Gulzada:«КЫЗГАНЫЧ КӨҢҮЛҮМӨ КӨК ТАШТАЙ ТИЙГЕН»

№563 16-август-22-август, 2013-ж

КЫСКА СУРООГО КЫСКА ЖООП

– Сулуулук сиз үчүн?
– Табигый жүрүм-турум деп эсептейм.

– Диета кармайсызбы?
– Болгону нанды көп жебейм.

– Өзүңүзгө жакпаган сапатыңыз?
– Эртең менен ойгоно албай кыйнала бермейим бар.

– Жалгыз калганда кайсы ырды көп ырдайсыз?
– Оюмдан чыгарып ырдаганды жактырам.

– Социалдык тармактардагы өзүңүз тууралуу айтылган сын-пикирлерди окуйсузбу?
– Окубайм. Ошон үчүн мен тууралуу жазбай деле коюшса болот.

– Аялзаты эркекти эмнеси менен тартышы мүмкүн?
– Тыкандыгы менен.

– Кандай эркектерди жактырбайсыз?
– Ушакчы эркектер кыжырымды келтирет.

– Жан шеригиңиз менен барсам деп эңсеген жер кайсы?
– Түркиядагы Босфор кысыгы жана Мексика булуңу. Ушундай бир керемет эмоцияларды тартуулоочу жайлар.

– Акыркы жолу сизге айтылган жагымдуу сөз?
–Альбомумдун бет ачарында атам мени биринчи жолу сахнадан көргөн. Буга чейин такыр ырчылыгыма көңүл бурчу эмес. Ошондо жаныма келип «Кызым, сени такыр билбей жүрүпмүн» деди. Ичимден кымыңдап, батасын бергени ушул да деп сүйүнүп калдым.

«АДАМДАРДЫН БААРЫ ӨЛҮП КАЛАТ ЭКЕН ДЕП КОРККОМ»
-Кичинемден башкалардай ойноп-күлүп, чаңга аралашып чоңойгонум менен, көп ойго батчумун. Негедир мени ар кандай ойлор эзип жүрө берчү. Эсимде, бир күнү үйгө аяш атам келип калды. Атам экөө тапчанда сүйлөшүп отурушкан. Бир маалда «аябай коркунучтуу оору чыгыптыр, ал адамдарга маймылдардан жугат имиш. Ага чалдыккан адамды дарылоо мүмкүн эмес экен» деп жатпайбы аяш атам. Балапандай кезим десең, ошол сөзгө ушунчалык кыйналып, көпкө чейин ойго батып жүрдүм. Адамдардын баары өлүп калат экен деп коркком. Чынында, бизге билинбегени менен жаш балдарда терең ой жашайт. Андыктан буулугуп кетпеши үчүн алар менен бат-бат сүйлөшүп туруу зарыл экенин түшүндүм.

«МЕН КАЙРА ЖАРАЛЫП, БАКЫТЫМДЫ ТАПТЫМ»
-Турмуштун толкуну мени далай жолу жарга урду. Чоң сахнага кадам таштаганча башымдан эмнелер гана өтпөдү. Базарда соода кылдым, башка кылдым дегендей. Ал ортодо турмушка да чыгып, үй-бүлө күттүм. Учурунда оюмдун баары жакшы үй-бүлө күтүү, мээримдүү эне болуу болсо, жашоо анын баарын өз ордуна койду. Өткөн-кеткеним жөнүндө такыр эстегим келбейт. Ал менин өлгөн күндөрүм деп эсептейм. Айтарым, аялзатынын жан дүйнөсүнүн эркиндигин тоспоо керек. Кызгануу, ишенбөө деген нерселер учурунда көңүлүмө көк таштай тийген. Никемдин бузулушунун негизги себептери ушул десем болот. Турмуштан алган сабактарым мен үчүн жетиштүү.
Эми мен өзүмдү кайра жаралгандай сезем, бакытым колумдагы балам, ата-энем, алардын сыймыктангандыгы. Чыгармачылыгым менен бетме-бет жашап, ар бир ишиме, жетишкендигиме сүйүнүп, алдыдагы пландарды ойлонуп, өзүмдүн дүйнөмдө жашап жаткан чагым. Жашоомдо купулума толгон, сезимдерди ойготкон адам пайда болот деп ишенем. Анткени мен кадимки эле аялзатымын, жүрөгүм бар. Албетте, арзышкан адамыңа кам көрүү бул – эң чоң бакыт. Жактырган адамымдын жанында жөнөкөй гана болууну туура көрөм.

«КУПУЛУМА ТОЛГОН АДАМЫМДЫ ИНСТИТУТТАН ЖОЛУКТУРГАМ»
-Кичинемде айылдагы төрт баланы топтоп алып, ойноп той өткөрүп, концерт коё берчү элем. Көрсө, балалык таза жүрөгүм ырчылыкты дегдеген тура. Кийин бул кыялым мени Ош педагогикалык институтуна жетелеп келди. Талыкпай окуп, билим алдым. Жулунуп окубасам, ал билимдин акыбети минтип чыгармачылык ийгиликтен кайтмак эмес. Жүрөгүмө жакын адам ошол окуу жайды бүтөрдө жолукту. Жетелешип, ой алмашып, айтор, бактылуу көз ирмемдер болгон. Ал менин ырдаганымды, үнүмдү жактырчу. Талантымдын баркын билчү. Албетте, баары оңой-олтоң боло бербейт экен. Кыялыбыз келишпедиби же турмуштун буйругубу, айтор, менин каалоом менен экөөбүз эки ажырым жолго түшкөнбүз.

«САНАЛУУ ГАНА ДОСТОРУМДУ АЯРЛАП СЫЙЛАЙМ»
-Адамдар менен баарлашуу жаатында анча жокмун. Кыйратып деле көп дос күтпөйм. Ушул убакка чейин саналуу гана адамдар менен сырдашып, алсыздыгымды аларга гана көргөзүп келем. Ич ара курбулукту бекем сактаганды жакшы көрөм. Саналуу гана досум болсо, албетте, аларды аярлап сыйлап, кадырына жетүүгө аракеттенем.

«АТЫ ЧЫГЫП КАЛГАН ЭЛЕ ЭЖЕЛЕР КӨҢҮЛҮМДҮ ООРУТУШКАН»
-Ырчы катары таанылгыча абдан кыйналдым. Башында жаңы ыр жаздырып, узун ак көйнөк кийип сахнага чыксам, арабыздагы аты чыккан эжелер иренжитчү сөздөрдү айткан учурлары болгон. Эгерде өжөрлөнбөй, ар бир сөздү өтө эле жакын кабыл ала берсем, анда чыгармачылыктан көңүлүм калып калат беле?.. Бирок ушундай сөздөрдү уккандан кийин кайра менде чыңалуу, күч, эрк пайда болду. Ооба, учурда жайнаган күйөрмандарым бар деп мактана албайм. Себеби этникалык стиль элге бат сиңип кете турган музыка эмес. Кудайга шүгүр, барган сайын угармандарым көбөйүүдө. Кайда барып ырдабайын алкыштарын айтып, көңүлүмдү көтөрүп жатышат. Мындан башка мага эмне керек? Жашоомдун маңызы болгон музыкадан, талантымды баалаган күйөрмандан артык мага эч нерсе керек эмес.

Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg


Gulzada: "Тойдун ырчысы эмесмин"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(42)
SUPER.KG видео
17.08.2013. 18:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аябай жагат да,стили да озгочо,кээ бир ырчыларга салыштырмалуу бул айымда идеялар коп экенин байкадым....азаматсыз!!
SUPER.KG видео
17.08.2013. 19:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулзада чыгармачылына ийгилик! Бактылуу бол! Дагы коптогон ийгиликтерге жетиш!
SUPER.KG видео
18.08.2013. 19:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
самандан жасалга студиясы укмуш экен. чач жасалгасы озгочо болгону кулагына сырга тагып алганда анданда кооз корунмок! жаны ырдап чыкканда убактылуу ырчы болгондордун катарында го деп ойлогон элем, корсо адашыпмын!ийгилик исзге.
SUPER.KG видео
18.08.2013. 22:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чачын жасап буто электе шашып чыгып кеткен го )))). Бирок сулуулукту эч нерсе буза албайт дегендей, табигый сулуу кыз экен, бар болсун!
19.08.2013. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ммм жакшы!!!
19.08.2013. 11:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кааласаныз да, каалабасаныз да жазышат. Анткени, сиз кочодогу же базардагы аял эмессиз. Сиз талкууланчу, сындачу адамдардын катарындасыз. Артист буга конбоско айласы жок.
19.08.2013. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жакка жазган комменттерди баары окуйт дейп ойлобойм биз сайттын колдонуучулары озубуздун оюбузду болушобуз, окуйбу жокпу ал оздорунун иши кээ бирлери окуп жашы жагына кабыл алат, кээ бирлери кошо талашат дегедей бул да биз учун кызык нерсе.
19.08.2013. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уну озгочо, жакшы ырдайт, ийгилик каалайм.
19.08.2013. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соонун ырдайт сиздин куйормандарыныз толтура,талыкпай эмгек кыла бериниз.
19.08.2013. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
чач жасалгасы бир тайлык экен го чиркин!!!
19.08.2013. 18:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кызганган эркекти мен да жаман кором.Мин туз жургон кундо да шек санай берсе жаман акыбалда каласын.Жинди болуп да бутосун го.Унунуз жагат,акыркы кезде стилинизди нукура кыргызча кылып абдан жакшы кылдыныз.Сизге жарашат экен.
19.08.2013. 23:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jamalym, кызганбаган эркек эркек эмес шариятта да Алла тралам кызганбаган эркекти жактыра бербейт экен бирок кызгангандын дагы жолу бар
22.08.2013. 01:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mamat, мен да ошону айтып жатам.
19.08.2013. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Билбейм мага анча жага бербейт.
19.08.2013. 19:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ишине ийгилик бактылуу бол.
19.08.2013. 19:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
интервьюсун окусам коп кыял-жоруктарым окшош экен. мага биринчи ыры аябай жаккан (мен кыргыздын кызымын), ошондон бери ар бир ырын угуп-баалап келем.
уну да жагат.
19.08.2013. 21:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакты, сулуулук тууралуу жакшы айтыптыр.
19.08.2013. 22:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик калайм.
19.08.2013. 22:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
уну жакшы.ийгилик!
20.08.2013. 02:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жолдошум Щвецарис болсо дагы, ырларын жакшы корот! Ийгилик !
20.08.2013. 07:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Juliakalt, швецарис деп айтылабы? Билбептирмин, швецар деп уккансычу элем.
20.08.2013. 07:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен бул ырчыны тааныбайт экемин го.
20.08.2013. 09:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сонун эже да,мага аябай жагат,чыгармачыл ийгилик
SUPER.KG видео
20.08.2013. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жагасыз да, жагасыз!
SUPER.KG видео
20.08.2013. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Макс, красавчик %)
SUPER.KG видео
20.08.2013. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Студия мага жакты, озгочолук кошот экен, Молодец алып баруучу-өзүн эркин сезип, ортосунда тамашаларды да кошуптур)))
Гулзаданын чыгармачылыгына ийгилик, урматтайм сизди!
20.08.2013. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Debi, рахмат! Катачылыгымды мойнума алам!
20.08.2013. 17:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
арекет кылсан берекет деген ошол экен да, Туркияга келе берип, келе берип баарыбыз таанып калдык:)
20.08.2013. 22:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чыгармачылык ийгилик каалайм...
21.08.2013. 00:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага да жагат ырлары алга!
21.08.2013. 21:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
озгочо стили бар, аракетчил, таланты бар кыргыз кызына ийгилк.
22.08.2013. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каныкейдин стилин туурап алган го
24.08.2013. 17:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат, анча-мынча озун ырчымын деп санагандарга караганда унун да, озун публика алдында алып журуу, суйлоо маданияты да бардыгы жайында экен.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо