Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«КЫРГЫЗ ЖЕЛЕГИНЕН ТАТУАЖ СУРАНГАНДАР КӨП»

№561 2-август-8-август, 2013-ж

Туризмдин чордону Ысык-Көлдүн жээгинде акча табуунун ар кандай жолун издегендер арбын. Бири таңдан кечке көл жээгин кыдырып жүгөрү, балык сатып акча тапса, экинчиси кайык менен катамарандарды ижарага берип, үчүнчүсү эс алуучулардын денесине сүрөт тартуу менен алек болушат. Туристтердин денесине сүрөт тарткан САМАТ мырза менен ишинин алкагында баарлаштык.

– Самат, бул өнөр менен алектенип калышыңа эмне себеп болду?
– Өзүм Таластын Жоон-Дөбө айылынан болом. Эки жыл мурун Көлгө эс алганы келип, татуировка жасаган балдар менен таанышып калдым. Сүрөт тартуу хоббим болгондуктан, мен дагы денеге сүрөт тартып көрөйүн дедим. Атайын китепчелерди сатып алып, татуировка тууралуу түшүнүк алдым. Анан сезон учурунда көл жээгине келип, туристтерге кызмат көрсөтө баштадым. Бирок мен түбөлүктүү өчпөгөн татуажды эмес, убактылуу гана сакталуучу сүрөт тартам. Денеге убактылуу сүрөт тартуу ар бир адамдын терисине жараша болот. Айрымдардыкы 2 күн гана сакталса, кээ бирөөлөрдүкү бир айга чейин өчпөйт.

– Кандай каражаттарды колдоносуң?
– Кадимки чачка колдонулуучу боёк хнаны колдоном. Ага демделген кызыл чай менен перекись кошуп, экологиялык таза каражат жасайбыз. Бул адамдын денесине эч кандай зыянын тийгизбейт.

– Көбүнчө кайсы улуттун өкүлдөрү кайрылышат жана кандай сүрөт тартууну суранышат?
– Мага кайрылгандардын көп­чү­лүгү орус улутундагылар. Кызыгы, алар өздөрү эле эмес, кичинекей балдарын да ээрчитип келишип, аларга дагы тарттырышат. Кез-кезде афроамерикалыктар, казактар, кыргыздар кайрылышат. Дээрлик бардыгы колуна, моюнуна, бутуна сүрөт түшүрүп берүүнү сурашат. Чыгыш жыл төлгөсү боюнча, туулган жылына карап, ошол жаныбардын сүрөтүн тартып бер дешет. Айымдар гүлдүн сүрөтүн көп тарттырса, мырзалар кылычтын сүрөтүн сурашат. Жадакалса «далыма Кыргызстан деп жазып бер» же «Кыргызстандын желегинин сү­рөтүн түшүр» деген мекенчилдер да четтен чыгат. Анан «түбөлүктүү тартпайсыңбы?» деп сурагандар көп болот.

– Денеге бир сүрөт тартуу үчүн канча убакыт сарпталат?
– Бул нерсе тандалган татунун көлөмүнөн жана сүрөттүн оор-же­ңилинен көз каранды. Эң кичине сүрөттү беш мүнөт тартсам, эң көп убакыт бир саатка созулат. Убактылуу сүрөт тартуу үчүн кардар, болгону, кыймылсыз отуруп берип, сүрөт кургаганча сууга түшпөө керек. Күн ачык болсо 15 мүнөттө, күн бүркөктө жарым саатта кургайт. Бир жолу моюнуна сүрөт тарттырган айым сүрөт кургагыча кыймылдап жиберип, моюнунун баары капкара болуп, тату дагы бузулуп калган. Андай учурларда кардарлар менен түшүнбөстүк, пикир келишпестиктер жаралат.

– Сыр болбосо, баалары кандай?
– Баалары ар бир сүрөттүн дең­гээлине жана көлөмүнө карай бычылат. Көл жээгинде ойноп жүргөн бөбөктөргө арзан эле тартып берем. Негизи, баасы 100 сомдон жогору. Ошондой эле ар бир эс алуучунун келбетине, деңгээлине жараша акча сураарыбызды жашырбайм. Мисалы, туристтер «жакшы тартып бер, мен мынча акча төлөйм» деп өздөрү сунуш кылышат. А биз өз ишибизди аткара беребиз.

– Өзүңдө татуировка барбы?
– Башкаларга татуировка тартканым менен, өзүмдө татуаж болушун каалабайм. Кызыккан деле эмесмин. Мен үчүн бул жумуш катары гана кызыктуу.

– Бир сезондо канча каражат топтоого болот?
– Өткөн жылы жаңы үйрөнчүк болсом дагы, бир сезондо эки миң доллар каражат чогулткам. Быйыл 10 күн ичинде 10 миң сом таптым. Көлгө түшүп эс алуу менен бирге бул иш мага жакшы эле киреше алып келет.

Айзат Анарбекова
karakol@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(20)
05.08.2013. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оо жакшы экен мага жакты телефон номерин калтырып койсо болмок экен барып тарттырат элек
05.08.2013. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кереги жок!
05.08.2013. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
денеге сурот тарттыруу куноо болуп эсептелет!!!!
07.08.2013. 19:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kristiano, henna menen ayal kishi surot tarttyrsa kunoo emes a erkek kishini bilbeim.
05.08.2013. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Maga jelegibizdin surotun tuwurup ber degen jeri jakty..
05.08.2013. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
афроамерикалыктар кайсы жагына тартырат, кара териге кара боек менен тартуу эн жонокой болсо керек ээ...?
05.08.2013. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Атасынын баласы, аларга ак боек колдонот окшойт,,
05.08.2013. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кыргызстандын желегини тартат бекен?
05.08.2013. 21:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
smoke,ооба аяш аба баарыны тартат экен,,,
05.08.2013. 17:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
татуаж башка татуировка башка нерселер го?? татуаж кашты жасоо же жаныртуу болуш керек????
09.08.2013. 20:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
detective, Саламатсызбы!
Татуировканын түрү болот:
1. Түбөлүк - пигмент ийненин жардамы менен теринин алдына куюлуп, сүрөт тартылат ;
2. "Менди" - хна териге кисти менен тартылат;
3. Косметикалык (татуаж) - пигмент эпидермистин үстүнкү катмарына куюлат, убакыт өткөн сайын ал пигментти теринин клеткалары эритип жиберет.
05.08.2013. 23:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
биз бул денебизди пракатка алганбыз кайра таза алып барабыз
07.08.2013. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Татуаж боёоо татуировка денени чукуп очпос сурот бирок куноо экен го мен да кыйалданчу элем ,
07.08.2013. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кызык...
08.08.2013. 04:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен да жакшы кором бирок Алладан корком куноо.
08.08.2013. 17:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кудай берген дене,келбет, сулуулукту эле барктап, кам коруп алалычы.Сулуу эмес адам жок, озун карай албаган адамдар бар
19.08.2013. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jonokoi_myrza, Аллах Таала куранда айткан "лакод холакнал инсаана фии ахсани таквиим " Котормосу "Биз инсанды кооз суротто жараттык" Сура Ат-Тин 95:4!
11.08.2013. 08:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Рубл курсу которулупур жакшы хаха
19.08.2013. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Самат мырзанын ишине ийгилик демекчимин!
10.09.2014. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
туболуктуу татуировка тарттыган болбойт ал куноо болсо керекю ал эми убактылуу татудан эч нерсе блбосо керек. менда ату тартканды уйронгум келет. Кантип уйронсок болот. уйумдо тату суроттор бар кичине тартып коргом, бирок алып кете алган жокмун...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо