Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

СЕНСИЗ ДА БАКТЫЛУУ БОЛОМ!

№563 16-август-22-август, 2013-ж

Билбейм, балким, мен туура эмес жаралып калгандырмын. Мен тийген нерселер, мен мамиле кылган адамдар талкаланып сынып, быркыранып кетет. Үйдөгү бир кооз карапаны сындырып алганда апам «эмнеге колуң тийсе сындырасың, жолуң кандай болор экен» деп кейиген эле. Карапа эмне болуп калыптыр, мен тагдырларды талкалап алдым. Балким, мен ошонун жазасын тартып жаткандырмын...
Ошон үчүн сенин жашооңо киргим келбей кетенчиктедим. Башымды чайкап жан талашканым менен, мендеги сезимди, андан да жаманы, сендеги сезимди өчүрө албадым. Күчүм жетпеди... От-жалын болуп күйүп кеттик да, аркабызды-алдыбызды караганга чамабыз жетпеди. Азыр бир мүнөт да өкүнбөйм. Бир жолу "сага болгон сезимим үчүн көчөгө алып чыгып таш бараңга салса да кайылмын" десем «мен ошол таштын бирин сага тийгизгенче өлгөнүм артык» деп күлдүң. Мен деп дем алып, мен деп жашап калганыңа кубанганым, ай!
Бирок убакыт тартыш... Сенден башка дагы адамдардын алдында милдетим бар экен, ага баш буруп кете албайм. Эң негизгиси, мени аял кылып жараткан Кудайдын алдында милдетим бар экен. Коркутканым жок, кектебедим деле, болгону мен чарчадым. Сүйүүдөн чарчабадым, күтүүдөн чарчадым. Бир аз дем алып, жолумду улантышым керек...
Кел, сен келип мени колдон алып, экөөбүз чогуу кетели. Бир жолдо басалы, кандай дейсиң? Мен жаныңдан чыкпаган, сени эч качан эриктирбеген жакшы жолоочу болуп берем. Кардың ачса тойгузган, үшүп калсаң жылыткан, ташыркасаң сени менен кошо токтоп демиңди тыңшап турган, карегиңден тиктеп каалооңду билип турган жолоочуңа айланайын. Өзүңдөй дили таза, тоолук жигиттерди төрөп берейин. Көздөрү жоодураган, сулуу кыздарды төрөп берейин. Өмүр бою сага кызмат кылайын, кылган жакшылыгымдын кайрымжысын сурабайын. Болгону колумдан алып басып кетчи. Эркиң жетер беле? "Калганын тагдырымдан көрдүм" деп баарына баш байлап басып кете алар белең?
"Жок, андай кыла албайм" десең да таарынбайм. Томсоруп, көз жаш төгүп кала турган аялдардан эмесмин. Тагдырыман көрдүм. Сеники жетпесе, меники жетет шарт басып кеткенге... Бут мүдүрүлсө да өз жолун табат. Анткени аны жүрөк жетектейт. Сени менен болсо да, сенсиз болсо да мен баары бир бактылуу болом. Бирок сенин менсиз бактылуу болушуңа күмөнүм бар...

Айнек
Нуржамал Жийдебаева
lira@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  7 
Комментарийлер(46)
19.08.2013. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
бир грамм тушунсом олойун! баш аягы жок...
19.08.2013. 16:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тушунуктуу эле, кутуудон чарчадым деп жатпайбы, бул жигиттин чечимин куткондон чарчаган го, жигит чечкинсиз болуп жаткан го, кудай алдындагы милдетим бар деп жатат бул бала тороп эне болушум керек дегени го кеч боло электе.
19.08.2013. 17:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ошондо ал колунду сурабаса озун сурайсын,жок десе омур обю эстеп отсун,ой унутасын бат эле, кээде эле эстеп койбосон...
19.08.2013. 18:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жакшы жазылыптыр, суйууго суйуу гана дабаа деген туура, башкага конул бурсан бат эле унутасын.
19.08.2013. 19:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Emnegedir men da toluk tuwuno albadym
19.08.2013. 19:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
emne degisi keldi avtordun?armanyn aittyby?je bashkany armanda kaltyrdyby?aitoor,aitaiyn degen oiu butpoi kalgan,bir az oilonup jazsa koburook,jakshy bolmok.
19.08.2013. 19:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Махабат тилинде жазылыптыр.
20.08.2013. 00:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баарын талкалаганы жаман экен....
20.08.2013. 00:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
достор менда тушунбодумго эмне деп жазган озу
20.08.2013. 03:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Башы оорубагандын кудай менен иши жок деген соз барго, ал сынары бул нерсени ушундай тагдырга туш болгондор тушунот.
Мага тушунуктуу болду.
20.08.2013. 03:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эх менин азыркы тапта ичимди уйгу -туйгу кылган ушундай эле акыбал болуп.
мен тушундум. жан дуйномо тийди........ыйладым..........
20.08.2013. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
суййдон копкон неме го тимеле шарт басып кетууго эрким жетет дейт..кызык,чындап суйсон ал намек кылбаа да мындай ойлорду ойлогондон да коркосун го
20.08.2013. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эмне жонундо болуп жатканын тушундум, бирок, чон катасы бар. Оз оюн бир калыпка салып ырааттуу баяндай албаптыр. Бир жери суйук, бир жери коюу , супсак экен.
20.08.2013. 18:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
мен да тушундум мен да ушундай акыбалдамын эххх
20.08.2013. 21:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да ушул кызга окшоп, эми гана чекит коюп басып кеттим, бирок канча убактымды уттурдум ал адамга(((
20.08.2013. 21:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тагдырларды талкалаганын жаманго, Тобоо
20.08.2013. 22:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мен сразу тушундум озун ото эле мисс ойлогон анан керсейген кыз экенин,тоолук жигит азамат экен бул кыз менен чогуу болалбашына тушунуптур
21.08.2013. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Туугандары менен батышпай калган окшойт. Бирок куйоонду чындап суйсон, туугандарын да сыйламаксын . Айрылыш бат, бир эле кун, ошого ойлонуш керек. Сен ошо куйоон аркылуу Кудайдын бейишине жетээринди да унутпа.
21.08.2013. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бирок сенин менсиз бактылуу болушуңа күмөнүм бар.....Ошентсе да, мен баары бир сенин бактылуу болушунду тилеймин!деп аяктасн жашы болмок экен.
23.08.2013. 21:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бактылуу болгон менен баарибир журогунун тупкурундо ага болгон суйуусу кала берет да
24.08.2013. 23:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эң соонун кыска жана нуска жүрөктүн дарты жазылыптыр.
25.08.2013. 19:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
суйсо ансыз кантип бактылу болот тим эле мен болом сен боло албайсын дейт кудай таалам жазып койсо сенен жакшысы табат...
28.08.2013. 01:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жигиттин уй булосу бар окшойт ошон учун мамилеси салкы
30.08.2013. 20:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
озум журогум сыздап турганда бул да жарага туз септи го. мен да жашоого туура эмес жаралып калганымды коп эле жолу байкап бармагымды тиштейм. бирок мен тескерисинче ал менен да ансыз да бактысыз болом
02.09.2013. 19:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жигитин кутконун эле тушунбосом, карапа, талкалаган тагдырларына такыр тушунгон жокмун
22.09.2013. 23:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
муну кандай кыз жазды болду.кен
04.10.2013. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тушунуктуу эле болуп турат,жигити кеттик десе кетем болбосо жок деп,деп жатпайбы байкуш!Сенделе барып кеттик десен жарашат болуш керек,ийилген башты кылыч кеспейт деген,макал барго!
17.06.2018. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай журоктун тупкурунон жазылыптыр.... Ал Эми жигитке соз жок!.. Куттургон жаман . Чечкинсиз жигит экен.
Бир кылчайып карабай басып кетсен да ошого ылайыктуу жигит экен!!! Эгер ал азыр чечкинсизби? Кийин да ошондой болот. . Андайлар жашоодо сага жакшы дос болуп кете албайт. Жарым жолго барганда озундун канындан жаралган балдар менен Гана калтырып кетсе кетет!!!!.....
18.06.2018. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жигиттин үйбүлөөсү бар окшойт
18.06.2018. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Китепти коп окуган, ой-толгоосу кенири, денгэли жогору адамдын калемине таандык деп тушундум. Тушунбодум дегендер, Кубатбек Жусубалиевдин бир эле ангемесин ачып коргуло))).
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо