ЭЛ БААТЫРЛАРЫН ЭСКЕРЕ АЛБАЙ КАЛДЫКПЫ?

№561 2-август-8-август, 2013-ж

1999-жылдын август айында Баткен облусуна согушчандар кирип, алар Кыргызстан менен Өзбекстандын Куралдуу күчтөрү менен куралдуу тирешүүгө барышкан. Мына ошол кагылышууда каза тапкан кыргыз аскеринин энеси Дүйшөмбүбү апанын арыз-арманына ортоктош болуп калдым.

Каарманыбыз уулун 19 жашында аскерге жөнөтүп, жыл айланбаган мезгил аралыгында босогосунан жаркылдап кирип келе турган баласын эмес, анын сөөгүн тосуп алган. Андан бери 13 жылдын жүзү болсо да, убакыт дарылабай, күйүт артка чегинүүнүн ордуна Дүйшөмбүбү апаны дарт таякка сүйөптүр. Башында көрүүсү начарлап, кийин жүрөгү ооруп, инсультту башынан өткөрүп, андан ары басыгы да оорлоп калган. Каарманыбызды бейтапканага барып калган күндөрүмдүн биринде жолуктурдум.
– Улан балдарымдын эң сүймөнчүгү эле, жаныбыз бө­төнчө жакын болчу. Кичинесинен «аскерге барам» деп өстү. 1998-жылы аскерге чакырылып, чымыр денелүү жана бойлуу болгондугу үчүн «Скорпион» өзгөчө отрядына кабыл алынды. Аскерге кетип жатканда жүрөгүм жамандыкты сездиби, мен «барбайсың» деп чыктым. Уулум болсо жөнөп берди.
Бир жылдан кийин Баткен согушу башталып калганын угуп, ооруканада жатканыма карабай балама жолугушууга бардым. Ага «командириңе кирейин, сени Баткенге алып кетишпесин» десем, ал адатынча көнбөй койду. Кийин билдим, ошол күндүн эртеси эле Баткенге алып кетишиптир. Күн-түн дебей уулумдун аман-эсен келишин тилейм, жаңылыктарга кулак салам. Бир ай өтпөй уулумдун сөөгүн үйгө алып киришти.
Аскар Акаевдин президенттигинде Баткен окуясында курман болгондордун жакындарынын башын бириктирип, түрдүү иш-чараларга чакырышып, алкыш айтып турушчу. Курманбек Бакиев башкарып турганда да анча-мынча эскерүүлөр өткөрүлүп жатты. Бирок акыркы жылдарда «баткенчилер» таптакыр эле унутта калышты. «Балам мекенин коргойм деп каза тапты эле, эми өкмөт бизге акча берсин» дебейм, антип кимдир бирөөгө деле кайрылган эмесмин, бирок жыл сайын эскерүү иштерин уюштурушуп, ысымдарын атай жүрүшсө, биздин жүрөгүбүз жылып калат беле деген ой... Мага мамлекет берчү эки тыйын уулумдун өлүмүнүн жанында эмнеге арзысын?!
Уланымдын артында туяк калбагандыгы үчүн эл эскере жүрсүн деп, жергиликтүү бийликтен өзү өсүп-чоңойгон көчөсүнө ысымын ыйгарууну сурандым. Чуркап жүрүп, араң дегенде макулдук алдык. Бизге ар бир үйгө уулумдун аты-жөнү жазылчу көчөнүн аталышы менен тамдын номери үчүн тактайча жасаткыла дешти. Иштеп турган муздаткычыбызды буздуруп, жука темирге айтылган тактайчаларды даярдадык. Көчөдө канча үй болсо, ошонун баарына жараша көп жасап алыптырбыз, анткени кийин чечимди чыгарып берген бөлүм «уулуңар 20 эле жашта экен, 20 гана үйгө илгиле» дебеспи. Мунусу бир жөн, көчө кыдырып, үйлөрдүн ар бирине илип чыккандан кийин айрымдары каршы чыгышты. «Көчө эски аталышында калсын» дешип. Кээ бири мээнет кетирип жасаткан тактайчаларды ыргытып да салышты. Элге аябай таарындым.
Кийин уулум окуган мектепке бурч ачтырып, мемориалдык такта жасатууга облус башчысы каражат бөлүп берди. Жыл сайын баламдын туулган күнүндө аз камсыз болгон жана жакшы окугандарга чогулткан пенсиямдан стипендия берем.

«Нарын облустук Баткен согушунун ветерандар союзу» коомдук уюмунун төрагасы КАЛЫГУЛ ЖАКЫПОВ буларды кошумчалады:
– Мен да Баткен согушунун катышуучусумун. Мекенди коргойбуз деп барган жоокерлердин элесин унута албагандар катышуучулар жана алардын ата-энеси менен жакын туугандары гана болуп калды. Азыр «революция жасадык, мамлекетти үй-бүлөлүк башкаруу тузагынан бошоттук» деп же Ак үйдүн тосмосунан аттагандар баатыр болуп чыга келип жатышпайбы. А сырткы душмандар менен салгылашып, өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылган бир кездеги Баткен согушунун катышуучуларын азыр эч ким эстебейт. Алар колуна курал алып согушуп, барымтадагы айылдарды бошотушкан. Баатыр деп ушундай жерлерде кан кечкендерди айтууга болот.
Азыр согуштун катышуучулары жана каза болгондордун туугандары башыбызды бириктирип бир күндү белгилеп, расмий түрдө эскерүү өткөрбөйбүз. 2000-жылы 26-октябрда Баткен операциясы аяктаган деп Бишкекте парад болгон. Ошол күндү азыр ар бир аймак өз алдынча эскерүү күнү кылып, айына бир берилчү 1000 сомдон карматып коюшат. Календардык күндү бекитип бергиле деп бийликке кайрылып эле жатабыз, бирок жооп жок.

Тиешелүү жетекчиликтер бул маселеге көңүл буруп, эске түйүп алар деп үмүт кылабыз.

Гүлжан Асанкожоева
naryn@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(17)
05.08.2013. 09:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
En tuura makala eken uwular BAATYR desek bolot
11.08.2013. 21:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
kg_07, ушуларды батыр кылыш керек ананда каяактагы 7-апрелдегилерди батыр кылышат
05.08.2013. 09:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ооба десенер(((((((((((((((
05.08.2013. 10:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Апрель баатырлары деп мактап жактап миллиондорду берип жатышты эле, кана чыныгы кыргыз элин коргогон эр азаматтарга, булар ичпей чекпей чын журогунон КРны коргошкон..
05.08.2013. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ошол окуяда мендагы болгомун бизди азыр эч ким эскербейт оз мекнинди коргоп жарадар болсон дагы бироосу келип кандайсын деп койгонго жарабайт эмнеге ичин ачышат апрель окуясындагыларга баатыр деген наам берип аларга акчалай сыйлыктарды беришип а бизге мейли эч нерсе бербесин болнону кандайсын деп кабар алып койсо болор эле менде болгону бир удостоверением бар Баткен ардагери деген
05.08.2013. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баткен согушунун катышуучусу аябай жакшы, туура айтыптыр.
05.08.2013. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
биздин жеп жутарларга бийлик алып берсен баатыр болосун!!!
05.08.2013. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бизгеделе бир числону койуп белгилеп берсе болот эле баткенчилер куну деп эмнеси болсо да биз Мекненди коргогонбуз оз кызкчылыгбыз учун согушкан жокбуз биз
05.08.2013. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
baxa1980, брат тушуносун да биздин чондорду,оз кызыкчылыгы учун баарына барышат,а силерди убагында пайдаланып таштап коюшту, бирок эл унутпайт
05.08.2013. 23:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
baxa1980, силерди карарайым эл билет мындан бияка жакшылыктардын усстундо журун
06.08.2013. 09:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул баатырлар болбосо биз азыр ушул жерде отуруп комментари жазып атмак белек? Жакшы жазыптыр...
06.08.2013. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ак уйдун тосмосун ашып отсонор бийлик алып берсенер ой-ой баатыр болосунар. Ошту сактап калгандар эмне дешет болду экен.
06.08.2013. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
acer11, сенин созуно тушунбодум?
07.08.2013. 23:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баткен согушунун катышуучуларына да Афган согушунун ардагерлериндей статус беруу керек.Ушул учурда тиешелуу иштер болууда, бирок бут тоскондор коп болуп жатат.Каршы болгондордун бири Афган ардагерлери...
07.08.2013. 23:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
1999-2000жылдары жолдошум жаны эле 5 жылдык аскердик окууну бутуп,лейтенант болгон учур эле. Службасы согуштан башталды колоннаны согушка узатып,7-8 ай кутуп,жогорудагы апа айткандай жанылыктарды тыншап,анда азыркыдай связь жок,анда-санда частка келген аскерлерден кат-кабарын угуп жургонбуз,кырдаал ошол убакта аябай кооптуу болгон кинодогудай эле.Отогон кызматы учун 900сом айлыгынан башка эч нерсе берилген эмес.
07.08.2013. 23:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жогоруда апа айткандай жылына бир числону белгилеп,курман болгондорду эскеруу иш чаралары корулуп турса болот,унутта калтырбай,ушундай азаматтарыбызды атасак болот"Эл Баатыры"деп антты берип,колуна автоматты алып,элин душмандан коргогон!!!
08.08.2013. 22:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баткен согушунда эли жерин коргогон баатырларга,жана балам деп сыздаган ата-энелерге баш ийип таазим кылабыз! Бийликтегилер унутуп калсада, эл эч качан баатыр уулдарын унутпайт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо