№563 16-август-22-август, 2013-ж
Клиптин аталышы – «Кыргызстан»
Клиптин идеясы – Аткаруучулар Айчүрөк Иманалиева, Асел Турдалиева, Алина Жетигеновага таандык
Режиссёру – Эрнис Сыдыков
АЛИНА ЖЕТИГЕНОВА: – Бул ыр Айчүрөккө таандык. Ал тургай ырга клип да тарттырган. Ыр Асел экөөбүзгө жагып, анан үчөөбүз кеңешип мыкты клип тартууну чечтик. Жалпысынан тартуу иштери 4 күнгө созулуп, Суусамырдан, Ысык-Көлдөн, борбордогу тик учактар учуучу аянттан тартылды. Башкы ролду, албетте, үчөөбүз ойнодук. Сюжет аркылуу кыргыздын кыздары чыгаан, таланттуу, ат десе атты чапкан бийкечтер экенин ачып бергибиз келди.
АЙЧҮРӨК ИМАНАЛИЕВА: – Албетте, тартуу иштери кызыктуу окуяларга бай болду. Клипте үчөөбүздүн ат чапкан жерибиз бар. Канчалык аракет кылбайлы, калтырап-титиреп деги эле ошол эпизодго тартыла албай койдук. Айылда өскөнүбүз менен, Аселден башкабыз ат мине албайт экенбиз. Анан эмне кылмак элек, бизге аттарын берген жаш балдарга көйнөктөрүбүздү кийгизип тарттык. Ошондо режиссёр Эрниске «көйнөктөрүнүн шамалга сеңселгенин жакындан, бутунан бери тартчы» десем ал «балдардын буту капкара экен, көргөн эл «Айчүрөктүн бутуна эмне болгон?» дебейби» деп боорубузду эзди. Укканыбызга караганда, бизге дүрбү менен көз салып турган айыл тургундары «артисттер калп эле наздана беришет турбайбы, көрсө, атты укмуш эле чабышат тура» деп таңданышыптыр (күлүп).
Клипте тик учак менен тартылган жерибиз бар. Кадимкидей аскер кийимдерин кийдик. Ошол жерин тартарда аянтка бир аз кечигип барып калыптырмын. Барсам, Асел менен Алина тың өздөрүнө ылайыктуу өтүк тандап алып, мага эң чоңун калтырып коюшуптур. Оордугун айтпа, бутумду көтөрүп баса албайм. Тигилер болсо «сонун эле сонун, чоң көрүнгөн жок» деп мени жоошутуп коюшат.
АСЕЛ ТУРДАЛИЕВА: – Бул ыр үчөөбүздүн Эгемендүүлүк күнүнө карата элибизге арнаган белегибиз. Дагы бир максатыбыз – азыркы өсүп келе жаткан чыгармачыл жаштарга сабак болсун, аларга ыйык сахнада атаандашуудан мурда биримдик болуш керек деген ойду жеткирели дегенбиз. Бул клипти тартуу менен бирге үчөөбүздүн достугубуз мурдагыдан да бекемделди, жан дүйнөбүз жагымдуу эмоцияларга толду.
Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
13
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Журогунор кыргыз деп сокконун мен билбейт экем, анткени менин журогум дук-дук. дук-дук деп эле согот да. (тамаша). Макул силер ушул эжелердин ырлары менен чонойдунар, (силердин аранарда мен да бармын) Откон жылы ата апамды ушул эжелердин концертине алып бардым, зал толгон жок, себеби кирген эл жок. Ал эми барган элдин 80%ти ушул эжелердин курагындагы байкелер эжелер, 20%ти аларды эрчип барышкан неберелери. Эми айткылачы, кыргыз деп со
кийин эле очуп эч кимге жакпай калды.
Сиздер күткөн клип биздин порталдан орун алды, төмөнкү шилтеме аркылуу кирип көрсөңүздр болот.
http://www.super.kg/media/video/96427/
Баш тамгалар грамматика эрежесине ылайык гана колдонулушу керек.