№561 2-август-8-август, 2013-ж
Кадамжай районунун аймагында жаныбарлардын тиштөөсүнөн жабыркап, медициналык жардамга кайрылгандар көп болууда. Райондук мамлекеттик администрация маалымдагандай, 2013-жылдын 6 айында 364 адамды түрдүү жаныбарлар тиштеп алган. Алардын ичинен ит тиштегендер – 282, мышыктардан – 16, айыл чарба малдарынан жабыркагандар – 44, келемиштен – 13, түлкүдөн – 3, жылкыдан – 2, эшектен 4 адам жабыркаган. Кадамжай райондук ветеринардык башкармалыгынын башчысы Таир Мадимаровдун айтымында, өткөн жумада Бирлик айыл округунун жайлоосунан 1 кой, 1 музоо, Алга айыл округунун Көк-Талаа жайлоосунан 2 бодо малдан кутурма оорусу аныкталган. Бул малдар өлтүрүлүп, көмүлгөн. Кутурган малдар ооруну чөө бөрүлөрүнөн жуктурган.
Бегайым Тажибай кызы
batken@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |