«НАСТЯ УШУНУ МЕНЕН 5-ИРЕТ ҮЙҮНӨН КАЧЫП ОТУРАТ»

№562 9-август-15-август, 2013-ж

Бишкек шаарында да Анастасия Хрулькова аттуу 11 жаштагы кыз жоголуп, жарым айдан кийин табылды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Свердлов РИИБинин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн оперкызматкери МЕДЕР КУТТУБАЕВ төмөнкүлөрдү билдирди:
– Анастасия Хрулькова 11 жашта, атасы жок, апасы жана чоң апасы менен жашайт. Ал буга чейин да бир нече ирет жоголгон. Алгач үстүбүздөгү жылдын 1-январында апасы «кызым жоголуп кетти» деп арыз жазып, 2 күндөн кийин көчөдөн табылган. Профилактика жүргүзүү учурунда Настя «ойногону үйдөн чыгып, коркконуман келбей койдум» деп түшүндүргөн. 17-мартта апасы «кызым жоголду, таап бергиле» деп дагы арыз жазган. Бир жумадан соң ал Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБинин кызматкерлери тарабынан «Ататүрк» эс алуу багынан табылып, балдар приёмнигине өткөрүлгөн. Ал жакта Настя 2 жума жаткан. Бул убакыт ичинде анын кийинки тагдыры боюнча комиссия түзүлүп, өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмүнө берилген. Бирок эч кандай чечим кабыл алынбай калган да, кайрадан апасына өткөрүлгөн.
Ал эми бул жолкусунда апасы «кызым дагы жоголду» деп 15-июлда арыз менен кайрылган. Апасынын айтымында, Анастасия мурда да бир нече ирет үйүнөн качып кетип жүргөн. «Бул жолкусунда 2 жума жок болгондугуна байланыштуу милицияга кайрылдым» деп түшүндүрдү. Биз массалык маалымат каражаттары аркылуу издеп, көчөлөргө да сүрөттөрүн илгенбиз. Элдерден «бул эс алуу багында жүрөт, тиги жерде жүрөт» деген маалыматтар түшүп баштаган. Бирок айткан жерлерге барып тапкан эмеспиз. 31-июлда мага бирөө телефон чалып, «ЦУМдун жанынан көрдүм» деп билдирди. Ошол эле учурда ал энесине да чалыптыр. Биз барган учурда энеси келип калды.
Кыз «кайдан тамак ичип, кайда жатып жүрдүң?» деген суроолорубузга «элдерден сурап тамак ичип, ар кайсы көп кабаттуу үйлөрдүн подъезддеринде, көчөдө жатып жүрдүм» деп жооп берди. «Эмне үчүн үйдөн качасың?» деп сурасак, айтпай койду. Мугалимдеринин айтымында, ал «сабакка кеттим» деп үйүнөн чыгып, бирок сабакка келчү эмес. Апасы ичимдик ичпейт, жетишерлик турмушта жашайт. Кыздын мүнөзү ушундай экен, энеси кызын психиатрга алып барып көрсөтөм деп билдирди. Учурда кыз энесинин колунда.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(14)
12.08.2013. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызык кызгооо тобааа
12.08.2013. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оз уйунон дагы качабы
12.08.2013. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sebebi bolso kerek.psihikalyk jaktan jabyrkagan, je uyundo tushunuu menen kabyl alyshpait.jetisheerlik jashoo degen finansylyk jaktan ele jetishtuu bolgonu emes da.Kop uy bulolordun ushintip janylat.Balamdy akcha menen kamsyzdap jatam,demek jetishtuu chonoyup jatat dep.Bala tushunuugo,syrdashuuga,moraldyk koldoogo muktaj ekenin koptor oyloboyt
12.08.2013. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
дагы эле качып кете берет болуш керек
12.08.2013. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оо кокуй кочодон корсонор аябай коркутуп койсонор:-)
13.08.2013. 01:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Укмушгоо,,,11 жашында ушинтсе тобоо
13.08.2013. 01:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уйдон качкан психический ооруга да кирип кетет.Бир тааныш эженин да баласы уйунон кача берчу.Психологго коргозду,псих болницага да жаткырды.Азыр анысы калды.Lilokoo айткандай бала да мээримге,жумшак созго,мактоо создорго муктаж.
13.08.2013. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
таштандыга таш тийбейт бироонун чырактай кыздарын 3 4 жашында уйунон зоордуктап кетип атышпайбы
13.08.2013. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
и тооба...
13.08.2013. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Психологиялык жактан жабыр тарткан кыз окшойт, жетишээрлик оокаттан соо адам качпайт. Апасы да кызык экен, биринчи жолу уйдон чыгып кеткенден кийин эле чара корсо болмок, бир канча ирет качкандан сон ойлонбой.
13.08.2013. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаш эле туруп побег кылса эртен бул кыздан жакшы адам чыкпайт гомындай боло берсе
13.08.2013. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тобоо кылдым. Себеби бардыр мындай кылганына же оюна келгенин кыла берген оорусу бардыр. Апасы кобуроок конул болуп, жолун табыш керек. Бей капар жургонуно тан калдым эки жумадан бери жок деп.
14.08.2013. 23:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эгер уй-булодогу атмосфера жакшы болсо эмнеге качмак эле, же болбосо бир мандемдуу кыз.
17.08.2013. 01:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мениче уйундо жетишеерлик мээрим жок го дейм апасы кам корбойбу кандай адам оз кызын ойлобогон))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо