Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Кылым карыткан Бегайым эне:«ЭЧЕН ЗАМАН КӨРДҮМ, АЗЫРКЫДАН ӨТӨРҮ ЖОК»

№562 9-август-15-август, 2013-ж

Ош шаарынын Озгур айылы. Тапчанда 103кө толгон Бегайым энени тегеректеп уул-кыз, келин-күйөөлөрү отурушат. Үйдүн короосу толо неберечөбөрөлөр. Кылым
карыткан эне менен болгон маегибизге уул-кыздары да аралашып, тамашалай сүйлөп, шаңдуу үй-бүлө экенин көрсөтүштү.

– Бегайым эне, абалыңыз жакшыбы?
– Жакшы, айланайын. Мени тартайын деп келипсиң да, рахмат, балам.

– Эне, канча жаштасыз?
– 1910-жылы өрүк гүлдөгөн маалда туулган экенмин. Быйыл 103кө толдум.

– Чоң үй-бүлө куруптурсуз, канча балаңыз бар?
– Беш уул, үч кызым бар эле, бир уулум 30 жашка чыкканда көз жумду. 24 небере, 55 чөбөрөм бар эле, кечээ дагы бирөө төрөлүп, 56 болду. Кыбыраларымдан азырынча үчөө. Абышкам эрте каза болуп, балдарымды жалгыз чоңойттум.

– Жаштыгыңыз кандай өттү?
– Оорукта иштеп, кетмен чаап, орок оруп эле өттү. Улуу балам боюмда кезде абышкам согушка кеткен. Аман келип калсын деп уулума Амангелди деген ат койгонбуз. Колдогу бала менен күнү-түнү орок оруп, кетмен чаап иштеп, план толтурсак бир нан алып, аны балдарга бөлүп берчүбүз. Кызым, көрбөгөнүбүз калган жок, көпчүлүгү эсимден да чыгып кетти. Чоң казанга атала бышырып, иштеп жаткандарга бөлүп беришер эле. Тилегенибиздей абышкам аман келди, бирок ок тийип жарадар болгон экен, ооруп жүрдү. Абышкам келгенден кийин жети балалуу болдук. Тун уулубузду үйлөнтүп, үч неберелүү болгон соң абышкам дүйнө салды. Улуу келиним Лайлинин келгенине быйыл 50 жыл болот. Кеңешчим да, акылдашым да болуп жүрүп баарын үйлөнтүп, мына эми чоң үй-бүлө болуп калдык.

– Канча пенсия аласыз, эмнеге иштетесиз аны?
– Лайли, каякка кеттиң?- деп келинин издеп калды эне.

Лайли эже, келини:
– Энем 4000 сом пенсия алат, андан сырткары да кошумчалары бар. Энем аны тиричиликке жумшайт.

Бегайым эне:
– Туура, канчага чейин балдарым, кыздарым, келиндерим деп жүрө берем? Булардын да өз тирчиликтери бар, кыз берип, келин алып, небере көрүп калышкан. Мен кичүү уулумдун баласы мененмин. Майрамдарда шаар жетекчилиги белектерди берип, куттуктап кетишет. Ага да ыраазы болуп отуруп калам. Балдарды багып койгон экем, бул кызымдан, тиги кызымдан кийим кийип, урмат-сый көрүп жатам.

– Азыр деле кайраттуу экенсиз, эч жериңиз оорубайбы?
– Буту-колум ооруйт. Бирок күн-түн эгин эгип, сугатта иштесек да ооруп жатып калбадык. Жаш кезибизде ооруп калам деген оюбуз да жок эле, бирок карылык экен, тал чиригендей эле чиридим го.

– Канча падышанын нанын жедиңиз, кимисинин наны таттуу болду?
– Сталин, Хрущёв, Брежнев дегендердин доорунда кыйын күндөрдөн өттүм. Таттуу жашоо – азыркы учур. Эчен заман көрдүм, азыркыдан өтөрү жок. Баары мол, эмне издесең табасың. Тапканыңдын, эмгегиңдин баары өзүңдүкү. Бала-чакаң айланаңда жүрөт.

– Бегайым эне, көпкө жашаш үчүн эмне кылыш керек, кандай кеңеш бересиз?
– Келиндеримдин баары жакшы чыкты. Бешөө беш жагымдан талап турса качан эле өлүп калмакмын (күлүп). Көп кыймылдасаң ден соолукка пайда деген туура деп ойлоп калам. Жаш кезде тынбай иштегенибиздин арты көп жашаганыбыз менен кайтып жатат окшойт.

– Кызыктуу маек куруп бергениңизге рахмат, ден соолукта болуңуз!

Уулбү Каныбекова
osh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(15)
12.08.2013. 10:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Орук гулдогон маалда)))) оорубаныз энеке, уул кыздарыныздын торундо аман болунуз
12.08.2013. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кандай бактылуулук чын эле азыркы заман жакшы да эркин жашайсын мурда ссср маалында тартип катуу болгон ошол деле жакшы эле бир жагынан
12.08.2013. 13:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Топчанбы, тапчанбы? Кыргызчасы кандай болот? Биз "сору(орук дегендей, о,у), сери" дейбиз. Айрымдар 'керебет' дешет экен.
12.08.2013. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aijan, тапчан, сөрү деген варианттары туура го. Керебет башка, кадимки кровать.
13.08.2013. 05:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мына үлгү алат турган кишилер ушул болот! бар болунуз апа!
13.08.2013. 09:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Эу Лаааайли" деп чакырса керек чынында:))
13.08.2013. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандай суктанаарлык уй було...
13.08.2013. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менин жердешим болот Бегайым чон эне! Чындыгында бул адамдар согуштун каардуу кундору менен алышып сабыр кылып жашашты го! Омурунузду берсин чон эне оорубаныз!
13.08.2013. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
дагы 103 жыл жашаныз. оорубай журунуз кудай колдосун сизди!
14.08.2013. 18:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым сизге дагы ден соолук берсин!Уул,кыз,небере,чебере,кыбыраларыныздын тойлорунда уйдун торундо олтуруп журо бериниз Эне, бар болунуз!!!
14.08.2013. 18:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин энеме окшош екен
15.08.2013. 00:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жараткан Аллаа омур,ден соолук берем десе ушундай экенда туугандар.Жаштын тилегин берет дейт Аллаа,ошон учун бизда азыртадан ак эмгек кылып жараткан Аллаага ибаадат кылыш керек момун мусулман бир туугандар!
17.08.2013. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандай жакшы ынтымактуу уй було коз тийбесин, элибизде тыншчылык болуп сиздей чон энелерибиз торубуздун корку болунуздар, мен да чон энемди эстеп кеттим козумдон жашым агып, ар дайым бар болунуз!
17.08.2013. 20:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ынтымактуу улгу ала турган уй було экен ден соолук сизге дагы коп коп балдарыныздын жакшылыгын корун))
24.09.2013. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оорубай тынч болунуз
,
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо