№563 16-август-22-август, 2013-ж
Кыргызстанда алгачкы жолу шоу-бизнес өкүлдөрү катышкан «Жылдыздар кубулушу» аттуу шоу-программа старт алды. Анда ырчылар Назми – София Ротару, Ислам Акматов – Александр Серов, Айбек Замирбеков – Стиви Уандер, Нуржигит Субанкулов – Рэй Чарльз, Силима – Анжелика Варум, Курал Чокоев – Адриано Челентано, Тола Турсуналиев – Мартин Сольвейг, Минюра Рахимжанова – Селин Дион, Ирина Ан – PSY`дын кейпин кийип, алардын репертуарындагы ырларды аткарып күч сынашты. Албетте, булардын өнөрү калыстар тобу тарабынан бааланып, жыйынтыгында актёрдук жана вокалдык чеберчилиги менен өзгөчөлөнгөн Айбек Замирбеков менен Нуржигит Субанкулов мыкты деп табылып, финалга жолдомо алышты.
«Бул долбоор айына эки жолу өткөрүлүп, көгүлтүр экрандан чагылдырылып турат. Сынактын баш байгеси 100 миң сом»,- дейт уюштуруучу топтун төрагасы Азиз Данияров.
Асел Асанова
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Саламатсызбы! Видеону бассаңыз көрсөтөт)