«ТАЯКЕМДИН БАЛАСЫН ЖАКТЫРАМ»

№561 2-август-8-август, 2013-ж

– Окууга өткөнүн го өттү, кызыбыз. Эми шаарда кимдикинде жашайт?
– Койчу, кемпир, кайра баштадыңбы баягыңды? Кызым мени тарткан, көрдүңбү, район боюнча эң жогорку балл менен окууга өтүп кетти. А сен болсо кантип жашайт деп жүрөсүң. Шаардагы квартиранттарды кууп чыгам да, кызымды киргизем. Өзүбүздүн үй го акыры.
– Бир нерсе болсо эле ошол эки бөлмөлүү үйүңө жабышасың. Менин бөлөм жашап турса эмне болот эле? Убагында анын жардамын көп эле көргөнбүз. Тар үйгө тамаша болуп кызың да барып алса болбойт, жатаканадан орун таап берем.
– Ээ, билгениңди кылчы. Өзүмдүкүнө өзүм ээ боло албайм...
Атам менен апам окууга өткөнүмө бир кубанса, «Эми кайда жашайт?» деп бири-бири менен тил табыша албай убара тартып калышты. Талашып-тартышып отуруп ЖОЖго барчу күнүм да жакындап калды. Таякем келип «үй өзүңөрдүкү, азыр эки небере менен жеңең экөөбүз элебиз, бир бөлмөнү Кундузга бошотуп даярдап койдук» деп мени алып кетти. Ошентип, апамдын агасы менен чогуу жашап калдым.
Таажеңем таякемдин экинчи жубайы, биринчи аялы оорудан каза болуп калган. Көп жылдан кийин балдары «ушул эже бизге апа болот» деп Райхан жеңебизди алып беришкен. Жеңебиз чын эле жакшы чыкты, таякеме күйүмдүү, анын төрт баласына да мээрим төгүп мамиле жасайт. Өзүнүн бир уул, бир кызы бар экен, биринчи күйөөсү каза болуп калыптыр жол кырсыгынан. Мен окуудан келгиче үйдү зымылдатып коёт, тамак даяр, үй жыйналуу. Өзүмдүн бөлмөмө кирем да, сабак даярдап отура берем. Дем алыш күндөрү кол кабыш кылып, кээде неберелерин бакчадан алышып турам. Ошентсе да таякем «Кундузга жумуш жасатпа, окуусун биринчи орунга койсун» деп турар эле. Жеңем экөөбүз кээде сырдашып калабыз, «сендей келиним болсо кана» деп айтып ийди бир күнү. «Мен жашмын, коюңузчу» деп кутулуп кеттим.
Ошентип, 1-курсту да бүтүп калдым, 2-курста кайра камыр-жумур болуп баягы эле үйдө жашай баштадым. Бир күнү сабактан келсем, кире бериште чоочун бут кийим турат. Конок келген го деп ойлодум.
«Мен келдим, ким бар?» десем ичкериден жооп болбоду. Ашканага кирдим, эч ким жок. Өзүмдүн бөлмөмө кирдим, менин диванымда бирөө жатат, жеңем окшойт, кээде ушинтип жатып алчу чүмкөнүп, таякеме таарынганда.
Жаңы эле ашканадан оозума конфет салып алган элем, кыңылдап ырдап жатып чакап кеттим. Күзгүдөн мени карап турган баланы көрүп бакырып алдым, жүрөгүм түшүп калды.
– Аа-аа!
– Коркпо, сен кимсиң?
– Сен кимсиң деп коёт! Сен кимсиң?
Калтырап турган мени көрүп каткырып алды.
– Кечир, карындаш, катуу чочутуп алдым окшойт.
– Каяктан кирип алдың? Ууру дейин десем окшошпой турасың...
– Ууру? Ха-ха, Райхан эженин баласымын.
– Кайсы Райхан?
– Сага ким болот, жеңең болобу, ошонун баласымын. Таякең болом!
– Менинби?
– И да...
Менин таңыркаганым дале калбады. Эркин менен ушинтип тааныштым. Дароо эле тил табышып кеттик. Бир убакта жеңем келди күйпөлөктөп, «Ай, курсагыңар кантти,
тааныштыңарбы?»
деп. Айтып берсек күлүп эле калышты кыраан каткы түшүп. Эки жыл жашап бир да жолу жеңемдин баласын көргөн эмес экенмин, бир убакта эле пайда боло калганы мага табышмак эле. Эки жумага келгенин айтты, себебин сураган деле жокмун.
– Эй, колунан китеп түшүрбөйт экен да. Сейилдеп мээңди сергитпейсиңби?
Жеңем тамак жасап, мен китеп кармап отургам, Эркин кирип келип мага тийишип калды.
– Сен менин китеп окуганыма эмес, жеңемдин жанында болгонума ичиң тарып жатат!
– Кайдан билдиң?
Эркин күлүп жиберди, ошол замат мен жеңемди кучактап алдым.
– Бул аял меники, экинчи апам! А сен...
– Э, э, тарт колуңду апамдан, меники!
Экөөбүздүн тартышыбызды жеңем жеңип кетти.
– Мен экөөңдүн тең энеңермин!
Эркин абдан шайыр бала экен, ашыкча бир сөз айтсам эле көтөрүп алат да, «азыр ыргытып жиберем» деп коркутат. Ошентип кызыктуу күндөр өтө берди, бир тууган байкем жок болгондуктан, менден бир жаш улуу болгонуна карап байке деп алдым. Чын эле мен аны агамдай көрчүмүн. Эки жумасы да бүтүп, бүгүн кетмек. «Брат, жакшы бар» деп СМС жазып ийсем кайра жооп келди, «кетпейм, карындаш, дагы бир жума жиниңе тием» деген.
Баары ошол СМСтен башталды, ойноп ар кайсыны жазышып отуруп эле бир убакта «Жеңеңди кайненеге айланталыбы?» деген билдирүүсү мени таң калтырды. Эмне деп жооп береримди билбей калдым, жоопсуз калтырдым, ал да үн катпады. Үйгө келдим, бири-бирибизди тиктей албайбыз. Бөлмөмдөн чыкпай отурам, ушул эки жума убакытта эле кантип жакын болуп кеттик? Мен агамдай көрүп баштаганда арзуусун айтып жибербедиби, эми кантем?..
Дагы үч күнгө созулду жеңемдин баласынын биздин үйдө жүрүшү. Мурдагыдай тамашалашпай калдым, тамак ичип отурганда курч каректери менен тиктеп отура берет, кээде какап-чакап кетем, кээде мен да тике карайм көзүнө. Эч сүйлөшпөй калдык, көзү менен гана бир нерселерди түшүндүрөт, мен текеберленем, карагым келбейт. Жаныбыздагылар бизди байкабады, балким, байкаса да эмне кылмак? Үйдөгү кичинекей кыздан конфет бердирди, «жебейм» дедим дароо эле.
– Эркин байкем жесин деди, сыртын ачсын деди эле.
– Э, өзүң жей берчи, жебейм,- десем кичинекей да, томсоро түштү сиңдим. Алдым, «Чупа-Чупсту» эч жегим келбейт, жанымдагы кичинекейдин чогуу жейбиз деп турганын көрүп айла жок жеп отурабыз. Телефондо СМС. «Таарынба мага, кичинекейим, бала мүнөздүүм менин, сага азырынча момпосуй гана жарашат, убакыт келет, шакекке айланат» деп жазып ийиптир. Тимеле мунун мужественныйлыгын карасаң!..
Анткен менен менде деле ага болгон жактыруу сезими пайда болуптур. Аны жашырбайм, ал азыр башка өлкөдө иштеп жүрөт, экөөбүз интернеттен жазышып турабыз. «Жакында барам» деген сайын жүрөк дүкүлдөп жатат...

Кундуз
Жаңыл Калыкова


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  7 
Комментарийлер(71)
06.08.2013. 10:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ehh Suiyu dep Chupa chups Mahabattynardy Jaktyruulardy Achkandai Jurok syrynardy Birge bolsun Suiunor,
06.08.2013. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эми чупа чупстун ичи шакеке айлансын! Дагы деле чупа чупс жесен уятко...
07.08.2013. 02:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
tynar92kg, Экоонун суйуусунун башталышына чупа чупс себепчи болгон экен да. Эми шакеке да себепчи болсун!
06.08.2013. 17:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
апасы менен жакшы экенсин уйлонуп алгыла.азыр кайын эне менен батышпаган келин коп.
06.08.2013. 19:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1

06.08.2013. 19:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эгер колунду сураса, ойлонбой макулдугунду бер, апасы менен да жакшы экенсин, жигитти жактырат экенсин. Бактылуу болгула!
06.08.2013. 23:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баш кошуп алгыла.
06.08.2013. 23:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кызыктуу окуя экен хе хе
06.08.2013. 23:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ар бир адам башынан откон билет аа аны билбегендер суйлой берет,мени дагы атамдын агасынын баласы жакшы коруп калган мен туугандыка салып ага тушундургом
06.08.2013. 23:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Дукулдогонмжеринен сенин
07.08.2013. 00:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ата энен макул болсо,сен да макул де. Болбосо ал жигиттин кийинки жашоосунда озунду ал аялынын ордуна койо берип кыжалат боло бересин. Алыс болсо корбой укпай жашай бересин. Эгер ал суйуун тунук таза болсо
07.08.2013. 02:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Суйуу бул-аруу таза махабат. Мына ошол таза махабатты эскиртпей, арманда калтырбай бийик сактап баш кошуп, бактылуу болгула замандаштар!
07.08.2013. 03:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
суйуу жок эле нерсе болсо керек мен проста эки адам бири бирине жакшы мамиле кылып журуп эле конуп калышат деп ойлойм удачи сага бактылуу бол козун жетсе жашап кеткенге
07.08.2013. 08:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызыктуу экен...Бир кездеги окуяларды эстеп,жылмайып алдым..Эх,ошол күндөр..
07.08.2013. 09:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тан калыштууго негедир ушундай окуяларды коп угуп келтам,шумдук,ушундай,нерселер,да,болот экенда,ээ эх,суйу,суйу.
07.08.2013. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эх суйуу суйуу
07.08.2013. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чын эле сонун мамиле болуп анан суйууго айланыптыр мага жакты озумчо элестетип, кыялданып кеттим.
07.08.2013. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу болунуз!!! Бардык нерсенин оз убагы бар...
07.08.2013. 20:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
suiuu suiuu kimdi gana syzdatpagan
08.08.2013. 04:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бир келген суйууну колдон учурбай кармап калыш керек кийин окунбой.
08.08.2013. 04:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Oh wouw munu okup alip kyrgyzstanga baryp jigittuu bolgum kelip ketti
09.08.2013. 00:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эн сонун окуя экен тим эле окууп жатып ойго батып кеттим озум жургондой элестетип.
09.08.2013. 19:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Salam okurmandar jana avtor.
Ooba kyzyktuu jagy bar, birok, egerde kokustan bash koshup kalsa, baldary tuubasa maiyp je makoo bolup torolot. Bul ilimde duino okumushtuulary tarabynan dalildengen jana ozubuzdo jeti atandy bilesinbi dep surait tuuraby. Katuu aitsam taarynbagyla, achuu chyndyk-akyl dos, dep teren urmattoo menen Baktybek.
09.08.2013. 19:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Baktybek291184, Баланын атасы башка болуп атпайбы?
09.08.2013. 19:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baktybek291184, Булардын эч кандай туугандыгын жок болуп жатпайбы. Эркин жененин биринчи уйоосунон го
09.08.2013. 23:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Salamatsyzdarby urmattuu okurmandar.
Makala rasmii bolgonu menen tak maalymat jok bul jerde. Balkim bolgon okuya korkomdolup, kee bir uchurlar jashyshyldai. Aty jonu jok. Bala enenin ichinde jaralaarda erkekten 23 aiyaldan 23 xromosoma koshulushu abzel. Myndai uchurda bir az je jakyn tuugan bolup kalsa xromosomalar okshosh jerler maiyptykka alyp kelet. AKSH jana Evropa olkolorundo kop uchurlar kezdeshet. Kyrgyzdyn taryxynda jokko ese. Teren urmattoo menen Baktybek.
10.08.2013. 17:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ай-ии кандай соонун! Аягы да жакшы аякталсын, бактылуу болгула демекчимин!
12.08.2013. 00:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ии бактылуу болушсун жакшы окуя экен
13.08.2013. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чынында ушундай чыгармаларды окусам суйууго болгон ишеничим артат да.....
17.08.2013. 22:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
суйуу сезимдери кандай таттуу е
20.08.2013. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн соонун окуя экен, окуп атып тайкемдин баласы менен эн алгачкы таанышкан кунумду эстеп кеттим.биздинда сезимдерибиз эн алгачкы "кудайым ак-жол берип аман-эсен жетип алыгыз" деген смстен башталган.суйлошконубузго буйруса 3 жыл толду, коптогон каршылыктарга карабай, баарын женип келебиз. кудайым буйруса кузундо баш кошкону атабыз биз бактылуубуз. Кундуз сизге да бакыт каалайм
06.09.2013. 10:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ылайым суйуунор очпосун!!!
20.09.2013. 17:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суйуунун кадырына жеткиле кийин арман болот
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо