Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«НЕБЕРЕМДИ ӨЛТҮРҮП, ЖЕР ТӨЛӨГӨ КӨМҮП САЛЫПТЫР»

№563 16-август-22-август, 2013-ж

Жакында Ысык-Көл облусунун Түп районунда оор кылмыш катталды. Укук коргоо кызматкерлеринин билдиришинче, 16 жаштагы өспүрүм өзүнөн эки жаш улуу айылдашын мыкаачылык менен өлтүрүп, сөөгүн үйүнүн жер төлөсүнө көмүп койгон. 18 жаштагы Каныбек Асаналиевдин жансыз денеси 10 күндөн соң гана шектүүнүн үйүнүн жер төлөсүнөн табылган.

«НЕБЕРЕМДИ ТУУЛГАН КҮНҮНДӨ ЖЕРГЕ БЕРДИК»
Окуянын чоо-жайын билүү үчүн маркумдун жакындары менен жолуктук. Каныбектин чоң энеси ГҮЛЖАМЫШ айым көзүнүн жашын тыя албай төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Неберем Каныбектин апасы Орусияда иштейт, атасы айылда. Каныбек 9-классты аяктаган соң айрым себептер менен 11-классты бүтпөй калган. Каргашалуу окуя болгон 25-июль күнү үй-бүлөбүз менен кечки тамак ичип отурганбыз. Аңгыча Каныбектин уюлдук телефонуна кимдир бирөө чалып, ага неберем «келдиңби?» деп айтып, анан эшикке чыгып кетти. Биз теңтуш балдары келип, аларга жолугууга чыкты го деп ойлогонбуз. Бирок Каныбек таң атканга чейин келбеди. Эртеси оюбузга ар нерсе келип, чочулап издей баштадык. Теңтуш балдарынын үйлөрүнөн, айылды кыдырып издеп таба албадык. Айлабыз кетип Каракол шаарына барып сыналгы, үналгыларга жарнама берип, неберемдин сүрөтүн көчөлөргө чаптадык. Кыйын билет деген молдо, көзү ачыктарга бардык. Эне жүрөгү баары бир жамандыкты сезет экен. Эмнегедир Каныбекке кез-кезде келип калган баланы милициянын көзөмөлүндө деп угуп, шек санап жаткам. Милиция кызматкерлерине кайрылып, «ушул баладан шек санап жатам» десем, алар «далилсиз текшере албайбыз» дешкен.
Неберемди өлтүргөн мыкаачы кармалды. Ал ошол күнү Каныбекти үйүнө чакырып, телефонун тартып алып, андан соң өлтүрүп коюптур. Коколоп, анан кекиртекке, жүрөккө бычак менен сайган экен. Өлгөн жанын жөн койбой, үйүнүн жер төлөсүнө кара топурак менен көмүп коюптур. 5-август неберемдин туулган күнү эле. Жыл сайын бул күндү кубанычтуу майрамдасак, быйылкы жылы 5-августта кан жута Каныбекти жерге бердик.

Небересинен айрылган Гүлжамыш эне күйүтүнөн сөзүн ары улай албады. Маркум Каныбектин агасы РУСЛАН АСАНАЛИЕВ буларды кошумчалады:
– Каныбектин бою кичинекей, арык болгондуктан, 6-7-класстын балдарындай эле көрүнчү. Үйдөн чыкпаган, жоош бала болчу. Иним бир үйдүн жалгыз баласы эле. Апасы Орусияда иштегендиктен чоң ата,чоң энесинин колунда эркелеп чоңойгон. Шектелип кармалган бала менен Каныбек кээде кезигип, телефон алмашып калчу экен. Менин оюмча, инимди үйдөн чакырып чыгып, өзүнүн үйүнө алып барып өлтүргөнү бул – анын инимди өлтүрүүгө атайын даярданганы. Эгерде адам күтүүсүздөн мындай ишке барса, коркконунан эмне кыларын билбей калат. Ал болсо кадимкидей кылган ишин жашырып, артын тазалаганга аракет кылган.


«ШЕКТҮҮНҮН ЖАНЫНАН ДАЛИЛ БУЮМДАР ТАБЫЛДЫ»
Бул кылмыш ишин тергеп жаткан Түп РИИБинин тергөөчүсү МАРЛЕН ЖУМАБЕК УУЛУ:
– Үстүбүздөгү жылдын 4-август күнү болжол менен саат 17:40 чамасында Түп РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө бир үйдүн жер төлөсүнөн адамдын сөөгү табылганы тууралуу маалымат келип түшкөн. Ал жерден азиат улутундагы денесинде жаракаттары бар эркек адамдын өлүгү табылган. Ал 2013-жылдын 25-июлунда дайынсыз жоголуп кеткен Түп айылынын тургуну, 1995-жылы туулган Асаналиев Каныбек Нурдинович экендиги аныкталды.
Асаналиевдин өлүмүнө шектелип өзүнүн эле айылдашы, мурда уурулук фактысы менен соттолгон, 1997-жылы туулган Д.М. кармалган. Ал Каныбекти 25-июлда өзүнүн үйүнөн бычак менен сайып өлтүрүп, денесин жер төлөсүнө көмүп салганын мойнуна алды. Экөө сотка талашып мушташа кетип, анан Каныбекти өлтүрүп салган. Шектүү кармалган учурда анын жанынан кылмышка далил буюмдар: Асаналиевге тиешелүү уюлдук телефон, курал катары колдонгон бычак табылып, тартылып алынган. Учурда анын үстүнөн Түп РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (киши өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат. Ал эми шектүү убактылуу кармоочу жайына камалган.

Айзат Анарбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(18)
19.08.2013. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
топурагы торко болсун!сабырдуу болунуздар
19.08.2013. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактасын, жаш болуп эле ушундай кылмышка барса.
19.08.2013. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
коркуш кк азыр адамдардан
19.08.2013. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кудай озун сакта.
19.08.2013. 19:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бир адамдын омуру телефонго тете болуп калдыбы?Кайда баратабыз деги?
19.08.2013. 21:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Быйыл кол катуу толкудуго... Коп ызы-чуу болуп жататго.
19.08.2013. 23:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактай кор, ушу кичине бала эртенки кунун эмне ойлободу экен, ойной турган убагында камакта отурат эми
20.08.2013. 00:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир соткага ылайык болуп калыптыр адамдын жаны,тобаа жаткан жери жайлуу болсун.
20.08.2013. 09:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тобо адамдын кээде айбандык инстикти ойгонуп кетет окшойт ушундай кылмыштарды укканда журок ушуйт.
20.08.2013. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
АЛЛАХ өзүң сакта!
20.08.2013. 18:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тооба жаштарыбыз каяка баратат
20.08.2013. 21:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ehh jow ele bala korun4u ele...
21.08.2013. 03:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бэшиктен бели чыга элэк адам олтурсо мындан дагы эмнени кутсо болот...
21.08.2013. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бешиктен бели чыга элек 16 жаштагы бала адам олтурууго барса,агасынын айтуусунда плпндалган болсо Оо кудай кандай деген балдар осуп чонойууда.
21.08.2013. 17:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
97-жылкы инилерим,козумо кипкичинекей корунот,а бул кантет,ботом адамдын каны менен колун булгап. Тыыынч агентин чукуп отура бербейт беле деймда,тагдырын талкалап...
22.08.2013. 23:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оо Кудай, элибизге ыйман тушурөгөр, жаштарыбызга ыйман берегөр !!!
24.08.2013. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ал 16жаштагы баланын уйундо эч ким жок бекен, тобоо. Берки баланын жайы жаннаттан болсун.
24.09.2013. 18:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жайлуу болсун.ото окунучтуу.жашоо эмне болуп баратат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо