Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ЧЫРДЫН БАШЫ ЧИСОРА

№561 2-август-8-август, 2013-ж

5-октябрда аншлаг менен өтөрү күтүлүп жаткан Кличко-Поветкин беттешине атаандаштар кандай даярдык көрүп жатышат? Орусиялык Александр Поветкин Кыргызстанда тынч машыгуу сборунда жүрсө, украиналык Владимир Кличко Испанияда чырга аралашты. Тактап айтсак, Испанияда түнкү клубдардын биринде британиялык мушкер Дерек Чисора менен мушташып кетип, клубдун күзөтчүлөрү ажыратып калышкан. Мушташ Чисоранын Владимирдин бетине суу бүрккөнүнөн улам келип чыккан. Европалык басылмаларда көрсөтүлгөндөй, мушкерлердин ортосундагы чырдын түйүнү 2013-жылдын февраль айына барып такалат. Эске салсак, 18-февралда Дерек Чисора Кличколордун улуусу Виталий менен беттешер алдындагы жолугушууда аны жаакка чаап, Владимирдин бетине суу бүрккөн. Бул кылыгы үчүн жаза катары бокс уюмдары Чисораны боксчу лицензиясынан ажыратышкан. Бул маалыматты Владимир Кличко четке кагып: «Мен профессионал боксчу катары рингден сырткары бирөөгө муш көтөрбөйм. Чисоранын «психикалык оорусу» жөнүндө эч нерсе айта албайм»,- деген.
Бокс дүйнөсүндө дагы бир чыр орусиялык Денис Лебедев менен панамалык Гильерме Жонстун ортосунда башталат өңдүү. Эсиңизде болсо, 17-майда бул мушкерлердин беттеши 11 раундга созулуп, орусиялык мушкердин көзү көрбөй калганы үчүн беттеш токтотулган. 41 жаштагы Гильерме Жонстун Денистин бир канча таамай соккуларына туруштук бергени «ал допинг колдонушу мүмкүн» деп шек жараткан. Орусиялык тараптын үмүтү акталып, панамалыктын канынан колдонууга тыюу салынган фуросемид заты табылган. Эгер 5-августка чейин Гильерме Жонс допинг текшерүүдөн өтпөсө, чемпиондук курдан кол жууп калат.

Айбала Эргешов
sport@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(2)
05.08.2013. 11:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
денис лебедев утту эмне учун дегенде гильерме жонс допинг ичип алган анык канча жолу оор оор соккуларды урду денис бирок ал кулаган жок 5 6 раундда накаут болуш керек болчу
08.09.2013. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байкуш Денис боорум ооруп кетти
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо