ТАГДЫР ОЮНУ-3

№562 9-август-15-август, 2013-ж

(Башталышы өткөн сандарда)

Кирпиктерим бири-бирине чапталып калгансып араң ачтым. Биринчи эле көзүмө илингени Аскат болду, коркуп алыптыр. «Коркпо, мен жакшы элемин» дегим келди, бирок эриндерим эпке келбейт. Анан атам менен апам! Кайрадан караңгылыктын кучагында калдым. Кудай сактаптыр, бул кырсыктан Аскат эч нерсе болгон жок, менин бутум сынып, мээм чайкалыптыр. Аскат ооруканага күндө келип, мени менен бир топко отуруп сүйлөшүп кетет.
– Кудай сактады!- деди ал куду чоң энемдей жылуулап жаап.
– Кудай чо-оң сактады!- дедим мен дагы чоң энемдин сөзүн туурап.
Экөөбүз тең күлүп жибердик. Аскат желкесин кашып, башын бир уруп алды. Билип турам, кыжалат болуп, өзүн күнөөлөп жанын коёрго жер таппай жатат.
– Эч нерсе болбойт, көрөсүң го, мен тез эле айыгам.
– Биринчи жолу жүрөгүм түшүп, коркуп кеттим, сен бир нерсе болсоң эмне болмок? Экинчи эч качан мындай жорукка барбайбыз. Бардыгынан да атамдын үнсүз тиктеши жанга батып кетти. Күнөөлөп жатканын билип турам да, андан көрө кыйкырып урушуп алса жеңилдеп калмакмын. Жок, ооз ачып койбоду. Ага караганда чоң энем желкеден ары бир койду. Анан мени күнөөм үчүн сүргүнгө айдаша турганын бүгүн билдим.
– Кайда?
– Апамдыкына. Эртең менен апаң кыйкырып жатканын уктум. «Уулуңду жибер, Данекти окуусунан да алагды кылат, билесиң го ал кандай жакшы окуйт, мунуңду ээрчисе ал дагы окуусунан калат. Апасына жөнөт!» деп кыйкырып жаткан. Кыскасы, мурунку «фронттордой» эле «мен же уулуң» деген талапты койду. Атам унчукпады, демек, мени айдаары турган иш.
Ындыным өчүп калды. Өзүмдү колго алып, араң сурадым.
– Жок дегенде мен ооруканадан чыкканча кетпейсиңби?
– Жок, сени өзүм ооруканадан чыгарып, бутуң жакшы басып калгандан кийин кетем.
Үйгө барарым менен Аскат кетип каларын ойлогонумда таптакыр ооруканадан чыкпай жатып алгым келет. Бирок айла жок. Ошентип, ошол окуу жылы бүткөндөн кийин Аскат апасыныкына жөнөп кетти. Апасы Казакстанда жашачу. Алар мен билгенден дайым чет өлкөлөрдө жашап жүрүштү. Алгач Түркияда, кийин Казакстанга көчүп келишкен. Мурун Аскаттын апасынын күйөөсүнүн ден соолугу начарлыгынан улам алар чет өлкөдө жашайт деп ойлочумун. Бирок байкашымча кеп башкада. Атам экөөбүз Аскатты аэропортко чейин узатып бардык. Экөөбүз тең ичибиз бөксөрүп, таарынышкан адамдардай үн катпай келдик. Айрыкча мен...
Мурун эле көп сүйлөбөгөн жаным Аскат кеткенден кийин такыр түнт адамга айландым. Жан дүйнөмдөгү будуң-чаңды, түшүнүксүз ойлорду эч ким билбегени түзүк. «Тукумуң өскүр, көзүң мынча муңдуу, эл катары күлүп жүрчү, кызым. Азыр сенин жаркылдап эле күлүп жүрчү убагың. Жапан өскөн эликтей болуп жалгыздыкка эле качасың» деп чоң энем күңкүлдөп калат.
Жапан өскөн эликтей болуп... Ооба, мен ушундай чоңойдум. Кайгымды, кубанычымды да ичке катканды, тиштенип чыдаганды, жакшы көргөн адамыңды тынымсыз күтүүнү кичинемден үйрөндүм. Зарыгып күтүүдөгү эки жыл өттү! Бүтүрүүчү класста атам тынымсыз чалып, кыйнап жатып Аскатты үйгө алып келди. Куду кубаныч ичиме толуп кеткендей аптыгам да, күзгүгө чуркап барам. Албырган эки бетиме колумду тийгизем да, өзүмдөн өзүм жылмайып алам. Уфф, убакыттын жылбай калганы, ай!
Аэропорттон салмактуу баскан Аскат бизди көздөй келе жатты. Биринчи атам жетип кучактап калды. Бооруна кысып, далыга таптап, деги коё берчүдөй эмес. Анан чоң энем өпкүлөп айланып-кагылып жатты. Мага кезек келгенче тыбырап кеттим. Ал баарынан бошонуп мага кадам таштады да, дел боло туруп калды.
– Данек?! Сен ушунчалык өзгөрүп кетипсиң го? Чоң эне, чын эле бул биздин ыйлаак кызыбызбы? Мына сага, тфү, тфү, көз тийбесин...
Күлүп сүйлөп жатканы менен оңтойсуз абалда. Ушундай учурда кашын сүрткүлөп туруп калмайы бар.
– Аскат!
Чыдай албай кучагына бой урдум. Көкүрөгүнө башымды жөлөп, жытынан искеп жаттым. Атүгүл жытын да сагынган экем.
– Данегиң сени катуу сагынды,- деди чоң энем.
– Мен дагы. Мен дагы силерди катуу сагындым. Эми эч кайда кетпейм.
Андан бери канча жыл өттү, ушуга чейин мени кучактап турган бекем колдорду сезем, ал сөздөр али кулагымда...

Ххх

Мен негизи толук бактылуу болуу үчүн төрөлбөсөм керек. Аскат келип дүнүйөм түгөл болуп турганда чоң энем катуу ооруп калды. Күнү-түнү жанындамын. Атам канчалаган доктурга кайрылса да, жардам бере алышпады. Өз өлүмүн күтүп жаткан чоң энемдин абалын көргүм келбейт, бирок жанынан да чыга албайм. Капысынан чоң энемдин бөлмөсүнө бара жатып, анын атам менен апамды урушуп жатканын уктум. Өзүмдүн атым чыгып жатканы үчүн токтой, кулак салып калдым.
– Убалдан корккула, экөөң тең бечара кыздын милдетин, тагдырын мойнуңарга алгансыңар. Мен силерден муну күткөн жок элем, ушу кыз силердин үй-бүлөңөрдүн бактысы болсун, колуңарды бириктирсин дегем. Кана мен ойлогондой болсо... Кайсы бир учурда ал чындыкты билиши керек. Эртең башкадан укпасын, баланын жүрөгү ооруп, ишеничи сынбасын. Өзү да көпөлөктөй назик кыз.
– Апа, макул, сен айткандай болот,- деди атам.
Уккан кулагыма ишенгим келбеди. Бул сөздөрдүн маанисин түшүнгүм келбесе да, көңүлүмө күдүк түшүп калды. Чоң энем эмнени айткысы келди экен? Кайсы чындыкты билишим керек?
Ошондон кийин врачтар анын үстүнө кирүүгө тыюу салышты. Бир күнү атам Аскат экөөбүздү бөлмөгө алып кирди да, «Чоң энеңер менен коштошуп алгыла» деди.
Эрди кеберсип араң эле жаткан экен, маңдайында турган бизди көпкө карап туруп, атама бир нерсени өтүнгөндөй тигилди.
– Апа, кабатыр болбо, аткарам!- деди атам.
Ошентип, менин дүйнөмдө эң чоң орунду ээлеген адам кете берди. Дүйнөдө чоң эне дегендин болгону бакыт тура! Анын өлүмүнөн кийин көкүрөгүмдүн бир бурчу аңгырады да калды. Рахмат сага, мээрман адам, сен болбосоң мен кандай адам болуп чоңоёт элем?! Жаман менен жакшыны, ак менен караны чоң энемдин кептеринен улам туйгам. Дирилдеп эки колум менен кулагымды жаап алып ыйлап жаткан мени кимдир бирөө кучагына тартты. Аскат экен. Бактысыз эки наристеге мээрим берген чоң энебизди жоктоп экөөбүз тең ыйлап жаттык. Бизди эч ким кой дебеди, баары кайсы бир иштер менен алек эле. Чарчаганда өзүбүз токтодук.
– Аскат, чоң энем мага тиешелүү кандайдыр бир сыр тууралуу айтты. Сен билесиңби?
– Жок, эмне сыр экен?
– «Данекке айтышыңар керек» деди. Билбейм...- ары жагын айтуудан коркуп турдум.
Аскат мени аялуу карап алды. Бир нерсе айткысы келгендей эрдин таптап барып токтоду. Тек саамайымдан сылап койду.
– Сен али кичинекейсиң, аны таптакыр мээңден чыгарып сал. Унут, эч кандай сыр жок, болгон да эмес.
Чоң энемдин эңшерип кеткен бөксөсүн толтургусу келдиби Аскат мага ушул күндөрдөн баштап өтө жакын боло баштады. «Данек, кандайсың, эч жериң оорубайбы, эмне жегиң келет?» Кээде анын ашыкча мээримдүүлүгүнө күлкүм келип, канчага чейин чыдаар экен деп жүрдүм. Келгенден бери өзү да тынч ала элек. Короо-жайды, бак-шакты иретке келтирип, чоң энем экөөбүздүкү деген алмаларды тиреп чыкты. Бардыгынан да ошол алмадан бир этек терип келип алып, экөөбүз ортого коюп каалашыбызча жегенибиз ырахат. Экөөбүз сүйлөшпөгөн тема да калбай калат. Ошентип отуруп сөздүн учугу Айымга келип такалды.
– Баса, Айым кандай жүрөт?
Жүрөгүмө кимдир бирөө ийне менен сайып жибергендей тыз дей түштү. Оозумдагы алмамды да түкүрүп жибердим.
– Эмне болду?
– Жегим келбей калды.
– Аны айтпай элемин, эмнеге Айым десем эле мурчуюп калдың? Ал башка жигит таап алдыбы?

(Уландысы кийинки санда)


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Башка сандарда:
ТАГДЫР ОЮНУ 451-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 452-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 453-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 454-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 455-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 456-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 457-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 458-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 459-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 460-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 461-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 462-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 463-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 464-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 465-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 466-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 467-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 468-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 469-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 470-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 471-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 472-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 473-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 474-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 475-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 476-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 477-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 478-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 479-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 480-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 481-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 482-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 483-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 484-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 485-сан
ТАГДЫР ОЮНУ (сандан санга) 486-сан
ТАГДЫР ОЮНУ (сандан санга) 487-сан
ТАГДЫР ОЮНУ (сандан санга) 488-сан
ТАГДЫР ОЮНУ (сандан санга) 489-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 (жаңы сериал) 508-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 (сандан санга) 509-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 510-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 511-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 512-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 513-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 (сандан санга) 514-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 515-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 516-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 517-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 518-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 519-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 520-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 521-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 522-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 523-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 524-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 525-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 526-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 527-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 528-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 529-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 530-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 (жаңы сериал) 557-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 558-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 559-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 560-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 561-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 563-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 564-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 565-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 566-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 567-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 568-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 569-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 570-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 571-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 572-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 573-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 574-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 575-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 576-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 577-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 578-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 579-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 580-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 581-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 582-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 583-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 584-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 585-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 586-сан
Комментарийлер(29)
12.08.2013. 09:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коп коптон эле жазгылачы
12.08.2013. 09:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
дагы бир жумааааааа!
12.08.2013. 10:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Китеп эле кылып чыгаргылачы сураныч,адамды журок оруу кыла турган болдуноргооо...
12.08.2013. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Eehhh, juroguuuum. !
12.08.2013. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байкуштар десе!!!
12.08.2013. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
өтө берилип кеттим бул чыгармага.эң негизгиси Аскат мн Данек бирге болсо экен
12.08.2013. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
журогум орукчан болотгоо
12.08.2013. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эми образга кирип окуп калганда тугонуп калганы жаман болтат да
17.08.2013. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ah kandai keremet jazylgan.jazuuchuga dank
12.08.2013. 17:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
дайыма ыйлап жатып окуйм ,жакшы жазылган ,уфф кобуроок жазгылачы
12.08.2013. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Danektin tartkan azaptari u4un,Kudai Askat menen syilasa eken emi?!!
12.08.2013. 18:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кооооообурааак жазгылаачыы эээййй
12.08.2013. 19:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куто берип коздорум торт болдуго
12.08.2013. 20:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байкушум иии Данек ... Аскат гетпесе экен... Бирге калышса экен...
12.08.2013. 22:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Dj__1ove, албетте бирге болот, ошол учун бул "чыгарма"
13.08.2013. 01:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ыйлатат да, ыйлатат
13.08.2013. 02:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кызыктуу жеринен бутуп калат да "постиянно"коптон еле жазгылачы сураныч
13.08.2013. 03:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аскат өзу Данекти сүйөбү? Мен түшүнбөй жатырым...
13.08.2013. 03:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Chygarma jazganda koozdoibu? Je jawoodo da uwundai suiu barby?. Mulyndai keremet suiu kele elekpi je bizge?.
13.08.2013. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мындай суйуу албетте бар!!!!
13.08.2013. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мм дагы кутуу.
14.08.2013. 00:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Albette myndai suiuu bar jashoodo.Sezimderdi adamdyn juroguno jetkire jazylgan mykty chygarma
14.08.2013. 18:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Албетте Мелис Мырзакматов! Бул инсан тарыхта из калтыра турган иштерди жасады,Кыргызстанга ушундай озунун ишин билген билимдуу адамдар керек!Ордолуу ошубуз кандай кыйроолорго учурады бардыгын бардыгын тушундуруу иштери менен аткарып келе жатат . Бул кишигедайыма чон рахмат .
18.08.2013. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aitowka2013, Комментин адашып башка жакка тушуп калыптыр
15.08.2013. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай кызык жерине келди го деп окуп келе жатасм бутуп калды.Сураныч кобураак жазыныздарчы.
15.08.2013. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
окуган сайын ушул окуя мени менен болгон сыяктанат да, ушундай толкундоо менен кутудомун уландысын!
15.08.2013. 22:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу окурмандар. Мен Суперди телефондон окуйм. Бирок бул чыгарманын акыркысын 3 жума мурун окудум. Андан бери эми окуп жатам. Кандай кылсам окуй алам. Суперге кайра кайра кирем темасы чыкпайт.
16.08.2013. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aidana91,
Саламатсызбы! Сериалдын астында башка сандары көрсөтүлгөн ошол жерден тандап, окуй берсеңиз болот)))
18.08.2013. 17:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
уландысы качан чыгат .Чыдамсыздык менен кутомун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо