Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

АКЫЛ ТАЙМАШ

№563 16-август-22-август, 2013-ж

«Билими күчтүү миңди жыгат, билеги күчтүү бирди жыгат» деген сөздү азыр сиздер менен чогуу далилдейбиз. Шоу-бизнес өкүлдөрүнө тарых, адабият, анатомия жана логика боюнча суроолор берилди. Жана да берилген макал-лакаптын аягын улоо. Эгер каарман суроого так жооп берсе 2, жооп бере албаса 0 упай алат. Даана, таасын айтылган жаңы макал-лакап ойлоп тапса 1 балл.

АСЕМА 

– Адам эли менен барктуу...
– Эл жери менен барктуу.
Туура жообу: Өрдөк көлү менен барктуу. 1 балл.

– Мискейге эмне батпайт?
– 2 баш батпайт.
Туура жообу: Өзүнүн капкагы. 0 балл.

– Мукай Элебаевдин Октябрь төңкөрүшүнө чейинки кыргыздардын абалын сүрөттөгөн чыгармалары?
 – Билбейт экем.
Туура жообу: "Узак жол" жана "Кыйын кезең". 0 балл.

– Алим хан ким болгон?
– Кокон ханы болсо керек.
Туура жообу: Кокон хандыгын бийлеген, Нарбото бийдин уулу. 2 балл.

– Организм жана анын органдарынын түзүлүшү, формасы жөнүндөгү илим?
– Анатомия.
Туура жообу: Анатомия. 2 балл.

Жыйынтыгы 5 балл.

БАКЫТ БАЙСАРИЕВ

– Адам катасыз болбойт...
– Жашоо маселесиз болбойт.
Туура жообу: Көлчүк бакасыз болбойт. 1 балл.

– Кайсы айда 28 күн бар?
– Февралда, негизи бардык айда эле бар.
Туура жообу: 12 айда тең бар. 2 балл.

– Жазуучу Түгөлбай Сыдыкбековдун кыргыз аялдарынын элесин чагылдырган чыгармасы?
Адабияттан анча жокмун, ушуга жообум жок.
Туура жообу: "Зайыптар". 0 балл.

– Алымбек датканын атасынын аты?
– Алымбек улуусу.
Туура жообу: Асан бий. 0 балл.

– Чоң кишинин скелети болжол менен канча сөөктөн турат?
– 200гө жакын.
Туура жообу: 220.0 балл.

Жыйынтыгы 3 балл.

ТАТА УЛАН

– Акылдуу карыя...
– Билбейт экем.
Туура жообу: Агып жаткан дарыя. 0 балл.

– Адам ач карын канча жумуртка жей алат?
– Тойгончо жей алат.
Туура жообу: Бирди гана, анан ашказан ач карын болбой калат.  0 балл.

– Сардарбек Рыскуловдун мүнүшкөрлөр тууралуу китеби эмне деп аталат?
– «Кара куш».
Туура жообу: "Кара шумкар". 0 балл.

– «Ата-Бейит» мемориалдык комплекси канчанчы жылы ачылган?
– 2000-жылы.
Туура жообу: 2000-жылы.2 балл.

– Адамдын жүрөгүнүн салмагы канча?
– Адамдын муштумундай, 200 грамм.
Туура жообу: 250-300 грамм. 0 балл.

Жыйынтыгы 2 балл.

АИДА КУЛУЕВА

– Адалсынган молдонун үйүнөн...
– Билбейт экем.
Туура жообу: Алты камандын башы чыгыптыр. 0 балл.

– Машина жүрүп бара жатканда кайсы дөңгөлөк айланбайт?
– Бардыгы айланат да.
Туура жообу: Запастагы. 0 балл.

– «Саякатчы бала», «Үчүнчү шар» аңгемелери кайсы жазуучуга таандык?
– Мындай аңгемени окуган эмесмин.
Туура жообу: Кусейин Эсенкожоев. 0 балл.

– Атаке баатыр ким болгон?
– Чүй өрөөнүн башкарган бий.
Туура жообу: Чүй өрөөнүндөгү сарбагыш уруусунан чыккан бий. 2 балл.

– Чоң адамдын ичке ичегилеринин узундугу канча болот?
– 3-3,5 метр.
Туура жообу: 3-3,5 метр. 2 балл.

Жыйынтыгы 4 балл.

АЙНУРА САЛАХИДИНОВА 

– Акчалуунун колу ойнойт...
– Амалдуунун башы ойнойт.
Туура жообу: Акчасыздын көзү ойнойт. 1 балл.

– Эгер жамгыр жаап жатса, коён кайсы эшиктин алдында отурат?
– Үйдүн эшигинин алдында отурат.
Туура жообу: Суу болгон эшиктин алдында. 0 балл.

– «Күүнүн сыры» кимдин жыйнагы?
– Казат Акматов.
Туура жообу: А.Токомбаев. 0 балл.

– Анжиян көтөрүлүшү качан болгон?
– 1898-жылы.
Туура жообу: 1898-жылы. 2 балл.

– Чоң адамдын организминде канча литр кан болот?
– 5 литр.
Туура жообу: 5 литрге жакын. 2 балл.

Жыйынтыгы 5 балл.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(25)
19.08.2013. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мм жакшы!!!
19.08.2013. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун нерсе ойлоп таапсынар суперчилер. Дагы баша ырчылардан чыгарсанызда.
19.08.2013. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыздар кыйын экен!
19.08.2013. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Oo soonun go. Bashka yr4ylardy da kutobuz.
19.08.2013. 12:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Asemany okup jatyp ushunu da bilbeybi dep oilop jatkam.Kiyinkilerin okugandan kiyin unchukpai kaldym :)
19.08.2013. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
lilokoo, )))), да
19.08.2013. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
adabi9ttan kop bile beriwpeut eken...
19.08.2013. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жок дегенде "Күүнүн сырын"билбейби
19.08.2013. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ай Асема Асема !!!
19.08.2013. 18:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аида Кулуева эч нерсени билбейт окшойт.
19.08.2013. 21:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баарын кыйратчуудай болуп суйлошот,интервью беришсе)))
20.08.2013. 09:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баштарында балээ да жок турбайбы:)
21.08.2013. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХАНЗАДА, Айрыкча кокурогун каккылаган Тата Уландан кутподум эле...Супер Инфо Интелектуалдуу оюндарды уланта бериниздер! Эн жакшы идея!
20.08.2013. 09:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
баарынанда Тата Уланга уят макалды ''филфейм'' дегени. Ушуну ''этно ырчы'' дейт беле?
20.08.2013. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айнурада каллясы бар экен)) Бут баарына корсотту, кайда суу чаяндар жашап турушат
20.08.2013. 21:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аида Кулуева учунчу шарды билбесе олгон экен го)мектептин программасы го.
22.08.2013. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мына патриотмун патриотмун деп эле какшаган тата улан агабызды коруп алгыла.....дагы башка патриотторубузду да сынап койгулачы супер инфо.сураныч
22.08.2013. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай жерге барганда барынын эсинен чыгып калса керек деп ойлойм .
22.08.2013. 21:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
мектепти булар куйруктуу бештер менен бутконбу деп ойлоп кеттим хи-хи! Макаланы окуп буткучо кулуп акырында кулкум келбей калганда озумду кытыгылап кулдум, мына сага маданият тармагынын казанында кайнап жургон белгилуулорубуздун билим денгээли!!!
22.08.2013. 22:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Интервьюларын окусан баарыле чон атамы тайнеми тартып кызыл мн буткомун дешкен еле го татаулан болсо орусиядан бутуп буягы казакстан кыргызстан хахаха
23.08.2013. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айнура билбеген"Куунун сыры" ангемесин менин балам жатка билет,ал эми Аида айым мектепте аттап кеткен К.Эсенкожоевдин фантастикалык чыгармаларын биз кызыгуу менен окуган элек.Дале эсимде бала аска боорунда калганда ити жол таап тамак ташыганы,куткарып алганы!
23.08.2013. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тушуном мектепти буткондоруно коп жыл болуп калды, унутуп калышты да
23.08.2013. 22:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эгерде мектепте жакшы окушса унутмак эмес.Биздин көпчүлүк жаш ырчыларыбыздын интелектуалдык деңгээлине ичим чыкпай жүрөт.Жөнөкөй нерселерди билишпейт.Көбүрөөк окушса,эл алдында уят болушпайт эле да.
23.08.2013. 22:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суперчилер,азаматсыңар.Ушундай акыл таймаштарды көбүрөөк өткөрүп турсаңар ырчыларыбыз да аракеттенип,изденип калышаар беле дейм да
25.08.2013. 19:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
да артистерди акылдуусу ким экен королу дагы башка ырчыларга да откоргуло алгаа супер инфо..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо