СТУДЕНТ КЕЗДЕГИ КЫЗЫКТАР

№562 9-август-15-август, 2013-ж

Студенттик кезден өткөн соң ал күндөргө кайра бара албашыбыз анык. Бирок китепти баш көтөрбөй окуу, кызыктуу окуяларды эстөө менен артка бир кылчайып алууга болот. Атактуулар да артта калган студенттик күндөрүнө саякат жасап, баян куруп беришти.

Арзыбек Бедияров:«ОН БӨТӨЛКӨ ШАРАПКА УТУЛГАМ»
– 1973-жыл. Жалал-Абаддагы медициналык окуу жайында 2-курста окуп жаткан убагым. Группалаш балдар менен облустук ооруканага практикага жөнөп калдык. Тайыр деген жигит экөөбүз жанаша баратканбыз. Бизди көздөй бир кыз келе жаткан. Тайыр жөн турбай «Жаныбызга келгенде бетинен өпсөм, шарап алып бересиңби?» деди. Аны мындайга бара албайт деп ойлоп, макул болдум. Бир убакта тиги кыз биздин тушубузга келгенде группалашым аны кучактап туруп жүзүнөн эмес, оозунан өөп, 5 секунддай туруп алса болобу! Баарыбыз кыраан-каткы түштүк. Байкуш кыз эч нерсеге түшүнбөй оозун ачып эле туруп калды. Биз бир топ узаганда гана эсине келип, ызырынып ыйлап, Тайырды сөккөн боюнча кала берди.
Ошентип 10 бөтөлкө шарапка утулгам. Муну эстегенде «жаш кезде ойлонбой жасалган иш» деп бирде өкүнсөм, бирде ууртумда жылмаюу пайда болот.

 


Эльзар Өскөнбаева:«КОШУНАБЫЗДЫН КИЙИМИНЕ ЖАРМА ТӨГҮП...»
– Искусство институтунун жатаканасында 4 кыз болуп жашачубуз. Төртөөбүз тең нарындык болгондуктан, дайыма жарма жасап иччүбүз. Жатаканада «бөлмөдө электр плитасын колдонууга болбойт» деген талап бар эле. Биз ага болбой балконго чыгарып алып жашырынып колдончубуз. Ошондой күндөрдүн биринде кайнап жаткан жармабызды аралаштырбай койгон экенбиз, ташып кетип жатпайбы. Биз 3-кабатта турчубуз. Ылдыйкы кабатта жашаган эже кийимдерин жаңы эле жууп жайып койгон экен, анысы балжырап эле жатып калды. Балконго төгүлгөн жарманы жууп, шек алдырбай отуруп калдык. Бир маалда кошунабыз кыйкырып кирип келди. «Эже, биз көптөн бери жарма жасай элекпиз» деп аны ишендирип жатсак, казанды жууганы кеткен курбум келип «кечирип коюңузчу, экинчи кайталанбайт» деп калпыбызды чыгарган.


Дилшат Кангелдиева:«ОКУУ ЖАЙДАН КУУЛУП КАЛА ЖАЗДАГАМ»
– Студенттик күндөрүм жатаканадагы кызыктар менен коштолду. Чогуу жашаган группалашым абдан шок кыз эле. Бир күнү ал сабактан келип, бөлмөбүздө антеннасы жок эски радиобуз бар болчу, ошону иштетем деп калды. «Коридордо узун зым турат, бөлмөгө киргизип, радиого улайм» деп болбойт. Ошондо коркконумду айтпа, «токко урунса эмне болот...» деп. Зымды киргизип, радиого улады же аныбыз иштесечи?!
Бир топ убакыт өткөндөн кийин жатакана ызы-чуу түшүп эле калды. Бөлмөдөн атып чыксак, комендант менен ректор ачууланып келатышат. Көрсө, ал зым жатаканадагы телефондордуку экен да. Биздин жоругубуздун айынан байланыш үзүлүп, ректор эмне болгонун териштиргени келиптир. Мен группанын старостасы элем, түшүндүрүп жатсам, «Кангелдиева, тыкылдаба. Эртеңден баштап окуу жайдан сени көрбөйүн» деп мени өчүргөн. Бирок алдыңкы студенттердин бири болгондуктан, кайра «окууңду улант» деп уруксат берген.

Камчы Сарыбаев:«АВТОБУСТУ ӨРТТӨП САЛА ЖАЗДАГАМ»
– Бир жолу группалаштар чогулуп туулган күнгө бармай болдук. Чөнтөгүбүздө бир тыйыныбыз жок, акчабыздын баарына белек-бечкек алып койгонбуз. Ал убакта шаарда чоң сары автобустар каттачу, студенттик билет менен 1 сом төлөчүбүз. Кечки саат 10дор чамасында баягы автобуска түшүп туулган күн ээсинин үйүн көздөй жөнөдүк. «Жол кире жок эмне кылабыз?» деп бири-бирибиз менен шыбырашып, коркуп баратабыз. Түшө турган аялдамага да жакындап калдык. Андайда жөн отура албаган жаным тынчсыздана баштадым. Анан группалашымдын бет аарчысына помадасынан сүйкөп, ширеңке менен күйгүзүп, автобустун артына ыргытып койдум. Бет аарчы түтөй баштаган кезде айдоочуга «автобус өрттөнүп жатат» деп калп эле кыйкырып кирсек, ал чочуп кетип эшиктердин баарын ачып салып жатпайбы. Анан баарыбыз тапырап түшүп, качып кеткенбиз. Байкуш айдоочу муштумун түйүп, кыйкырган бойдон кала берген.

Алишер Тоотаев:«КОНДУКТОРДУ АЛДАП, АКЧА ӨНДҮРГӨНБҮЗ»
– Ош шаарында Ниязалы атындагы Музыкалык окуу жайда билим алгам. Досум экөөбүз экзаменден жаңы эле чыкканбыз, курсагыбыз ачка. Бир нерсе сатып жейли десек, чөнтөктө жел ойнойт. Досум бардан жок кылган шуулдаган жигит болчу. «Жүрү, базарга барып курсак тойгузуп келели» деди. Мен таң калып «аа, менден каткан акчасы бар окшойт» деп ойлоп, ээрчип алдым. Экөөбүз троллейбуска отурдук. Ал кезде жол кире 2 сом болчу. Бир маалда кондуктор жаныбызга келип «ну-ка, ребята, билет возьмите» десе, досум кебелбей туруп «биз жаңы эле 100 сом бербедикпи» деп койду. Кондуктор билбей калдыбы, үн катпай эле бизге 96 сом кайрып берип койду. Мен болсо коркконумдан көзүм алайып эле отуруп бериптирмин. «Калп айтып жатат» десем деле болмок экен, азыр ойлосом. Ошентип, досумдун «табышкерлигинен» экөөбүздүн эле эмес, группадагы балдардын баарынын курсагы тойгон.

 

 

 

Султан Садыралиев:«ДОС КЫЗДАРГА УЯТ БОЛГОМ»
– Студенттик күндөрүм кызыктуу окуяларга бай өттү. Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство институтунда 2-курста окуп жаткан кезим болчу. Жатаканада Мирбек Иманбеков экөөбүз жашачу элек. Сабакты окуганга да, достор менен көңүл ачканга да жетишчүбүз. Күндөрдүн биринде Мирбек экөөбүз дос кыздарды конокко чакырдык. Аларды ээрчитип алып кудуңдап жатаканага кирип баратсак, вахтёрша киргизбей койду. Анткени кыздар башка университетте окушчу. Бөлмөбүз 2-кабатта болгондуктан, ары ойлонуп, бери ойлонуп жатып, акыры балкондон киргизмей болдук. Оюбуз ишке ашты. Бирок вахтёрша бизди көрүп калганбы же бирөө айтып койгонбу, бөлмөбүзгө ачуулана кирип келип эле бизди урушуп, кыздарды «Уятыңар жок!» деп сөгүп, чакадагы бир жумадан бери чогулган таштандыны баштарынан ылдый төгүп, кууп чыккан. Кыздар бизге аябай таарынышты. Биз болсо алардын көңүлүн алуу үчүн шоколад алып берип, түнү бою сыртта жүргөнбүз.

Асел Асанова
star@super.kg


Студент кездеги кызыктар

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(32)
SUPER.KG видео
10.08.2013. 02:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
камчы чыныгы талант
SUPER.KG видео
10.08.2013. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
туура айтасыз чынгыз байке!
SUPER.KG видео
10.08.2013. 21:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Вай азамаат кайсы сулуу отуп кетти А.Тоотаевдин алдынан?
SUPER.KG видео
10.08.2013. 21:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тоотаев красавчик го ыя)))
SUPER.KG видео
10.08.2013. 23:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
биздин элита ушуларбы э (каныкейден башкасы, аны м-н сыймыктанабыз)? карап туруп жерге кирип кеттим, элдин алдыда жүргөндөр ушулар болсо элибизди айтпай эле коюш керек!
SUPER.KG видео
11.08.2013. 01:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тоотаев деген ырчы барбы? Ушундай да эл адамы болобу, мурдун тартып, колдорун кырсылдатып..... деги койгулачы....
SUPER.KG видео
11.08.2013. 02:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ketsinizm loginin ozuno tuura kelet okwoit e4 kimdi jaktirbai
SUPER.KG видео
11.08.2013. 20:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Камчыныкы кызык экен баарынан ))). Сатыбековдуку чон кылмышка жакындап эле кала жаздаптыр го. Жок дегенде мантышницаны жон эле берип коюшпайт беле. Каныкей боёксуз абдан жагымдуу экен, суйлогону да жагымдуу боло тушот экен.
SUPER.KG видео
12.08.2013. 04:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каныкей на якутку/китаянку похожа:)
A тигил кызылчан байке вообще тачкистей Ошский базардан:))
12.08.2013. 09:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен дагы студентик кезде дос кыздарды терезеден жатаканага киргизип жатсам, эшиктин алдында бир киши жатакананын эшигин ургулуп туруптур. ал байкушту да, терезеден киргизип жиберейин деп киресизби десем кирбей койгон, корсо ал коменданттын куйоосу экен да. Эртеси куну мени жатаканадан айдап чыккан.
12.08.2013. 10:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кайран гана студентик кун,бир жолу кайрылып барсам кана жок дегенде 10эле кунго.
13.08.2013. 17:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
alenka, 10 кунго эмес бир кунго кайрылсак гана
12.08.2013. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
биз дагы 2007-2008 политехтин жатаканасында жашачу элек, Каныкей коридордон да ырдап эле журо берчу, анда тааныла элек кези анан биз тан калчубуз кандай кыз бул эч тартынбай ырдап журо берет, сонун ырдайт деп. бир эки жолу вахтадан да коруп аябай сылыктыгын байкагам. Вахтершалар менен аябай жылуу учурашып анан кайра ырдап кете берчу.
12.08.2013. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
E.e.e biz kyzyktardy emi korobuz"
12.08.2013. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Султан, Элзар, Мирбектерге замандаш болуп, мен да жатаканада жашап калдым, Султан бир топ эле тентек болчу, бирок ал тентектигине копчулугунун деле жини келчу эмес анткени аябай эле жакшы, боорукер, тамашакой студенттерден эле. Султан гитарасын алып ырдаганда айланасында бир топ эл дароо чогулуп калат элек, азыркыга караганда уну ошондо жакшыраактай сезиле берет. Кызыктуу кылыктарынын бири, бир жолу каридор ызы чуу болуп калды, корсо Султан менен Мирбек чон кара куртту (жоргомуч) ыргытып кыздар
12.08.2013. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ды коркутуп жыргаватышыптыр. Кийин Султан озгоргон жок ошол бойдон адамгерчиликтуу бойдон калды, азыр да корушкон жерден учурашып турат, а Мирбек болсо асмандан тушконсуп боюн которуп калган.
12.08.2013. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биз достор менен консерваторинын жатаканасынан балкондон ары бери откон адамдарга суу чачып далай элди кууратканбыз
12.08.2013. 17:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандай сонун кундор артта калды эх чиркин стиденттик кундорум азыр эстесем жылмайуу менен эстейм анткени баары кызык, баары сонун. Кана эле кайра кайрылып келсе. Кызыктардын кайсы бирин жазыштыда билбейсин толтура...
SUPER.KG видео
13.08.2013. 06:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
туура, кошулам создоруно. Негизи эле Кыргызстанда ырчылар азыр иттерден да коп.
Ар ким озун ырчы сезет го.
Ырчылардын 97% эптеп септеп эле ырдашат. 99% нин клиптери - лажа, колхозный уровень.
Аны уялбай дагы теледен коргозуп,
Модератор admin_media түзөттү 13.08.2013 09:55
SUPER.KG видео
13.08.2013. 09:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bzkgn, sasa84, maugli, Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
14.08.2013. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ee guljigit tamagin go jedin tabagin emnege irgitasing uyat da ushul. oshol manti jasagan kizdi taap kechirim surap koy.
14.08.2013. 19:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
математика сабагы эле. эжекебиз эшикке чыгып кетти. артынан 2-3 кыз да чыгышты. мен аларды тамашалайын деп эшикти каттуу туртуп алдым. бир аздан кийин эшикти бироо ачканга аракет кылып турто баштады.мен болсо кучумдун болшунча унумдун болушунча каткырып эшиктегини кое бербей жатам. бир аздан кийин эшикти туртулбой калды. акырн эшикти ачып карасам кыздар эмей эле эжебиз экен. эх студенттик кундор бирде чон адамдай, бирде жаш баладай гана болдук го....
16.08.2013. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ха-ха-ха
18.08.2013. 00:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
vaaaaaaaaaaaaai kandaai mazzzaaaaa ee studentik kundoooooor, men emile buttum, biz da kiyin wyntip kalabyzgo ee
18.08.2013. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Студенттик кез, кайрылып келбес, омурундогу окунучсуз кез, эстесен эстен кеткис кез...
жашоондун бир болугу, жаштыгындын нак озу,
SUPER.KG видео
21.10.2013. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чындап эле Каныкей без макияжа симпотичная экен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо