№562 9-август-15-август, 2013-ж
Бишкек шаарынын 135 жылдыгына карата «Спартак» стадионунда чоң фестиваль болгону турат. Тактап айтканда, «Мен бийчимин» эл аралык фестивалы 12-14-сентябрь күндөрү өткөрүлөт. Кыргыз жергесинде экинчи жолу өткөрүлө турган фестивалдын башында укмуштуудай бийлер менен Чехия-Словакияны багынткан мекендешибиз Атай Өмүрзаков турарын айтпасак да билесиз. Алдын ала белгиленгендей, сынакка 20га жакын өлкөнүн бийчилери катышат. Бюджети 300 000 долларга чейин деп болжолдонууда. Калыстар тобунун мүчөлөрү өткөн жылдын жеңүүчүлөрү болмокчу. Ошондой эле бул фестивалга конок катары британиялык белгилүү ырчы Крейг Дэвид чакырылган. Мындан сырткары уюштуруучулар концертте Хундай Соната унаасын ойноторун айтышты. Унаа утуп алгыңыз келсе, фестивалга билет сатып алыңыз. Балким, бакыт сизге жылмаяр.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |