Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Темир Назаров:«САХНА ТАЗАЛАНГАНЧА ТЫНЫГУУДА БОЛОМ»

№563 16-август-22-август, 2013-ж

Бир кездеги сахнада так секире бийлеген, Ош-Бишкек учагында байма-бай борборго каттап жүргөн Темир Назаровдун акыркы убакта дайыны чыкпай кеткен эле. Көрсө, чыгармачылык тыныгууда экен. Кеңсебизге келген ырчы өткөн-кеткенден, акыркы жаңылыктарынан кеп салып берди.

– Темир, чыгармачылыктагы тыныгууңуз кандай өтүп жатат?
– Албетте, бекерчилик менен өткөргөн жокмун. Батиримди оңдоп-түзөөгө бергенмин. Жаңы салып жаткан тамыма болгон убактымды, күчүмдү жумшоодомун. Бизнес жаатында болсо айымдардын кийими сатылчу дүкөн ачтым. Кудайга шүгүр, тааныштардын бардыгы, сот эжелер, мектеп мүдүрлөрү келип ошол жерден кийинип жатышат. Ошону менен бирге эле чыгармачылыкты унутпай, ыр жаздырганга да жетишип жатам.

– Жылдыз болуп жанып турган учуруңузду сагынсаңыз керек...
– Чынын айтсам, сагынбадым. Анткени ошол мезгилдеги иш тартибин азыр элестетсем, кадимкидей кыйналып кетем. Көпчүлүк учурда эртең менен Бишкекке учуп барып, бир мааракеге катышып, кайра кечинде Ошко учуп келчүмүн. Учак менен кайра-кайра уча бергендиктен, бат-баттан башым ооруп, анан да эл алдына көп чыккандыктан кирине кирип кыйналчумун. Азыркы жашоом мага жагат. Эл алдына аз чыгам, өзүмдү, үй-жайымды караганга убакыт табам. Өзүмө өзүм ханмын. Биздин ордубузду азыркы эмоционалдуу, күчтүү жаштар ээлешсин да. Күчү барда, бойдок кезде иштеп алышсын. Үйлөнгөндөн кийин бизге окшоп отуруп калышат.

– Талантыңызга канчалык деңгээлде ишенесиз? Ага чектөө койгонуңузга өкүнбөйсүзбү?
– Кудай сага талант бербесе, аны миң жолу таптасаң да баары бир эптемей экени билинип калат. Талантыма, Кудайга шүгүр, жакшы эле ишенем. Себеби үнүмө атайын кам көрүп, таптаган эмесмин. Болгону эл алдына чыкканга чейин мааракелерде, мектептеги кечелерде ырдап калчумун. Азыр деле той-топурга, мааракелерге чакыруу түшүп калса, барып ырдайм. Аябай ырдагым келгенде үйдөгү караокени жандырам да, 5-6 ырды ырдап өзүмө келип алам.

– Жаңыдан чыгып келе жаткан ырчыларга «таланты жок» деп сын айткан элеңиз. Чымыны бар жаштарды топтоп тарбиялайын деген ниетиңиз барбы?
– Ниет бар. Бирок аракет кылган балдар жок. Сахнада өзүн алып жүрүү этикасы бар. Аларга сабакты дал ушундан баштоо керек. Мисалы, сахнада элге 3 секунддан ашык артыңды салбашың керек. Азыркы жаш ырчылар 3 секунд эмес, сахнанын башынан тээ аягына чейин артын салып басып барат да, анан бурулуп келишет. Сахна кичи пейил болуп, күлүп-жайнап турганды жактырат.

– Күйөрман кыздардын аягы тыйылдыбы же?..
– Андайлар дагы деле бар. Кээ бирөөлөр үй-бүлө курганына карабай ойноок болушат. Менде андай нерсе жок, турмушка терең көз караш менен карап, жашоодогу ордумду билип калгам.

– Ката кетирип өкүнүп калган учурларыңыз болгонбу?
– Түрк лицейин аяктагандан кийин иштеп, маңдай терим менен унаалуу, үй-жайлуу болуп, атак-даңкка жетишкем. Ойлоп көрсөм, ошолорго жетишүүдө көп эле катачылыктарды кетирипмин. Чынында, ал кезде кандай учурда унчукпай коюу керек, кандай жерде сүйлөш керек экенин билген эмесмин. Улуулар менен тең ата да болгонмун. Ошол катачылыктардан өтпөгөндө, балким, башым мынчалык бышып жетилмек эместир.

– Теле жаатында да өзүңүздү сынап жүрдүңүз. Бул кесибиңизди улантууну көздөбөйсүзбү?
– Көгүлтүр экранда да, кадр артында да иштеп, монтаждарын жасап, компьютерлерди карап, көрсөтүүлөрдүн обого чыгышына жардам берип жүрүп көп эле тажрыйба топтодум. Бирок кайра улантуу негизги планымда жок. Насип этип калса, балким, кайра баштаармын. Негизи көп нерсеге жөндөмдүүмүн. Куудул да болуп кетмейим бар. Досторум болсо «Сен милиция кызматкери болсоң болмок, аябай таш боорсуң. Бир ууруну кармасаң, сенин колуңдан чыкпайт го» деп калышат.

– Сизди «мүнөзү татаал жигит» дешет. Кимди тартып калгансыз?
– Татаал деле эмес. Учурга жараша мүнөзүм өзгөрүп турат. Бир окуяны айтып берейин. Ун саткан бир бай киши бар. Бир жолу ал мени чакырып, «тоюмда ырдап бер» деп калды. Билип турам, анын максаты мени бекер ырдатыш керек экенин. «Макул, той өткөрбөгөн учуруңузда сизге барып 1 мүшөк ун сурасам бересизби?» десем, «жок» дейт. Анан «ун сатуу сиздин эмгегиңиз болсо, ырдоо менин эмгегим» дедим. Азыркы заманда татаалдарга татаал, жумшактарга жумшак болуп, өзгөрүлүп турган эле жакшы.

– Кичинекей «мамлекетти» жетектеп келе жатасыз. Уул-кызыңыз чоңоюп калышкандыр...
– Кызым Аманда 4 жашка чыгып калды. Көз тийбесин, акылдуу, ыймандуу кыз болуп чоңоюп келе жатат. Эшиктен кирип келсем, үйгө кийчү жеңил бут кийимимди көтөрүп келип кубантат. Уулум Ырыскелди болсо 3тө. Качан телефон чалбайын «актамат алып келип бейиңиз» дей берет. «Атанын ою балада, баланын ою талаада» дегенди эстеп, айтканын алып барам. Негизи баланы туура эркелетиш керек экен. Ага карата айтылган ар бир сөз кандайдыр бир деңгээлде таасирин тийгизет тура. «Эстүүм, акылдуум, ыймандуум» деп эркелетсең, ошого карап токтоо, акыл-эстүү болуп чоңоёт. «Күчүгүм, маймылым» дей берсең, чоёктоп калышат.

– Сизди жеңебиз менен таарынышып жүрөт деп угуп калдым эле...
– Эч бир үй-бүлөдө казан-аяк кагышмайынча жашоо болбойт. Жеңең менен таарынышып калабыз. Ар бир эркектин өзүнүн үй-бүлөлүк талабы болот. Талап коюлганда аял киши, албетте, өз мүнөзүн көрсөтөт, сүзүп көрөт. Пайда чыкпаганда анан макул деп баш иет. Ошол аралыкта бир аз түшүнбөстүк жаралат да, кайра эле өз ордуна келет. Бирок катуу капачылык болуп, таарынышкан эмеспиз.

– Башкалар тарабынан айтылган сындарды кандай кабыл аласыз?
– Сындар далил менен айкындуу айтылса, туура кабыл алам. Мисалы, мааракелерге катышканымда апам «бул жерде эл менен иштешпей койдуң, бул жерде туура эмес бастың» деген сындарын айтып турат. Мындай сындарды туура кабыл алып, кайталабаганга аракет кылам. Ал эми кээ бирөөлөр сын-пикир айтам деп жатып намысыңа тийип алат. Билесиз да, кыргыздар намыскөйбүз, андай учурда мушташа кетебиз же катуу айтып капа кылабыз.

– Алгачкы сахнага чыккан Темир менен азыркы Темирге баа бере аласызбы?
– Ал кездеги Темир сахнанын берки башынан аркы башына чейин 5 секундга жетип-жетпей секирип барса, азыркысы токтолуп, мурдагыга караганда мукамдуу, маанилүү ырларды ырдап калган. Секирип бийлеп жүрө берсем деле болмок. Бирок эки баланын атасы болуп калгандан кийин өзүңдү чектеп калат экенсиң. Секирип бийлебесем да, өзүмдүн 3-4 кыймыл-аракетим бар. Алар кандай жашта болбосун менин туруктуу стилим катары кала берет.

– Сахнага качан кайтайын деп жатасыз?
– Сахнадан кеттим деп деле айтпайм. Болгону чыгармачылык тыныгуудамын. Көл толкуганда ичиндеги чөп-чар сыяктуу таштандылардын баары толкун менен кошо жээкке чыгып, тазаланат эмеспи. Анын сыңарындай, кыргыз эстрадасы учурда толкуп жатат. Бир учур келет, эл толкун сыңары кыргыз эстрадасын тазалап, чыныгы таланттарды тандап алат. Ошол учурду күтө турам. Качан эстрада тазаланганда элим менен сахнада көрүшө баштайм.

– Маек куруп бергениңизге рахмат. Чыгармачылык ийгилик каалайм!

Уулбү Каныбекова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(62)
19.08.2013. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Талантын баалайм.Мүнөзүн билбегенден кийин айтыш кыйын.Жагымдуу ырлары менен элдин дале эсинде.
19.08.2013. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
бул жигит талантына ишенип эмгекти унутуп койгон окшойт, жалкоо окшойт, Ошто аравансикйде кафеде эле журо берчу чай ичип
19.08.2013. 18:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
убагында "туулган жер " ге шилекейинерди чубуртупле угуп жургонсунор эми эле унута каласынар да кыргыз эстрадасынын эн алгачкы окулу
19.08.2013. 21:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Viki, эн бир туура. Адам озу ушулда.
19.08.2013. 18:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Мурда опко болчу,бирок азыр ото токтолгон.Сахнада жургон этикасын айтсам озун жакшы эле алып журот.Бекеринен 5жылдык музыкалык билим алган эмес да.
19.08.2013. 19:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ubaginda olo ataktuu bolup koop produsery kanat kultaev mn uruwup al mirbekty 4igaryp temir o4up kalgan kopposo axir dele populyarnyi bolmok
19.08.2013. 19:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
негизи ушу убагында кычырап эч кимди тоготпогон мачолор уйлонордо...
19.08.2013. 20:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алга Темир!
19.08.2013. 21:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сахна эчубакта тазаланбай,уну барыда,жогуда,ырчысыда, башкасыда чыга берет,аны тарых иргеп алат,ким таланттуу,ким эптемей,тазалансын деп журо берип карыган билбей калбаса болду?
24.08.2013. 00:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kg.lady, ушуну айтайын деп баш бактым эле)))
19.08.2013. 21:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Темир, СУПЕР! Анын мамилеси бизге эч кандай пайда алып келбейт. Бизге анын чыгармачылыктагы аракет гана баалуу. Ошого чыгармачылыгын эле суйлосок болот. Азыркы ырчылардын башаты. Темир кыргыз эстрадасына жаны толкун жаратты. Уну соонун, Ырыскелди Осмонкуловдун унуно окшош. Ошон учун баардык ырлары жакшы. "Кутуу" деген ыры жагат.
19.08.2013. 22:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жубайы экоо пара эмеспи...
19.08.2013. 23:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
"Ото кызыл бат онот" деген макалга Темир далил деп коеюнбу :-) Ошентсе да ийгилик.
20.08.2013. 00:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
кыргыз эстрадасын жаны багытка алып чыккан мына ушул Темир Назаров экенин тана албайбыз. Кырг. драм. театрында болгон концертине курбу кызым менен баргам, такыр эсимден кетпейт. Танцор Дискодо Джиммини элестетип кеткем. Кыздар кыйкырып колдорун сунуп аябай колдошкон, Темир болсо аппакай кийинип чыгып ырдаган. Ошондо Мирбек Атабеков сахнага жажы гана чыгып жаткан экен ал да ак рубашка кийип чыгып аябай сурдоп аран ырдаган.
20.08.2013. 03:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ийгилик. бирок ото эле мактанчаакпы
20.08.2013. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чон атадай эмгек синирип койгондой суйлоптур гоо тим эле,жакшыбы жаманбы ар бир ырчынын озунун куйорманы болот.
24.08.2013. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
dinar_13G, хаха еен тура айтасын тим еле дуйнону багынтып койгондой суйлоптурго Туулган жер деген ырынан башка, жакшы ыры деле жок болуш керек ее бул палванда
20.08.2013. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Убагында тим эле БОМБА дай жарылган элего чиркин,Темирдей жарк этип эчким чыга элек,бирок тез жанган тез очот деген чын окшойт....
20.08.2013. 20:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мен сыйлам Темир Назаровду. азыркы ырчылырга жол ачып берген тарыхта калат
20.08.2013. 21:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Темир талантына таазим! Келечекте кыргыз эстрадасынын падышасы болушунду каалайм.
23.08.2013. 07:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Nurzada88, кой Темир падыша болбой эле койсун
23.08.2013. 18:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Fasebook, Эмнеге? Темир ар тараптан топ келет: бой десе бою, ой десе ою, сулуулук десе сулуулук, ону-тусу, келбеттуу, создун ордун таап суйлогон патриот жигит.
24.08.2013. 08:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Nurzada88, tuura aitasyn/ Temir baikedei talant jok/daje yrlary jok Tema algaaaa
20.08.2013. 22:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
ай иий откондо эое сахнаны таштадым дегенди окудук эле го.азыр тазаланса чыгам деп калыптыр го.бет деле жок ушуларда.
21.08.2013. 00:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Харизматичный...
21.08.2013. 02:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Тазалансын дэгени туура эмеско...эл озу тазалап алат ким кандай екенин озунун колунан микрафон тушуп кетип понаграмасы билинип калган....анан тазалансын дегени азыркы жаш ырчыларды тенине албаганыбы не..
21.08.2013. 19:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Темир байке сиз азаматсыз! Анча мынча терс коменентарийлерге маани бербиниз. Эн башкысы АЛГА. Сиздин жаны ырларынызды кутобуз.
21.08.2013. 22:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ТЕМИР САХНАГА КАЙТПАЙМ ДЕЙТ деп гезитибиздин 546 санында окудук эле го
22.08.2013. 12:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Темир таланттуу мырза.Аялы эле бир кызыктай неме экен.
24.08.2013. 01:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Чындап эле Темирдей жарк этип чыккан эч ким болгон эмес ошол жылдары, анан калган ырчыларга чыйыр салды дегендей... Канткен менен Канат Култаев мн келишпегени озуно минус болуп,ошол минусу продюсердин Темирден кийинки таптаган ырчыларына плюс болду окшойт ))) Мен аны сахнада озун эн эркин анан ылайыктуу алып жургон ырчы катары билем. Но, кээ бир созду ашыгы мн айтып коюптур, м:сахна тазаланганда деп...Сахна тазаланбайт ал ырчылырды мезгилдин агымына карата тазалайт деген пикиримди айтмакмын...
27.08.2013. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен кече еле сизди корунбой кетти деп звезды kgстана деген жерде естеп жаткам корсо тыныгууда болот екен ертереек келиниз чыгармачыл ийгилик уй булолук бакыт каалайм! кичинемде ушул ырчынын ырларын коп укчумун апам очур же башкасын ук кечке бир ырды кайталабай десе да болчу емесмин))))
01.09.2013. 17:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Темир азаматсын суроолорго жакшы,тушунуктуу,ток этер создорду суйлогонсун!Уй-булоого бек турушун мени аябай кубантты так держать!Кандай иш жасаба сага баары жарашат!
01.09.2013. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Супер инфо сураныч эмне менин (-,+)бассам басылбайтат?
02.09.2013. 10:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Rostov-on-Don,
Саламатсызбы! Иштеп жатат, кэшти тазалап кайра басып көрүңүз. Дагы катачылыктар болсо купуя жазып койсоңуз. Рахмат!
08.09.2013. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
admin_media, рахмат иштеп калыптыр
04.09.2013. 20:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Темир, кимди алдап жатасын??? Озун терилип, биздин эстрададан ыргып кеттин мусорго. Татыктуулар калды сахнада! Эки жуздуу адамсын, бетине карап жылмацып, бурулушун менен жамандап баштаганын начар муноз. Ал эми Мунаранын (аялынын аты) козуно Сюита Соурбаева менен чоп салганын туура эмес жана ыйманын томон экенин далилдеп атат. Башка каналдар клиптерини койбогон каналдар учун Сюита менен ойнош болуп алганына акталганы соз жок... Темир, совет сага - жонокойраак бол. Такыр жок болуп кеткиче!!!!
11.10.2013. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адам зына кылса чон куноого батат!!! Туура Темир Суита Соурбаева м-н ойноп жургондугу чын.аялы да кетип калган, Темир азыр журот Ошто эле кочо чанытып дегендей...Аны кыйынсынган жана бабник дешет коп адамдар, бекеринен эмес бул соз, ЧЫН
26.10.2013. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Темир ким эле.. Азыркы жаш Лампачкалардын башаты болгон Жылдыз коктогу..
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо