№563 16-август-22-август, 2013-ж

Аптанын башында катуу жаандын кесепетинен сел жүрүп, айдоо аянттары зыянга учурады. Бул тууралуу ӨКМнын Талас облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары, полковник Т.Касиев билдирди.13-август күнү саат 19:30 чамасында катуу жаандын кесепетинен Талас районунун Манас айылынын түндүк тарабынан, Ак-Сай, Үңкүр сайларынан сел келген. Камынтпай келген сел 1 кашарды, ошондой эле 30 гектарга жакын айдоо жерлерин каптап кеткен. Ал эми 14-августта Талас райондук Жарандык коргоо комиссиясы изилдөө иш-чараларын жүргүздү.
Гүлназ Атантаева
talas@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |