Амир Аскаров:«СҮЙГӨНҮМ ЭКӨӨБҮЗДҮ МЕНТАЛИТЕТ АЖЫРАТТЫ»

№563 16-август-22-август, 2013-ж

Адатта ичинде атаандаштык, тоготпостук турса да, сахналаштарына карата сынды эч ким айта бербейт. Амир Аскаров алардан айырмаланып оюндагысын бетке айткан ырчы.

АМИР тууралуу
Туулган жылы – 1988-жыл, 16-март
Туулган жери – Балыкчы шаары
Спортко мамилеси – Футболго кызыгат
Бою – 180 сантиметр
Салмагы – 78 килограмм
Популярдуу ырлары – "Сени эстеп", "Алдадың", "Периштем"
Үй-бүлөдө – 3 бир туугандын кичүүсү
Баалаган ырчысы – Ашер

– Салам, Амир! Сахнага чыгып-чыкпай жатып «сахнадан кетем» деп кабарладың эле. Ырчылыкка кайра келишиңе эмне себеп болду?
– Чынын айтсам, акыркы ырларым бири-бирине окшошуп, жөнөкөйлөшүп кеткен. Идеяларым түгөнүп калдыбы, билбейм. Анан элди тажатып албайын деп тыныгуу алган элем. Бул аралыкта көп жылдык келишим менен Казакстанга барып иштөөгө сунуш да алгам. Бирок андан баш тартканга туура келди. Анткени бир үйдүн кичүүсүмүн. Ата-энемдин колунда калчу бала болгондон кийин үйлөнүш керек дегендей. Көп жылдык келишим менен башка өлкөгө кетип калсам, аларды ким карайт?! Тыныгуудан кийин жаңы эргүү, жаңы идеялар менен чыгармачылыгымды улантайын деп жатам.

– Демек, элдин табитиндеги хит ырларды жаратам деген ойдосуң?
– Мен эч качан элдин табитине ылайыктап ыр чыгарбайм. Жана да ушул ырым хит болот деген ойдо жазбайм. Көпчүлүк чыгармаларымда менин жан дүйнөм чагылдырылган. Ошол нерсени элге жеткирүү – менин эң негизги максатым. Хит болобу же болбойбу, ал бакыт кушунан. Мисалы, «Алдадың» деген ырым көпчүлүккө мынчалык жакшы кабыл алынат деп ойлогон эмесмин. Ырларым менин табитимди бөлүшкөн адамдар үчүн гана. Учурда сапаттуу ырлардын арасында менин ырларым чөгүп кетпесин деп аракет кылып иштеп жаткан кезим.

– Чыгармачылыкта жалгыз иштеп жүргөнүңдү билебиз. Колдоочусу жок кыйын эмеспи?
– Азыр акчаң жок болсо, эч ким тоготпойт. Жок дегенде абройлуу, таасири күчтүү кишиң болсо жеңил болот. Продюсермин дегендер көп. Бирок жакшылары аз же алардын өзүнүн окуучулары, долбоорлору бар дегендей. Жалгыз иштесең, албетте, кыйналасың. Бирок тарткан кыйынчылык, түйшүктөрдүн баары кийин өзүңө тажрыйба, сабак болот. Балким, продюсер менен иштешсем бат таанылмакмын. Бирок ушунусуна деле шүгүр дейин. Азыр деле шоу-бизнесте кайсы бир деңгээлде өз ордум бар.
Чыгармачылык менен алпурушуп жүргөнүмө 3 жыл болуп калды. Мен жаңы чыгып келаткан жылдары «Non-Stop» дуэти, Мирлан Баеков, Нурмат Садыров катарымда болчу. Азыр алардын ар биринин өз угарманы, күйөрманы бар. Негизи, биздин ырчылардын ар бирине төш белги тагыш керек. Анткени кыргыз ырларын калкыбыздын 3 миллиону укса, аларга толтура ырчы ырдап, өнөрлөрүн тартуулап келишет. Ырчылар арасында атаандаштык күчтүү. Ушул кичинекей базарда жок болуп кетпей иштеп жатканыбыз мени таң калтырат.

– Учурдагы кыргыз музыкасына көз карашың кандай?
– Угарман катары айтсам, «Исфана, Исфана» деген сыяктуу ырлар мага такыр жакпайт. Же мен заманбап музыкаларды угуп чоңоюп калгангабы, бул өңдүү ырлардан алысмын. Мисалы, ырчы Каныкейдин образы эле кызыгуу жаратпаса, ырлары козгобойт дагы. Дүйнөлүк хит «Гангнам стайл» деген ырда деле эч бир маани жок, мындай алып караганда. Бирок сапаттуу. Кээде ырды түшүнбөсөң деле уккуң келе берет го, анткени ал ыр сапаттуу чыккан. Ал эми бизде сапатка көп көңүл бөлүшпөйт. Ошондуктан биздеги ырларды сапатынын жоктугунан уккум келбейт.

– Cен анткен менен «Исфананын» өз күйөрмандары бар да, сенин ырыңды бирөө сапатсыз десе кантесиң?
– Угарман катары ар бир адам өз оюн айтууга укугу бар. Мен өз пикиримди айтып жатам. Эгер менин ырларым башкаларга жакпай, сындашса, мейли айтышсын, мага чын жүрөктөн баары бир.

– Жакында эле «Жаңы толкун» сынагына катышып келген Айбек Бакытбеков «Кыргызстан – примитивдүү өлкө» деп айтып алды, сен ушундай жаңылыштыкка жол берет белең?
– Менин оюмча, бул продюсердин катасы. Алдын ала «мындай сүйлөйсүң, минтесиң» деп даярдашы керек болчу. Айбек андай деңгээлдеги сынакка биринчи жолу барып жатса, албетте, толкунданат. Ал жер Спорт Ордосу эмес да, башка аура, башка аудитория, алдыңда сени сынап музыканын «монстрлары» отурса, кантип сүрдөбөйсүң?! Мен Актан Исабаевдин алдында ырдап жатып эле буттарым калчылдап калган. Андай деңгээлдеги сынакта миң өзүңө ишенсең деле кабатырлануу деген нерсе өзүнүкүн бербейт. Айбек ал сөздү айтып жатканда башка нерсеге кабатырланып жатканы байкалып турат, аны күнөөлөгөн туура эмес.

– Кеп нугун жеке фронтуңа бурсак. Социалдык тармакта бир сулуу менен кыналыша түшкөн сүрөттөрүңдү жүктөп коюпсуң?
– Ооба, Мээрим Атантаева деген модель кыз менен сүйлөшүп жүрчүмүн. Бирок биздин менталитет экөөбүздү ажыратты. Тагыраак айтканда, жаш курагыбыз сүйүүбүзгө тоскоол болду. Ал 30, мен 25 жаштамын. «Сүйүү жашка карабайт» деген жөн эле куру сөз экен, көрсө. Мен үчүн роль ойнобосо да, ал кыз үчүн, анын ата-энеси үчүн чоң маанини ойноп, үйлөнөбүз деген планыбызды таш капты. Аны аябай сүйсөм керек, дагы деле унута албай жүрөм.

– Мээримге арнап ыр жаздыңбы анан?
– Ага арнап ыр чыгарайын десем, такыр чыкпай жатат. «Алдадың», «Сени эстеп», «Өкүнүч» деген ырларымды мурунку сүйлөшкөн кызыма арнап жазган элем. Ал эми Мээримге кыйналып, кайгырсам да ыр саптары келбей койду. Балким, «эч нерсе бүтө элек, баары алдыда» деген Жараткандын берген белгисидир, ким билет?.. Мүмкүн, эртең мага коңгуроо кылып калар. Азырынча Мээримдин ордун баса турган кыз табыла элек.

Лунара Бекиева
star@super.kg


"Сүйгөнүм экөөбүздү менталитет ажыратты"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(76)
19.08.2013. 20:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жайына кой жантайды деген ушу
19.08.2013. 21:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Исфананын денгээлинен ашырып ыр чыгарып койсун,тойлордо бир тытып бийлейли...))))
20.08.2013. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kg.lady, Эн туура айтасын бир бийлейличи Исфананы кыргызстан эле эмес Россиянын бардык эле шаарларынан кыргыздардын уйлорунон укса болот Амир ошол даражга жеткенден кийин сындаса болот
19.08.2013. 21:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ар бир ырчынын өзүнүн угарманы болот.Исфана сага жакпаганы менен элге жагат.Каныкей тем более.Жагат жакпайт дебей эле өз арабаңды кылдыратсаң болмок.
20.08.2013. 00:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Bul betke aitkandyk emes koroalbastyk. Isfanaga asylbai ele koi. Azyrga chein populyarduulugun jogotpoi kelet. saga jagaby jakpaiby elge jagat . bawka yrdy synda syndagyn kelip jatsa.
20.08.2013. 01:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
kanu sen tuura aitasyn menin taanyganym ech tekeni chechpeyt birok bulda chyga albay atyp ar kimge syn tagyp atpaiby ozun bilbei isfanany bulbaalabasa baalay turgandar bar ekenin bulda unutpasyn dep Aitkym keldi
20.08.2013. 04:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мага мисалы Алдадын деген ыры клиби менен аябай жагат,онорун оркундой берсин.
20.08.2013. 20:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул ким озу? Сынтакканды ким коюптур?
20.08.2013. 22:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Медер ушундай болсо, анда мен...Таттыбубу Турсунбаевамын. Минусовкаларды жакшы жасайт, анысына кеп жок. Ушлый-шустрыйлыгына да. Андан башкасы...
20.08.2013. 22:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул ки-и-им ?Озунун сапаттуу ырлары барбы?Ким билет?
21.08.2013. 00:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кадыр барктуу ырчылар да бироонун атын айтып сындашпайт бул байке катуу кетиптир гоо
SUPER.KG видео
21.08.2013. 01:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
лексикон кантет!18-20 жаштагы балдардай суйлойт экен.Же биротоло кыргызча, же биротоло орусча суйлош керек.
21.08.2013. 05:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага чын жүрөктөн баарыбир, деп сүйлөгөн болсо бул баладан жакшы нерсе чыгыш кыйынго!
Каныкей менен Гулжигитти жайына эле койбоптурда!
21.08.2013. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Э азыркы заманда элди сындабай эле жон журчу айнанайын. Жон жерден тоо бастыга алынасын. Андан коро аябай мактасан,сени да макташат и жакшы бала экен деп)). Исфана деген ырды укпаптырмын.
21.08.2013. 20:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
"ырчылар" бизде аябай коп да...
SUPER.KG видео
21.08.2013. 20:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Творческих успехов тя
22.08.2013. 12:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bolgonu wustrii bala i vse. Ar dayim Djerjinka bagynda tennis oinoit. Bir jerde ozu iwteibi dep da kalam keede
22.08.2013. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул эл алдындагы адамдар, айрыкча жаштар, суйлоо речин, кеп маданиятын ондоп, же орусча же кыргызча таза суйлосо, базарда жургонсубой.
22.08.2013. 21:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ой боооооой тааныла элегинде эле бир топ белгилуулорду сындаптыр бир аз таанылып алса орто муундарды да сындагыдай го)))))Каныкей мн Гулжигит кандай болсо да калктын калын катмарына синип калды, булар ким десе ар бир адам бул мындай ырчы деп такалбай айта алам деп ойлойм! Же баягы айдаганы беш эчки болуп жатабы мунун.Бирок оюндагысын ачык айтуу менен бир аз шумиха жаратып коюптур)))
23.08.2013. 00:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жакшы бала корунгон эле "алдадын" деген клибинде...Ачык го бирок башкаларга атырылбай озунун жакында чыга турган чыгармаларын ойлосун,элге жеткиликтуу болобу же..,.!
23.08.2013. 01:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
айбек бакытбеков новая волнада эмне деп айтып салды эле...?
SUPER.KG видео
23.08.2013. 08:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Девушкасы ырчы Оманын мурунку девушкасы го Мээрим, ал кыз клипинде да тартылган абдан сулуу кыз. Мен ал кызды давно эле куйоого тийген болуш керек деп ойлогом.
23.08.2013. 18:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
МИЛЫЙ сен да исфана деп ырдап чыкканда азыркыдан да популярдуу болот элен эгер билсен
Модератор admin_media түзөттү 26.08.2013 12:28
24.08.2013. 00:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Туура эле айткан Исфана мага да такыр жакпайт,Гулжигиттин бир да ыры жаккан эмес,эми ошондой женил желпи ырлардын эмне кереги бар,саны бар,сапаты жок кылып.Бирок Амирди мен биринчи жолу коруп жатам бул ким озу,кайдан чыкты?
24.08.2013. 09:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Rostov-on-Don, сенин тоюнда да исфана жанырат!же тойлордо. Гулжигиттин маанилуу ырлары коп.
13.10.2013. 21:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
nota89, Тоюм болуп жатканда айтып коем Гулжигиттин ырларынан койбогула деп
23.12.2013. 18:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Rostov-on-Don, аны сен эмес тойго келген конок суранса айлан жок экенин ошондо билесин
01.09.2013. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ээ айланайын элим! Озунор деле айтып жатпайсынарбы бул ыр жагат, бул ырчы жакпайт деп ??? Анын айтканга акысы жокпу??? Мен угарман катары айтып жатам деп жатпайбы?? Тушунсонор?? Ар кимдин озунун "вкусу" бар!
SUPER.KG видео
08.09.2013. 17:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
балыкчылык бул досум болот кличкасы "женщина"болчу,суйлогонун угуп алып хаххааа тептим гоо))))) ошол бойдон экенсин да молочик брат))
13.10.2013. 22:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Клиптин үзүндүсүнөн эле көрүнүп турат, оңой бала эмес. Өңү-түсү, таланты "уятка калтырбайт". Талыкпаган эмгек болсо, сөзсүз чер жазган чыгармаларды жарата алат. Болгону сүйлөө маданиятын тууралап, вааще... карочи... эме... эметип дебей, айтайын деген оюн майдалабай так, туура айтканды үйрөнсө. Ал эми "менталитет" дегени өзүнүн макулдук ала албаганд
13.10.2013. 22:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ала албаганда ыза болгон менин эле сооротуу. Кыздын көңүлү бар болсо, эч нерсеге карабай эле тиймек. Сүйөм күйөмүң болбогон нерсе ))) Талыкпай эмгектенип, сонун сонун чыгармаларды жарата берсең, сени баалай турган, сен үчүн гана кайталангыс болгон бийкечти жолуктурарыңа ишен
13.10.2013. 22:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ала албаганда ыза болгон менин эле сооротуу. Кыздын көңүлү бар болсо, эч нерсеге карабай эле тиймек. Сүйөм күйөмүң болбогон нерсе ))) Талыкпай эмгектенип, сонун сонун чыгармаларды жарата берсең, сени баалай турган, сен үчүн гана кайталангыс болгон бийкечти жолуктурарыңа ишен
05.11.2013. 13:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Amir baikenin yrlryn kop uk4umun myndan aary andai bolboit goo
23.12.2013. 18:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
исфанага окшош ыр чыгарып анан сындачы иничек, амирсинби медерсинби эч ким тааныбагандан сон эсин барда этегинди жапсан кийинкине жакшы болот
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо