Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Айчүрөк Иманалиева:«БАЛАМДЫ КУЧАКТАП КӨЧӨДӨ ДА КАЛГАМ»

№562 9-август-15-август, 2013-ж

Элинин эрке ырчысы, балдарынын мээримдүү энеси, жолдошунун жаркылдаган жары, «Супер-Инфонун» тандоосу боюнча «Заманыбыздын супер ырчысы» наамынын ээси Айчүрөк Иманалиеваны ар тараптан ачып берүүнү туура көрдүк. Ырчы айым ашканада кандай кожойке? Балдарына кандай тарбия берет? Жашоосунда канча жолу сүйүүгө кабылган? Бул суроолорго жоопту макаладан издеңиз.

АШКАНА...
– Кичинемден эле зээндүү кыз болгонумду апам айтып калчу. Айыл жергесинде төрөлүп-өскөндүктөн, ашканага 5-6 жашымдан эле аралашкам. Ал эми тамак-ашты баштан-аяк өзүм жасап кожойкелик кылуу турмушка чыккандан кийин башталды.
Эгер ырчы болбосом, ашпозчу болсом керек эле. Анткени ашканада 99 пайыз мыктылыгымды дайыма далилдеп келем. Бирок бир кемчилигим бар. Палоону канча аракет кылсам да баса албайм. Бир жолкусунда суусу көп болуп ботко болсо, кийинкисинде күрүчүм бүкүлү болуп бышпай калат.
Эсимде, бир жылы кышкы салатты көп жаап салыптырмын. Санасам 300 банка болуп кетиптир. Бир кыш түгөтө албай, экинчи кышта да жегенбиз.

ЭНЕ...
– Балдарым – менин бактым, жыргалым, жашоомдун маңызы. Арген 24тө, Арлен 14, Аэлита 8де. Келин күтчү маал деле жакындап калды. Баламды үйлөн дебейм. Өзү «отуз жашка чукулдап калганда үйлөнөм» дегендей кылып жүрөт.
Балдарымдан чарчабайм, алардан болгону ырахат алам деп айта албайм. Кичинесинин кичине, чоңунун чоң маселелери болот. Балдардын түйшүгүнөн чарчаган да күндөр болгон. Бирок алардын мотурайган жүздөрү, күлкүлөрү менин кыйналганымды жууп кетер эле.
Балдарымды кичинесинде кээде тентектик кылганда май куйруктарына чаап-чаап тарбиялап койчумун. Азыр эми чоңоюп калышты, кол көтөрө албайм. Кээде түшүнбөстүк болуп кетсе, сүйлөбөй таарынып калмайым бар. Сүйүнсөм да ыйлап алам. Аэлита пианинодо ойнойт. Отуруп алып этюд ойноп, жакшы сөздөрдү сүйлөсө, жүрөгүм элжиреп ыйлап жиберем.
Жолдошумдун ачуусу чукул, балдарыма көп учурда үнүн катуу чыгарып сүйлөп коёт. Андайда мен «кой антпе, минтишиң керек болчу. Атаң туура айтат» деп баарын жайгарганга аракет кылам.
Айрым ата-энелер «тигинин баласын карачы» деп балдарына тарбия беришет. Мен балдарыма эч качан бирөөнүн баласын салыштырбайм. Ар бир бала бири-бирине окшобогон өзүнчө адам.
Аргенди 19 жашымда төрөдүм. Жаш, жашоодон өз ордумду таба элек кезим. Гастролдорго көп чыгып жүрүп, ага толук кандуу көңүл бура албадым окшойт. Гастролго кеткенимде Аргенди сиңдилерим карап калчу.

СҮЙҮҮ...
– Сүйүүгө туруктуумун. Жолдошум Таалай менен жашаганыма 21 жыл болду. Ооба, Таалай экинчи никем, жашырбайм. Аргендин атасы Такен менден 18 жаш улуу болчу. Ал киши балетмейстер эле, бизге сабак берчү. Анын талантын сыйлап, бийлегенине кызыгып жүрүп менде ага сезим пайда болгон.
Тирүү адамда сүйүү болуп турган жакшы да. Кээ бири бат, анан көп, айрымдар аз жана саз сүйөт экен.
Таалай менден 5 жаш кичүү. Экөөбүз таанышканда телеканалдардын биринде алдыңкы алып баруучулардын бири болчу. Узун плащты кийип, тамекини тиштеп, өзүнчө эле «мачо» эле. «Үйлөнө элек жигит болсо, менин бир балам бар» деп сүйүүмдөн чегине баштаган болчумун. Бирок Таалай үйлөнөбүз деп такыр болбой туруп алган.
Азыр деле жылуу сөздөрүн арнаган агаларым-инилерим бар. Алар менен чектен ашпай сүйлөшүп турам. Жолдошум деле телефон чалган кыздар менен сүйлөшүп коёт. Бирок экөөбүз тең абийир менен иш кылабыз.

ШАКИРТ...
– Ойлоп көрсөм, менин көп убактым, акчам, нервим ырчы болом деген жаш кыздарды тарбиялоого кетчү экен. Шакирттерди тарбиялоодо ой-максатым абдан таза, бийик болчу. Бала менен отурганча сахнадан четтеп 4-5 жыл эс алсамбы, менин колдоом менен шакирттерим иштеп турса деп аябай көңүлдөнүп алгам, бирок катуу жаңылышкан экем.
Акыркы учурда өзүмдүн келбетиме, чыгармачылыгыма толук көңүл бура баштадым. Аэлитам да, буюрса, аз убакыттан кийин ырдап чыгат. Кызым сахнага чыккыча өзүм ырдап турайын деген ойдомун.

ГАРДЕРОБ...
– Аты чыгып калган адамдардын айрымдары базарга баргандан уялышат. Оокат кылгандын мен үчүн уяты жок. Ата-энем чоң кызматта иштеп, элдин канын соруп саман-саман акча таппаса же жолдошум жеке ишкер болбосо, мен деле акчамды үнөмдөйм. Мен деле балдарыма сапаттуу, бирок арзан кийим алгым келет. Кээде базарга 3 күн катары менен барып кийим алам.
Көргөндөр билсе керек, бир кезде кепканы баса кийип калган элем. Ал кезде Арленим да, Аэлитам да кичинекей. Жардам берген эч ким жок, жумушумдун көптүгүнөн чачымды караганга убактым жок болчу. Бетимди боёп, кепканы баса кийип жөнөп калчумун. Балдарым чоңоюп, азыр кепка кийбей калдым.
Бирөө жарым менен окшош кийингенди жаман көрөм, айрыкча сахналаштарым менен. Сахнада кием деп тиктирген 2-3 формам бирөөлөрдүкүнө окшошуп калып бир кийилген боюнча гардеробдо илинип турат. Ал эми күнүмдүк кийилчү көйнөктөрүмө окшошторду көчөдөн көрсөм, ага маани деле бербейм.

САХНА...
– Айрымдар «Айчүрөктү Такен агай чыгарган» дешет. Менин элге таанылышыма анын эч кандай тиешеси жок. Эгер ал жардам берсе, жардам берди деп эле ачык айтмакмын. Ал, тескерисинче, «Кызыл гүл», «Роза гүлү» деген ырларым чыга баштаганда «ырдабайсың, чыкпайсың, үйдө отур» деп бут тоскон. Баламды кучактап үйгө кире албай көчөдө калган күндөрүм да болгон. «Чыкпайсың» деп кол көтөрө баштаганда Жаштар театрынын артисттери автобус менен көчүрүп кетишкен. Анда ошол театрда иштечү элем. Ал кишинин көзү өтүп кетти. Эгерде жардам берсе, андай болгон эмес деп четке кагуу мен үчүн чоң күнөө болмок.
Мени опера ырчысы болсо дегенде ата-энемдин эки көзү төрт эле. Алардын ой-максаттарын жүзөгө ашырайын деген ойдо ырчы катары таанылыш үчүн болгон күчүмдү жумшадым. Өзүм жалгыз көгөрүп ыр жаздырып, керектүү адамдарды таап клип тарттырып, чуркап жүрүп ак эмгегим менен сахнага чыктым. Ошол кезде ыр жазып берген акын, композитор, аранжировкачы агаларыма ыраазымын.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg


“Балерина болсом деп самачумун”

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(65)
13.08.2013. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаш курагы откон сайын жонокойлонуп бараткансыйт, бул нерсени жакшы деп ойлойм.Бирок сахнадагы кийинуу стилин озгортсо жакшы эле болмок.
13.08.2013. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
парих кийип алганбы? жакшы маек болуптур)))
13.08.2013. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айчүрөк эже, мен менин ата-энем да сизди аябая жакшы көрөбүз. Сиз кандай кыйналсаңызда баарын билгизбей, өзүңүзда чөкпөй келесиз азаматсыз. Сиздин талантыңызга баа берем жана сыймыктанам.Ушунуңуздан жазбай жүрө бериңиз.Бактылуу болуңуз, бар болунуз ардайым
13.08.2013. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баарн ачык айтып бериптир. Таланты ташкндай берсин балдарынын сый урматын корсун
13.08.2013. 18:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Колуна татуировка тарттырып алганбы?
13.08.2013. 19:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай жакшы кором. талантын баалайм. Бар болунуз!
13.08.2013. 19:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айчурок Эже бар болунуз! Уй булонуз менен бактылуу болунуз, суйуктуу жубай,мээримдуу эне жана жузунуз сулуу аялзатысыз! Жонокой, жагымдуу жан дуйнонуздун тазалыгын ачып берген сонун интервью болуптур..дайыма талыкпай эмгектенип, жаны чыгармаларды кыргыз элиме тартуулай бериниз..
13.08.2013. 20:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эже дайыма чыгармачылык изденуу менен жаны ыр,клиптерди тынбай тартуулап келет,бул эженин эмгекчилдигинен кабар берет, башка ырчыларга окшоп чыгармачылыгы "уктап калган" жок. Атыныз затынызга жарашкан абдан ажарлуу айымсыз! 90-жылдардын мегажылдызы болсонуз,азыр андан да чоон Жылдызсыз!
SUPER.KG видео
13.08.2013. 20:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
урматтуу Debi ал кыздын айнура экенин сиз кана билесиз анткени чогуу ушул сыныка келгенсинер, бирок жанбаши жалпак плоская экен деп албай айнура отуп кеткен. примадонна деген атка конуш учун жонокой элге ак эмгек отош керек, гран-прилерди убагында Бегалиев председатель жюри болуп отурганда алган, заслуганы дагы. эр экен чиркин ал бийлик кеткенде бул бийликтен шректи кармады. Эралиева Шакеева ондулор эл артистин ала электе, шрек мырза алып берди.
13.08.2013. 21:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ачык-айкын маек болуптур.
14.08.2013. 01:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аэлита жылдыздуу,сулуу кыз болуптур.Бактыныздарга коз тийбесин.
14.08.2013. 18:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чон уулу Арген такыр корунбой калды да, бир кезде Анжелика мн чоогуу сахнага чыгып калчу беле???
14.08.2013. 19:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага аябай жакты жакшы маек куруп бериптир
SUPER.KG видео
14.08.2013. 21:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
менимче debi базарбаев жонундо эмес гулнур эженин бегалиев менен мамилеси. анан чын эле кайсы жерде болбосун бегалиев отурган жерде гулнур эжекебиз гран-прилерди, заслугаларды алып журбодубу. мисалы иссык-колдо, шабытта. анан кийинки бийликте деп жайтпайбы. шрек акебиз менен мамилесин баарыбыз билебиз да. Рыспай Абдыкадыров агайыбыздын эл артисти наамы жок ошондуктан гулнур эжеге соз жок. ???
SUPER.KG видео
14.08.2013. 21:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
айчурок эжекенин иштермандыгын баалайм. чын эле оз куч менен баардыгына жетти. "сизге арнадым ушул суйумду", "Комузчу", "Жалжалым","Кызыл гул", "Роза гулу", "Козумду суйдум, озунду суйдум" кандай сонун ырлар. Бир соз менен айтканда Айчурок биздин примадонна.
14.08.2013. 21:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Маегиниз абдан жакты. Аэлитаныз аябай сулуу болуп чоноет окшойт. Коз тийбесин.Абдан татынакай уй-було экенсиздер. Талыкпай иштей бериниз кыргыз эстрадасын примадоннасы.
14.08.2013. 22:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аябагандай эмгекчил, таза иштеген ырчы, уч баласы бар экен. кантип баарына жетишет тангалам? "Кыргызыстан, алга","Ай, ошол жаштык кайда" деген ырлары ото жагат. Айчурок айым нукура кыргыз чурогу.
SUPER.KG видео
14.08.2013. 22:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Кыргыз эстрадасынын примадоннасы Айчурок айым эч талыкпай дагы жаны ыр, клиптеринизди тартуулай бериниз. Уй-булонузго бакыт каалайм. Абдан кучтуу эрктуу экенсиз. Мен сиздин "Кыргызыстан алга" жаштык кайда деген ырларынызды суйуп угам. ит уро берет кербен журо берет.
14.08.2013. 23:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айчурок айымды бекеринен эстрада элитасы дебейт да.Бактылуу болунуз,биз сизди сыйлайбыз!
15.08.2013. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
парик кийсе, кирпик тагынса эмне экен, ал элдин козундогу ырчы да.Ушунчалык томон тушпой эле койбойсунарбы.
16.08.2013. 08:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
meerkan52,
айтпа,
кумурсканы доо кылып эмне кереги бар десен
15.08.2013. 12:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айчурок эже сизге бакыт каалайм балдарыныздын жакшылыгын корун ар дайым чырайыныздан кетпей журо берин
SUPER.KG видео
16.08.2013. 09:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айчурок эже мен сизди аябагандай урматтайм. бейиштин тору деген ырынызга клибиниз качан чыгат. Бактылуу болунуз. Сиз суперсиз.
16.08.2013. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болсун! НО мага бир да ыры жакпайт, ырдабай эле койсо болмок. Бут ырлары ужасный!!!!!!!
16.08.2013. 23:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
3 балам бар дегенинен Анжелика кызы эмеспи?
17.08.2013. 02:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чыгырмачылык ийгилик.уй булолук бакыт каалайм))
18.08.2013. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага да аябай жагып калды уй-булоого туруктуу экен азаматсыз иштеринизге ийгиликтер толо берсин!Тилегинизге жетип кыздуу болуп алыныз!
SUPER.KG видео
21.08.2013. 01:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
зачем она парик одела?

SUPER.KG видео
23.11.2013. 17:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооба баарыбыз убагында жактырып уккан ырчыбыз а бирок парик кийип татуировка бастырып накладной ресница койуп бир укмуш бойонуп келип алыптырго. Ойсок корунуп калат экенБерген интервьюсуна соз жок
SUPER.KG видео
09.12.2013. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
достор мага эле ошондой сезилдиби же?!,,vanykyrgyz айчурок эже озу эмеспи?элестеткиле!вахаха..эженин озун ото эле жасалма алып жургону жакпады!?а так ар кимибиз колубуздан келген ишти кылыбыз да.эже ырдайт биз отуруп алып коммент жазабыз.башка иш калбай калгансып...
13.12.2013. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айчурок эже ото эрктуу,кучтуу аял деп эсептеймин.Канчалаган бут тосуулар,ушак айын кептер болсо да,сынган жок.Жолдошунун да колдоосу куч берип тургандай.Ар бир ырчынын куйорманы,угарманы бар эмеспи.Кимге жакпаса укпай эле,корбой эле койсун.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо