ИЗДЕЙМ СЕНИ

№563 16-август-22-август, 2013-ж

«ТААНЫШ АГАМДЫ ТАПСАМ ДЕЙМ»
– Мен Кубаныч Мамбетов аттуу тааныш агамды издейм. Ал мурда Бишкек шаарындагы 10-кичи райондо жашачу. Эгер бул катты окуп калсаңыз, мени менен сөзсүз байланышыңыз.

Замира Исабаева,
тел.: 0550 11-17-49

«АСКЕРДИК КЫЗМАТТЫ ЧОГУУ ӨТӨГӨНБҮЗ»
– 1973-75-жылдары Мурманск облусунун Североморск районундагы Гремиха кыштагында ас­кердик кызматты чогуу өтөгөн Болот Мамбетов (картаң Болот деп койчубуз), Айтике Кө­күмов аттуу досторумду издейм.

Таластан Болотбек Табылдиев,
тел.: 0772 96-51-28

«КУРБУМА ЖОЛУККУМ КЕЛЕТ»
– Баткен облусунун Кадамжай районундагы Пүлгөн айылында 1961-жылы туулган Акмаанай Абдыманапова аттуу курбумду издейм. Экөөбүз 1982-83-жылдары Бишкектеги Төкөлдөш айылында чогуу жашаганбыз. Ал «1-Май» фабрикасында, мен «Ок­тябрга 40 жыл» фабрикасында иштечүбүз. Ошондон бери бир гана жолу жолугуп, ал Кадамжай районуна турмушка чыккандыгын айткан. Назира, Зикир аттуу классташтары бар болчу. Акмаанай, эгер окуп калсаң, байланыш.

Гүлмира,
тел.: 0778 55-42-28, 0707 55-42-28

«ТУУГАНДАРЫБЫЗДЫ ТАПКЫБЫЗ КЕЛЕТ»
– 1914-жылы Ысык-Көл районунун Чоң-Өрүктү айылында тө­рөлгөн аталаш агабыз Сагын Сатыбалдиевдин балдарын жана неберелерин издейм. Ал Улуу Ата Мекендик согушта сол бутунан жарадар болгон жана көптөгөн медалдарды алган. Небере-чөбөрөлөрү болсо, мага кайрылууңуздарды суранам.

Моңолдор Сатыбалдиев,
тел.: 0773 60-04-72

«ЭЖЕМ ҮЙГӨ КАЙТЫП КЕЛГЕН ЖОК»
– Эжем 1988-жылы туулган Бак­тыгүл Токтоналиева 2006-жылы Май­лы-Сайдан Аксы районунун Кызыл-Жар айылына кеткен боюнча үйгө кайтып келген жок. Милиция да издеп таппады. Бирок биз үмүтүбүздү үз­бөй, эжемди издеп келебиз.

Асыл Токтоналиева,
тел.: 0771 34-39-59

«КУРБУЛАРЫМДЫ ИЗДЕЙМ»
– В.В.Маяковский атындагы кыз-келиндер пединститутунун П-41 группасын 1986-жылы бүтүргөн группа­лаштарым Гүлнара Исабеко­ва (Лейлектен), Токтокан Бообекова (Таластан), Гүлмира Усупбекова (Көлдөн) жана нарындык Айнура аттуу курбуларымды издейм. Гезитти окусаңар, мага чалгыла.

Жыпаргүл Осмоналиева,
тел.: 0777150064

Сиз качандыр бир кездеги жакын адамыңызды издеп, бирок таппай жүргөн болсоңуз, анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыңыз.
Эскертүү! Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номери так көр­сөтүлүүгө тийиш.
Байланыш телефону:
(0312) 47-43-43

Асхат Субанбеков
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо