Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«ӨЛСӨ КӨМҮП КОЙГУЛА»

№563 16-август-22-август, 2013-ж

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Теплоключенка айылында жайгашкан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, акыл-эсинин кемчилигинен жабыркаган аялдардын жатак үйүнүн абалы менен таанышып кайттык.

«АПАЛАП ЖАТЫП КАЗА БОЛДУ»
Бейтаптардын арасында тубаса талма оорусуна чалдыкканы да, китептен башы көтөрүлбөй иштеп, улгайганда психикалык дартка кабылган илимпоздор да бар.

Мекеменин жетекчиси НАРЫНГҮЛ ҮСӨНБАЕВА социалдык жардамга жана коргоого муктаж болгондор жөнүндө буларга токтолду:
– Өлкө ичинде психикалык жактан жабыр тарткан эркектер, аялдар, жаш балдар жана карылардын 15 жатак үйү бар. Анын ичинде Ысык-Көл облусунда бир гана Ак-Суу аялдардын психоневрологиялык жатак үйү жайгашкан. 1953-жылы акыл-эси кем аялдар үчүн ачылган. Бул жерде иштегениме он жыл болду. Алгач келгенимде имараттын эшик-терезелери жок, суу түтүктөрү омкорулган бойдон жаткан. Мындай абалда кантип иштейбиз деп ойлоп, кабатыр болчумун. Анан бардык жамаат биргелешип имаратты оңдоп-түзөөгө аракет кылдык. Убакыттын өтүшү менен каңгырап турган имарат үч кабаттуу, бардык шарты бар жатак үйүнө айланды. Жалпысынан 250 орунга ылайыкталган, учурда республиканын туш тарабынан келген 217 психикалык жактан жабыркаган, жашы 18ден жогору аялдар дарыланууда. Анын ичинен 51 аял төшөктөн тура алышпайт. Аларды 115 адамдан турган эмгек жамаатыбыз карайт.
Төрөлгөндөн же наристе кезинен мамлекеттин карамагында болгондорго жатак үйүндө жашоо жеңилирээк. Жаш өтүп, оорусунан улам кайрылгандар бул жерге көнө албай абдан кыйналышат. Биз канча аракет кылбайлы, баары бир камкордугубуз өз үйүндөгүдөй болбойт. Бейтаптар оорусу басаңдап калган учурда ата-энесин, бир туугандарын, жолдошун жана бала-чакасын эстешет. «Мени үйгө жибергилечи, бул жерде жыргап тамак ичип отурам, ал жакта балам ачка болгондур» деп ыйлашат. Кээ бири түнү менен уктабай имаратты айланып чуркап жүрө беришет.

– Жатак үйүнүн жамаатына түйшүктүн жүгү оор эле түшсө керек, кез-кезде жакындары келип каралашып турабы?
– Оорулууну кабыл алардан мурун анын туугандары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз. Анткени жатак үйүндөгү көнүү процесси оор өтөт. Жакындарына «Сагынтпай жок дегенде жылына бир келип тургула» деп түшүндүрөбүз. Бирок бейтапты бизге өткөрүшөрү менен көпчүлүгү бир да жолу кайрылып коюшпайт. Бейтаптар каза болуп калганда үй-бүлөсүнө кабар беребиз. Өкүнүчтүүсү, «өлсө көмүп койгула» деп жакын адамына кайдигер карагандарды көп көрдүк.
Бир жолу бир кыздын оорусу күчөп, «апа» деп токтоно албай кыйкырып ыйлай берди. Анын ата-энеси ушул эле айылда жашагандыктан, «келип кетишсинчи» деп мээрман айымды алардын үйүнө жөнөттүм. Апасы болсо «экинчи үйгө келбегиле, биз аны унутуп койгонбуз, башка балдарымдын жүрөгүн ооруткум келбейт» деп жооп кайтарыптыр. Бир-эки күн өткөн соң ал кыз апалап ыйлап жатып каза болду.

– Мамлекет тарабынан бөлүнгөн каражат жетиштүүбү?
– Бейтаптын бир күндүк тамак-ашына 55 сом, дары-дармеги үчүн 6 сом 50 тыйын бөлүнөт. Бирок 55 сомго үч маал тамак берүү, анын ар бирине эт кошуп даярдоо кыйын болуп калат. Дарыны кымбат деп отура бербей, медиктердин текшерүүсүнөн өткөн дары чөптөрдү да колдонобуз. Андан тышкары жатак үйүнө тиешелүү чарбабыз бар. Ал жерге биздин кызматкерлер жашылча-жемиш эгип, кышкыга даярдык көрөбүз.

«ДАГЫ КИМ КЕЛИП СОГУП ЖИБЕРЕТ ДЕП ТЫНЧ УКТАЙ АЛБАЙБЫЗ»
Нарынгүл айымдын айтканын угуп, жатак үйүнүн жашоо шарты менен тааныштык. Оорулуу аялдарга кийим тигүүчү болуп иштеген АЙГҮЛ ШАРШЕЕВА:
– Мен бул жерде алты жылдан бери тикмечи болуп иштейм. Оорулууларга кийимдерди өзүбүз тигебиз. Дартка чалдыккан айымдардын арасынан шыктууларын байкап калсам, аларды алаксытыш үчүн тикмечиликке үйрөтөм. Чогуу отуруп сокмо согуп, ар кандай буюмдарды жасап жатак үйүн кооздойбуз.


 


Бул жерде 27 жылдан бери мээрман айым болуп иштеген БЕЙШЕКАН АБДРАМАНОВА:
– 67 жашка келип калдым. Балдарым «иштебей, эс ал» дегенине карабай ушул жакта эмгектенип келем. Экинчи үйүмдөй эле болуп калган. Көбү ажатканага бара алышпайт, тамакты жөн отуруп иче алышпайт. Оорулары күч алган мезгилде колуна тийген нерсе менен кызматкерлерди согуп жиберишет. Түн ичинде дагы ким келип согуп жиберет деп коркуп уктай албайбыз. Бирок баары бир ушул жакка мээрим төгүп калганга эч кайда кете албайм. Мен кетсем эле оорулууларга бир нерсе болуп калчудай сезилет. Үйдө отурайын дейм, бирок буларды кыя албайм.


«ПСИХИКАЛЫК ООРУЛАР ЖАЗ-КҮЗДӨ КҮЧӨЙТ»
«Адамдын азабы – санаа, кыйноосу – оору» демекчи, жатак үйүндөгү аялдардын ар бирин көзөмөлгө алып, ар бир бейтаптын ден соолугуна өзгөчө камкордук көргөн дарыгер КЕНЖЕ САДЫБАКАСОВА буларга токтолду:
– Бул жакта иштегениме 25 жыл болду. Бизге негизинен оорусу өтүшүп кетип, айыкпас дартка чалдыккан аялдарды алып келишет. Оорусу катуу кармап, алапайын таппай тургандарды колдон келишинче дарылап, аларга кам көрөбүз. Бизде баш бербей чамынгандарды "фиксация" деп коёт, аларды 2 саатка чейин байлап, тийиштүү укалоо жасап, анан бошотобуз. Негизинен, оору тубаса жана кийин пайда болгон деп экиге бөлүнөт. Көбүнчө ар кандай катуу сокку алган соң мындай оорулар пайда болушу мүмкүн. Дээрлик бардык психикалык оорулар жаз жана күз мезгилинде күчөйт. Өзгөчө ошол учурда оорулуулардын маанайына жараша мамиле жасап, тилин таап иштешкенибиз алардын да дартын жеңилдетет. Аялдар психикалык оорудан тышкары суук тийүү, жүрөк, ашказан сыяктуу ооруларга туш болушат. Ошондуктан колубуздан келишинче оорунун алдын алып, күчтүү тамак-аштарды берүүгө аракет кылабыз.


Аягында директордун «оорулуулар менен сүйлөшө албайсыңар, кол салышы мүмкүн» дегенине карабай аялдар менен маектешмекчи болдук. Бирок биз жакындагандардын кээси ырдап, кээ бирлери кыйкырып жибергендиктен, бул оюбуздан кайтууга туура келди.

Айзат Анарбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(34)
19.08.2013. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
О кудайым кимге мээнет берсен шыфаасын да кошо бер! Ушундай карыганда ата-энесин таштап кеткендерден Аллах эч качан ыраазы болбойт!
19.08.2013. 22:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Shekerbek, ата-энесин таштады деп айткан жери жок го, апалап ыйлап атат десе да келбей койгон эне соройду айтсанар.
24.08.2013. 21:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tynara81, Бул жерде ар кандай абалдагы жана курактагы аялдар болгондуктан, ар кандай вариантта айтса боло берет, андай мындай деген жокко деген да туура эмес, бироодон кемчилик издегенди токтотуу керек туугандар!
26.08.2013. 01:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биз Сезим тобу бул жерде болгонбуз, концерт коюп бергенбиз. Ото катуу ооругандарды концертке киргизбейт экен, кол салат деп. Ырды тушунуп, бийлегендери да ыйлагандары да бар.
19.08.2013. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аллахым ар бир пенденди азап, кордуктан, ар балээден озун сактагын. Ар бир инсанга жакшы жашоо ыраа эткин. Ото окунучтуу.
19.08.2013. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кызматкерлерге рахмат алла ыраазы болсу
19.08.2013. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
окмотобуз тыныраак тамак-ашка карай албаганы окунучтуу. 55сом бир кунго не деген акча? эх качан мамлекетибиз онолот?
19.08.2013. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кызматкерлеразама экен.Окмотко наалыбай, оздору аракет кылышат экен да...Даары-чоп жасап мм. иштеринерге ийгилик, оорулуулар сакайып кетсин
19.08.2013. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алла раазы болсун барыныздардан, оорулулардын да дартыны женилдетсин.
19.08.2013. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай оору берсе да,шыпаасы менен берсин!
19.08.2013. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иий окуп журогун эзилет.
19.08.2013. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Апалап ыйлады,бирок келбеди!Жүрөк сыздайт!
19.08.2013. 18:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Оздору чоптордон дары жасап алганы ичимди жылытты.Кызматкерлерге рахмат,айрыкча Бейшекан эжеге пенсияга чыкса да оорулууларды кыя албай жаткан го.Баардыгыбыз ден соолукта бололу.
19.08.2013. 19:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызмат корсотуп жаткан кызматкерлерге Алла ыраазы болсун!
19.08.2013. 19:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул кызматты ак десе болчудай, Аллахтын рахматы болсун сиздерге..!
19.08.2013. 20:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай жерлерге чондор деле жардам кылса болотго 55 сом неге жетет
19.08.2013. 22:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
27 жыл бул эже иштеген болсо омурунун жарымын ошол жерде откоруптур кантип коз кыйсын 27 жыл аз убакытпы эх эжекелер сиздердин берген маалыматынызды окуп аябай таасир алдым сиздерге таазим жана рахмат!!! ”Олсо комуп койгула” ”Апалап жатып коз жумду” эмнеге мындайбыз а адамдар акыры бул дуйно кайтар дуйногоооооооооо
20.08.2013. 01:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алахым озу ыраазы болсун. Мен ойлойм бул жерде эмгектениш оной эмес озундунда мээн чарчайт ошого карабастан иштеп жаткан мээрман эжекелер аман болгула
20.08.2013. 04:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Allahym ooruluularga sabyr berip, wypaasyn da bersin
20.08.2013. 09:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир жолу жумушум чыгып ушундай ооруканага барып калдым. Оорусу бир убакта гана кармагандар бар экен, жакшынакай суйлоп баратып эле тарс кулайт же кесели кармайт экен. Мындай азапты эч кимге салбасын, кеткиче шашкам ал жерден.
20.08.2013. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мээрбан эжелерге рахмат ар кимисинин озунчо характерлери бар. Ар-бирине оорусуна жараша мамиле жасаш керек
20.08.2013. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошол жерде иштегендерге аллахым ыраазы болсун!!!
21.08.2013. 00:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллахым ыраазы болсун. Баардыгына ден-соолук каалайм
21.08.2013. 01:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адамдан откон ташбоор жок болсо керек..бириси апалап ыйласа бириси балам дэп ыйлап бул дуйно менен коштошот жашоо эмне болуп баратат тушунуксуз....
21.08.2013. 08:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Oo kudai mindai ooru mn oorugandar bolboso eken!
21.08.2013. 20:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызматкерлерге сабырдуулук тилейм бар болунуздар ал эми туугандарын таштагандарга соз жок.
22.08.2013. 08:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошол жерде иштеген жалпы жамаат сиздерге Аллах раазы болуп, бейишинен жай берсин! Аман болунуздар бар болунуздар! Жакындарын таштап кеткен инсандарга Кудайым ыйман берсин!
22.08.2013. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллах таалам шыпаасын берсин деп тилейли, мындай оорунун бетин ары эле кылсынчы! Эжелерге алла ыраазы болсун коптогон жылдан бери алардын оорусун журогу менен сезип, ошол эле учурда аларга сабырдуулук менен мамиле кылып иштоо- бул озу чон эрдик
22.08.2013. 20:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баарыбызга Кудайым денсоолук берсин.
22.08.2013. 20:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллах сиздерге ыраазы болсун!
24.08.2013. 08:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудай ооруу берсе, шыпаасын кошо берсинчи... боору эзилип, козумо жаш тоголонуп кетти, апалап коз жумган кызга, баарыбызда бала бар, эркелетип чонойтобуз, анан неге мынча да таш боор болобуз... Ата-энени баладан, баланы ата-энеден айырбасынчы Кудайым эч качан...
Эжелерге Кудайым сабырдуулук берсин, омурун коп убактысын откорушот экен...
25.08.2013. 05:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ал жерде иштеген эжелердин айлыгын, пенсиясын аябай эле жакшы толоп бериш керек, бейтапкана менен бейтаптардын тамак-аш, условиясын мамлекет жардам береалбаса банктын реквизитин жарыялап смс аркылуу акча чогултуп 1 смс 50 сом десе 20000 смс миллион сом боорукер элдин кошкон салымы болмок.
25.08.2013. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
pilenga, Туура айтасын, бирок ошол каражат туура оз ээлерине жетсе жакшы, а если левый болуп кетсе кантебиз. Азыр жардам толугу менен жетишине ишене албайм.
25.08.2013. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адам баласы бардык нерсени жене алат,бирок ушул ооруну жене албаганы жаман да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо