№561 2-август-8-август, 2013-ж

30-июлда Сузак районундагы Үч-Эмчек айылына караштуу 3,5 гектар айдоо аянты өрттөнүп кеткенин ӨКМ билдирет. Ал эми 29-июлда Базар-Коргон районундагы Таш-Булак капчыгайында 7 гектар талаа өрттөнгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери жана келтирилген чыгым такталууда. ӨКМ күндүн кескин ысышына байланыштуу Талас, Лейлек, Аксы, Нарын, Базар-Коргон, Токтогул, Жети-Өгүз райондорундагы токойлордо өрт чыгуу коркунучу жогору экендигин билдирип, жарандарды сак болууга чакырат.
Кенже Тынымбек кызы
jalalabad@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
1 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |