү же бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат!
05.08.2013. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага жакты бул бала,алдыга койгон максаты так, туура, ачык. Баары жайында Кыргызстанга ушундай аалма тануусу менен жаштар жетишпей келет сендейлер коп болсун.
05.08.2013. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайда баратканын, эмнеге баратканын так, даана билет. Сүйлөгөн сөзү, ойлогон ою орундуу, бир ашыкча шылкылдап күлгөнүн, обу жок тамашалаганын көргөн эмесмин. Көз тийбесин, ушул калыпта кетсең көп ийгиликти багынтасың.
SUPER.KG видео
05.08.2013. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
абдан акылдуу суйлогондору орду менен. так держать !
SUPER.KG видео
05.08.2013. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кыргыз,орус,англис тилдеринде так жана грамотно суйллогон бала экен,азамат сендей балдар кобойсун.
05.08.2013. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
программаны алып баруусу мага да бир коруп эле жаккан. келечектуу экени байкалып турат. аззамат, ак жол сага!
SUPER.KG видео
05.08.2013. 12:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат жигит экен, сөзү ордунда...
Мындай жигиттерди колдоп жана сыймыктануу гана керек.
SUPER.KG видео
05.08.2013. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тааныбайт экенмин бул жигитти(((.....
Сүйлөп бүтө электе музыканын каттуу, жагымсыз (мен үчүн) ойноп кеткени жаккан жок чынында..
05.08.2013. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай ой жугуртуп, ушундай максатты коздогон жаштар арбыса Кыргызстандын келечеги жаркырайт да калат. Бул мырзадан коп маалымат алса болот экен.
05.08.2013. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Скромный, создун ордун таап суйлогон, келечекке болгон коз карашы жогору жигит экен. Сендей таланттуу инсандарыбыз кобойо берсин.
SUPER.KG видео
06.08.2013. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nona,
Саламатсызбы! Кандай катачылыктар болуп жатат? Мага купуя жазсаңыз карап көрөлү.
SUPER.KG видео
06.08.2013. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
akyluu bala eken.
06.08.2013. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кайсы бактылуу кыз экен ушундай жигитти колго алган молодец бактылуу болсун суйгону менен
07.08.2013. 00:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурсултан байке мыкты адам))))бардык кылган ишинин майын чыгарат)
07.08.2013. 01:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын Нурсултан!!! Ар-дайым бар бол жана бол!!! Тилегине жет!!!
07.08.2013. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озу да жашнакай, мунозу да ылайыктуу экен. Тынч бол иним.
SUPER.KG видео
07.08.2013. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мынча кыргыз калкым коро албаган ,томонго тартып турган адамдарбыщ.Боюн которбой эле бир татынакай, таланттуу,ар бир созун ор орду мн суйлогон жигит экен.Сага ийгиликтерди каалайбыз!
08.08.2013. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Максатынызга жетин, иштеринизге ийгилик.
08.08.2013. 23:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
biwkekte torolso kadamjaidagy dostorun kaidan taanyit tuwunboi kaldym birok molodes maksatyna jet
09.08.2013. 04:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Positive, Kadamjai Semetei turk litseyinde okugan. 6 kl 11kl cheyin. uwul sebeptuu al baldar mn dos
11.08.2013. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстандын келечегин ойлогон сендей азаматтар кобойсун! Максатына жет! Ийгилик сага!
SUPER.KG видео
13.08.2013. 10:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Маек жакшы эле, бирок бул жигиттин Мейкин Азияда орусча тантыраганын эстесем жиним келет,анткени Н.Айтбекова экоонун лажаларынан уялганымдан тв-ны очуруп салгам((((
SUPER.KG видео
14.02.2014. 21:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат Нурсултан ардайым алга!Келечектен копту умуттондургон кыргыздын мыкты жигиттериненсин!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо