КАРАКОЛДО БИР КҮНДӨ СЕГИЗ ЖУП БАШ КОШТУ

№562 9-август-15-август, 2013-ж

Үстүбүздөгү жылдын 2-августунда Ысык-Көл облусунда сегиз түгөйдүн үйлөнүү үлпөтү бирге өттү.
Күндүн күнөөкөрлөрү бул жолу экөө эмес, он алты болгону менен айырмаланды. «Кыргызстан – бекем жана бактылуу үй-бүлөлөрдүн өлкөсү» деген ураан менен «Куттуу коломто» долбоору демилге көтөрүп, жаштарга той өткөрүп беришти.
Кыз-күйөөлөр кооздолуп жасалгаланган автобус менен Каракол шаарын айланып, сейил бакта жайгашкан эстеликтерге гүлчамбар коюшту. Бул тойду уюштурган «Куттуу коломто» долбоорунун жетекчиси БАКЫТ ЮСУПОВ:
– Азыр жаштар арасында ажырашуулар көбөйүп бара жатат. Ала качуу же кимдир бирөөнүн кысымы менен үйлөнгөндөр четтен табылат. Ошол себептен «Куттуу коломто» долбоорун ойлоп таап, ишке киргиздик. Май айында жалпы Ысык-Көл облусу боюнча сынак жарыялаганбыз. Алгач үйлөнүүнү каалаган жаштардын бирөөсүнүн ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чек­телүү болгондорду кабыл алсакпы дегенбиз. Бирок кийин ал оюбуздан кайттык. Башкы талаптар үй­лө­нүүнү каалаган кыз-жигиттин жаш курагы 18-35 жашка чейин болуп, эки тараптын ата-энелеринин макулдугу керек болчу. Сынак толук бир ай жүргүзүлүп, 18 жуп долбоорго катышууга арыз беришкен. Үч ай убакыт иштеп, 2 ай атайын жаштарга «Өкүнүчсүз нике» деген аталыштагы курс өткөрүлдү. Тажрыйбалуу адистер жаштарга аял менен эркектин ролу, үй-бүлөдө кирешени ким таап, ким сарпташы керек, сүйүү деген эмне, жашоодо романтика керекпи деген өңдүү бир катар суроолордун тегерегинде сабак өтүштү.
Жалпысынан бизге 18 жуп кайрылса, алардын ичинен азыр сегизи гана баш кошууда. Кээ бир ата-энелер түшүнүп-түшүнбөй же жаш курагы туура келбей, акырында сегиз жуп менен иштедик. 2-ав­густта аларга үйлөнүү тоюн уюштуруп бердик. Тойго Кара­кол шаардык администрациясы, де­мөөрчүлөр, уюштуруучулар жана үйлөнүп жаткандардын ата-эне, туугандары болуп 250 адам чакырылган. Дагы бир өзгөчөлүк, той эч кандай ичимдиксиз өттү. Тойго кеткен каражаттын 99 пайызын долбоор көтөрдү. Үй-бүлө курган жаштарды мындан ары да долбоордун кызматкерлери көзөмөлдөп, өз кеңештерин берип жардамдашып турушат.

Жүзүнөн кубаныч төгүлгөн бактылуу жаштарды кепке тарттык.

НУРАЙЫМ АБЫЛОВА, колукту:
– Жарнамадан «Куттуу коломто» долбоору тууралуу угуп, келип анкета толтуруп койгом. Бир күнү уюштуруучулар телефон чалышып, биз долбоорго өткөндүгүбүздү айтышты. Үлпөт көйнөгүн кийүү ар бир кыздын кыялы болсо керек. Менин да ошол тилегим орундалды.

ЖАНЫБЕК МУСУРКАНОВ, күйөө:
– Жубайым мага күтүлбөгөн жерден сюрприз кылды. Буга чейин үйлөнсөк да, нике күбөлүгүн ала элек болчубуз. Долбоордун бардык уюштуруучуларына ыраазычылык билдирем.

Айзат Анарбекова
karakol@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  7 
Комментарийлер(42)
12.08.2013. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ошол жуптун бирөөсү мен жана аялым эле.........)
13.08.2013. 01:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Boru87, Бактылуу болунуздар!!!
13.08.2013. 08:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jamalym, Рахмат).
12.08.2013. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бактылуу болунуздар жаш жубайлар
12.08.2013. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
молодцы бактылуу болгула
12.08.2013. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болушсун.
12.08.2013. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ata-enelerinin kadyry, dostorunun yrysy, olkobuzdun patriottoru bolup, bakytta omur surusho bersin!:-)
12.08.2013. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оппппппппааааааааааа чынында сонун болуптур! кармашкан колунар эч качан узулбосун
12.08.2013. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ооба , сонун экен бактылуу болгула! видеосун кичине болсо дагы койсонор андан деле сонун болмок экен
12.08.2013. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызык... откоргон долбоорго эмне пайда тушуно албадым балким чын эле жогорудагылар айткандайбы дегеним. Бирок суроту сонун чыгыптыр бааы окшош формада :-)
12.08.2013. 19:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sonun janylyk
12.08.2013. 22:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мэри мен дагы ушундай ойдо болуп атам
13.08.2013. 00:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Eh kandai sonun e.e bakyt kuwu bawynyzdarga konsun...
13.08.2013. 00:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула)))
13.08.2013. 02:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бактылуу болгула
13.08.2013. 03:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Түбөлүкө бактылүү болгула...
13.08.2013. 04:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бактылуу болгула!! ичимдиксиз өткөнү жакты!
13.08.2013. 08:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
uluk1982, men da tan kalip turam, kolduktor ichpei otkorso bawkanar oiloboi dele koiso bolotken ))
13.08.2013. 06:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
en sonun,baktyluu bolunuzdar
13.08.2013. 09:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
абдан жакшы демилге мен да барбай каап
13.08.2013. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер долбоор экен, бактылуу болгула кыргызымдын жаштары!
13.08.2013. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baktyluu bolunuzdaaar!
13.08.2013. 17:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
хехе
13.08.2013. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мынча сонун, баарына бакыт каалайм!!!
14.08.2013. 22:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сегиз бул чексиздиктин белгиси эмеспи. Чексиз бактылуу болгула! Чексиз балалуу болгула, кыргыздын санын чексиз сапаттуу кобойткуло. Бакыт каалайм!!!
15.08.2013. 01:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бактылуу болгула. Кеткен чыгымды бир чиновник толосо керек да. Тойго 250киши келиптир. Плюс улпот коцноктор менен нормально эле. Мындай тойду бир киши деле откоруп жатпайбы. Мисалы менин свадьбамда 300киши болгон.
15.08.2013. 08:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
meeen daaa katywkyym keleeeet... эээх( пока жигитим жок, бар болсо катышамбы:( :))
16.08.2013. 05:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Amoriya, жигит болоюнбу) ) куздо той кылабыз экообуз эле бирок) )Оштон болом каршы болбосон,+79260707827 Бекболот Москвада иштейм)маяк таштасан болот)
15.08.2013. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кармашкан колунар туболукко бирге болсун.
15.08.2013. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы эн туура жана абдан пайдалуу долбоор экен, Мага жакты, Бактылуу болушсун!
15.08.2013. 23:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соонун, Бактылуу болушсун!
16.08.2013. 00:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула
19.08.2013. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бактылуу болгула.... мен а катышмакмын, бирок жигиттен такыр кабар жокта )))))))))))))))))))
11.05.2014. 09:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ООО алга суйуктуу шаарым Караколум ал эми жаштарга куш бооонор бек болсун
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо