Венера Сатылганова:«ЖОЛДОШУМ КӨК БЕТТИГИМЕ ЧЫДАП КЕЛДИ»

№563 16-август-22-август, 2013-ж

Чыгармачыл адам дайыма иш үстүндө жүрбөсө чөгүп кетет дешет. Бирок тагдырдын оор сыноосунан улам сахнадан алыстоого аргасыз болгон ырчы, актриса Венера Сатылганова мындай ойду четке какты. Ал эч муңайбастан үй-бүлө сырлары менен бөлүшүп, төмөнкүчө маек курду.

Туулган жери – Токтогул району
Туулган жылы, күнү – 1971-жыл, 9-апрель
Репертуарындагы ырлары – «Он сегиз жаш», «Жаш тилек», «Ай чыкканда балбылдап», «Алгачкы сүйүү», «Жанар тоо», «Дил кайрык» жана башкалар
Тартылган тасмалары – «Чиркин өмүр» (Карачач), «Кууш жолдо» (Салтанат)

– Саламатсызбы, бир кезде «Он сегиз жашты» ырдап чыгып эле жок болуп кеттиңиз. Көрүнбөй кайда, эмне менен алексиз?
– Чынын айтсам, көрүнгүм эле келип жүрөт, бирок ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет тура. Жалгыз уулум ооруга чалдыгып, аны карап үйдө отурган чагым.

– Эмне болуп ооруп калды?
– Кээде ойлоп калабыз, көз тийдиби деп. Анткени Нурдан 3 жашында «Кара жолтой», кийин «Кууш жолдо» тасмаларында роль жараткан эле. Азыр 11ге чыкты. Минтип баспай калганына 4 жыл болуп калды. Уулум жакшынакай эле жүргөн. Бир күнү бала бакчадан «бутум ооруп жатат» деп ыйлап келди. «Балдар менен ойноп жүрүп оорутуп алган го» деп ойлогонбуз. Кийин да «ооруду» дей бергенинен дарыгерлерге көрсөттүк, бирок жакшы боло албады. Мен табыпмын дегендин баарына көрүндүк окшойт. Москвадагы бейтапканалардын бирине барып да дарыландык, жыйынтык чыкпады. Канча азаптуу күндөр, уйкусуз түндөр баштан өттү. Сакайып кетет деген үмүтүбүз чоң. Азыр мугалимдерди жалдап үйдөн окутуп жатабыз. Быйыл 4-классты аяктады.

– Уулуңуз эртерээк сакайып кетсин. Үйдө отура берип сахнаны да сагынсаңыз керек...
– Аябай сагындым. Театрда, кинодо роль жараткым келет. Ыр жаатында болсо анча-мынча эмгектенип жатам. Жакында эле Гүлнурдун жардамы менен репертуарымды жаңылап, бир-эки ыр жаздырганга жетиштим. Кээде тойлорго чакыруу алып калам. Учурда Мурат экөөбүз тең балабыздын айыгып кетишин эле күтүп жатабыз. Кудай буйруп, дартына даба табылса эле чыгармачылыкка баш-отубуз менен киришебиз.

– Сөздү улай чыгармачылыкка кандайча келип калганыңыз тууралуу айтып берсеңиз...
– Кесибим эсепчи болгондуктан, окууну бүткөндө апам тааныштар аркылуу банкка орноштурган. Анда Союз маалы болчу. Бир күнү кассага акча тапшырып жатсам, 1 тыйын жетпей калды. Аны мен уурдап алгансып жетекчим «кана, отчёт бер» деп катуу талап кылып жатпайбы. Көрсө, тамашалап мени текшерип жатканы экен. Ошого ыза болуп, кийинки күнү жумушка чыкпай койдум. Апамдын кыйнаганына да карабадым. Ошол учурда «Туңгуч» театрына жаштарды кабыл алып жатыптыр. Ал жакка барсам, ырдатып-бийлетип, роль аткартып мени сынактан өткөрүп, кабыл алышкан.

– Жолдошуңуз Мурат байке менен ошол жерден таанышып калдыңыз?
– Ооба. Ал эртең менен жумушка келсем тосуп алып, үйгө кайтарда аялдамага чейин узатып коюп жүрчү. Аны улуу инсан, белгилүү актёр катары сыйлачумун. Өмүрлүк жолдошум болот деп ойлобоптурмун. Убакыттын өтүшү менен ортобузда жакындык пайда болуп, баш кошконбуз.

– Өзүңүздөн бир топ жаш улуу инсанга турмушка чыкканыңызга ата-энеңиз каршы болушса керек...
– Ар бир эле ата-эне баласынын өз теңине баш кошуп, бактылуу болушун каалайт эмеспи. Менин Муратка турмушка чыгарымды укканда апам «Кызым, бактылуу болушуңа көзүң жетеби?» деп сураган. «Ооба» дегенимде гана батасын берген. Ошол учурда көрө албагандар биз тууралуу түрдүү ушактарды чыгарышты. Алар көңүлүңө да карашпайт экен. Жанымда курдаш болуп жүргөн кыздар «сен жөнүндө мындай кеп болду» деп ушакты сүйүнүч менен айтып келишкенде абдан таң калчумун. Ушундай тоскоолдуктарга карабай баш кошконбуз. Ал кезде үйүбүз жок, батирлеп жүрчүбүз. Ошентсе да бактылуу сезчүбүз өзүбүздү. Азыр деле бактыбыз кемиди деп айтпайм, ушул кезге чейин урушкан эмеспиз, ортобузда сый бар.

– Кайын журтуңуз сизди кандай кабыл алды?
– Абдан жакшы. Жумушумду түшүнүү менен карашат. Келиндей кылып кызмат деле кылдырышкан жок. Кайненеме телефон чалып ал-жайын сурап калганымда «Венера, уулуңду өөп-жыттап жатасыңбы?» дечү. «Ооба, апа» десем, «Менин баламды да өөп-жыттап, жакшы кара, ээ?..» деп күлүп калар эле. Менин туугандарым да Муратты жакшы кабыл алышкан. Албетте, алгач аябай таң калышкан. Кантип таң калышпасын, Композ деп теледен көрүп жүргөн актёр күйөө баласына айланып калса. Апам болсо күйөө баласын өз баласындай көрүп, үйгө барганыбызда «ай, Мурат, кел» деп жанына чакырып алып сырдашчу. «Венераны минтип төрөгөм, тигинимди тигинтип төрөгөм» деп он баласын кантип жарыкка алып келгенине чейин айтып берчү.

– Балалыгыңыз кандай өткөн? Кичинеңизде кандай кыз элеңиз?
– Мендей көк бет адам дүйнөдө жок болсо керек. Гүлнур мага үй жыйнатчу. Эгерде көңүлүнө жакпай калса, чачып туруп «кайра жыйна» деп талап кылат. Андайда көгөрүп бир ордумда катып калчумун. Эртең менен саат 10до көгөрсөм, кечинде апамдар жумуштан келгенде араң жазылчумун.

– Көк беттигиңиз үй-бүлөлүк жашоого зыянын тийгизген жокпу?
– Көнгөн адат калбайт экен да. Башында жолдошума деле көктүгүмдү көрсөтүп, бир жума бою сүйлөбөй койгон күндөрүм болгон. Мурат кадимкидей жүдөп кетчү. Кийин балам төрөлгөндө уруш чыкпасын, үй-бүлөнү сактап калайын деп бул мүнөзүмдү жеңгенге аракет кылдым. Бир чети Мураттын да таасири чоң, унчукпай жүрүп көктүгүмдү жеңгенге жардам берди, тарбиялады. Ким билет, балким, ал кол көтөрсө, андан дагы көк бет болуп кетер белем.

– Маегиңизге рахмат. Сизди жаңы ролдор, жаңы ырлар менен сахнадан күтөбүз.

Асел Асанова
star@super.kg


"Сахнаны сагындым" дейт Венера Сатылганова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(61)
19.08.2013. 09:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баланызга кудайым шыпаасын берсин, тезирээк сакайып кеишине тилектешпиз.
19.08.2013. 09:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кетишине
19.08.2013. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
абдан кейиштуу иш болуптур кудай буйруса сакайып басып кетет
19.08.2013. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллхым озу шыпаасын берип, баланз так секирип, чуркап калсын. Жаш кезиниздеги сулуулугунузга соз жок.
19.08.2013. 13:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баланызга Кудайым шыпасын берсин. Чыгармачылыгынызга ийгилик каалайм
19.08.2013. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баланыз сакайып кетсин,сизди аябай суйомда.
19.08.2013. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баланыз бат айыгып, саханадан коптогон чыгармачылынынызды кутуп калабыз.
19.08.2013. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балаңызга Кудай шыпаа берсин!Мурат акенин эле көчүрмөсү экен.Кыргызга таанылган актер болсун!
19.08.2013. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дартын берген Аллах Таалам дабасын да аябасын.Аллахым да озу жакшы коргон пендесине берет экен сыноону,сабырдуу болунуздар!!!Кийинки маегинизде баланыздын так секирип ойноп жургонун королу иншалаах!
19.08.2013. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аман болсун,жакшынакай балаңыз бар экен,кудайым өзү колдоп,барыраак басып кетсин!
19.08.2013. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аман болсун,кудайым өзү колдоп,батыраак басып кетсин!
19.08.2013. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кампоз байке куйоосу экен да!
19.08.2013. 18:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баланыз айыгып кетсин,ылайым.Бактылуу болунуздар.
19.08.2013. 20:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ее еже бар болунуз уйбулонуздор менен жараткан озу жар болсун
19.08.2013. 22:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Венера эже уй булонуз менен бактылуу болунуздар, баланыз аман эсен сакайып кетсин, сиздерге ийгилик.Аллахым шыпасын берсин.
19.08.2013. 22:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жараткан шыпаасын берсин.сизге сабыр тилеймин.
19.08.2013. 23:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сабырдуулук менен баарын женип кетсе болот!!! Сабырдуу инсан экенсиз, мындан да сабырдуу болушунузду тилейм. Баары Жакшы Болот!!!
19.08.2013. 23:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
АЛЛА КУДАЙЫМ жардам берсин !!!
20.08.2013. 16:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Татынакай баланыз бар экен! Кудайым колдоп бутуна туруп кетсин. Жашоонуз жалан жакшылык менен коштолсун.
20.08.2013. 18:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
татынакай бала экен, Алла Таала уулунузга шифа берсин, озунузго кайрат берсин, Аминь.
20.08.2013. 21:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллах шифаа берсин уулунузга... бактылуу болунуздар...
20.08.2013. 23:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
алла таалам шыпаасын берсин корбогондой болуп басып кетсин
21.08.2013. 01:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым баланызга шыфаа берсин ар дайым аман болунуздар...Ошко тунгуч театры концерт койуп барганда биринда калтырбай барчуумун... сиз сахнадан алыстаганынызда озумчо баргымда келбей калды...сиз он сегиз жаш дэген ырды берилип ырдаганынызда берилип укчуумун сахнага кайтышынызды чыдамсыздык менен кутом..
22.08.2013. 21:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай да пендеге ооруну сыноо кылып жиберет деп коет экен, ар бир ооруну Жараткан шыпаасыз бербейт, ага айыгуу учун болгон аракетти жасоо керек дешет экен, Алла Таалам шыпаасын берсин. Бирок Венера эже аябай эле татынакай анан кантип тиги актер байкебиз мн турмуш курду экен деген ой келбей койбойт экен, тем более ал мурда уй-було куткон адам болсо...
22.08.2013. 21:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Венера эже Жаздыкка тийгенин азыр угуп жатам
22.08.2013. 21:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алла Таалам шыпаасын берсин уулунузга,бактылуу болунуздар,эч мунайбанызчы.......
25.08.2013. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
уулунузга кудайым шыпаасын берсин
27.08.2013. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
венера эжени чиркин омур киносунаан коргондо аябай сулуу корунчу.азыр да ошондой.баласына кудайым шыпаасын берсин
29.08.2013. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым шыпаасын берсин, баланыз сакайып кетсин! Чынында бугун Венера эженин башка жузун кордум, сахнада жаркырап, кулуп жургон эжебиздин жан дуйносу арманга толгондой! Эжекебиз чынында кучтуу, сабырдуу аял заты экен! Кулкусу аябай жагат!
SUPER.KG видео
09.10.2013. 01:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эже, балаңыз айыгып кетсин, көптүн көлдүн катарында чуркап ойноп калсын! Сиздин муңга толуп турган көздөрүңүзгө нур чачырата турган болсун. Кудай уулуңуздун шыпаасын берсин, бар болуңуздар!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо