№561 2-август-8-август, 2013-ж

Марадона жүргөн жерде чырды жолуктуруу кадимки көрүнүш болуп калганын журналисттер жакшы билет. Санап өтсөк, 1994-жылы футболчу өз ишин аткарып жүргөн журналисттерди курал менен коркутуп, бул тентектиги үчүн 2 жылга шарттуу түрдө кесилген. 2010-жылы унаа менен журналисттин бутун тебелетип кетсе, үстүбүздөгү жылдын май айында аны аңдып жүргөн папараццичилерге таш менен чабуул койгон. Быйыл 28-июлда болсо Энрике Медина аттуу сүрөтчү полицияга Марадонанын үстүнөн арыз жазды. Себеби легендарлуу экс-футболчу жана машыктыруучу аны табарсыкка тээп салган. Окуя Марадонанын атасынын үйүнүн жанында, Буэнос-Айресте катталган. Сүрөтчүнүн айтымында, Марадона айып сокку тепчүдөй болуп топко чуркап келип, аны табарсыкка тепкен. 29-июлда Марадонанын жактоочусу жабырлануучуга чалып, жолугуп сүйлөшүүнү сунуштаган. Эмне дейбиз, дон Диего? Бул кадамдарыңыз сизге абийир алып келбейт го...
Айбала Эргешов
sport@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1
1 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |