№562 9-август-15-август, 2013-ж
Ар бир адамдын түрдүү кызыкчылыктары бар. Бирөөлөр дүйнө кезгенди жактырса, айрымдар ар кандай буюм-тайымдарды чогултууну адат кылышат. Буюмдарды коллекциялагандардын катарын актриса, ырчы Гүлнур Асанова да толуктайт.
«3 ЖЫЛДАН БЕРИ КОМУЗ ЧОГУЛТАМ»
– Мен бир эле эмес, бир нече буюмдарды коллекциялап келем. Алардын бири – комуз. Чогултканыма 3 жыл болуп калды. Учурда топтомумда 12 комуз бар. Экөө азыр оңдолууда, бирөөсү дайыма машинамда жүрөт. Арасында Курманбек Бакиев белек кылган комуз да бар. Булардын ичинен эң өзгөчөсү – домбра-комуз. Бет жагы домбрага окшош, көлөмү да чоң, бирок аркасы жалпак чабылган кадимки комуздай. Бир жолу Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин чакыруусу менен казак жергесине барып калдым. Ошол домбра комузумду алып алган элем. Ырдап бүткөнүмдөн кийин ал «сен домбра черттиңби?» деп сурап калды. «Жок» деп колумдагы комузумду көрсөтсөм, «ким ойлоп тапса да, мыкты идея экен» деп суктанган.
Негизи, комуздарымдын дээрлик баарын Орзубай деген уста чабат. Ал мага эле эмес, кыргыздын көрүнүктүү комузчуларына да чаап берет.
Буларга өзгөчө деле кам көрбөйм. Чаңын сүрткөнүм гана болбосо, ашыкча көзөмөлдү деле талап кылышпайт. Эң башкысы, ар бирин убагы менен чертип, күүгө салып турганды унутпайм. Антпесем, кийин күүгө келбей кыйнашат.
«ЧЕТ ӨЛКӨДӨН МАГНИТСИЗ КАЙТПАЙМ»
– Комуздан сырткары муздаткычка жабыштырылуучу магниттерди чогултуу да адатым. Чет өлкөлөргө чыккан сайын мындай магнитсиз кайтпайм. Көпчүлүгү Түркия, Франция жана АКШдан алынып келингендер. Үч жыл ичинде 34 даана чогултупмун. Кыргызстандын герби түшүрүлгөнү бар эле, анымды бирөө көтөрүп кетиптир. Аябай ыза болдум. Булардын ар биринин өзүнчө тарыхы бар. Мисалы, Техас штатынын желеги чагылдырылган магнитти кыйынчылык менен алгам. Кыргызбыз да, алам деген күнү арзанын издеп жүрө берип ала албай калдым. Кайтарымда маанайым жок отурсам, Сайра эже (Момунбаева) «сага эмне болду?» деп сурап калды. Ага магнит албай калганымды айтсам, «жүрү, мен да алышым керек» деп жөнөп калды. Учакка отургузуу башталып калган. Экөөбүз аэропортто магнит издеп жүрөбүз. Акыры таап, сатып алып, жаным тынчыган. Кичинекей градусниги бар. Сатып аларда анысы иштесе керек деп ойлогом. Бирок жайы-кышы 60 градусту көрсөтүп тура берет го (күлүп).
Каарманыбыз булардан сырткары мектеп босогосун аттагандан берки алган дипломдорун, мактоо баракчаларын жана улуттук стилде жасалган күмүш зер буюмдарын да сактайт. «Дипломдорумдун баары керебетимдин тушунда, сыйлуу жайда сакталып турат. Арасында чет элдик сынактардан алгандарым да бар. Ар кечте бул сыйлыктарымды көрүп, кылган аракетимдин, эмгегимдин жемиши деп сүйүнүп алам. Ал эми топтогон күмүш зер буюмдардын саны азырынча аз. Буюрса, бул буюмдарды өмүрүмдүн аягына чейин коллекциялайм. Булардын андан кийинки тагдыры эмне болорун көрө жатарбыз» деп күлдү Гүлнур Асанова.
Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
stan bolota..h
Саламатсызбы! Кыргызча Казакстан болуп жазылат.