Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ЖОЛ КЫРСЫГЫНАН 5 ОКУУЧУ КӨЗ ЖУМДУ

№563 16-август-22-август, 2013-ж

Акыркы мезгилде автоунаа абдан көбөйүп, жол кыймылында көйгөйлүү маселелер көп жаралууда. Кандай гана унаага түшпөйлү, жүрөгүбүздү оозубузга тиштеп, келмебизди айтып жатып көздөгөн жерге тозок менен жете турган болдук.
Ушул жумада Нарын-Баетов унаа жолунда болуп, 4 окуучу ошол жерден мүрт кетсе, дагы бири ооруканада көз жумду. Ал эми унааны башкарып бара жаткан окуучу ооруканада...

«АЗЫК-ТҮЛҮКТӨРҮНӨ КАРАГАНДА, ЭС АЛУУГА БАРАТЫШКАН»
Кырсыктан каза тапкан жана жаракат алгандар Нарын шаарындагы Арстанбек Буйлаш уулу атындагы №8-орто мектебинин 10-классынын окуучулары экени аныкталды. Бул кырсык боюнча иликтөө иштерин жетектеген Нарын ОИИБинин Жол-кайгуул кызматынын башчысы БАКТЫБЕК КАСЫМОВ төмөндөгүлөрдү баяндап берди:
– Кырсык 12-августта саат 12:00 чамасында Нарын-Баетов унаа жолунун 19-чакырымында болгон. Нарын шаарынын тургуну Н.Абдраевге таандык Фольксваген Гольф-2 үлгүсүндөгү жеңил унааны 1997-жылы туулган Урмат Таалайбек уулу күн чыгыштан күн батышты көздөй башкарып бара жатканда кырсыкка учураган. Унаада айдоочудан сырткары жүргүнчүлөр Айбек Абдыталип уулу, Тилек Сталбек уулу, Аскат Бакыт уулу, Адилет Таалайбек уулу жана Кайрат Замирбек уулу болгон. Айдоочу Урмат Таалайбек уулу жана Кайрат Замирбек уулунан башкалары оор жаракаттан улам кырсык болгон жерде каза табышкан. Ал эми Урмат Таалайбек уулу жана Кайрат Замирбек уулу Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын сынык-жаракат таңуу жана жандандыруу бөлүмдөрүнө жеткирилген. Учурда бул боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат.
Машинанын ээси Н.Абдраев автоунааны башкарып бараткан окуучунун таякеси. Анын берген көрсөтмөсүнө караганда, үйдөн автоунаанын ачкычын жээни көрсөтпөй алып кеткен. Унаадагы азык-түлүктөргө караганда, эс алууга баратышканын баамдоого болот. Эреже боюнча, адамдар каттамы жок жерлерде саатына 80 же 90 чакырым ылдамдык менен гана айдоого уруксат. Кырсыкка учураган унаа болжол менен саатына 120-130 чакырым ылдамдыкта баратып жолдун сол тарабына чыгып кеткен. Машинаны башкарып бараткан өспүрүм кыймылды жөнгө салуу аракетинде рулду буруп жиберип, жол жээгиндеги бакка арткы оң эшиги менен урунуп, машина экиге бөлүнүп калган. Натыйжада арткы орундуктагы төрт жүргүнчү ошол жерден эле көз жумган. Жолдун бети түз, асфальтталган жана туурасы 5 метр 90 сантиметр болгон. Бул жерде айдоочу жол эрежесин сактабай одоно бузгандыктан, кайгылуу кырсык болуп отурат.

«АЙДООЧУЛАР, АБАЙЛАГЫЛА!»
– Жалпы эле айдоочулар эске алышса дээр элем. Мындай кайгылуу иштер көп болууда. Ар бир ата-эне, ар бир адам автоунаанын көбөйгөнүн жана жол кырсыктарынын байма-бай катталып жатканын эске алып, жашы жете элек балдарга автоунаа башкарууга уруксат бербесе. Ар ким өзү үчүн жол эрежелерин сактоого чоң маани беришсе жакшы болор эле. Жол эрежелерин сактоо жалгыз эле МАИ кызматкерлери үчүн керек эмес. Алар бардык жерде жол кыймылын көзөмөлдөөгө жетишишпейт.

УНААНЫ БАШКАРГАН БАЛА ООРУКАНАДА
Кырсык болгондон 2 күн өткөн соң Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө оор абалда жаткан Кайрат Замирбек уулу да өзүнө келбей каза болду. Дарыгерлер болгон күч-аракетин жумшаганы менен, Кайрат кырсыктан алган оор жаракаттан улам көз ачпай кете берди.
Оорукананын сынык-жаракат таңуу бөлүмүнүн дарыгер-травматологу Жумабек Маматбеков унааны башкарып бараткан окуучунун абалын мындайча билдирди: «Дарыланып жаткан Урмат Таалайбек уулунун абалы жакшы, баш мээси чайкалган. Денесинде сынык жок. Абалы турукташып, жакшы болуп калды, 10 күндүк дарылануудан кийин аны үйүнө чыгарабыз».
Учурда бул факт боюнча Нарын РИИБинин тергөө бөлүмү Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренесинин 3-бөлүмү (транспорт каражаттарынын кыймыл жана пайдалануу коопсуздугунун эрежелерин бузуу, бир нече адамдын өлүмүнө алып келсе) боюнча кылмыш ишин козгогон. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, иликтөө иштери жүрүп жатат. Айдоочу соо абалда болгонбу же жокпу, ал экспертизанын жыйынтыгында билинмекчи.
Айдоочулар жеке өзүнүн кызыкчылыгын ойлобостон, жанында өзү менен кошо бараткан бир нече жүргүнчүнүн өмүрү үчүн да жооптуу экенин эсине чыгарышпаса дейбиз.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(28)
19.08.2013. 09:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эх кандай гана кайгылуу окуя.Жаткан жери жанаттан болсун балдардын.Ушу ата энелер ойлонушса кичине.Жашы жетелек балдарга машинени эмнеге ишенип берип койушат?Конул кыя алышпай кичене капа болумуш болушса эле мее балам деп бере койушат.Калгандарыбыз аман болойлуда эми.
21.08.2013. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nargiza96, ''Машинанын ээси Н.Абдраев
автоунааны башкарып
бараткан окуучунун таякеси.
Анын берген көрсөтмөсүнө
караганда, үйдөн
автоунаанын ачкычын жээни
көрсөтпөй алып кеткен.''
19.08.2013. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
айдоочу мас бекен?
21.08.2013. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jonokoi_myrza, Масбы же сообу аны кудай билет айтоор бодо кырсык кур дооматтан алыс журолу макулбу
23.08.2013. 13:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jonokoi_myrza,aydoochu 5 maal namaz okugan balaeken alar menin baldyzymdyn klasstashtary eken
19.08.2013. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Отуп кетгендердин арты кайырлуу болуп.Жаткан жерлери жайлуу болсун.
19.08.2013. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жаткан жерлери жаннат болсун. байкуш эми айдочу аман калганы мн омур бою азапта жашайт ,камалып кетсечи тфу жаш бала даже мектеп буто элек ичин эле ачышат. кудай озун сактай кор!
19.08.2013. 17:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ото аянычтуу окуя, он гулунун бир гулу ачыла элек оспурумдор, жакындарына кыйын болду го, жаткан жерлери жайлуу болсун, айдоочу балага кылмыш ишин козгобой эле койушса болмок, кырсык да, жаш жигиттин тагдырын талкалашпаса экен, ансыз деле омур бойу кыйналып отот го эхх.....
19.08.2013. 23:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ханбийке, Оа мен да кошулам айдоочу балага жаза бербей эле койсо экен ал ансыз деле кыйналат омур бою.
21.08.2013. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
omurbek9393, aл бaлa жaшы жeтe элeк болсо aйдaбaй элe койсо болмок, мaктaнбaй, жaкшырaaк ойлонуш кeрeк!!!
21.08.2013. 23:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
a.k.t_90, Бул Аллахтын сыноосу, бешенеге жазган тагдыр!
мактанбай эле дегениң кандай...
бала байкуш жаткандыр азапта.
бирок ачкычты сурабай алып кеткен бул чоң катачылык...
26.08.2013. 00:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
a.k.t_90, кайдан ойлонот жол эрежесин мектепте окутпайт да жол эрежесин билмек тургай мектепти аяктмй элек жаш балдар турбайбы
19.08.2013. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жерлери жайлуу болсун! Айдоочу айыгып кетсин! Ылайым кудай колдоп, турмодон сактасын.
19.08.2013. 18:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айдоочу мас абалдабы же жокпу, аны ордунан эле текшерсе болот эле, же ооруканадан бир кундо жыйынтык чыгарууга кантип мумкун эмес.Россияда 1 саатта жыйынтык чыгарып коюшат, же болбосо эртеси, анализ алынгандан кийин.Ал эми автоунаанын ачкычын жанына алып журбогон адамга да чара колдонушса, башка авто ээлерине да сабак болоор эле.Ал эми шейит кеткен балдардын бир туугандарына, ата энелерине, жакындарына конул айтып, кайгысын тен болушом.Жаткан жерлери жайлуу, топурагы торко болсун.
19.08.2013. 19:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да бугун параллель класста окуган классташымдын авариядан коз жумганын угуп жаман болуп жатам.Жайы жаннаттан болсун!
19.08.2013. 19:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жерлери жанаттан болсун!аман калган балага кудайым шыфаасын берсин.
20.08.2013. 01:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жайы жаннаттан болсун....!!!!!
20.08.2013. 03:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жайы жаннаттан болсун. эми айдоочу балагы кайдагы турмо ага жакшы психолог керек. ушу биздин милициянын ушундай окуяларга эле кучу чыккан. бала омур бою озун кыйнап ототго
20.08.2013. 09:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайдигерлик да. Жаш бала машина айдаса оо тыпырайып алып деп суйунбой кой-ай деш керек. Анырандап айдап баратып торт досун о дуйного узатыптыр. ал баланы деле куноологум келбейт, ырысы бар экен аман калыптыр. Калган балдар чырактай убагында кете бергени жаман болуптур.
20.08.2013. 09:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун!Окунучтуу артында туяк калбай кете беришти.Ата энесин жазалаш керек машинаны уурдабай эле озу берсе керек ключту.
20.08.2013. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ошол учун ата-эне да этият болушу керек кудай сактасын копчулук эле балдар атасынын машинесин ушундай уурулук жол менен алып чыгып кетишет!
20.08.2013. 19:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
oo degi ozun sakta
21.08.2013. 01:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жерлери жайлуу болсун. Жапжаш балдар экен кандай окунучтуу.
22.08.2013. 17:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арты кайрылуу болсун ,кудайым бейиштен орун берсин .
22.08.2013. 22:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми ал бала ошол жерде,аяшата,аяшенелеринин алдында кантип жашап отот. Бечара.Бул сыноону жаштыкка салып которо алар бекен. Жазанын озу ушул да
22.08.2013. 23:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаш балдар экен баары. Бироосу чыкпады бекен кой дечу , жаштык мастык он гулунон бир гулу ачылбай туруп, мейли алар кете берди дечи.Бирок аркада ишенген ата энелери аларды кандай умутор м.н чонойтуп не деген максаттары б.со керек эле .Кудайым сабыр берсин .
24.08.2013. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ee tuugandar a deysiner bu deysiner emi bul kudaydan oshol uchun kop soz suyloboy oshol baldarga duba kylyp jaylaryn jannatan bersin dep tileyli aman kalgan balaga kudaym den-sooluk bersin deyli bul duynodo baary kelet ketet emi tagdyr ushul eken aman kalgan bala den soolugu jakshy bolup ketsin
25.08.2013. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
UrmatKG, туура айтасын сен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо